Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-август, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 22:29

Дарт чалган дарыгерлер, төлөнө элек кенемте


Күндүзгү стационардын дарыгерлери бейтапка жардам көрсөтүшүүдө.

Кыргызстанда расмий эсеп боюнча коронавирустан 73 медицина кызматкери каза болду. Алардын 44ү дарыгер.

Бул - өлкөдө COVID-19 илдетинен көз жумган бардык адамдардын ичинен ар бир 18-киши медкызматкер дегенди билдирет.

Коронавирустан каза болгон дарыгерлер 70тен ашты

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын берген маалыматы боюнча, 30-июлга карата өлкөдө COVID-19 илдетинен 73 медицина кызматкери каза болду. Алардын ичинен 44ү дарыгер, 18и орто медициналык билими бар адистер, үчөө кенже медициналык кызматкер, калганы башка кызматкерлер. Тизмеге менчик мекемелерде иштеген адистер жана пенсионерлер да киргизилген.

Бул көрсөткүч журналисттер расмий эмес эсепке алып келаткан статистикадан ашып өттү. Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустан өлгөн медкызматкерлердин санын 30дун тегерегинде деп көрсөтүп келатканда журналисттердин эсебинде ал 60тан ашып калган эле.

Пандемияда өмүрүн кыргыз медицинасына арнаган кесипкөй адистер, бир облустун көзгө басар жалгыз дарыгерлери дүйнөдөн кайтты. Алар «кызыл зонада» күнү-түнү иштеп коронавируска чалдыккан бейтаптардын өмүрү үчүн күрөштү. Акыры өздөрүнө да оору жугуп каза болушту.

Эрмек Исмаилов.
Эрмек Исмаилов.

«Бул абдан оор жоготуу. Себеби, Кыргызстанда ансыз деле мыкты дарыгерлер аз. Совет бийлигинин убагында билим алган кесипкөй мугалимдерибиз саналуу эле. Тилекке каршы, пандемия учурунда ошол аз сандагы дарыгерлерибиздин мыктыларын жоготуп алдык. Эми алардын деңгээлиндеги дарыгерлерди даярдап чыгыш үчүн көп иш жана убакыт керек. Кыргызстанда азыркы абал медицина тармагын реформа кылыш керек экенин көрсөттү. Эгерде бул иш аткарылбаса учурдагы жоготуулар биздин медицинаны дагы 10-20 жылга артка тартышы мүмкүн», - деди Хирург Эрмек Исмаилов.

Кыргыз өкмөтү өлкөдө дарыгерлер COVID-19 илдетинен көз жумган учурлар эмне үчүн мынча көп экенин түшүндүрө элек. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымы, депутат Гүлкан Молдобекова бул иликтениши керек деп эсептейт.

«Эл «бул бийликтин шалаакылыгынан улам болду. Жакшы даярдык көрүлгөн эмес» деп айтып жатат. Муну эми жакшы иликтеп чыгып, аныгына жетип туруп анан айтыш керек деп ойлойм. Бул апаат жаңы башталганда дарыгерлерди эч кандай коргоочу кийими жок эле бейтаптарга киргизип жиберген учурлар болгон. Ошондон улам оору күчөп кетип ушунча дарыгерибизден айрылып калганыбыз көрүнүп эле турат. Бирок ага ким жооп берерин иликтеп чыгуу зарыл», - деди ал.

Пандемия башталгандан көп өтпөй жарандык коом дарыгерлерге жөнөкөй эле медициналык беткаптан тартып жеке коргонуу каражаттары жетишсиз, айрым ооруканаларда алар такыр эле жок экенин айтып чыккан. Медицина кызматкерлеринин көбү кем-карчы тууралуу ачык жарыялаган эмес. Ошто вирус жуккан биринчи дарыгерлер ооруканада таза жана кир аймак деп бөлүнүп шарт түзүлбөгөнүн, алар бейтаптар менен аралашып эле жүрүшкөнүн билдиришкен.

Бишкектеги мектептин спортзалында жайгашкан күндүзгү стационардагы дарылоонун жүрүшү.
Бишкектеги мектептин спортзалында жайгашкан күндүзгү стационардагы дарылоонун жүрүшү.

Кенемте төлөөнүн шарты өзгөртүлөт

Кыргызстанда дарыгерлер арасында биринчи өлүм 2-майда катталып, Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева коронавирустан каза болгон.

Өкмөттө май айынын башында жумуш учурунда оору жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондордун жакындарына бир миллион сом кенемте төлөө тууралуу чечим чыккан. Биз мына ушуга кенен токтолсок.

Саламаттык сактоо министрлигинин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Индира Жумабаеванын сөзүнө караганда, ушул күнгө чейин илдетти жумушунда жугузуп каза болгон эки гана дарыгердин жакындарына бир миллион сомдон кенемте төлөнүп берилди. Ал эми оору жуккан бир да медкызматкерге 200 миң сом бериле элек.

«Бул жерде 2000 же 20 миң сом эмес, 200 миң сом тууралуу сөз болуп жатат, - деди ал. - Ошондуктан документтин баары туура болушу керек. Келерки жумадан баштап акча төлөнө баштайт болуш керек. Себеби, аймактардан документтерди тууралап кайрадан жиберишүүдө. Анткени комиссиядагы эпидемиологдор документтерди текшерип чыккандан кийин аны толукташ үчүн кайра артка салып жатышат. Өлкөдө Башкы прокуратура, Эсеп палатасы, Финансы полициясы бар. Кийин алар да текшеришет да».

