Пандемия: Кимди жоготтук?

Дүйнөнү каптаган коронавирус кризиси Кыргызстанда да жүздөгөн адамдын өмүрүн алып кетти. Бул кайгылуу тизмени жарыялап, биз күн сайын айтылып жаткан сандардын артында кимдир бирөөнүн эң жакын адамы, анын тагдыры, жашоосу, жасаган иши, кыялы бар экенин көргөзгүбүз келди. Бул тизме улам жаңыланып турмакчы. Пандемияда жоготкон жакын адамыңыз жөнүндө маалымат бөлүшкүңүз келсе, бул жерди басыңыз.

Соңку жаңылануу: 18-март 2021-жыл

Тизмедеги маркумдар саны: 540


А

Аалиева Нуржамал

Аалиева Нуржамал

Химик-лаборант · 52 жашта

Нуржамал Аалиева Түндүк аймактар боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун химия-токсикология бөлүмүнүн химиги болчу. 1968-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда төрөлгөн. 1985-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин химия факультетин бүтүргөн.

3 кыздын энеси эле. 17 жыл Ат-Башыдагы Талды-Суу айылында орто мектепте химия сабагынан мугалим болуп иштеген. 2008 - 2015-жылдары “АЮ” ЖЧКсында инженер-химик болуп турган. 2017-жылдан бери жогорку класстагы химик катары иштеп жаткан. Нуржамал Аалиева 2020-жылдын

27-июнунда өпкө кагындан Сокулук райондук ооруканасында көз жумду.

Абакирова Какен

Абакирова Какен

Aрдагер мугалим · 71 жашта

Абакирова Какен Нарын шаарындагы Кычан Жакыпов атындагы орто мектепте көп жыл директор болуп иштеген. Мыкты педагог, тажрыйбалуу жетекчи, “Эл агартуунун отличниги” эле.

Туугандарынын бири Жыргал Сокурова: “ Какен эжебиздин адамдык сапатын айта берсек сөз түгөнбөс. Ар нерсеге көзү жетик, улуу-кичүүгө тең караган, калыс, тууганчыл, боорукер, жакшы менен жамандын, ак менен каранын барк-баасын жаземдебей түшүнгөн, аялзатын алдына салбаган ак көрпө жайыл, ай чырай аялзаты эле го арман...

Эжекебиз бир туугандары үчүн өйдө басса өбөк, ылдый басса жөлөк эле. Кыз болсо да эркектен артык калкагар тоодой карааны бар эле. Сүйлөсө сөзү эптүү, кылса иши эптүү, баскан-турганы баарыбызга үлгү эле.

Бекиш жездебиз экөө уул-кыздарын жакшынакай кылып тарбиялап, окутуп билим беришти. Кудайга шүгүр балдар-кыздары өздөрү каалагандай акыл-эстүү, ыймандуу чыгышты,эл кызматында жүрүшөт. Чиркин ай, неберелердин сыйын көрүп дагы жашай турсаңыз болмок...”, - деп эскерди.

Абакирова Какенди жасалма деп алдыруу жабдуусуна туташтырганга карабай 3-июлда көз жумганын Алымкулова Айгүл билдирди.

Абдраимова Роза

Абдраимова Роза

Коомдук-саясий ишмер · 63 жашта

Абдраимова Роза Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, педагогикалык илимдердин доктору, Орусия Федерациясынын Социалдык жана гуманитардык илимдер академиясынын академиги, профессору, «мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси» чинине, «Билим берүүнүн отличниги” төш белгисине ээ болгон.

Кыргыз элинин руханий маданиятынын келип чыгышы, кыргыз этнопедагогика жана балдарды тарбиялоо тууралуу эмгектерди жазган.

«Роза Асановна чыгаан аял болгон, күчтүү мүнөзү, жоопкерчилиги, талапты койгондугу, жогорку адискөйлүгү, патриоттугу жана адилеттүүлүгү менен айырмаланып турчу. Анын илимий эмгектеринин тизмегинде жети окуу куралдары, 60тан ашуун макала бар», — деп айтылат маркумдун жакындарынын кабарында. Абдраимова Роза 22-июлда пневмониядан каза болду.

Абдралиева Жаңыл

Абдралиева Жаңыл

Жатакана коменданты · 54 жашта

Жаңыл Абдралиева 16 жылдан бери Кара-Балтадагы техникалык-экономикалык коллеждин коменданты болуп иштеп келген. Кесиптештери аны ишине так, чынчыл адам деп мүнөздөштү.

“Шайыр, ак көңүл, уюштургуч болчу. Өз ишине берилген, жумушун так аткарчу. Келин алып, кыз берем деп турганда кетип калды. Жатаканадагы ар бир студент менен тил табышып, көп жакшы жактарга, тазалыкка, тактыкка үйрөтчү”, - деп эскеришти аны кесиптештери.

Жаңыл Абдралиева 1966-жылы 13-февралда Москва районуна караштуу Кепер-Арык айылында туулган. Кесиптештеринин айтуусунда, ал 21-июлда өпкө кагындан көз жумган. Бир кыз, бир уулдун апасы эле.

Абдрасилов Абдрахим

Абдрасилов Абдрахим

Бишкектин Транспорт башкармалыгынын мурдагы башчысы · 65 жашта

Абдрахим Абдрасилов борбор калаанын коомдук транспорт тармагында 17 жылга жакын эмгектенген. Бишкек шаар мэриясынын Транспорт башкармалыгын жетектеген.

“Абдрахим Акчаловичтин ушунчалык эрте кеткени абдан өкүнүчтүү. Пневмония кесиптешибизди 65 жаш курагында алып кетти”, - деп жазылган мэриянын сайтындагы эскерүүдө.

Абдрасилов Талас облусунун Чеч-Төбө айылында туулган. Москвадагы Автожол институтун аяктап, инженер-механик кесибине ээ болгон соң Бишкек мэриясында автотранспорт тармагында эмгектенген.

Абдрахим Абдрасилов 10-июлда пневмония илдетинен каза болду.

Абдужалилова Буусанам

Абдужалилова Буусанам

баатыр эне · 64 жашта

2020-жылдын 6-июнунда коронавирустан улам каза болду. Балдары: “Баарыбыздын тирегибиз, үй-бүлөөнүн башкы колдоочусу, беш баланын энеси, өтө күчтүү аял эле. Бардык кыйынчылыкты оңой жеңип, өз максатына жете билчү. Эми апабыз тиккен гүл бакчалар түбөлүк түшүмүн берет”, - деп жазышты балдары.

Абдуллаев Хасан

Абдуллаев Хасан

Милициянын капитаны · 49 жашта

Абдуллаев Хасан Ички иштер министрлигинин Баткен шаардык күзөт бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жаткан. 13-июлда коронавирустун кесепетинен каза болду.

«Жалпы элибиздин, мамлекетибиздин башына келген оор кырдаалда тыным албай, күн-түн эмгектенди. Өлкөдөгү акыркы эпидемиологиялык кырдаалда жарандарыбыздын коопсуздугун, ички тартипти сактоого зор салым кошту. Өкүнүчтүү. Эл-жер үчүн кызмат кылган мыкты уулубуздан ажырадык…», - деп эскерди өкмөттүн Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн эмгек жамааты.

Абдыкадыров Алмазбек

Абдыкадыров Алмазбек

Жол чарба адиси · 60 жашта

Алмазбек Абдыкадыров Нарын облусунун жол чарба тармагында 31 жыл иштеген, шаардык кеңештин үч жолку депутаты болгон. Ондогон жыл ичинде кесиптик тепкичтерди ырааттуу басып өтүп, аймактык инфраструктуралык мекемелерди жетектеген.

Мэриянын маалыматына караганда, Абдыкадыров Нарындагы троллейбус линиясын, андан тышкары облустун ички жолдорун курууга катышкан. Нарын шаарынын жана облусунун «ардактуу атуулу» наамдарынын ээси. Эки уул, бир кыздын атасы.

Алмазбек Абдыкадыров 7-июлда көз жумду.

Абдыкалыков Бексултан

Абдыкалыков Бексултан

Электрик, айдоочу · 59 жашта

Бексултан Абдыкалыков энергетика тармагында, такси кызматында иштеди. Уул-кыздары атасы жайдары, адилет, камкор адам болгонун, дин жолунда жүргөнүн, ажылык сапарга барып келүү тилеги орундалбай калганын айтышты.

«Алтын адамдан айрылдык. Ажал улук экен, баарыбыз тегеректеп, үч аппаратка кошсок да алып кала албадык, Арман ай, арман... Кудай деген адам болчу, кудайдын сүйгөн пендеси экен. Жума күнү бул өмүрдөн өтүп, жума күнү жерге берилди. Бейишинен берсин. Орду толбойт, жөн эле жомок адам болчу. Кайгыбызды бөлүшкөндөргө кудай ден соолук берсин! Абайлагыла, өзүңөрдү карагыла!”, - деди “Азаттыкка” маркумдун кызы.

Бексултан Абдыкалыков 10-июлда Бишкекте коронавирус инфекциясынан өпкөсү кагынып каза болгон. Артында жубайы, төрт баласы калды.

Абдыкалыков Марат

Абдыкалыков Марат

37 жашта

Марат Абдыкалыков 14-сентябрда 37 жашка толмок. 2020-жылы 1-августта кош өпкө кагынынан каза болду. Жакындары: “Сүйүктүү уул, күйүмдүү ата, жаркылдаган жар эле”, - деп эскеришти.

Абдыкеримова Роза

Абдыкеримова Роза

Дарыгер · 67 жашта

Роза Абдыкеримова 1953-жылы Чүй облусунун Токмок шаарында төрөлгөн. 1978-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун артыкчылык диплому менен аяктап, эмгек жолун Фрунзе шаарындагы №3 балдардын клиникалык ооруканасында дарыгер-педиатр болуп баштаган.

1989-жылы Бишкектеги №5-балдардын шаардык поликлиникасынын педиатрия бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

1992-жылы Чүй облустук балдар санаторийинин башкы дарыгери болуп бекиген. 2000-жылы мүмкүнчүлүгү чектелүү тестиерлер менен майып балдардын Чүй облустук калыбына келтирүү борборунун директору болуп дайындалган.

Роза Абдыкеримова 2020-жылы 15-июлда өпкө кагындан каза болду.

Абдылдаева Савира

Абдылдаева Савира

Баатыр эне · 65 жашта

Савира Абдылдаева 1954-жылы 10-октябрда Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кызыл Октябрь айылында туулган. Баатыр эне, жарык дүйнөгө 9 уул-кызды алып келип өстүргөн. Көп жылдар бою Бакай-Ата районундагы майып балдар интернатында тарбиячы болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан.

Небереси Алия "таенем абдан боорукер, акылман жан эле. Бардык иштин көзүн тапкан, бардык суроонун жообун билген түгөнгүс кенч эле. Бизди ар дайым тыкан, билимдүү, чынчыл болууга үйрөтчү. Ар убак бизге "Мээнетиң катуу болсо, татканың таттуу болот" - деп айтып келчү. Эмгекчил адам эле..." -деп эскерди.

Савира Абдылдаева 10-июлда өпкө кагындан каза болду.

Абдымомунов Алтынбек

Абдымомунов Алтынбек

Юрист · 22 жашта

Алтынбек Абдумомунов «Борусан Макина Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомдун юристи болчу. Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин бүтүргөн.

Келечектен көптү үмүттөндүргөн юрист алдыдагы зор максаттарын жүзөгө ашырууга үлгүрбөдү…

Алтынбек Абдумомунов пневмониянын кесепетинен “Манас” эл аралык авиакомпаниянын карамагындагы госпиталдагы (мурдагы “Ганси”) обсервацияда 15-июлда мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Абдырахманова Чолпон

Абдырахманова Чолпон

Мугалим · 59 жашта

Чолпон Абдырахманова 1961-жылы 28-сентябрда Ысык-Көл областына караштуу Жети-Өгүз районунун Чырак айылында дарыгер менен мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

1984-жылы Пржевальский шаарындагы (азыркы Каракол) Мамлекеттик педагогикалык институтунун Биология-география факультетин ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы эмгек жолун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылынын Жумагул Алышбаев атындагы орто мектебинде мугалим болуп баштап, өмүрүнүн акырына чейин талбай эмгектенген. Биология сабагынан билим берип, көптөгөн окуучуларынын сүйүктүү мугалими болгон. Ал таалим берген окуучулар райондук, областтык, республикалык олимпиадалардан жемиштүү орундарды багынтышкан. Жүздөгөн жаштар Чолпон Кайыпбековнанын эмгегинин аркасында медициналык окуу жайларда окуп, ошол кесипти аркалап келишет.

Ардактуу кесипти мыкты аткаргандыгы үчүн Эл агартуунун отличниги, Эл агартуунун профсоюзунун отличниги наамдарына татыктуу болгон.

Өмүрүнүн 36 жылын билим берүүгө арнаган Абдрахманова Чолпон 59 жашта 2020-жылдын 2-августунда таажы вирустан улам Каракол шаарынын областтык бейтапканасында көз жумду. Аркасында 2 уул, 2 кызы калды.

Абдыхаликов Жангара

Абдыхаликов Жангара

Дарыгер · 63 жашта

Жангара Абдыхаликов медицина илимдеринин кандидаты, доцент, профессор. Ош облустук аймак аралык балдар ооруканасынын ЛОР бөлүмүн 1986-жылдан бери жетектеп келе жаткан. Ага КРсынын саламаттык сактоо тармагынын Эмгек сиңирген кызматкери наамы, бир катар мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылган.

Жангара Абдыхаликовго алгач «эки тараптуу пневмония» диагнозу коюлганын «Азаттыкка» кесиптештери билдиришти. Профессор ооруканага түшкөндөн үч күндөн соң, 8-июлда көз жумду.

Абиров Дүйшөнбек

Абиров Дүйшөнбек

Жеке ишкер · 55 жашта

Дүйшөнбек Абиров Кочкор айылынын Исакеев айылынан эле, өмүр бою жеке ишкерлик менен алектенген.

“Сүйүктүү ата, сүйүктүү жолдош эле. Эки кызын күйөөгө узаткан. Бир жыл мурун эле небере көргөн. Азыр эми балдарын, неберелерин кучактап, жакшылыкка күбө болчу учурда биздин арабыздан кетип калды. Кыздарын ушунчалык жакшы көрүп, колдоп турчу. Алар азыр сыздап жатышат”, - деп кейиди жакындары.

Дүйшөнбек Абиров пневмония дартына кабылып, “Манас” аба майданынын карамагындагы госпиталдын стационарында (мурдагы “Ганси”) 11-июлда каза болгон. Артында жубайы, үч кызы калды.

Абышов Каттообек

Абышов Каттообек

Мурдагы судья · 66 жашта

Абышов Каттообек 1972-жылдан тарта прокуратура жана сот тармагында иштеп, Нарын областтык сотунун судьясы, Нарын шаардык сотунун төрага орун басары,Нарын райондук сотунун төрагасы, Ак-Талаа райондук сотунун судьясы кызматтарын аркалаган. Отставкага чыккандан бери адвокаттык кызмат көрсөтүп келаткан.

Абышов Каттообек 1954-жылы Нарын облусунун Жумгал районунун Сары-Камыш айылында туулган. 2020-жылы 12-июлда пневмониядан каза болду.

Агаров Сергей

Агаров Сергей

Дыйкан · 63 жашта

Сергей Агаров 1957-жылы Нарын шаарында төрөлгөн.

Уфа шаарындагы Башкырстандын айыл чарба институтун аяктаган.

1981-жылдан 2002-жылга чейин Кыргызстандын жайыт жана тоют изилдөөчү институтта эмгектенген. Кийинчерээк Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтунун бал аарылардын илдеттерин изилдөө лабораториясында иштеген.

Кыргыз жайыт жана тоют изилдөө институтунун башкы зоотехниги, Бишкек шаардык бал аарычылар коомунун зоотехниги, Кыргыз ССРинин Мамлекеттик агрардык өнөр-жайынын аарычылык боюнча өндүрүштүк-илимий бирикмесинин өндүрүш бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

2012-жылдан тарта өмүрүнүн акырына чейин Кыргызстандын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жетектөөчү адиси болуп эмгектенген. Сергей Агаров 2020-жылы 13-июлда өпкө кагындан каза болду.

Адиев Арсен

Адиев Арсен

Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери · 35 жашта

Адиев Арсен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте иштегенине беш жыл болгон. Кара-Балта шаарында жашачу.

Карындашы Гүлназдын эскерүүсү: “Абдан жоопкерчиликтүү адам, татыктуу уул, боорукер жана күйүмдүү ата, уул эле. Үй-бүлөсүнө камкор эле. Келечекте көптү үмүттөндүргөн кыргыздын сыймыктуу уулу эле. Мекенчил, ишин сүйгөн адам эле. Жоопкерчиликтүу эле абдан. Ооруну кайдан жугузганын билбей калдык. Бир топ кыялдары бар болчу ишке ашпай калды».

11-июлда Кара-Балта шаарындагы ооруканада жатып пневмониядан улам көз жумду. Эки уулу бар.

Ажыбаева Акылай

Ажыбаева Акылай

“Тез жардам” кызматынын диспетчери · 36 жашта

Бишкектеги “Тез жардам” кызматынын жетекчиси Егор Борисов Акылай Ажыбаеваны “Жаш, шайыр жана ушунчалык шамдагай кыз эле. Бүт диспетчердик бөлүм боздоп ыйлап жатканын көрүп абдан жаман болдум...” деп эскерди.

Акылайдын өлүмү тууралуу суук кабарды уккан башка диспетчерлер көз жашын төгүп дагы, жардам сурап телефон чалгандарга жооп берип да жатышканын Егор Борисов “Твиттерге” жазды.

"11 жылдан бери тез жардамда иштеп келген. 13 жаштагы баласын жалгыз тарбиялап жаткан. Эжем ооруганына карабай оптимисттик көз карашта иштеди. Оору менен өзү 17 күн күрөштү. Акыркы жолу апам ага барганда "балам сизге аманат" деп, башка сөз айта алган эмес экен. Ошол эле күнү ооруканада үзүлуп кетти", - деп билдирди Назгүл.

Ажыбаева Акылай пневмониядан 14-июлда көз жумган.

Ажыбекова Адель

Ажыбекова Адель

1 жашта

Апасы Жаркындын эскерүүсү: “Биздин үйдүн кенжеси, эркебиз болчу. Кызым 1 жаш 3 айлык болчу, күтүүсүздөн ооруга чалдыгып, реанимациядан жүрөгү токтоп калды. Диагнозу - эки тараптуу пневмония”

Азизов Жаныш

Азизов Жаныш

Милициянын ардагери · 66 жашта

Жаныш Азизов Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында иштеп эс алууга чыккан ардагер. Кыргызстандын ички иштер министрлиги жарыялаган көңүл айтууда мындай деп айтылган: “Каргашалуу өлүм биздин катардан өз өмүрүн бүт милиция кызматына арнаган татыктуу офицерден айрыды. Ал өз кызматын абийирдүү аткарып, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында кадыр-баркы жогору болгон.

Жаныш Азизов милициянын ишин жакшыртууга, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө жана коомдук коопсуздукту камсыздоого кошкон салымы чоң.

Ал 1954-жылы Чүй облусунун Чүй районундагы Токмок шаарында туулган. Билими жогору. 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. Ички иштер органдарындагы кызматын 1983-1984-жылдары Кыргыз ССРнин ИИМдин саясий бөлүгүнүн инструктору, 1984-1986-жылдары Кыргыз ССРинин ИИМдин Катчылыгынын инспектору, 1986-1993-жылдары Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин ИИБдин Катчылыгынын башчысы, 1993-1998-жылдар ичинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Катчылыгынын башчысы, 1998-жыл ичинде Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин жардамчысы, 1998-2000-жылга чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Катчылыгынын башчысы, 2000-2001-жылдары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Катчылыгынын, министрдин аппаратынын жетекчисинин орун басары, ошол эле убакта башчысы, 2001-жылдан 2014-жылга чейин Кыргыз Республикасын ИИМдин Катчылыгынын башчысы, 2014-жылы жаш курагынына байланыштуу эс алууга кеткен. 2014-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Катчылыгынын (келишим боюнча) башчысы, 2017-жылдан 2019-жылга чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Катчылыгынын башчысы (келишимдик негизде) башчысы кызматтарын аркалаган. 2019-жылдан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Катчылыгынын техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын башкы адиси болуп эмгектенип келген.

Кызматындагы эмгектери үчүн "ИИМдеги мыкты кызматы үчүн" төш белгиси, "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн", "Даңк" медалдары, 2004-жылы ИИМдин буйругу менен "Макаров" үлгүсүндөгү тапанча, 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кол сааты жана башка мамлекеттик жана түзүмдүк сыйлыктар менен сыйланган. Коллегиянын жетекчилиги, мүчөлөрү, Генералдар клубу, Ардагерлер кеңеши, андан сырткары ички иштер министрлигинин өздүк курамы милициянын отставкадагы полковниги Жаныш Азизовдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу аза күтөт жана туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.”

Аилчинов Нурдин

Аилчинов Нурдин

Милициянын отставкадагы полковниги · 62 жашта

Аилчинов Нурдин ИИМдин Мамлекеттик автоинспекциясында отуз жылга жакын иштеп, 2011-жылдан бери ардактуу эс алууда эле. Мамлекеттик бир нече сыйлыктардын, орден, медалдардын ээси. Камкор ата, мыкты киши болчу.

Аилчинов Нурдин 30-июнда Бишкекте пневмониядан каза болду.

Айдаралиев Алис

Айдаралиев Алис

Жеке ишкер · 61 жашта

Алис Айдаралиев 10-июлда Бишкекте өпкө кагындан каза болду. Досу Кубат Каработоев: “Абдан шайыр, ак көңүл, колунда барын эч кимден аябаган адам эле. Бат эле ажырап калдык”, - деп жазды.

Айдаркулова Анара

Айдаркулова Анара

Нарколог-дарыгер · 59 жашта

Айдаркулова Анара Республикалык наркологиялык борбордун экспертиза бөлүмүнүн дарыгери. Окуусун Ташкент медициналык институтунда 1985-жылы бүтүп келгенден бери наркология тармагында иштеп келген.

Кесиптештери экспертиза жасай турган саналуу адистин кеткенине өкүнүчүн билдиришти. Өз ден соолугун тобокелге салып, жанын үрөгөн иштерман, шайыр адам болгонун эскеришти.

Республикалык наркологиялык борбордун директорунун орун басары Элмира Калиева: “Анара абдан ийкемдүү, моданын тилин жакшы билген, бул жашоодогу ийгиликтин баарына өз күчү менен жеткен, сергек жашоону, тазалыкты сүйгөн кесиптешибиз эле. Бир кызды жалгыз тарбиялап өстүрдү. Ооруп калганда ал өлүмгө учурайм деп ойлобосо керек. Үйүндө өз алдынча дарыланып көпкө жатып калыптыр. Дем ала албай, кыйнала баштаганда анан бизге чалды. Биз ооруканадан орун таппай аябай көпкө жүрүп калдык. Акыры “Манас” аба майданындагы обсервацияга алып барсак, реанимациялык бөлүмү жок экен. Кайра жанталашып Темир жол ишканасынын ооруканасына алып барып, реанимацияга кирерде эле жан берди. Азыркыга чейин Анаранын өлүмүнө ишене албай, абдан кайгырып жатам”, - деп эскерди.

Айдаров Асыпек

Айдаров Асыпек

Aйдоочу · 65 жашта

Асыпек Айдаров “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасында айдоочу болуп иштеп келген.

“Жакындарына эч качан үнүн катуу чыгарчу эмес. Неберелерин жанындай көрүп, баарына белек берчү эле. Акыркы жолу аны бир ай мурда, 65 жашка толгон күнү көргөнбүз. Анда пандемия бүтсө баарыңарды чакырып, куран окутам деген эле”, - деп эскеришти жакындары.

Жакындарынын айтымында, Асыпек Айдаров эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) 13-июлда көз жумган.Артында үч баласы, неберелери калды.

Айдаров Эргешали

Айдаров Эргешали

Офтальмолог-дарыгер · 68 жашта

Айдаров Эргешали Ноокат районундагы “Медигос” үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун көз догдуру эле. Өмүрүнүн 45 жылын медицинага арнап, акыркы 39 жылдан бери көз догдур болуп иштеп келе жаткан.

Жогорку категориядагы дарыгер болчу, “Саламаттык сактоонун мыктысы” төш белгиси ыйгарылган. Ноокат райондук, Шамалды-Сай шаарчасынын ооруканаларында хирург болуп иштеп, Кызыл-Кыядагы медициналык орто окуу жайда жалпы хирургия боюнча сабак берген.

Айдаров Эргешали 13-июлда эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) каза болду.

Айдыралиева Жамийка

Айдыралиева Жамийка

Ашпозчу · 60 жашта

2011-жылдан бери Чүй облусундагы Мраморное айылындагы орто мектепте ашпозчу болуп иштечү. Эки кыз, бир уулду эрезеге жеткирип, мыкты тарбия берген эне. Жети небересинин сүйүктүү чоң энеси эле.

Кызы Аселдин эскерүүсү: “Ак көңүл, колу ачык, жаркылдап маанайы ачык жүрчү, турмушка ыраазы болчу. Адамдардын баары жакшы дечү. Неберелеримин чоңойгонун көрсөм деп калар эле. Балдарым, туугандарым, жакындарым аман болсо, жакшылык болсо деп тилек кылчу.”

Жамийка Айдыралиева 3-июлда Семетей обсервациясында өпкө кагындан каза болду.

Айтбаев Полотбек

Айтбаев Полотбек

“Айнур” заводунун өндүрүш цехинин жетекчиси · 64 жашта

Айтбаев Полотбек Бишкектеги “Айнур” заводунда 17 жыл иштеген. Заводдун өндүрүш цехин жетектеп келаткан.

“Ошол жактан оору жуктурду, - деди кызы Асел, - Алгач оорунун белгилери билинген эмес. Дене табы көтөрүлгөнүнөн дарыгерлерге кайрылсак антибиотик таблеткаларды жазып беришкен. Бирок, улам кыйнала берди. Акыры дем алуусу начарлады. “Ганси” обсервациясына алып барганыбызда ал жакта реанимация шарттары жок экен. Атам тез эле өтүп кетти. Абдан боорукер, жөнөкөй, бир кишиге зыяны жок адам эле.”

Полотбек Айтбаев бир айдан кийин 65 жашка толмок. 15-июлда пневмониядан көз жумду.

Айтбаев Садыр

Айтбаев Садыр

Жалал-Абаддын экс-вице-мэри · 59 жашта

Садыр Айтбаев Жалал-Абад шаар мэриясынын Долбоорлорду ишке ашыруу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы эле. Ага чейин вице-мэр кызматын аркалаган.

Шаар бийлиги көңүл айтуусунда Садыр Айтбаев “Таза суу” долбоорунун биринчи, экинчи баскычын бүткөрүүгө жан үрөп салым кошуп келатканын белгилеген.

“Бул кабарды мэриянын жамааты терең кайгыруу менен кабыл алдык. Жамаат арасында өзүнүн асыл сапаттары менен сый-урматка ээ болгон инсанды жоготуу баарыбыздын кабыргабызды кайыштырды”, - деп жазылган көңүл айтууда.

Садыр Айтбаев пневмониянын кесепетинен 6-июлда дүйнө салды.

Айтбаева Алмагүл

Айтбаева Алмагүл

медик · 62 жашта

Алмагүл Айтбаева 1958-жылы Чүй районунун Жаңы-Жол айылында туулган. 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун санитардык-гигиеналык факультетин аяктап, Чүй району жана Токмок шаары боюнча санэпидемстанцияга жумушка орношкон.

1987-жылы бактериологиялык лабораторияга которулуп, аталган лабораториянын жетекчиси болууга жетишкен. Бул тармакта жалпысынан 38 жыл эмгектенген.

Кесиптештери: “Өлкөдө коронавирус аныкталгандан бери бажыда, мобилдик топто дарыгер болуп иштеген”.

Алмагүл Айтбаева 2020-жылы 18-июлда өпкө кагындан көз жумду.

Айткулов Мерлис

Айткулов Мерлис

Ардагер · 68 жашта

Мерлис Айткулов көп жылдан бери жеке ишкерлик менен алектенип келген. Артына жалгыз кызы жана жубайы калды.

Кызынын эскерүүсү:

“Сырт келбетинен абдан жаш көрүнчү. Аны алтымыштан ашкан деп айта албайсың. Атам июндун аягында ооруп калды. Адегенде дарыгерлерден кеңеш алып, үйдө дарыланып жатты. 9-июлда Улуттук госпиталга жаткырдык. Аны концентраторго туташтырышты. Ал күнү абалы жакшы болчу. Өзү тамактанып, басып жүргөн. Бир нече күндөн кийин мага чалып “алып кепейсиңби” деп калды. Ал убакта үч концентраторго туташкан эле. Дагы чалып “алып кет” дей баштады. Апамдар, туугандарым баары эле коркуп, дүрбөлөңгө алдырып жатса керек деп жатышты. 23-июлда атамды жоготуп алдым”.

Мерлис Айткулов 23-июлда өпкө кагындан көз жумду.

Айылчиева Эркингүл

Айылчиева Эркингүл

Жеке ишкер · 52 жашта

Айылчиева Эркингүл, Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала- Арча айылынын тургуну, өмүр бою жеке ишкерлик менен алектенген.

Кызы Айгерим: “Бир туугандарынын эң улуусу эле, баарына эне ордуна эне болуп, камкордукка алган. Бизге мээримдүү апа, атамдын сүйүктүү жары болчу. Күтүүсүз оору жүрөктү сыздатып алып кетти. Уул-кызы, келини, небереси, атакебиз ыйлап кала бердик”, - деп эскерди.

Айылчиева Эркингүл 3-июлда эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) “Ганси” обсервациясына жаткырылып, 11-июлда кайтыш болду.

Акимжанов Журавой

Акимжанов Журавой

Дарыгер · 67 жашта

Журавой Акимжанов мыкты хирург – дарыгер эле. Ош облусунун Араван райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы болчу.

Журавой Акимжанов 1953-жылы Араван районунда төрөлгөн. 2000-жылдан бери Араван аймактык ооруканасында хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келе жаткан. «Саламаттыкты сактоонун мыктысы» төш белгисин, бир катар ардак грамоталардын ээси. Артында үч баласы калды. 24-июлда өзү иштеген ооруканада таажы вирустан каза тапты.

Акматалиев Таалай

Акматалиев Таалай

Айдоочу · 50 жашта

Таалай Акматалиев ички иштер кызматында узак жылдар иштеп, ардактуу эс алууга чыккандан кийин Сузак райондук ооруканасынын “Тез жардам” кызматында айдоочу болуп эмгектенген. Төрт баланын атасы. 1970-жылы 9-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Атабеков айыл өкмөтүнүн Кашкар-Маала кыштагында төрөлгөн.

Таалай Акматалиев 25-июлда өпкө кагындан көз жумду.

Акматов Кубатбек

Акматов Кубатбек

Айдоочу · 56 жашта

Кубатбек Акматов 17-июлда Бишкектеги Улуттук госпиталда эки өпкөсү кагынып каза болду. Эки кыз, бир уулдун атасы эле. 1964-жылы 27-октябрда Талас облусунун Үч-Эмчек айылында төрөлгөн.

Балдары: “Атабыз өтө чынчыл, пейили таза, шайыр адам эле. Колу алтын болчу. Үйдү өз колу менен салып, бардык ишти майын чыгара жасачу”, - деп эскеришти.

Акматов Тилек

Акматов Тилек

Пенсионер · 64 жашта

Тилек Акматов 1956-жылы 5-майда Нарын облусунун Тянь-Шань районунун Учкун айылында төрөлгөн. 11 бир туугандын улуусу,

Тилек Акматов 1973-жылы Учкун орто мектебин аяктап Фрунзеге келип Токтогул атындагы улуттук филармониянын алдындагы 2 жылдык студияга кирген. Аны бүтүргөндөн кийин советтик аскер катарында кызмат өтөп келген. 1978-жылдан баштап башкалаадагы Михаил Фрунзе атындагы айыл чарба машинелерин чыгарчу заводдо иштеп, жөнөкөй жумушчудан баштап цехтин жетекчи орунбасарына чейин көтөрүлгөн. 1995-жылы завод токтогондон кийин аркыл жумуштарда иштеген. Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунда жашачу.

Тилек Акматов 4 уулдун атасы, 4 неберенин чоң атасы, балдарынын баары жогорку билимдүү, жаш курагына байланыштуу ардактуу эс алууга чыккан. 2016-жылы Республиканын ардактуу аксакалы наамына ээ болгон.

Тилек Акматов 2020-жылы 14-июлда кош өпкөнүн кагынынан ооруканада көз жумду .

Уулунун эскерүүсү: “Атам байкуш элдерге калоо-тилек айтчы эле! Мен үчүн, акча деле кымбат эмес бул дүйнөдө, Акчанын баркы ширеңкенин бир талына барабар - Чагып ийсең ал деле өрттөнүп кетчү нерсе! Мен үчүн, үй деле кымбат эмес бул дүйнөдө. Алла таалам жинденип, силкинсе ал деле кулап калчу нерсе! Мен үчүн, өмүр деле кымбат эмес бул дүйнөдө. Ажал жетип алтын сандыкка кирип кетсең деле алып кете турчу нерсе! Мен үчүн бул дүйнөдө эң кымбат нерсе бул көңүл! Көңүлдү биз гүлдөргө салыштырат экенбиз, ошон үчүн акындар айтат экен! Гүлдүн көркүн тил сүрөттөй алабы? Миң жыттасаң моокуң чиркин канабы? "- деп атам айтып калар эле

Акматов Улан

Акматов Улан

бажы кызматкери · 41 жашта

Улан Акматов 11-июлда кош өпкө кагынынан Чолпон-Ата шаарында каза болду. Ал 1979-жылы 17-июлда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөн. 2001-жылы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун “Вимм-Билль-Данн” компаниясында менежер болуп иштөөдөн баштаган. 2003-жылы Кыргыз Республикасынын бажы органдарына кызматка өтүп, өмүрүнүн аягына чейин ушул тармакта иштеди. Жакшы иштегендиги үчүн бир нече ирет бажы кызматынын медалдарына, сыйлыктарына татыктуу болгон. Улан Акматовдун артында аялы, үч баласы калды.

Жакындарынын эскерүүсү: “Биздин досубуз, агабыз Улан Акматовдун каза болгонуна 20-августта кырк күн болду. Айрылуунун азабын сөз менен айтыш кыйын. Кырк күн өтсө деле мурдагысындай жаркылдап кирип келчүдөй сезиле берет. Жанындагыларга колунан келишинче жардам берген боорукер, жаркылдаган ачык жигит эле. Аны менен достук ушунчалык кыска болорун ойлобоппуз. Улан балдары менен үй-бүлөсүн аябай сүйчү. Биздин эсибизде ал ушундай адам катары калат”.

Акматова Майрамкүл

Акматова Майрамкүл

Соодагер · 53 жашта

Акматова Майрамкүл Бишкектеги “Дордой” базарында соода кылчу. Негизги кесиби ветеринар эле.

“Абдан ак көңүл, кыялы чорт адам эле. Баарын бетке айтчу, калп сүйлөп ушакташканды жаман көрчү. Базарда эжелер чогулуп бирөөнү ушактаса басып кетчү. Аябай таза жан эле. Ооруп кыйналып жатса да кийимдеримди таза кийет элем деп жатты. бир эки эле күн ооруду да, анан абалы оорлоп кетти. - деп эскерди артында калган жалгыз кызы Зарина.

Майрамкүл Акматова 1967-жылы Нарын районунун Казан-Куйган айылында туулган. 2020-жылы 9-июлда Бишкек шаарында өпкөсүнөн кагынып (пневмония) каза болду. Коронавируска тапшырган анализи таза чыккан.

Аксакалов Майрамбек

Аксакалов Майрамбек

Фермер · 63 жашта

Аксакалов Майрамбек кесиби боюнча экономист. Акыркы жылдары айыл чарба тармагында иштеген.

“Жалкоо, иштебеген адамды жактырчу эмес, - деп эскерди уулдарынын бири,- Өзү көп сүйлөбөгөн, такыр бош отурбаган адам эле. Акыркы жылдары асыл тукум уй, жылкы багып жаткан. Төрт сарайга мал толтуруп, 15тей адамды иш менен камсыз кылган эле. Бул оору кайдан жукканын билбейбиз. Өзү ооруканаларга акысыз сүт ташып жаткан. Тогуз гектар кара өрүк отургузуп, бала бакчаларга компот жасап, алып барам деген кыялы орундалбай калды. Атам жасай турган иштер дагы көп эле”.

Аксакалов Майрамбек 7-июлда Кара-Балта шаардык ооруканада пневмониядан каза болгон. Артында үч баласы калды.

Акчороева Күлүйпа

Акчороева Күлүйпа

Медайым · 59 жашта

Күлүйпа Акчороева Аламүдүн районундагы Курортология жана калыбына келтирип дарылоо улуттук изилдөө институтунда 33 жыл медайым болуп иштеген.

Пандемия башталгандан бери кызыл зонада бир нөөмөттө бир дарыгер, эки медайым иштеп жаткан. Күзөтү бүтөөрүнө бир күн калганда кайтыш болгон.

Кызы Наргиза: “Кычкылтек концентраторунда жаткан учурда жарым саат свет өчүп, аппарат иштебей калган. Апама дем жетпей каза болду. Ал айыктырган айылдагы бейтаптар дагы эле келип атышат. Жардамын эч кимден аячу эмес. Адам өлүп атканда четте карап кантип отурам деп кеткен. Апам жанын аябай өмүрүн тобокелге салган болчу. Атам каза болгондон бери жалгыз бизди багып келаткан. Быйыл үй салалы деп жанын аябай иштеп жаткан. Уулунун колунда каза болуп калды”, - деп эскерди.

Акчороева Күлүйпа 9-июлда пневмониядан каза болгон.

Алайчиева Касиет

Алайчиева Касиет

Оштогу облустар аралык балдар ооруканасынын кадрлар бөлүмүнүн башчысы · 59 жашта

Ош облустар аралык балдар ооруканасында 37 жылдан бери эмгектенип келген. Артында бир уулу калды.

«Айылчиева кадрлар бөлүмүндө тийиштүү иш кагаздардын кыргыз тилинде жүргүзүлүшүнө салымы зор болгон. Анын жетекчилиги менен кадрларды эсепке алуучу жеке барак, кызматтык инструкциялар, эмгек келишими, сыйлоо баракчалары кыргыз тилине которулган», - деп ооруканын эмгек жамааты эскерет.

Касиет Алайчиева 12-октябрда эки тараптуу пневмониядан каза болду.

Алаков Рустам

Алаков Рустам

Бажы кызматкери · 45 жашта

Рустам Алаков Кыргызстандын Бажы кызматынын подполковниги болчу. 1975-жылы 13-апрелде Талас облусунун Көк-Ой айылында төрөлгөн. 1994-жылдан 2016-жылга чейин бажы кызматында иштеген.

Кесиптештери аны ишке жоопкер, мээримдүү адам эле, камкор ата, сүйүктүү жар болчу дешет. “Атам биздин үйдүн тирөөчү эле. Абдан камкор ата, сүйүктүү жар болчу. Бизге көп нерсени берди. Атамды балдары, неберелери боорукер, чынчыл инсан катары эскерип турмакчы”, - деп Рустам Алаковдун баласы эскерди.

Рустам Алаков 18-июлда Бишкектеги Улуттук госпиталда өпкө кагындан каза болду. Артында эки уулу, эгиз кыздары калды.

Алдаяров Абдиманап

Алдаяров Абдиманап

Ишкер · 64 жашта

Алдаяров Абдиманап ишкер, Ош шаарынын ардактуу атуулу. Ош шаарында суусундук чыгарган “АлБОНур” жеке компаниясын узак жылдардан бери жетектеп келди.

“Бей-бечаралардан жардамын аячу эмес. Көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдү көрүп келген үчүн мамлекетибиз ошолордой өнүксө деп, экономикага салым кошуу үчүн изденүүдө жүрчү. Уулдары кыргыз элине пайдасы тийген инсандардан болушун кыялданчу. Буйруса кыялдарын орундатабыз”, - дешет уулдары.

Артында төрт уулу, неберелери калды. Алдаяров Абдимана өпкөсүнөн кагынып (пневмония) 16-июлда дүйнөдөн өттү.

Алжанбаев Майранбек

Алжанбаев Майранбек

Жеке ишкер · 54 жашта

13-июлда пневмониядан каза болду. Жеке ишкерлик менен алектенчү. Пандемия маалында анын эки бир тууганы да каза болду. Жакындары: “Байкем жакшы адам эле. Эл арасында кадыр барктуу, өз уруубуздагы улууга да кичүүгө да сөзү өтчү. 14 күндүн ичинде бир эжемди эки байкемди жоготтук”, - деп жазышты.

Алжанбаев Эркинбек

Алжанбаев Эркинбек

Жеке ишкер · 52 жашта

Маркум Алжанбаев Майранбектин иниси, 8 күн мурда ал да пневмониядан каза болгон. Жакындары: “Байкем кичи пейил, ак көңүл, жакшы адам эле, агасы менен эжесинин артынан кете берди. Жалгыз уулу Орусияда болчу. Атасына келип топурак сала албай калды. Эки кызы да бар”, - деп эскеришти.

22-июлда пневмониядан көз жумду.

Алжанбаева Анаркүл

Алжанбаева Анаркүл

Үй кожойкеси · 56 жашта

Анаркүл Алжанбаева 6 баланын энеси.

Балдарынын бири апасына дары-дармек, ооруканадан орун издегенин айтып сыздады: “Апам аябай шайыр болчу тойлордун көркүн ачып ырдап-бийлеп жүрчү. Кенжеси 10 жашта. 17 жылдан бери канты көбөйүп ооруп жүрчү. Жакшы эле жүргөн, тоого барып сүт ичип келишкен. Келгенден 2 күндөн кийин жөтөлүп, дене табы көтөрүлүп, буту-башы тырышып ооруп калды. Анан кан басымы жогорулап, канты көтөрүлүп кайра түшүп жатканынан “Тез жардам” чакырганбыз. Алар “эч жардам бере албайбыз” деп телефондон жооп берип коюшкан. Ошентип үйдө эки күн жатты. 2-июлдан абалы оорлошо баштады. Кайрадан “Тез жардамга” чалдык. Алар ыкчам топтун телефон номерин берди. Аларга чалсак, кийинки күнү түштө келип 3-июлда ооруканага алып кетишти. Ошол менен апабызды көргөн жокпуз. Бир нече күндөн кийин апама чалсам медайым алып апамын каза болгонун айтты”.

Анаркүл Алжанбаева 8-июлда өпкө кагындан каза болду.

Алиев Мурат

Алиев Мурат

Кинооператор · 72 жашта

Мурат Алиев, кинооператор, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, үчүнчү "Asian World Film Festival" фестивалынын “Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салым үчүн” сыйлыгынын лауреаты, Тынч Океан киноакадемиясынын мүчөсү.

Кинооператор Мурат Алиев отуздан ашык хроникалык-документалдык, "Мен - Тянь-Шань", “Курманжан Датка” өңдүү ондон ашык көркөм фильмдерди тарткан, жаш муундагы ондогон операторлорду тарбиялап келген.

Мурат Алиев 1948-жылы 10-декабрда Нарын шаарында төрөлгөн. 2020-жылы 17-июлда каза болду. Кесиптештери буга пневмония илдети себеп болгонун билдиришти.

Алияскаров Замирбек

Алияскаров Замирбек

Малчы · 63 жашта · Пневмония

Замирбек Аляскаров 1957-жылы 1-январда Ат Башы районундагы Дыйкан айылында туулган. Көп жыл механизатор, чабан болуп иштеген.

Балдары: Атабыз беш жыл Ат Башы райондук ооруканасында донор болуп жүрдү. Бир топ адамды ажалдан алып калды. Атабыз мээримдүү, боорукер, эч кимге жамандыгы жок жакшы адам эле. Неберелери, балдарына өзгөчө карачу.”

Замирбек Аляскаров 1-июлда эки өпкөсү кагынып каза болгон.

Алпамишев Кубат

Алпамишев Кубат

Муздаткыч оңдогон уста · 52 жашта

Кубат Алпамишев он жылдай эмерек жасап, акыркы жылдары короосунда муздаткыч оңдоп, сүт тапшырып иштеп, балдарын багып келаткан. Тогуз баласы менен Чүйдүн Дача-Су айылында турчу. Он жыл мурун жер тилке сатып алып, быйыл үй салып баштаган.

Аялы Гүлнара Назирова:

“Бизге көрсөтпөй эле көөмп коюшту. Жок дегенде балдарга көрсөтүп коюшпады. Балдар кайра-кайра сурап жатышат. Мен аларга эмне деп жооп беришти да билбей калдым. Тогуз бала, чатыры жабылбаган үй, насыя менен жалгыз калдым”.

Кубат Алпамишев 21-июлда Улуттук госпиталда өпкөсү кагынып каза болгон.

Алтыкеев Күмүшбек

Алтыкеев Күмүшбек

Кардиолог-дарыгер · 72 жашта

Алтыкеев Күмүшбек 1996-жылдан бери Бишкек шаардык №1 клиникалык оорукананын кардиолог-дарыгери болуп иштеди. Ага чейин Кызыл Кыя шаарында, Талас облусундагы саламаттык сактоо тармагында эмгектенген. Өмүрүнүн 47 жылын медицинага арнаган тажрыйбалуу дарыгер катары таанылган.

“Агайды Таластан издеп, Бишкекке чейин барган бейтаптары көп эле. Мыкты дарыгер катары таанычубуз. Ал көп шакирттерди тарбиялады. Ишин улантып кетчүлөр чыкса экен”, - деп эскерет бейтаптарынын бири.

Алтыкеев Күмүшбек 16-июлда өпкөсүнөн кагынып (пневмония), өзү иштеген Бишкек шаардык №1 клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө кайтыш болду.

Алтымышбаева Айнура

Алтымышбаева Айнура

Тарбиячы · 49 жашта

Айнура Алтымышбаева Бишкектеги “Бейиш” клиникасынын башкы бухгалтери болчу. Артында үч уулу калды.

Сиңдиси Гүлжан: “Бала бакчада иштеп жүрдү 15 жыл. Өзүнүн ишин, бөбөктөрдү сүйгөн илбериңки мээримдүү педагог эле. Айлыктын аздыгынан кийин бухгалтердик кесипти окуп үйрөнүп жеке ишканаларда иштеп жүрдү. Үч уулду татыктуу тарбиялап, мыкты эне, сүйүктүү жар эле бир тууганым. Жылмайган элесиңиз унутулгус. Эми чын дүйнөдө көрүшөбүз эжекем…”

Айнура Алтымышбаева 23-июлда Улуттук госпиталда өпкө кагындан көз жумду.

Алымбаев Асанкан

Алымбаев Асанкан

Отставкадагы полковник · 67 жашта

Алымбаев Асанкан “КазМинералс” тоо-кен компаниясында иштеп жүргөн.

Кызы Адила атасын: “Атам абдан жаркын, мээримдүү, күйүмдүү, оптимист адам эле. Муктаждарга жардамга шашчу. Ал аябай жаратылышты сүйчү. Ошондуктан дагы 2-3 жыл иштеп, балдарына татыктуу тарбия бергенден кийин тоого көчүп кетем деп кыялданчу. Жакында эле көлгө барам деп даярданып жаткан. Ооруканага барып, эки сааттан кийин эле үзүлдү”, - деп эскерди.

Алымбаев Асанкан эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) Бишкектеги №1 шаардык ооруканада 15-июль күнү каза болду. Артында алты баласы, неберелери калды.

Алымкулов Раушанбек

Алымкулов Раушанбек

Медицина илимдеринин доктору · 65 жашта

Раушанбек Алымкулов Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын клиникалык реабилитология жана физиотерапия кафедрасын жетектеп турган. Алтымыштан ашуун илимий иштин, анын ичинде 2 монографиянын автору, медицина илимдеринин доктору болгон.

Раушанбек Алымкулов эмгек жолун Сокулуктун борбордук ооруканасында балдар догдуру болуп иштөөдөн баштаган. Медициналык жогорку билимди Фрунзедеги жана Москвадагы медициналык жогорку окуу жайларынан алган.

Раушанбек Алымкулов 1955-жылы Фрунзеде туулган. 2020-жылы 10-июлда пневмония илдетинен каза болду.

Аманкулов Мукаш

Аманкулов Мукаш

Мугалим · 68 жашта

Мукаш Аманкулов 1952-жылы Каракол-Совхоз айылында төрөлгөн. 1969-жылы Н.Островский атындагы мектепти аяктаган. 1969-1971-жылдары СССРдин армиясында кызмат өтөгөн. Алгач Каракол совхозунда коопсуздук инженери болуп эмгектенген. 1980-жылдан тартып Н.Островский мектебинде дене тарбия жана аскерге чейинки даярдоо сабактарын окуткан. Эмгек жолунда бир топ сыйлыктар менен сыйланды. Анын артында 5 баласы калды. 24-июлда эки өпкөсү кагынып каза болду.

Аманкулов Наянтай

Аманкулов Наянтай

Ишкер · 63 жашта

Наянтай Аманкулов, ишкер, 1995-96-жылдары Президенттин алдындагы Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр инстутунун иш башкармалыгын жетектеген.

Наянтай Аманкулов эмгек жолун 1980-жылы Жумгал районунда инженерлик кесипте иштөөдөн баштаган. 1996-жылдан ушул күнгө чейин “Манш” жоопкерчилиги чектелген уюмду жетектеген. Ал Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Мирслав Аманкуловдун бир тууган агасы.

