Коронавирус: кырдаал кыйла курчуду
Кыргызстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу абал курч бойдон калууда. 1-июлга карата өлкө боюнча инфекцияны жугузуп алгандардын саны рекорддук чекке жетип, 430дан ашты. Учурда өлкөдө пневмониядан жабыркагандар да көбөйүп, ооруканаларда тез жардам көрсөтүүгө дарыгерлер жетишпей жатат. COVID-19га кантип туруштук беребиз? Анын кесепеттерин кантип азайтабыз? “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” талкуусуна саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, АКШда иштеп жүргөн медицина илимдеринин доктору, профессор Рысбек Абдылдаев, мурдагы премьер-министр Темир Сариев, Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева жана учурда калкка онлайн кеңеш берип жаткан ыктыярчы-дарыгерлердин бири Эрмек Исмаилов катышты.
Чыгарылыштар
-
Июль 03, 2026"75чилердин иши": Сот өкүмүнүн укуктук жана саясий баасы
-
Июнь 18, 2026Соңку кырдаал: Саясий тиреш тереңдедиби?
-
Июнь 09, 2026"75чилердин иши": Ачык сот талабы аткарылабы?
-
Апрель 30, 2026Евробиримдиктин санкциясы Кыргызстанга эмнеге кооптуу?
-
Апрель 29, 2026Ташиевге кылмыш иши козголду. Окуя кандай өнүгөт?
-
Апрель 22, 2026Күч органдары ачык-айкындуулук менен адискөйлүктөн алыспы?