Тартип боюнча медицина кызматкерлерине коронавирус жуккан жана андан каза болгон учурларды Саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн атайын комиссия иликтейт. Ар бир учур боюнча эпидемиологиялык изилдөөнүн жыйынтыгында кенемте төлөө же андан баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынат. Комиссия дарыгер ооруну кайдан, качан жугузган, чын эле жумуш учурунда илдетке чалдыкканбы деген суроолорго жооп издейт.

Саламаттык сактоо министрлигинин юристти Азамат Жумакеев 21-майда «Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык медкызматкерлерге кенемте төлөө тартиби өзгөртүлөрүн кабарлады:

Азамат Жумакеев.
Азамат Жумакеев.

«Ушул мыйзамдын негизинде бул оорудан каза болгон медициналык кызматкерлерге 20 жылдык айлык маянасы төлөнүп берилиш керек. Эгерде илдет жуккандан кийин 1-2-3 категориядагы майыптыкты алып калса ага да кенемте төлөө каралган. Азыркы тапта ал мыйзамды ишке ашыруу боюнча өкмөттө токтом даярдалып жатат. Ал токтом чыккыча коронавирус жуккан дарыгерлерге 200 миң сомдон, андан каза болгондордун туугандарына бир миллион сомдон берилет. Токтом чыккандан кийин калгандары жаңы токтомдун негизинде төлөнөт. Биз 20 жылдык айлыкты эсептесек ал эки миллион 400 миң сом болот экен».

31-июлга карата Кыргызстанда жалпысынан 2768 медицина кызматкерине COVID-19 илдети жукту. Алардын ичинен 1714 медкызматкер айыкты.

Талас шаарында ачылган күндүзгү стационардагы медкызматкерлер бейтаптын абалын байкап турушат.
Талас шаарында ачылган күндүзгү стационардагы медкызматкерлер бейтаптын абалын байкап турушат.

«Кенемте эмес, айлыгын ала албай жатам»

Коронавирустан каза болгон дарыгерлердин жакындары өкмөттөн кенемте алыш үчүн кайсы документтер керек экенин сурап жатышат. Азамат Жумакеев каза болгон адамдын паспорту, ал иштеген жеринен иштегени тууралуу жана өлгөнү боюнча тастыктама керек экенин айтты.

COVID-19 жугуп өлгөн дарыгерлердин жакындары кенемте алуу машакаттуу иш экенин айтып арызданышууда. Маселен, Воронцовкадагы Таш-Дөбө айылындагы оорукананын дарыгери Гүлипа Акчороева коронавирустан каза болгон. Анын кызы Калдыбек кызы Наргиза апасынын кыркылыгы жакындап калса да кенемте эмес энеси көзү тирүүсүндө иштегени үчүн айлыгын ала албай жатканын билдирди:

«Апам пандемия учурунда «кызыл зонада» иштеди. Дарыгерлер 14 күн иштеп, 14 күн обсервацияда жатышат экен. Апам ошол 14 күндүк жумушу үчүн 40 миң сом алмак. Ал «кызыл зонадан» чыгарына бир күн калганда ооруп калып каза болду. Апамдын кыркылыгы да жакындап калды. Жок дегенде айлыгын берип коюшса жакшы болмок. Апамдын эки насыясы бар экен, аны да төлөш керек».

Кооптуу зонада иштегендерге төлөнчү кошумча каражат

Ал тапта вице-премьер-министр Аида Исмаилова кооптуу зоналарда иштеген медиктерге берилчү кошумча төлөмдүн шарттары өзгөртүлгөнүн кабарлады. Маалыматка караганда, категориялар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

Биринчи категория: Казармалык режимде иштеген кызматкерлер (жугуштуу оорулар бөлүмү, ПИТ бөлүмү, реанимация, вирусологиялык лабораториялар, обсерваторлор, мобилдик топтор). Бир сутка үчүн дарыгерлер 3000 сом (30% көбөйдү), орто медперсонал 2500 сом (25% көбөйдү), кенже медперсонал 2200 сом (22% көбөйдү) алат. Ошондой эле бул категориядагы медкызматкерлерге обсервацияда жатканы үчүн күнүнө 900 сом төлөнөт. Анын өлчөмү жети күн үчүн 6 300 сомду түзөт.

Экинчи категория: Адаттагыдай режимде иштеген медкызматкерлер (убактылуу түзүлгөн жерлерде, лабораториялар, СКП, блокпосттор, обсервация, мобилдик топтор). Иштеген бир саат үчүн дарыгерлер, АУП 130 сом, орто медперсонал 120 сом, кенже медперсонал 100 сом алат.

Үчүнчү категория: «Тез жардам» кызматында иштегендерге кошумча акы COVID-19 жуккан адамды жеткиргенине жараша төлөнөт. Дарыгерлер, АУП 750 сом, орто медперсонал 600 сом, кенже медперсонал 500 сом алат.

Төртүнчү категория: Моргдо иштеген медкызматкерлерге кошумча акы COVID-19 вирусу жуккан сөөктү ачканына жараша төлөнөт. Дарыгерлер, АУП 1250 сом, орто медперсонал 1000 сом, кичи медперсонал 800 сом алат.

Аида Исмаилова билдиргендей, медкызматкерлердин 14 күн обсервацияда болуу мөөнөтү кайра каралып чыгып, жети күнгө чейин кыскарган. Ал эми бир күнгө төлөнүүчү сумма өзгөрбөй, 900 сом бойдон калды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG