Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:22

COVID-19: Кыргызстан статистиканын кескин жогорулоо себебин түшүндүрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коронавирус боюнча көрсөткүч кескин жогорулап кетишинин себебин түшүндүрдү. 23-июлда мекеме тараткан маалыматта буга 17-июлдан тартып коронавирустун статистикасына пневмония да кошулуп эсептеле баштаганы себеп экени айтылды.

“Сандарда “жалган өсүш” болуп кетти. 17-июлдан бери күн сайын 1000 учур катталууда, бул кескин өсүш эмес. Статистика бириккендиктен, 17-июлда автоматтык түрдө 10 995 учур кошулду. Ошондуктан эл аралык эсептегичтерде бир апта ичинде ооругандар жана каза болгондор боюнча көрсөткүчкө жаңы учурлар кошулду. Башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү да мындай кадамга барганда статистикасы өскөн. Саламаттык сактоо министрлиги да New York Times жарыялаган картаны изилдеп чыкты. Бул таблицада Кыргызстан 1-орунга соңку жети күндөгү маалыматты кошуп эсептегенде чыккан. Башкача айтканда, 16 807 учур дегенибиз – бул коронавирус жуккан адамдардын өлкөдөгү ар 100 миң кишиге карата көрсөткүчү 266 учур. Туура маалымат алыш үчүн министрлик ошол эле сайтка бир жумадан кийин, статистика жаңыланганда кирип карап көрүүнү сунуш кылат”.

Министрлик Дүйнөлүк саламаттык уюмунун күн сайын жаңыланып туруучу Situation Report эсебинде Кыргызстан коронавирустан каза болгон жарандарынын саны боюнча 21-июлда 62-орунду ээлегенин, эгер калкынын ар бир миллионуна карата эсептегенде 30-орунда экенин кошумчалады.

Саламаттык сактоо министрлиги бул билдирүүсүн 24.kg маалымат агенттиги "Кыргызстан COVID-19дан каза болгондордун саны боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээледи" деген макала жарыялаганына байланыштуу таратты. Аталган макала агенттиктин сайтына 22-июлда New York Times басылмасына шилтеме менен жарыяланган.

17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштады. Бул күнү март айынан бери ооруга чалдыккандардын саны 23 783 деп жарыяланган, ага чейинки күнү (пневмония кошула электе) 12 498 деп көрсөтүлгөн.

Өлкөнүн башкы пульмонологу азыр денеси ысып, тумоологондордун баары коронавирус экенин айтууда.

Оорукана жетишсиз болгондуктан үйүнөн өз алдынча дарылангандар да бар экенин, алардын айрымдары доктурга жетпей каза болуп жатканын "Азаттыкка" ыктыярчылар жана бейтаптардын жакындары айтып беришкен.

Министрликтин расмий статистикасына, адатта, ооруканага жаткырылгандар гана кирет.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери 23-июлга карата бул инфекция 30 326 адамга жукту, алардын 16 791и айыгып чыкты, 1 169у каза болду. (RK)

XS
SM
MD
LG