Жакындарынын айтуусуна караганда Наянтай Аманкулов үйдө каза болгон. Орун жоктугунан бейтапканага барган эмес. Наянтай Аманкулов 8-июлда пневмониядан көз жумду.

Анарбаев Уранбек

Анарбаев Уранбек

инженер · 46 жашта

Уранбек Анарбаев Ош облусунун Алай районунун Кичи-Каракол айылында 1974-жылы 26-апрелде туулган. Москва шаарында бир нече жыл курьердик кызматта, курулуш тармагында иштеген. 2018-жылдан бери инженер болуп иштеп жаткан. Артында эки кызы калды.

Жубайы Жибектин эскерүүсү: “Шайыр, ичинде кири жок, жайдары адам болчу. Баарына тегиз карайт эле. Камкор жубай, кыздарына күйүмдүү ата. Кыздарым деп дайыма эркелетип турчу. Ооручу деле эмес, өзү деле менин иммунитетим күчтүү деп жүргөн. 1-июлда жанында иштеген адам каза болуп калган. Бирок, анда деле жолдошум катуу ооруп калат деп ойлобоптурмун. Кыздарымын улуусу 13, кичүүсү 12де. Алар деле, мен деле мына азыр келет деп күтүп отурабыз”.

Уранбек Анарбаев 22-июлда “Семетей” обсерваториясынын жандандыруу бөлүмүндө эки өпкөсү кагынып каза болду. Анарбаевдин кесиптеши инженер-механик Космосбек Назырымбеков 1-июлда каза болгон.

Андашева Жумагүл

Андашева Жумагүл

Пенсионер · 79 жашта

Жумагүл Андашева Токмоктогу май комбинатында 30 жылдай иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. Акыркы убакта менчик ишканалардын биринде уулу менен кошо иштеп жаткан.

“Акыркы алты жылда мени менен Бишкекте жашачу. Камкор, күйүмдүү болчу. Боорукер, айкөл адам эле. Эмгекчил адам болчу. Пенсияга чыккандан кийин да бош отурбай мага жардам берип жатты”, - деп эскерди уулу Кубанычбек.

Жумагүл Андашева 8-июлда Бишкектеги ооруканалардын биринде пневмониядан көз жумган. Артында уул-кыздары, неберелери, чөбөсү калды.

Апышова Сабира

Апышова Сабира

Дарыгер · 58 жашта

Сабира Апышова офтальмолог-дарыгер, 1962-жылдын 2-февралында төрөлгөн. “Medi Plus” менчик ооруканасында иштеп жаткан. Сабира Апышова өпкө кагындан көз жумду.

Арзыматов Элмирбек

Арзыматов Элмирбек

Салык инспектору · 53 жашта

Элмирбек Арзыматов Нарын облусунун Жумгал районунда 1967-жылы туулган. Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук салык кызматында башкы инспектор катары 30 жылдан ашык иштеген. Төрт баланын атасы.

Жакындарынын эскерүүсү: “Үч баласынын жашы жете элек. Кенже уулу үч жашка чыга электе кетип калды. Күчкө толуп турган маалда жоготтук. Кең пейин, ак жүрөк, ата-энесине күйүмдүү уул, камкор жубай, ата, дос, кесиптеш эле. "Өзүңдү ойлобойсуң" деп дайыма урушчубуз. Ушунчалык алтын адам эле. Уулун үйлөп, кызын күйөөгө узата электе кетип калды. Акыркы сөздөрү: “Балдарымды жакшы кара” деп кетип калды.”

Элмирбек Арзыматов 15-июлда Чүй облустук ооруканасында өпкө кагындан каза болду.

Арыкбаев Алмазбек

Арыкбаев Алмазбек

Милициянын подполковниги · 53 жашта

Арыкбаев Алмазбек Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери болчу. Өмүрүнүн 28 жылын милиция кызматына арнаган. Баткен окуясынын баатыры эле.

Инисинин айтымына караганда, дене табы көтөрүлүп, ооруп жатканына карабай, кызматын уланта берген.

Арыкбаев Алмазбек эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) 16-июлда каза болгон. Жубайы жесир, балдары жетим калды.

Асанакунова Анипа

Асанакунова Анипа

Баатыр эне · 81 жашта

Анипа Асанакунова Ысык-Көл облусунун, Жети-Өгүз районундагы Дархан айылынын тургуну. "Баатыр эне”, эмгек ардагери, Жети-Өгүз районунун аялдар кеңешинин 1 даражадагы "Эне жүрөгү" орденинин ээси, Дархан айылынын "ардактуу атуулу". 10 баланын, 30 дан ашуун неберенин,16 чөбөрөнүн энеси.

Балдары: “Энебиз оозунда батасы бар, акылы тунук, беш убак намазын окуп турган адам эле. Ичибиз эңшерилип турат. Атабыз көзү өтүп кеткенден кийин 10 баласына ата ордуна ата, эне ордуна эне болуп, баарыбызды өз ордубузга койду эле”.

Анипа Асанакунова 27-июлда өпкө кагындан каза болду.

Асанбаев Кенжегазы

Асанбаев Кенжегазы

Композитор · 74 жашта

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кенжегазы Асанбаев 1982-жылдан СССР композиторлор союзунун, 1991-жылдан Кыргыз композиторлор союзунун мүчөсү болгон.

«Каныкей» аттуу симфониянын, камералык оркестр үчүн кыргыз темасына жазылган симфониялык поэмалардын жана башка симфониялык чыгармалардын, фортепиано үчүн пьесалардын автору болгон. Көптөгөн спектаклдерге музыка жазган.

Кенжегазы Асанбаев 1946-жылы Жети-Өгүз районунун Дархан айылында туулган. 2020-жылы 17-июлда пневмониядан дүйнө салды.

Асанбеков Талантбек

Асанбеков Талантбек

Айдоочу · 47 жашта

Талантбек Асанбеков Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасында автобустун айдоочусу болчу. Үч кыздын атасы. Карындашы иштерман агасын эскерди:

“Ишине так, жумушун аябай сүйгөн адам эле. Жоопкерчиликтүү болчу. Кесиптештери арасында кадыр-баркка ээ эле. Кичүүсү, улуусу агамды сыйлап турушчу. Жакындарына, балдарына күйүмдүү, камкор жан эле. Жайдары, дайыма күлүп, башкаларды да күлкүгө бөлөп турчу”.

Талантбек Асанбеков 3-июлда Бишкектеги күндүзгү стационарлардын бирине кайрылган. 11-июлда өпкө кагындан көз жумган.

Асанбекова Нургүл

Асанбекова Нургүл

үй кожейкеси · 46 жашта

Нургүл Асанбекова 1974-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда туулган. Бишкекте тигүүчү болуп иштеп жүргөн. Акыркы жылдары баласы менен үйдө болчу. Бир баланын энеси.

Бир тууган эжеси Айгүл:

“Сиңдимдин кант диабети бар болчу. Ошондон улам сасык тумоону да оор кабыл алчу. Ал күндөрү пик болуп, ооруканалар албай жатышты. Эптеп жаткырдык. Бат эле абалы оорлошуп, “Гансиге” которду. Ошол күндөрү өлүм көп болуп, мага коркуп чалып жатты. “Бул жакта өлгөндөр көп болуп атат, алып кетчи” деп жатты. Нес болуп эле отуруп калдык. Аябай сабырдуу болчу. Бирок, ооруган күндөрү аябай сарсанаа болуп жатты. Чынында, биз өтө оор абалга туш келип калдык. Өзүм дарыгер болсом да “кызыл зонага” кирип жардам бере албай калып калдым. Колунан баары келген кыйын аял эле.”

Нургүл Асанбекова 16-июлда “Семетей” обсервациясынын жандандыруу бөлүмүндө кош өпкө кагындан каза болду. Тапшырган тести коронавирус деп көрсөткөн.

Асанканов Урмат

Асанканов Урмат

Укалоочу · 40 жашта

Урмат Асанканов Кыргыз курортология жана кайра калыбына келтирүү дарылоо илим-изилдөө институтунда укалоочу - массажчы болуп 2006-жылдан бери иштеп келген. Кесиптеши Тилек: “Урмат досубуз өз ишин мыкты билген кесипкөй адис, ак көңү жоомарт дос, камкор күйүмдүү ата эле. Эч кимден жардамын аябаган ишенимдүү дос болчу”, деп жазды.

Урмат Асанканов 2020-жылы 20-июлда Таш-Дөбөдөгү ооруканада өпкө кагындан көз жумду

Асанов Камчыбек

Асанов Камчыбек

Социалисттик эмгектин баатыры · 67 жашта

Советтер Союзунун маалында колхоздо 25 жыл чабан болуп эмгектенген. Жети-Өгүз районунун ардактуу атуулу, Социалисттик эмгектин баатыры.

«Айылыбызда жалгыз эмгектин баатыры болчу. Анын эстелиги Кызыл-Суу айылынын борборуна коюлган. Өзү жашаган көчөгө аты берилген. Айылында, эл арасында кадыр-баркка ээ болчу. Эмгекчил, чыдамкай болчу абдан. Балдарына баарын окутуп, билим берди. Камкор ата эле. 8 баласын үйлөп, жайлап, эки уулу үйлөнө элек эле. Балдары менен кошо аракеттенип, эки кабаттуу үй курган эле. А бирок, ага кирбей каза болуп калбадыбы», - деп эскеришти.

Асанов Камчыбек эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) Бишкектеги жугуштуу оорулардын клиникасында 30-июнда каза болду.

Асипов Ишенаалы

Асипов Ишенаалы

Милициянын полковниги · 62 жашта

Асипов Ишенаалы көп жыл күч түзүмдөрүндө иштеп, ушул тапта ардактуу эс алууда жүргөн. Бишкек шаарынын тургуну эле. Ал коронавирус өтүшүп кетип, эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) 1-июлда көз жумду. Артында жубайы, эки баласы калды.

Аскаров Азимжан

Аскаров Азимжан

Укук коргоочу · 69 жашта

Укук коргоочу Азимжан Аскаров 2011-жылы эл аралык Homo Homini сыйлыгына татыган. 2015-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти ага “Адам укугун коргоочу” деген абройлуу сыйлыкты ыйгарган. Аскаров 10 жыл бою сот адилеттигин күтүп жатып, темир тор артында көз жумду.

Ал 2010-жылкы июнь окуяларына байланыштуу өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. 25-июлда бир өпкөсү кагынып, түрмөнүн ооруканасында үзүлдү. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы тараткан маалыматта Аскаровго алдын ала “оң тараптуу пневмония” деген диагноз коюлганы кабарланган. Буга чейин бир катар эле аралык уюмдар укук коргоочунун саламаттыгы тууралуу билдирүү таратып, кыргыз бийлигин аны тезинен эркиндикке чыгурууга үндөгөн.

Бириккен Улуттар Уюмунун укук коргоочулардын абалы тууралуу атайын баяндамачысы Мэри Лолор 25-июнда тараткан билдирүүдө: «Азимжан Аскаров Кыргызстанда түрмөдө каза болду. Абактарда дагы бейкүнөө адамдар өлүшү мүмкүн. Аскаров ушул маалда түрмөдө отурбашы керек эле. Бийлик аны эркиндикке чыгарбаса, укук коргоочунун өмүрүн кандай коркунуч тооруп турганын билген. Башка өлкөлөрдө мындай үрөй учурган ката кайталанбашы керек”, - деп айталат.

2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана адилет сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген. Аскаров «кыргыз өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмунун сунуштарын эске албай жатат» деп өкмөттү сотко берген. Бирок 15-июнда Азимжан Аскаровдун кыргыз өкмөтүнө каршы доо арызынын токтотулган.

Бишкек шаарынын административдик соту "өкмөт Аскаровдун укугун бузган эмес" деген бүтүмгө келген. Буга “иштин алкагындагы талашта өкмөт административдик орган катары жооп бербейт" деген жүйө келтирилген.

69 жаштагы укук коргоочу 2010-жылы июнь окуяларында "массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан" деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Быйыл 13-майда Жогорку сот Аскаровго карата буга чейин чыккан өкүмдү күчүндө калтырган.

Аскаров Бейшенбек

Аскаров Бейшенбек

Жеке ишкер · 37 жашта

Бейшенбек Аскаров 1983-жылы 10-мартта төрөлгөн. 2000-жылы Талас шаарындагы № 5-орто мектепти аяктап, Талас мамлекеттик университетинин Биология жана экология факультетине өткөн.

2005 - 2010-жылдары Түркиянын Анталья шаарында туристтерди баштап жүрүүчү болуп эмгектенген. 2015-жылдан тартып "Рамай Саякат" агенттигинин жетекчиси болчу. 2010-жылы 16-июлда үйлөнүп 2 уулдуу болгон.

2020-жылдын 15-июлунда үйлөнгөнүнө 10 жыл болоруна бир күн калганда өпкө кагындан кайтыш болду.

Асылгазиев Нурланбек

Асылгазиев Нурланбек

Инженер · 48 жашта

Асылгазиев Нурланбек “Бишкекглавархитектура” муниципалдык ишканасынын шаардык топография бөлүмүн жетектеп турган.

“Бишкекглавархитектура” ишканасында 2006-жылдан бери иштеп келаткан. Фрунзе политехникалык техникумунда инженер-геодезия адистигине окуган.

Агасы: “Апабыз 74 жашка чыгып калды, анын юбилейин берсек, улуу баласы жыйырмадан ашып калды, аны үйлөнтсөм деп жүргөн. Менин бир эски машинем бар эле. Ошону жаңырта албаганына ичи ачышып калчу. Абдан боорукер, тууганчыл адам эле. Балдары жаш калды”, - деп эскерди.

Асылгазиев Нурланбек Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында 1972-жылы туулган. Коронавирус илдети өтүшүп кетип 2020-жылы 12-июлда каза болду. Артында жубайы, беш баласы калды.

Асыранкулов Турдумамат

Асыранкулов Турдумамат

врач эндокринолог · 72 жашта · Коронавирус инфекциясы

Турдумамат Асыранкулов Аксы районуна караштуу Авлетим айылында 1948-жылы туулган. 45 жылдан бери Аксы районунун Кербен шаарында врач-эндокринолог болуп эмгектенип келген.

Кызынын эскерүүсү: Атакем " Биз Гипократтын антын бергенбиз , бардык нерсеге тике карашыбыз керек " - деп бизди таштап кете бердиниз. Атаке, мен сизди аябай сагындым.

Турдумамат Асыранкулов 2-августта эки өпкөсү кагынып, каза болгон.

Аттокуров Бакытбек

Аттокуров Бакытбек

Ишкер · 62 жашта

Аттокуров Бакытбек 1993-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жеке ишкерлик менен алектенип, Нарын шаарынын жана Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салымын кошуп келген.

1981-1993-жылдары Нарын облустук ички иштер башкармалыгында эмгектенген. Тогуз ирет облуста «Мыкты участкалык инспектор» наамына татыктуу болгон.

Аттокуров Бакытбек 17-июлда эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония), анын кесепетинен дүйнөдөн кайтты.

Аттокурова Шабыркүл

Аттокурова Шабыркүл

пенсионер · 68 жашта

Ысык-Көлдөгү инфекциялык ооруканада 2020-жылдын 2-июлунда өпкө кагындан 68 жашында көз жумду. Кызынын айтымында, болгону 3 күн ооруган. Өтө эмгекчил, күчтүү, балдарын, неберелерин бардык жагынан колдогон күйүмдүү эне эле. “Апам биздин күнүбүз эле, дайыма жылытып, бизге жарык чачып, үмүт берчү. Жашоону өтө сүйгөн, көп пландары ишке ашпай калды. Апам жок жашоону элестетүү кыйын, абдан сагынып жатабыз. Апаке, жаткан жериңиз жайлуу болсун, кудайым Бейиштен орун берсин. Апабыз өкмөттүн пандемияга карата шалаакылыгынын курмандыгы болду”, - деди кызы. Шабыркүл Аттокурова эки уул, эки кыздын энеси эле.

Ахматова Джазылкан

Ахматова Джазылкан

Жеке ишкер · 67 жашта

Ахматова Джазылкан идеяларга бай, алдыга жаңы максаттарды коюп, пландарды түзүп жашаган, жашоону сүйгөн, шайыр адам болгон.

«Апам оору менен акырына чейин күрөштү. Мен күбө болдум. Аябай айыгып кетейин деп аракет кылды. Тигүү цехин ачып, узак өмүр жашагысы келчү. Чет жакта жүргөн балдарын сагынчу. Мындай намыскөй, жашоону сүйгөн адамды көрө элекмин. Оптимист эле, жакшы ырдачу», - деп эскерди.

Ахматова Джазылкан 11-июлда капыстан келген илдеттен каза болду.

Аширалиева Анархан

Аширалиева Анархан

Жеке ишкер · 52 жашта

Анархан Аширалиева 1968-жылы 15-февралда Кара-Буура районундагы Чолпонбай айылында төрөлгөн. Кара-Буура районунда бир нече жыл бугалтер болуп иштеп, кийинчерээк жеке ишкердикке өткөн.

“Апабыз үй-бүлөбүздүн берекеси, шам чырагы, куту, балдарынын демине дем, күчүнө күч кошуп, жаркылдап, күлүп, үйгө туугандар келсе, конок келсе сүйүнүп, кабак-кашым дебеген, пейили кенен, ар дайым ак дасторкону кенен жайылган жөнөкөй адам эле. Чоң-чоң пландарды койуп, бизди алдыга сүйрөп, жакшы баталарын берип, жакшы сөздөрүн айтып, ушул күнгө алып келген апабыз эле. Тай ата, тай энеңер 80-90 жашка чыккан, буйруса мен дагы 90 жашка чыгам деп ниет кылчыңыз эле. Небере жытын жыттап, жаңы жашоонун ырахатын көрүп баштаганда бул дүйнө менен кош айтышып кеттиңиз. Эмнеге мынча жаш кеттиңиз, апа?! Дагы алдыда кандай жакшы пландарды койуп, неберелеримдин жакшылыктарына жеткирсин деп, тилек кылдыңыз эле, аттиң, ой-тилек бойдон баары калды.”-деп эскеришет балдары.

Анархан Аширалиева 2-июлда өпкө кагындан каза болгон. Артында үч уулу, төрт небереси калды.

Ашымбаев Канатбек

Ашымбаев Канатбек

журналист · 59 жашта

Ашымбаев Канатбек Мамбеталиевич 1961-жылы Ак-Суу районунун Кайырма-Арык айылында төрөлгөн.

Ал «Эркин-Тоо» гезитинин Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы жана Караколдогу жылуулук ишканасынын басма сөз катчысы болуп эмгектенип жаткан.

2 уул, 1 кыздын атасы. Канатбек Ашымбаев 9-августта Ысык-Көл облустук ооруканада өпкө кагындан көз жумду.

Ашымова Өктөмкан

Ашымова Өктөмкан

Баатыр эне · 72 жашта

Өктөмкан Ашымова Аксы районунун Кербен шаарында жашаган баатыр эне эле.

«Дарыгерлердин көзөмөлүндө жакшы болуп кетет деген чоң үмүт менен алып барганбыз. Барсак «кычкылтек концентратору жок, ошону таап келгиле» дешти. Алып барсак кайра «кереги жок, бул жакта жетишет» дешти. Апабызды шум ажалга алдырып, азыр баарыбыздын ичибиз туз куйгандай ачышып турат. Апабыздан айрылып калдык. Биз үчүн оор жоготуу. Эч ким энесинен ажырабасын», - деп кейиди кызы Асыл.

Өктөмкан Ашымова өпкөсүнөн кагынып ооруканага жаткырылгандан бир күндөн кийин - 16-июль күнү каза болду. Артында 11 уул-кызынан тышкары 24 небереси, 13 чөбөрөсү калды.

Ашырбай уулу Дайырбек

Ашырбай уулу Дайырбек

ишкер · 45 жашта

Дайырбек Ашырбай уулу "Ордо Констракшн"компаниясын жетектеген. Жаш ишкерлер ассоциациясы аны “Өлкөнүн активдүү жараны, кайрымдуу, мекени жана мекендештери үчүн жан үрөп эмгек кылган Ала-Тоонун азамат уулдарынын бири эле...” деп эскерди.

“... Жакшылар менен дос элең, устаздарга жанашчусуң, прогрессивдүү адамдар менен жолдош элең, мансапкорлорду жек көрчүсүң, - деп эскерет анын эжеси, - Шам чырагыбыз, сени жоготуу биз үчүн айтып бере алгыс оор! Сени менен ар бир сүйлөшүүм, дидарыңы көрүү чексиз ырахат тартуулайт эле...”

Ашырбай уулу Дайырбек 16-июлда пневмония илдетинен көз жумду. Артында жубайы, төрт уулу калды.

Б

Баеков Айбек

Баеков Айбек

Милициянын офицери · 51 жашта

Айбек Баеков Ички иштер министрлигинин күзөт кызматынын Октябрь райондук бөлүмүнүн башчысы болуп турган. Каза болордон бир аз күн мурда офицер өпкөсүнөн кагынып (пневмония), оор абалда ооруканага жаткырылганын 24.kg агенттиги кабарлаган.

Айбек Баеков 4-июлда дүйнөдөн кайтты. Маркум Конституциялык сотту узак жылдар жетектеген судья Чолпон Баекованын уулу болчу.

Байгазиева Айнур

Байгазиева Айнур

Ашпозчу · 52 жашта

Айнур Байгазиева СССР тарагандан кийин, эмгек миграциясынын алгачкы толкунунда Москвага иштеп кеткен.

Келини аны боорукер, сыйчыл жана камкор адам катары эскерди: «Кайненесине арызданган канча жанды көрдүм. Менин апам (кайненем) баарынан мыкты болчу. Азыр да ушул саптарды колум титиреп, ыйлап жазып отурам. Күйөөсү каза болгондон кийин эки уулун жалгыз тарбиялап өстүргөн».

Кыргызстанга, туулуп-өскөн Кемин жерине келип, неберелерин эркелетип, чоңойтом деген кыялына жетпеди. Айнур Байгазиеванын сөөгү Кыргызстанга 18-майда келди.

Байзаков Саданбек

Байзаков Саданбек

Тиш догдур, обончу · 58 жашта

Саданбек Байзаковдун кесиби тиш догдур эле. Акыркы жылдары обон чыгарып, ырдап, чыгармачылык менен алектенип келаткан.

Беш баланын атасы, жакында эле неберелүү болгон. Балдызы Назира Айтбекова аны “өтө мээримдүү, камкор, акылдуу адам эле” деп эскерди.

Саданбек Байзаков 15-июлда коронавирустун кесепетинен дүйнө салды.

Байзакова Дамира

Байзакова Дамира

Балдар онкологу · 62 жашта

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, балдар онкологу Дамира Байзакова коронавирус жугузуп алып, Республикалык инфекциялык ооруканада дарыланып жаткан. Дамира Байзакова мурда бир нече жыл бою балдар онкологиясы бөлүмүн жетектеген. Ал Онкология жана радиология илим изилдөө институтунда эмгектенип, кийин Улуттук онкология жана гематология борборунун жетектөөчү илимий кызматкери болуп турган. Бир катар илимий эмгектердин автору, онкологиялык илдетке чалдыккан бейтаптардын дартын аныктоодо көптөгөн жаңы ыкмаларды ишке киргизген. Байзакованын күйөөсү Мухтар Айталиев аялын иш дегенде ичкен ашын таштап койгон кесипкөй адис катары эскерди: «2000-жылдардан баштап медицина тармагына ири инвестицияны тарта баштаган. Бир айда бир миллион долларга чейин жеткен күндөр болгон. Дары-дармек, медициналык жабдууларды алып келчү. АКШ, Италия өлкөлөрү менен тыгыз кызматташып келди. Бардыгына убакыт тапчу. Ишин үй-бүлөсүнөн да жогору койчу». Пневмониянын оор түрүнө чалдыккан дарыгер 16-ноябрга караган түнү көз жумду.

Байсалов Жоомарт

Байсалов Жоомарт

Математик-окумуштуу · 71 жашта

Жоомарт Байсалов - математик-окумуштуу, профессор. Математиканы окутуу методикасы жана теориясы боюнча 179 илимий эмгек жазган. илимдин 22 кандидатын, бир докторун, 90дон ашуун магистрантты даярдаган.

«71 жаштагы окумуштуу пневмониядан жабыркаган. Эки апта үйүндө дарыланып, капельница алып атканы белгилүү болду», - деп жазды «Клооп» порталы.

Жоомарт Байсалов 8-июлда дүйнөдөн өттү.

Байсеитова Жамалкан

Байсеитова Жамалкан

Салык адиси · 56 жашта

Жамалкан Байсеитова 20 жылдан ашык убакыттан бери Ысык- Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүндө киреше бөлүмүн жетектеп, салык боюнча башкы адис катары иштеп келген. Үч баланы өстүрүп, жети небересине тарбиясын берип жаткан.

Жамалкан Байсеитова 1964-жылдын 6-январында Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай айылында туулган. 8-июль күнү 56 жаш курагында Ысык-Ата районундагы ооруканада өпкөсүнөн кагынып каза болду.

"Ысык-Ата районуна караштуу жергиликтүү ооруканага абалы орто болуп түшкөн. Акыбалы оорлой берди. Дарыгерлерде тажрыйба жок, дары тамчылаткан адам болгон эмес.Бизге чалып, дарыгерлердин келүүсүн суранып, акыркы деми чыкканча аларга нааразы болуп кетти." деп эскерди эжеси.

Байсубанов Мисирбек

Байсубанов Мисирбек

Педагог-окумуштуу · 65 жашта

Мисирбек Байсубанов, Ош мамлекеттик университетинин окумуштуу катчысы. 1982-жылдан тарта педагогикалык кесипти аркалады. 2008-жылдан тартып ОшМУнун орус филологиясы факультетинин дүйнөлүк адабияты кафедрасынын доценти катары көптөгөн адистерди даярдоого чоң салымын кошуп келаткан.

“Анын бүтүндөй тагдыры, өмүрү, эмгек жолу билим берүүгө, университетке арналган. Агай өз ишине берилген кесипкөй адис, таланттуу педагог, ырчы, мыкты тилчи, жогорку маданияттуу, интеллектуалдуу жана адамгерчиликтүү инсан катарында кесиптештеринин, студенттердин жүрөгүндө түбөлүк сакталат” деп эскерет ОшМУнун эмгек жамааты жана студенттери.

Мисирбек Байсубанов 1955-жылдын 22-январында Өзгөн районунун Ак-Жар айылында туулган. 2020-жылы 20-июлда пневмониянын кесепетинен дүйнөдөн кайтты.

Балыков Барчынбек

Балыков Барчынбек

Жеке ишкер · 48 жашта

Барчынбек Балыков 5 баланын атасы. 28-июнда Бишкек шаарындагы №1- ооруканада өпкө кагындан каза болду.

Достору: “Жашоону сүйгөн, шайыр, артынан тек гана жакшы сөз калтырган адам болчу. Аябай эмгекчил, тытынып иштеген адам эле. Чоң баласын үйлөнтөйүн деп 2 жыл иштеп үй салып бүткөндө кайтыш болду”, - деп эскеришти.

Барыктабасова Турумбүбү

Барыктабасова Турумбүбү

Мугалим · 69 жашта

Турумбүбү Барыктабасова Эл агартуунун отличниги, Чүй облусуна таанымал педагог. Өмүр бою агартуу тармагында иштеген, ардактуу мугалим. Бир нече диплом, грамоталардын ээси, төрт баланын энеси. 19-июлда өпкө кагындан каза болду.

Батырканов Нуралы

Батырканов Нуралы

мугалим, илимпоз · 46 жашта

1974-жылдын 1-майында Нарын районундагы Лахол айылында төрөлгөн. 1996-1998-жылдары Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинде Чыгыш таануу факультетинде сабак берген. 1999-2001-жылдары Чыгыш таануу факультетинин деканы, 2001-2002-жылы аталган университеттин Юридикалык институтунун окуу бөлүмүнүн инспектору, 2002-2009-жылдары университеттин Окуу бөлүмүнүн жетекчиси, 2009-2011-жылдары университеттин Юридикалык институтунун окутуучусу, 2011-2017-жылдары университеттин юридикалык колледжинин окутуучусу, 2018-2020-жылдары жылдары университеттин юридикалык факультетинин бажы жана укук таануу кафедрасынын доценти болуп иштеген. 24-июлда пневмониядан көз жумду. Жубайы жана төрт баласы калды.

Бегалиев Асылбек

Бегалиев Асылбек

Эмгек сиңирген артист · 87 жашта

Асылбек Бегалиев Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, кыргыз хореография искусствосунун көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири болгон. Бүбүсара Бейшеналиеванын шакирттеринин бири, “Даңк” медалынын ээси.

Ал өмүрүнүн акырына чейин М.Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатында бий сабагынын мугалими болуп иштеп келген.

Асылбек Бегалиев кесипкөй сахнага алгачкы жолу окуучу кезинде, 1950-жылы «Чолпон» балетиндеги Саматтын ролун аткарып чыккан. 1953-жылы театрга балет артисти штатына кабыл алынып, ондогон спектаклдердин алдыңкы партияларында бийлеген.

Балетмейстер 5-июлда 87 жашында каза болду.

Бейшебаев Нурлан

Бейшебаев Нурлан

Айдоочу · 52 жашта

Карапайым айдоочу, бирок жашоону сүйгөн, жүрөгү кенен адам. Аны баары сыйлачу. “Тилектери ишке ашпай бул жашоо менен кош айтышты” - деп жазышты жакындары. Нурлан Бейшебаев пневмониядан каза болгон, өлгөн күнү белгисиз.

Бейшеев Төлөгөн

Бейшеев Төлөгөн

Педагогика илимдеринин кандидаты · 83 жашта

Төлөгөн Бейшеев 83 жашында илимдин кандидаттыгын жактаган педагог-окумуштуу катары көпчүлүктүн эсинде калды. Ал Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кара-Коо айылында көп жыл мугалим болуп иштеп, кийинчерээк дыйканчылык менен алектенген.

Ал соңку жылдары Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде аспирантурада окуп, быйыл “Педагогика адистигиндеги студенттердин кыргызча кебин байытууда сөздүк менен иштөөнүн методикасы” аттуу темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган. Жогорку аттестациялык комиссия ага 26-июнда дипломун тапшырган.

“Салтанаттуу түрдө диплом тапшыруу болбой калганына бир аз өкүндү. Андан эки жума өтпөй азыркы апааттан каза болуп калды. Дипломду алып эле студенттер менен иштейм деген эле. Бишкектеги окуу жайларынын бирине ишке орношкон», - деп билдирди уулу Мирлан.

Бейшеев Төлөгөн 8-июлда Балыкчы шаарындагы ооруканада пневмониядан көз жумду. Артында эки уул,тогуз кыз калды. Аксакал илимпоз “Абышканын арманы” аттуу дастаны баштаган чыгармаларды да мураска калтырып кетти.

Бейшекеев Ыдырыс

Бейшекеев Ыдырыс

Айдоочу · 66 жашта

Ыдырыс Бейшекеев 1954-жылы 31-августта төрөлгөн. 40 жыл айдоочу болуп иштеген. Сокулук районунун Фрунзе айылында алты баласы менен жашачу.

“Эл оозуна алынган , адамгерчиликтүү, ак көңүл, камкор ата болчу. Тынбай эмгек кылган, иштерман адам эле”,- деп маркумдун балдары эскеришет.

Ыдырыс Бейшекеев 7-июль күнү өпкөнүн кош тараптуу кагынынан каза болду.

Бейшембиев Муктар

Бейшембиев Муктар

Коомдук ишмер · 79 жашта

Муктар Бейшембиевди неберелери эскеришет: “Чоң атабыз баарына тегиз караган, адамдарга жакшылыкты гана каалаган айкөл адам эле. Аны көрүп канча адамдар туура, таза жашашты билишти. Кыргызстан жакшы адамынан ажырады.”

Муктар Бейшембиев өпкө кагындан каза болду.

Бейшеналиев Жумабек

Бейшеналиев Жумабек

Коомдук ишмер · 71 жашта

Бейшеналиев Жумабек “Кыргыз тастыктоо жана сыноо” мамлекеттик ишканасын, “Кыргызстандарт” мекемесинин Кара-Балта филиалын жетектеген. “Райондор аралык керек-жарак союзунун” тармактарын 22 жыл башкарган.

1949-жылы 8-июлда Кеминдин Шабдан айылында туулган. 2020-жылы 17-июлда пневмониядан көз жумду.

Бейшенов Акылбек

Бейшенов Акылбек

Пенсионер · 67 жашта

Бейшенов Акылбек Ысык-Ата районунун Ивановка кыштагындагы заводдо иштеп жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан. Жубайынын сүйүктүү жолдошу, эки уул, эки кыздын камкор атасы жана 10 неберенин чоң атасы эле.

Кызы Рахима: “Азыр өзүм алыста жүрөм, атамды эки жылдан бери көрө элек болчумун. Аттиң арман, эми түбөлүк көрбөй каламбы? Быйыл күзүндө улуу небересинин жакшылыгын көрүп, кудасына барсам деп жаткан. Ал жакшылык да буйрубай калды. Абдан асыл адам эле, бизге бир да жолу катуу сөз айткан эмес”, - деп эскерди.

Бейшенов Акылбек 1953-жылы 19-июлда Кочкор районунун Орток айылында туулган. 2020-жылы 4-июлда Кант шаарындагы Ысык-Ата райондук ооруканасында көз жумду.

Бекбалаев Нуркайып

Бекбалаев Нуркайып

Товаровед · 64 жашта

Нуркайып Бекбалаев Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Саз айылында туулган. Бишкектеги "Миң түркүн" дүкөнүндө 24 жыл товаровед болуп иштеген. Акыркы жылдары арадактуу эс алууга чыккан. Артында үч уул, бир кызы калды.

Уулу Алмаздын эскерүүсү:

“Мүнөзү ачык, айкын сүйлөгөн, түз жүргөн адам эле. Балдарды катуу кармап, тартипке бекем болчу, бирок көп нерсеге үйрөттү. Камкор жубай, күйүмдүү ата эле. Апам экөө бирге 40 жылдай өмүр сүрүштү. Апасы, чоң энем 100гө чыкты. Ал да кан жутуп, аябай кайгырып жатат. Атам бир туугандарынын улуусу эле”.

Нуркайып Бекбалаев 4-июлда Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында өпкө кагындан каза болду.

Бекбанов Наиль

Бекбанов Наиль

УКМКнын пенсионери · 87 жашта

Эки өпкөсү кагынып, 2020-жылдын 19-июлунда каза болду. Казакстанда төрөлгөн. СССРдин атайын кызматынын алкагында Талас, Каракол шаарларында иштеп, майор наамын алган. 1988-жылы ардактуу эс алууга чыгып, Кыргызстанда калган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ардагерлер кеңешинин активдүү мүчөсү эле. Өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин 2-Дүйнөлүк согушта көз жумган кыргызстандыктарды издеди.

Беккоёнов Мелисбек

Беккоёнов Мелисбек

Мамлекеттик кызматкер · 67 жашта

Мелисбек Беккоёнов мамлекеттик кызматтын кеңешчиси, Кыргызстандын Эсеп палатасынын мурдагы жетекчи орунбасары, 40 жылдан ашуун жооптуу кызматтарда иштеген адамгерчилиги бийик, жөнөкөй адам эле.

Мелисбек Беккоёнов 1975-жылы Фрунзедеги политехникалык институтту, кийин Москвадагы Коомдук илимдер академиясын, Бишкектеги Кыргыз улуттук университетин аяктаган. Эмгек жолун Токтогул ГЭСинен баштап, андан соң партиянын Каракөл шаардык комитетинин катчысы, Талас обкомунун бөлүм башчысы, Кант райкомунун катчысы, райондук аткаруу комитетинин төрагасы болгон. Биртоп жыл Токтогул ГЭСинин башкы инженери, анан Кыргызстандын Эсеп палатасынын бөлүм башчысы, төрага орунбасары, өкмөт башчынын аппаратында жооптуу кызматтарда, кийин “Кыргызгаз” акционердик коомунун жетекчиси, Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин департамент башчысы, эларалык долбоорлордун тескөөчүсү, соңунда Жогорку Кеңештин эксперти болуп иштеген.

“Мелисбек Эстебесович Беккоёнов өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн колунан келген иштерди жасады, өз оюн ачык айтып, туура жашады. Ишти мыкты билчү, Кыргызстанды өзгөчө сүйгөн жаркын адам эле. Төрт баланы эрезеге жеткирип, жети неберенин жаны бирге чоң атасы эле”,- деп уулу Чыңгыз жазды.

Мелисбек Беккоёновдун жубайы Тамара Кадырова да өпкө кагындан ушул жылдын 12-июлунда каза болгон. Арадан он күн өтүп-өтпөй Мелисбек Беккоёнов 67 жаш курагында 2020-жылдын 22-июлунда өпкө кагындан каза болду.

Бекташев Токон

Бекташев Токон

Ардагер · 78 жашта

Токон Бекташев өмүр бою Кара-Көл шаарында жашап, эс алууга чыкканга чейин

"Кыргызгидроатайын курулуш" ишканасында эмгектенген. Артында 4 баласы, 8 небереси калды. Жакындары “Аябай иштемчил, ачык, камкор ата, чоң ата эле. Үй-бүлөсүнүн тоодой тиреги эле”, - деп эскеришти.

Токон Бекташев 2020-жылы 20-июлда Кара-Көл шаарындагы ооруканада кош өпкө кагынынан каза болду.

Бердалиева Чынара

Бердалиева Чынара

бухгалтер · 45 жашта

Чынара 20 жыл Кыргыз өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик кызматында (Кыргызпатент) катардагы эсепчиликтен башкы бухгалтерликке чейин көтөрүлүп иштеди. Эки кыздын энеси. Бир топ мамлекеттик сыйлыктардын ээси.

“Атасынын артынан кете берди. Атасы Садыков Мунарбек 22-июлда коронавирустан каза болгон. Кызы Чынара 29-августта коронавирустан кийин күчөгөн оорудан көз жумду. Эсибиздесиң, унутпайбыз, сыймыктанабыз”, - деп эскерди апасы.

Бердибаева Рыскан

Бердибаева Рыскан

Үй кожойкеси · 60 жашта

Бишкек шаарында жашап келген Рыскан Бердибаева эки уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн. 25-июнда борбор калаанын ооруканаларынын биринде өпкөсү кагынып каза болду.

“Ал биздин үй-бүлөнүн жанып турган нуру эле. Баарыбызды өз нуру менен жылытып турчу. Бардыгыбызга жардам берчү. Көзү өтөр алдында да бизге чакан белек жасап, бул өмүрдөн өтүп кетти. Ал менин таянычым эле”, - деп эскерди кызы Нурзада.

Бердикожоев Рыспай

Бердикожоев Рыспай

Ооган согушунун ардагери · 59 жашта

Рыспай Бердикожоев 1961-жылы 18-майда Талас районундагы Манас айылында төрөлгөн.

1979-1981-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. Аскердик милдетин өтөп жаткан кезинде Ооганстанга жөнөтүлгөн. 1981-жылдан тарта көп жылдар “Кыргыз автомаш” заводунда ар кыл кызматтарды аткарган.

2010-жылкы Апрель революциясынын баатыры.

Рыспай Бердикожоев 59 жаш курагында 2020-жылдын 24-июлунда кош өпкө кагынынан каза болду.

Болотбеков Канатбек

Болотбеков Канатбек

Жеке ишкер · 55 жашта

Канатбек Болотбеков Бишкек шаарында туулуп өсүп, башкалаада көп жылдан бери жеке ишкерлик менен алектенип келген. Беш баласы жана эки небереси калды.

Кызы Исананын эскерүүсү:

“Атам кандай адам болсо да жардам берүүгө даяр боорукер киши эле. Ар кандай шарт - жагдайга карабай жардамын берчү. А бирок атама эч ким жардам бере албады. Мамлекет да, дарыгерлер да, дарылар да жардам бере албады. Ооругандан эки жума өтпөй атаман айрылып калдым, таянган тоом урап түштү.” Канатбек Болотбеков Бишкек шаарындагы №1-ооруканада кош тараптуу өпкө кагындан 14-июлда каза болгон.

Боромбаев Таалайбек

Боромбаев Таалайбек

Пенсионер · 63 жашта

Таалайбек Боромбаев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Корумду айылынын кадырлуу адамдарынан болчу. Айылдаштарын баштап жолду оңдотуп, арыктарды тазалатып, жарык койдуруп, жаны тынбай иштеп жүрчү. Өз жанынан акча чыгарып Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун эстелигин тургузган. "Замандаш" ассоциациясы аны "2015-жылдын Адамы" деп тааныган.

Таалайбек Боромбаев кыргыз санжырасын мыкты билчү, тарыхка кызыгып, көп окучу. Ал 13-июлда өпкө кагындан каза болду.

Боскебеев Кылычбек

Боскебеев Кылычбек

Окумуштуу-педагог · 64 жашта

Кылычбек Боскебеев, окумуштуу-педагог, техника илимдеринин кандидаты, доцент. 20 жылдан ашуун өмүрүн илимий-педагогикалык ишмердикке арнады. Раззаков атындагы техникалык университетте, Кыргыз-орус (славян) университетинде эмгектенди.

Эмгек жолун Ленин атындагы заводдо инженер-программисттик адистиктен баштап, машина куруу тармагында көп жыл иштеген.

Кылычбек Боскебеев 1956-жылы Чүйдүн Кашка айылында туулган. 2020-жылы 29-июнда өпкөсүнөн кагынып (пневмония) каза болду.

Бостонова Светлана

Бостонова Светлана

Педагог · 64 жашта

Бостонова Светлана 1991-жылдан бери Кара-Суу районундагы угуу мүмкүнчүлүгү жок балдардын мектебинин (мурдараак интернат тибиндеги бала бакчанын) директору болуп иштеп келаткан. 1978-1990-жылдары Аксы, Кара-Суу райондорунда орус тили жана орус адабияты мугалими болуп эмгектенген.

Бостонова Светлана эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) 15-июлда көз жумду. Артында бир кызы калды.

Булатова Жеңишбүбү

Булатова Жеңишбүбү

Фельдшер-акушер · 76 жашта

Жеңишбүбү Булатова 1944-жылы 27-июлда Кочкор районунда төрөлгөн. 1962-жылдан тарта Кочкор районунун Кара-Күңгөй айылында фельдшер-акушер болуп иштей баштаган. Айылдагы миңдеген наристенин киндик энеси, нечендеген келиндин көз жарышына жардам кылып, жарык дүйнөгө келген наристелерге ат коюп берген. Эмгек өргүүсүнө чыккандан кийин деле көнүп алган ишин таштаган эмес. Дарыгерлик өнөрдү ал атасы Сарт Булатовдон алган. Сарт Булатов алгачкы кыргыз дарыгерлеринен эле, Иса Ахунбаевдин насаатчысы болгон.

Жеңишбүбү Булатова “Баатыр эне” медалынын ээси эле.

Жакындары: “Ыр жазчу, көптөгөн мыкты ырларды жазган эле, өкүнүчкө карай аларын китеп кылып чыгарууга үлгүрбөй кетти. Ардактуу эс алууга чыккандан кийин да жатып албай көптөгөн сынактарга катышып, алардын жеңүүчүсү болгон. Көптөгөн баалуу китептерди утуп алган. Китеп анын өзгөчө аздектеген байлыгы эле, өмүр бою мыкты китептерди чогултуп, үйүндөгү китепканасы китепке бай. Бирөөлөргө жакшылык гана кылсам деген боорукер эле, анын жакшылыгын көрбөгөн адам айылда аз эле болуш керек. Эч качан жок дебей, жардам бергенге шашып турчу”.

Жеңишбүбү Булатова 76 жашка толоруна 8 күн калганда 2020-жылы 19-июлда өпкө кагындан каза болду.

Бурулкан (Гуля) Ниязбекова

Бурулкан (Гуля) Ниязбекова

Бухгалтер-экономист · 56 жашта

Акыркы мезгилдерде Ысык-Көл областык Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ФОМС) финансы тармагында иштеп жүргөн. Ага чейин узак мезгил Ысык-Көл областык соттук-медициналык экспертиза бюросунда башкы бухгалтер кызматын аркалаган.

Бир туугандары: «Аттиң, адамдык, ооба адамдык бийик саппаттарга ээ бир тууганыбыз, өз милдеттерин адатынча ак дилинен, так жана бийик жоопкерчиликте аткарып жүрүп, элибиздин башына түшкөн апааттын курмандыгы болду. Артында кызы – Ниязбекова Нургыз тоголок жетим калды. Арга жок, актыкка моюн сунуп, кудайдан бир тууганыбызга бейиштен орун берсин деп кала бердик... »- деп эскеришти.

Бурулкан (Гуля) Ниязбекова Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра (3-ферма) айылында 1964-жылы төрөлгөн. Эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) 2020-жылы 18-июлда каза болду.

В

Ван-Хо-Шан Сулайман

Ван-Хо-Шан Сулайман

Таэквондо машыктыруучусу · 56 жашта

Сулайман Ван-Хо-Шан - таэквондо машыктыруучусу, эл аралык мелдештердин чемпиондорунун устаты эле.Өлкөдө биринчилерден болуп улуттук “В” категориясындагы калыс деген Эл аралык сертификатка ээ болгон.

Таэквондо федерациясына 2009-жылы кирип, Токмок шаарында жаш спортчуларды машыктырган. Азия Кубогун жана Чемпионаттарын тейлеген калыстардын курамында иштеген. Таэквондо ITF боюнча 2019-жылы 4-дан алган.

Сулайман Ван-Хо-Шан пневмония дартынан оңоло албай, 13-июлдун таңында каза болду. Ал 1964-жылы туулган. Таэквондо федерациясы Ван-Хо-Шандын жакындарына көңүл айтат.

Воротников Александр

Воротников Александр

Мамлекеттик кызматкер · 69 жашта

69 жашка караган курагында Бишкек капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Александр Александрович Воротников каза болгонун Бишкек мэриясынын пресс-кызматы 25-июлда кабарлады.

Александр Воротников Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгында техникалык надзор боюнча инженерден башкармалык жетекчиси болуп 33 жыл иштеген.

Александыр Воротников 2020-жылы 25-июлда каза болду

Г

Гаджиев Башир

Гаджиев Башир

Дарыгер · 58 жашта

Башир Гаджиев 1962-жылы 2-мартта Казакстандын Мерке районунда төрөлгөн. Медициналык институтту аяктагандан кийин Бишкек шаардык медициналык “Тез жардам” кызматында дарыгер болуп иштеген. Кийинки жылдары “О!” мобилдик операторунун айдоочусу болчу. Артында аялы, кызы, эки небереси калды.

Досу: “Башка ишке өткөнү менен адамдарга кеңеш берип, дарылоосун токтоткон жок. Ага жардам сурап көп адамдар кайрылышчу, алардын бирине да жок дечү эмес, баарына жардам берчү. Башир боорукер, элпек, баланы жакшы көргөн ата, небересин жанынан чыгарбаган чоң ата болчу, достукка бекем эле. Анын капыс каза болгонун угуп көп адамдар кайгырып отурушат…”

Башир Гаджиев кош өпкөнүн кагынынан 2020-жылдын 16-июлунда каза болду.

Гаук Валерий

Гаук Валерий

Фельдшер · 37 жашта

Валерий Гаук фельдшер, Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылдык кеңешинин депутаты болчу. Пандемия башталгандан бери жарандык активист катары иштеп, айылдын жакыр катмарына жардам таратып келаткан.

“Валерий Новопокровка айылындагы “Тез жардам” кызматынын жалгыз фельдшери эле. Өмүрүнүн аягына чейин бейтаптарга, муктаж болгондорго жардам берем деп чуркап жүрдү,” - деп эскерет бир тууганы Ирина Гаук.

“Аябай кыйналып, дем жетпей калганда эртең менен саат алтыда досторун чакырды. Ата-энебизге айтпай, аны "Манас" аба майданынын жанындагы обсервацияга алып барышты. Ал жакта такыр шарт жок экен. Дары-дармек, ал тургай иче турган суу таппай кыйналыптыр. Валерий бул обсервацияны «өлүм талаасы экен» деп жазды. Анан ал жактан «дарыгерлерге доом жок» деп жазып берип, кыйналганына карабай үйгө чыгып келген. Ата-энемдин колунда кыйналып жатып жан берди», - дейт Ирина.

Валерий Гаук 7-июлда каза болду. Валерий Гауктун артында эки уулу, жубайы, пенсионер ата-энеси калды.

Гуахунов Лугмар

Гуахунов Лугмар

Диний ишмер · 63 жашта

Лугмар Гуахунов Токмок шаарындагы «Лукман аль-Хаким» ислам институтунун ректору болчу. Бир топ жыл муфтийдин орун басарлык кызматын аркалаган. Кыргызстанда дин илимине, улут аралык мамилеге салым кошкон.

Коомдук иштерге жигердүү аралашкан дунган улутундагы саналуу адамдардын бири эле. Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин көңүл айтуу катында Лугмар ажы “ислам динине өтө чоң салым кошкон илимдүү аалым” болгонун жазды.

“Лугмар ажынын билимине Орто Азия эле эмес, Бухарадагы медресени бүткөн, дүйнөнүн чар тарабындагы бардык аалымдар баа берип келишкен”, - деп эскерет маркумду Кыргызстандын муфтияты.

Лугмар Гуахунов пневмониянын кесепетинен 10-июлда дүйнөдөн кайтты.

Гүлсайра Момунова

Гүлсайра Момунова

Кыргыз эл акыны · 83 жашта

Гүлсайра Момунова Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылында 1937-жылы 30-декабрда туулган. 1971-жылдан «Кыргызстан» басмасында редактор, 1973-1993-жылдары «Кыргызстан аялдары» журналында жооптуу катчы, башкы редактордун орун басары болуп эмгектенген. Маркумдун артында чон адабий мурасы, энесин сүйгөн уул-кыздары калды.

Акындын биринчи ырлар жыйнагы «Тилек» деген ат менен 1964-жылы жарык көргөн. Гүлсайра Момунованын ырлары украин, казак, өзбек, түркмөн, азербайжан, болгар тилдерине которулган.

Анын «Боз үй», «Сөз» деген дастандары, «Ала-Тоо айымы» поэмасы мыкты чеберчиликте жазылганы менен окурмандар жүрөгүнөн түнөк тапкан.

Гүлсайра Момунова калемдештеринин арасында ода жанрынын, арноо ырларынын чебери катары белгилүү. Анын көптөгөн ырларына композиторлор, обончулар обон жараткан. Момунованын мекен алдындагы эмгеги жана жаркын таланты жогору бааланып, «Эмгектеги каармандыгы үчүн» ордени, «Даӊк» медалы менен сыйланган. Ал Алыкул Осмонов, Түгөлбай ата, Аалы Токомбаев, Жамбыл Жабаев атындагы адабий сыйлыктардын ээси.

Маркумдун сөөгү 13-августта «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди. Гүлсайра Момунова 12-августта 83 жашында таажы вирустан каза болду.

Д

Далбаев Аскар

Далбаев Аскар

Ишкер · 37 жашта

Аскар Далбаев “төртүнчү баласы төрөлгөндөн он мүнөттөн кийин көз жумду...” деп жазды эжеси Асел Далбаева.

“Аскар өтө адамгерчиликтүү, акылман адам эле. Мамамды, бир туугандарыңды, Нурини, балдарынды, досторуңду чыркыратып, боздотуп кете бердиң. Атамдын ордуна атам элең”,- деп зарлайт бир тууганы.

Далбаев Аскар 13-июлда пневмония дарты менен ооруканага жаткырылып, 16-июлда каза болгонун эжеси жазды.

Денисова (Лютикова) Лидия

Денисова (Лютикова) Лидия

68 жашта

“Асыл адам эле, аны менен жашоонун өзү кубаныч болчу. Инимди үйлөнтүп, анын балдарын багууну кыялданчу, - деп эскерди сиңдиси Наилия, - Лида биз үчүн кызымдын экинчи энеси болчу...”

Лидия Денисова эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) “Манас” эл аралык аба майданынын карамагындагы госпиталдын (Мурдагы “Ганси”) обсервациясында 17-июлда көз жумган.

Денисова Лидия

Денисова Лидия

инженер · 69 жашта

Лидия Денисова 1951-жылы 1-февралда төрөлгөн. 2020-жылдын 17-июлунда “Семетей” госпиталында каза болду. Лидия Денисова өмүр бою долбоорлоо институтунда иштеген. Кесиби боюнча инженер-куруучу эле. Каза болгонго чейин ишин таштаган эмес.

Дербишова Карачач

Дербишова Карачач

Ашпозчу · 61 жашта

Карачач Дербишова Нарын облусунун Казан-Куйган айылына караштуу Кара-Талаа конушунун тургуну. Нарын облусундагы колхоздо, кийин үрөн талаасында ашпозчу болуп иштеген. Ушул тапта ардактуу эс алууда болчу. Эки уул, бир кыздын энеси.

Кызы Нурзаттын эскерүүсү: “Үйдө эле сасык туумоолоп калды деп ойлогонбуз. Абалы оорлошуп калганынан ооруканага жаткырдык. Бир аптадан кийин үзүлүп кетти. Ошол кезде ооруканада дем алдыруучу аппарат жетишсиз, бирөө эле болчу. Реанимация бөлүмүндө да орун жок экен. Апама бир нече аппарат керек деп айтышкан. Өзү чыйрак, оор басырыктуу, созолонгон аял эле”.

Карачач Дербишова 8-июлда Нарын шаардык ооруканада таажы вирустан каза болду.

Досалиева Бүбүкан

Досалиева Бүбүкан

Журналист · 62 жашта

Бүбүкан Досалиева - “Азаттыктын” журналисти, педагог, коомдук ишмер, саясий илимдердин кандидаты, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Ал өмүрүнүн акыркы күндөрүндө «Азаттыктын» «Эл үнү» түрмөгүн даярдап, кыйын кырдаалда элдин үнүн бийликке жеткирип турду.

Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа / Азаттык» үналгысынын Кыргыз кызматында бир далай программаларды уюштуруунун башында турган. "Азаттыкка" чейин КТРК жана башка телеканалдарда иштеген журналисттик жолунда курч саясий талкуулары менен гана эмес, маданияттан баштап, коомдук-социалдык темаларды да алып чыкканы менен элдин кызына айланды.

Капысынан келген илдет кыргыз журналистикасынын чыгааны, кесиптешибиз Бүбүкан Досалиеваны арабыздан 5-июлда алып кетти. Ал 1958-жылы 1-ноябрда туулган.

Дубовой Александр

Дубовой Александр

Автомеханик · 57 жашта

Александр Дубовой өмүр бою автомеханик болуп иштеди. Кызы Алена атасын «автоунаалардын бардык сырын билген мастер эле» деп мүнөздөдү.

«Атам кандай болбосун кыйчалыш мезгилдерде адамдын жарпын жазганды билчү. Ар дайым жардамга биринчи кол сунчу. Башкалар үчүн кемчилиги болгондур, биз үчүн дүйнөдөгү эң мыкты ата, неберелерге эңсеп жеткен эң бактылуу, мыкты таята болду», - деп жазды кызы.

Алена атасы менен протоколдорго байланыштуу үч жума жолуга албай, коштошо албай калганын айтып кейиди.

Александр Дубовой пневмониядан 14-июлда көз жумган.

Дуулатов Батырбек

Дуулатов Батырбек

Математик-окумуштуу · 59 жашта

Окумуштуу Батырбек Дуулатов карантин жарыялангандан бери аралыктан онлайн иштеп жатып, июнда эмгек өргүүсүнө чыккан. Илдеттен каза болгон күнү - 30-июнда 59 жашка толгон эле.

Батырбек Дуулатов 1997-жылдан бери Улуттук университеттин Кыргыз-Европа факультетинде иштеп келген. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Экономика факультетинде да сабак берчү. Поэзиянын ышкыбозу, шахматтын чебери болчу. "Эң мыкты агайыбыз эле, сиздин сабактарыңызды, алардан тышкары берген кеңеш, акылыңызды эч качан унутпайбыз", - деп ондогон студенттери кайгысын бөлүшүп жатышат. Артында аялы, эки уулу калды.

Дүйшөбаев Бексултан

Дүйшөбаев Бексултан

Айдоочу, электрик · 60 жашта

Бексултан Дүйшөбаев Ат-Башынын ветеринардык борборунда 30 жылдан айдоочу болуп иштеп, пенсияга чыккан. Электрик болуп да иштеген.

Бексултан Дүйшөбаевдин кызы атасын үй-бүлөсүнө өзгөчө кам көргөн, неберелери менен көп убактысын өткөргөн чынчыл, жөнөкөй адам катары мүнөздөдү.

«Ал дайыма окуш керектигин айтып келген. Чындыкты айтуу зарылдыгын, башкалардыкына кол салбаш керектигин белгилечү. Ал "таш менен урган адамды аш менен ур” деген макалды жакшы көрчү. Өлкөнүн мекенчил уулу эле. Пандемия маалында күн сайын улуттун саламаттыгы үчүн дуба кылып, чечкиндүү чара көрбөгөнү үчүн, керек болсо эс алууга кетип калганы үчүн биздин өкмөткө ачууланып жүрдү”, - деди маркумдун кызы.

Бексултан Дүйшөбаев 12-июлда өпкөсүнөн кагынып (пневмония) көз жумган.

Дүйшөналиев Асан

Дүйшөналиев Асан

Ардагер · 65 жашта

Асан Дүйшөналиев Нарын облусунун Ат-Башы районунда 1955-жылы туулган. Нарындагы автобазада айдоочу болуп 20 жылдан ашуун иштеген. Акыркы жылдары ардактуу эс алууда болчу. Артында алты баласы, жубайы калды.

Жубайы Шарипа:

“Мүнөзү жумшак, камкор, күйүмдүү ата эле. Үй-бүлөсүн дайыма ойлоп турчу. Элден жардамын аябаган, боорукер эле. Кыздарын турмушка узатып, уулдарын үйлөп коюп каза болуп калды.”

Асан Дүйшөналиев Кант шаардык ооруканада 11-июлда эки өпкөсү кагынып каза болду.

Е

Егимбаев Омутай

Егимбаев Омутай

согуштун ардагери · 101 жашта

Коронавирустун кесепетинен улам 2020-жылы 17-сентябрда каза болду. Кыргызстандагы белгилүү партиялык ишмер, Кыргыз ССРинин компартиясынын башкы комитетинин жооптуу кызматтарында иштеген. Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери. 1919-жылы төрөлгөн.

Есеналиева Сагын

Есеналиева Сагын

Педагог · 64 жашта

Сагын Есеналиева педагог, уюштуруучу катары таанымал. Ал “Илим” билим берүү комплексинин директорунун орун басары, белгилүү педагог, новатор Гайша Ибрагимованын сиңдиси. Ал эжесинен 2 күн мурда өтүшүп кеткен пневмониядан улам көз жумду.

Сагын Есеналива тууралуу “Илим” билим берүү комплекси: “Сагын Жусупбековна административдик иштер боюнча директордун орун басары эле. “Илимдин” чарба иштери бүт мойнунда болчу. Спорттук аянтчаларды, машыгуучу шаймандарды орнотуп, мектепти жаңылады. Дубалдын түсүн, отургучтардын өңүнө чейин өзү кылдаттык менен тандачу. Анын колунда баары гүлгө айланчу. Эң мыктылар эрте кетет деген чын окшобойбу, эмгек жамаатыбыздын кабыргасы кайышып турат. Өлүм менен Сагынды айкалыштыруу мүмкүн эмес. Анын жашоосу эми ар бирибизде уланат. Биз аны туугандары менен чогуу жоктоп кала бердик”, - деп жазышты.

Ж

Жабдасынов Бактыгул

Жабдасынов Бактыгул

Жеке ишкер · 52 жашта

Бактыгул Жабдасынов 1968-жылдын 7-январында Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылында туулган.10-классты бүткөндөн кийин Баетов айылында чыккан “Айыл турмушу” гезитинде корректор болуп иштеген. 1988 - 1990 жылдары Орусиядагы мамлекеттик Мичуринск педагогикалык институтунда окуган.

Жакындары: “Баетов айылындагы "Айыл турмушу" гезитинин атактуу редактору Жабдасынов Турусбектин уулу эле. Көп жылдар бою Бишкек шаарында жеке ишкерлик кылган. 2020-жылдын 9-июлунда пневмониядан каза болду. Артында жубайы, бир уул, бир кызы калды. Сүйүктүү жолдош, балдарына камкор ата эле! Бир туугандарына боорукер, күйүмдүү, бир тууган эле! Жакын адамдарына аяр, баарына бирдей мамиле кылчу! Жашоону, жумушту сүйгөн адам эле! Жаркын элеси түбөлүк эсибизде калат”, - деп эскеришти.

Жайчыбеков Сатарбек

Жайчыбеков Сатарбек

Мурдагы салык кызматкери · 66 жашта

Жайчыбеков Сатарбек мамлекеттик салык кызматында 40 жыл иштеген, Бишкекте жашачу.

Кызынын эскерүүсү: «Өзүнүн Кара-Жыгач айылына көчүп кетип, карылыгын ошол жакта өткөрсөм деп кыялданчу. Чөбөрөсүн көрөм деп сүйүнүп жаткан, бир айдан кийин төрөлмөк. Жаш элемин да, айыгамын деп, аябай жашагысы келди. Акырына чейин күрөштү».

Жайчыбеков Сатарбек Жалал-Абад облусунун Аксы районунда туулган. Бир өпкөсүнөн кагынып (пневмония), жүо оорусу өтүшүп, 9-июда каза болду. Артында беш баласы, 15 небереси калды.

Жакыпова Кабира

Жакыпова Кабира

Cоода кызматкери · 52 жашта

Кабира Жакыпова Москва шаарында үй-бүлөсү менен бир топ жылдан бери иштечү. Буга чейин базарда соода кылган. Жугуштуу оору башталганда Кыргызстанга келип, артка кете албай калган. Бир кыз, бир уулдун энеси.

“Жүзүнөн күлкү кетпеген ак көңүл, эмгекчил, адамдагы бардык жакшы сапаттардын баары бар эле. Ооруканага барганда эле реанимация бөлүмүнө жаткырышты, бирок кеч кайрылыптыр. 6-июлда жаткан, 11 күндөн кийин каза болуп калды. Врачтарга өпкөсүнүн тартылган сүрөтүн эле көргөзөм деп барыптыр, араң дем алып жүрүптүр, ушунчалык чыдамкай адам болот экен. Кызын күйөөгө бергенге, уулуна келинчек алып бергенге да жетишпей калды. Жолдошу, уулу да келип топурак сала албай калышты”, - деп билдирди жакындары.

Кабира Жакыпова 17-июлда өпкө кагындан көз жумду.

Жакыпова Назгүл

Жакыпова Назгүл

Жеке ишкер · 47 жашта

Назгул Жакыпова 1973-жылы 21-апрелде Талас облусуна караштуу Боо-Терек айылында туулган, 1 кыз 3 баланын апасы.

Эжесинин эскерүүсү: “Бир туугандарыбыздын ичинде ишкер айым деп эркелетчү элек. Аябай эмгекчил, тынбай иштечү. Балдарынын баарын үй-жайлуу кылган эле. Жакында эле Таласта үй салып, балдарын үйлөйм деп жаткан. Өзү медайым эле. Бирок турмуш-шартка байлныштуу кийин соода тармагына өтүп кеткен. Ушунчалык башкача, жароокер кыз эле. Жакындарына күйүмдүү эле абдан”

Назгүл Жакыпова 2020-жылы 15-июлда кош өпкө кагынынан Талас облусунун Бакай-Ата райондук ооруканасында каза болду.

Жалилов Чубак

Жалилов Чубак

Диний аалым · 45 жашта

Чубак ажы Жалилов диний аалым, ханафий диниятчы, Кыргызстандын мурдагы муфтийи катары белгилүү. 1996-жылы Кыргызстандагы Ислам университетин, 2000-2006-жылдары Сауд Арабиядагы Эл аралык "Умм ал-Кур" университетин бүтүргөн.

Чубак ажы Жалилов жаштарга берген таалими, жер кыдырып айткан насааттары, илимий эмгектери менен башкалардан айырмаланып турчу.

“Чубак ажы заманбап коммуникация каражаттарын колдонуу менен мусулман жамаатына сабактары менен таанымал болуп, жаштарды ыймандуулукка тарбиялоого, улуттар аралык ынтымакты, конфессия аралык байланыштарды бекемдөөгө өзгөчө салым кошкон” деп белгиленет мамлекеттик бийлик жетекчилеринин көңүл айтуу катында. Чубак ажынын “Азаттыкка” берген акыркы видео маегин бул жерден көрө аласыз.

Чубак ажы Жалилов 1975-жылы 21-январда Базар-Коргон районунун Мундуз айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 2020-жылы 11-июлга оогон түнү Бишкек шаарында пневмониядан каза болду.

Жаманаков Суван

Жаманаков Суван

Эсеп палатасынын кызматкери · 65 жашта

Жаманаков Суван Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын Нарын, Ысык-Көл аймактары боюнча кызматкери болуп иштеп жаткан. Жубайынын айтымына караганда ушул күздө 65 жашка толуп, пенсияга чыгып, балдарынын чайын ичүүнү тилек кылып жүргөн. Ишине так, мүнөзү жумшак адам болгон.

“Саламаттыгы деле жакшы болчу. Өзүн аябай жакшы карачу. Жумушта жүрүп ооруп калган экен, бир нече күн дене табы түшпөй койду. Ооруканага алып барсак өпкөсү пневмония болуптур. Мен да ооруп, ошол бойдон көрүшпөй калдык. Жетелешип жүрө турган учурда мени таштап кетти. Экөөбүз 39 жыл чогуу жашадык. Жаш көрүнөт эле, бетинде бир да бырыш жок болчу. Арман кылып кала бердим” деп аялы Айнагүл эскерди.

Жаманаков Суван Ысык-Көлдө 12-июлда кайтыш болду. Артында жубайы, төрт балсы, он небереси калды.

Жаманбаев Иса

Жаманбаев Иса

Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы · 52 жашта

Иса Жаманбаев 2017-жылдан бери Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүн жетектеп келаткан. Ал - саналуу күндүн ичинде көзү өткөн үч бир туугандын бири.

Жаманбаев бир апта мурда бир эжесинен, эки күн мурда экинчи эжесинен айрылганын “Турмуш” басылмасы жазды. Өзү 8-июлда пневмониянын кесепетинен каза болду.

Айыл өкмөттүн кызматкерлери маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышты. Иса Жаманбаевдин артында бир кыз, үч уулу калды.

Жамболотова Эркингүл

Жамболотова Эркингүл

мугалим · 69 жашта

1950-жылдын 27-декабрында Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылында туулган. 1972-жылдан тартып 1995-жылга чейин Лахол орто мектебинде мугалим болуп иштеген. 5 баланын энеси, 13 неберенин чоң энеси. 2020-жылдын 18-июлунда пневмониядан көз жумду.

Жамгырчы кызы Гүлжамал

Жамгырчы кызы Гүлжамал

Пенсионер · 73 жашта

Жамгырчы кызы Гүлжамал Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында туулган. Отуз жыл соода тармагында иштеген.

1998-жылдан бери кыз-күйөөсүнүн колунда турчу. “Тайэнем мектепке, кружокторго жетелеп алып барып жүрүп, төртөөбүздү чоңойтту. Кийин үч чөбөрөсүн да бакты. Чынчыл, жүрөгү таза, абдан ыймандуу киши эле. Баарына тегиз мамиле кылып, эч бир адамдын көңүлүн оорутчу эмес”, - деп эскерет неберелеринин бири.

Гүлжамал Жамгырчы кызы 27-июнда коронавирустун кесепети - пневмониядан 73 жашында көз жумду.

Жантаева Замира

Жантаева Замира

Акын · 61 жашта

Жантаева Замира кесиби экономист, бирок өмүрүн чыгармачылыкка арнаган, көптөгөн ыр жыйнактардын, обондуу ырлардын автору.

“Жеңиш деп жанын үрөгөндөрдүн эрдигин,

Баштарын ийип эскерип турат эл бүгүн.

Шейиттер канча белгисиз дайны алиге,

Кай жерде өлгөн, кай жерге сөөгүн көмдү ким?”

Бул ыр саптарын акын Замира Жантаева 9-майда Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арнаган экен.

Адамзат акыры бул пандемияны да жеңип, тирүүлүк уланат. Бирок ал күнгө далай өнөрлүүлөр, мыктылар жетпей калышты.

Жаныбеков Чабалдай

Жаныбеков Чабалдай

Математик-окумуштуу · 91 жашта

Жаныбек Чабалдай математик-окумуштуу, педагог, 300дөн ашык илимий эмгектердин автору, техника илимдеринин доктору, “Даңк” медалынын ээси болгон.

Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик пединститутун 1951-жылы бүтүргөн. Эмгек жолун Нарындагы мугалимдер институтунда окутуучулук иштен баштаган.

Чабалдай Жаныбеков өпкөсүнөн кагынып (пневмония) 9-июлда дүйнө салды.

Жапаркулов Аскар

Жапаркулов Аскар

Жеке ишкер · 51 жашта

Аскар Жапаркуловдун артында үч баласы, үч небереси калды. 16-июлда Бишкек шаарында каза болду.

Эжеси Айгүлдүн эскерүүсү: “Иним Бишкекте окуп өскөн бала болчу. Үч бир туугандын ичинен жалгыз уул. Экономика адистигинде билим алып, мамлекеттик кызматтарда, кийин жеке бизнес менен алек болгон. Аялы менен үч баласы артында калды. Үй-бүлөгө камкор ата эле. Жубайын аябай сүйүп, сыйлап турчу. Үч небереси бар эле. Пенсионер атабызды да карап турчу.

Мен өзүм Америкадан келе албай калдым. Сиңдимдин да ооруп жатканын уктум. Бул жакта отуруп, эс учум чыгып жатат. Ооруканага жаткан эле, бирок, дарыгер жетишсиз, шарт жок кетип калыптыр. Үйдө жатып, пневмониядан деми кысылып каза болуп калды”.

Жапаркулов Баймурат

Жапаркулов Баймурат

“ТелСтрой” компаниясынын башкы директору · 57 жашта

Баймурат Жапаркулов жеке ишкерлик менен алектенип, “ТелСтрой” компаниясын жетектеп келген. Ташкенттеги Байланыш интитутун бүтүргөн. Жакындары аны мүнөзү абдан жумшак адам катары эскеришти.

"Бир боорум, өзгөчө жан элеңиз. Сиздин боорукерлигиңиз, айкөлдүгүңүз, маңдайымдан жыттап учурашканыңыз жүрөгүмдө түбөлүк калат. Жаткан жериңиз жайлуу болсун, алтыным акем”, - деген билдирүүсүн жөнөттү маркумдун бир тууган карындашы Гүлжан.

Баймурат Жапаркулов 1963-жылы 23-январда Токтогул районунда туулган. 2020-жылы 8-июлда Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталда каза болду. Артында жубайы, беш баласы, эки небереси калды.

Жапаркулов Тынчтык

Жапаркулов Тынчтык

“China Petrol Junda” компаниясынын директорунун орун басары · 59 жашта

1961-жылы 14-сентябрда Жайыл районуна караштуу Талды-Булак айылында төрөлгөн. Абдан мээримдүү, айкөл адам эле. “Биз аны өтө жакшы көрчүбүз. Атам тууралуу айта турган сөз көп. Аны баары сыйлачу. Жайыл районудагы аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 13-июлда коронавирустан каза болду”, - деп эскерет балдары.

Жарматова Темиркан

Жарматова Темиркан

Дарыгер · 64 жашта

Жарматова Темиркан Ош шаарындагы облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жетекчисинин орун басары болчу. Ага чейин бөлүм башчы болуп иштеп турган.

Жарматова Темирканды кесиптештери мыкты уюштуруучу, өз ишин жакшы билген кесипкөй дарыгер катары баалашты. Маалыматтарга караганда, Темиркан Жарматова COVID-19 илдетине чалдыкканы аныкталган. 16-июлда мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Жекишев Жумабек

Жекишев Жумабек

Сокулук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы · 60 жашта

Жумабек Жекишев Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы, Сокулук айылдык жана райондук кеңештердин төрагасы, мамлекеттик экотехинспекциянын инспектору кызматтарын аркалаган.

“Турмуш” порталынын жазганына караганда Жумабек Жекишев Фрунзедеги политехникалык, Москвадагы инженердик-курулуш институттарында, Ж.Баласагын атындагы Улуттук Университетинде окуган.

Жумабек Жекишев 6-июлда өпкөсүнөн кагынып (пневмония) каза болгону кабарланды.

Жекшеев Жыпар

Жекшеев Жыпар

Коомдук ишмер · 73 жашта

Жыпар Жекшеев Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөр үчүн күрөшкө бараандуу салым кошкон атуул, “Ашардын” жана КДКнын негиздөөчүлөрүнүн бири эле. Ал Кыргызстандын “Даңк” медалы, “Манас–1000” эстелик медалы, Казакстандын Ардак грамотасы менен сыйланган.

1947-жылы 26-майда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Талды-Суу кыштагында туулган. 1989-жылы жайында Кыргызстандагы туңгуч демократиячыл уюмдардын бири болгон “Ашар” козголушунун аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган. Ал эми 1990-жылы май айында ал “Кыргызстан” демократиялык кыймылынын (КДК) беш теңтөрагасынын бири болуп шайланган. 1991-жылы Кыргызстандагы ГКЧПга каршы коомдук чукул штабдын жетекчиси болгон.

Ж.Жекше 1995-2000-жылдары Кыргызстандын кош палаталуу Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, Адам укуктары жана мамлекеттик кызматкерлердин этикасы боюнча комитеттин төрагасы болгон.

2009-жылы ал Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлерлигин койгон. 2017–2019-жылдары ал КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү жана төрагасы болуп иштеп, өз ыктыяры менен бул коомдук жумуштан кеткен.

Жыпар Жекше Кыргызстандын "Кайра куруулар" доорунан берки коомдук-саясий турмушуна, “Ашар” менен КДКнын тарыхына байланыштуу кыргыз жана орус тилдеринде 3 китеп, 100дөн ашуун ар кыл публицисттик макалалар жарыялаган. Жакындарынын айтымында, ал Бишкектеги улуттук госпиталда COVID-19 илдетине байланыштуу дарыланып жаткан кезинде, 21-июлга караган түнү үзүлгөн. Жыпар Жекшенин артында жубайы, эки кыз, төрт уулу калды.

Жигитеков Карыбек

Жигитеков Карыбек

Парламентаризм боюнча эксперт · 59 жашта

Карыбек Жигитеков Кыргызстанда парламентаризмдин өнүгүүсүнө зор салым кошкон эксперттердин бири болгон, элүүдөн ашуун илимий эмгек жазган.

Карыбек Жигитеков 1987-жылдан тартып кыргыз парламентинин аппаратында иштеп, 2000-2005-жылдары депутат Турдакун Усубалиевдин жардамчысы болгон. Агасы Садырбек Джигитеков Фейсбуктагы баракчасына “Карыбек мектепти, университетти жалаң "беш" деген баага окуп, артыкчылыктуу аттестатка жана дипломго ээ болгон. Кийин ПРООНдо жооптуу кызматтарда иштеп, пенсияга чыккан”, - деп жазды.

Карыбек Жигитеков 1960-жылы 1-сентябрда Ысык-Көлдүн Кашат айылында туулган. 2020-жылы 7-июлда дүйнөдөн кайтты.

Жолборсов Абдухалил

Жолборсов Абдухалил

Агроном · 72 жашта

Абдухалил Жолборсов 1948-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылында туулган. Барпы колхозунда башкы агроном болуп көп жылдар иштеген.

“Аябай жумушуна жоопкерчиликтүү, чынчыл, ак жүрөк адам эле. Артында жаман жери - апасы Турду тайнем жалгыз баласынан айрылып, сыздап отурган убагы. Беш баланын атасы 3 кыз 2 эркек, небере, чеберелерин сыздатып кете берди”, - деп жакындары билдиришти.

Абдухалил Жолборсов 18-июлда Жалал-Абад шаардык ооруканасында өпкө кагындан каза болду.

Жоробеков Айдарбек

Жоробеков Айдарбек

Ветеринар · 66 жашта

Айдарбек Жоробеков 21-июлда өпкө кагындан каза болду. Талас облусунун Ветеринария жана фитосанитария инспекциясынын жетекчиси болуп, өмүр соңуна чейин эмгектенди.

Жоробеков Жаныкул

Жоробеков Жаныкул

Жеке ишкер · 66 жашта

Жаныкул Жоробеков Ала-Бука районунда «Ак жол» ачык акционердик коомунун башкаруу кеңешинин төрагасы болчу. Бул кызматты 2007-жылдан бери аркалап келе жаткан. Артында 1 уул, 3 кызы калды.

Жаныкул Жоробеков 1954-жылы 17-июлда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылында жарык дүйнөгө келген. 1971-жылы Жданов атындагы орто мектепти аяктап, 1972-жылы Ала-Бука айыл чарба техникасы ишканасынын жумушчусу, 1972-1977-жылдары Фрунзе политехникалык институтунун «Машина куруу» факультетинин студенти болгон. Окуу жайды аяктагандан кийин машина куруучу механик адистигине ээ болгон. Ошондон бери бир жерде өз айылында иштеп келе жаткан.

Жаныбек Жаныкулов 2020-жылы 24-июлда эки өпкөсү кагынып каза болду.

Жумабаева Күлжамал

Жумабаева Күлжамал

Дарыгер · 67 жашта

Күлжамал Жумабаева Чүй райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчи орун басары болчу. 1953-жылы Кемин районунун Тегирменти айылында төрөлгөн.

Өмүр бою Токмок шаардык ооруканасында, кийин Чүй райондук бейтапканасында иштеген. Медицинага 44 жылдык өмүрүн арнаган. “Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери” наамынын ээси. Жогорку категориядагы дарыгер. Үч балалуу. 26-июлда өпкө кагындан каза болду.

Жумабеков Мурат

Жумабеков Мурат

Дарыгер · 56 жашта

Дарыгер Жумабеков коронавируска каршы күрөштүн башында тургандардын бири эле. Тажрыйбалуу дарыгер өзү жетектеген «Веданта» клиникасын коронавируска каршы күрөшкө даярдап, бүтөйүн деп калган.

“Кандай гана кыйын абал болбосун биздин маселелерди оңой эле чечип, кыйналып турсак абалыбызды шаңга бөлөп, көйгөйдү унуттуруп койчу”, - деп эскерет кесиптештеринин бири.
“Пенсияга чыксам айылга көчүп кетип, жер там салып, жер иштетип жашайм” деп кыялданчу.

Июнь айынын аягында коронавирус диагнозу коюлуп, эки өпкөсү тең пневмония болуп, 1-июлда Бишкекте көз жумду.

Жумабеков Шарипбек

Жумабеков Шарипбек

жеке ишкер · 63 жашта

Көп жылдан бери жеке ишмердик менен алектенчү. Артында жубайы, үч уулу, беш кызы, тогуз небереси калды. Тоң районундагы ооруканада 2020-жылдын 26-ноябрында пневмониядан каза болду.

Жумадилов Таалай

Жумадилов Таалай

Экономист · 42 жашта

Таалай Жумадилов Кыргыз агрардык академиясынын Экономика факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. “Керемет” акционердик-коммерциялык банкта иштеп жаткан.

Таалай Жумадилов эки баланын атасы эле.

Таалай Жумадилов 2020-жылдын 10-июлунда Республикалык Улуттук госпиталда өпкө кагындан оңоло албай каза болду.

Жумакадыров Шадыбек

Жумакадыров Шадыбек

Окутуучу, профессор · 70 жашта

Профессор Шадыбек Жумакадыров Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «инженердик жана компьютердик графика» кафедрасын 28 жылдан бери жетектеп келаткан. Алтымыштан ашык илимий методикалык эмгектердин автору, өз ишин мыкты билген иштерман адам эле.

Университет тараткан маалыматта: «Ал университеттин жана «инженердик жана компьютердик графика» кафедрасынын калыптанышына, Кыргызстандын инженерлеринин жаш муунун тарбиялоого өтө чоң салым кошту”, - деп жазылган

Машина куруу, механика тармактарына адистешкен Шадыбек Жумакадыров 1950-жылы 20-декабрда туулган. 2020-жылы 18-июлда Бишкекте пневмониядан көз жумду.

Жумакадырова Алтынбүбү

Жумакадырова Алтынбүбү

Ардагер · 65 жашта

Алтынбүбү Жумкадырова Чүй облусунун Кегети айылында туулган. Бир канча жыл соода тармагында, ашканаларда иштеп келген. Акыркы жылдары ардактуу эс алууда болчу. Үч баланын энеси.

“Апам жүзү жарык, акылдуу боорукер аял эле. Ал келгенде үйүбүз жаркырай түшчү. Баарыбыз жакшы көрчүбүз. Эс алууга чыккандан кийин соопчулук иштерди жасай баштаган. Улуу небересинин тоюна 20 күн калганда баарыбызды боздотуп кете берди. Небересине сеп камдап жаткан. Апам барда үйдүн ичи жылуулук менен мээримге толуп турчу”, - деп эскерет Алтынбүбү Жумакадырованын балдары.

Алтынбүбү Жумакадырова 12-июлда өпкө кагындан каза болду.

Жуманова Алимахан

Жуманова Алимахан

Жеке ишкер · 59 жашта

Алимахан Жуманова 3 баланын энеси. 13-июлда өпкө кагындан каза болду. Уулунун айтуусунда, Жалал-Абад облустук ооруканасынын инфекциялык оорулар бөлүмүндө бир аптадай кыйналып жатты.

“Дарыгерлер карабай коюшту. Акыркы эки күндө таптакыр эч нерсе сайбаптыр. Мен алып барып берген дарыларды сайышпаптыр.

Абдан нааразы болуп жатам. Медициналык кызматкер болгондон кийин жоопкерчиликтүү болушпайбы”, - деди уулу.

Жумашов Кубанычбек

Жумашов Кубанычбек

Электрик · 58 жашта

Кубанычбек Жумашов 41 жыл Нарын шаарынын электр тармагында эмгектенген. Эки уул, бир кыздын атасы.

Кызы: “Бул оору биздин аскар зообузду алып кетти. Атабыздан айрылып, сыздап отурабыз. Ал ушунчалык боорукер, камкор адам эле. Өзү карапайым жумушчулар үй-бүлөсүндө чоңоюп, эмгекти сүйгөн адам эле”.

Кубанычбек Жумашов 14-июлда өпкө кагындан каза болду.

Жунусов Эмил

Жунусов Эмил

Жеке ишкер · 48 жашта

Бишкекте мусулман товарларын сатып, чакан ишкердик менен алектенчү.

Эжесинин эскерүүсү: «Абдан жайдары адам эле. 2000-жылдары банкта иштечү, биздин дарыканага улам эле кирип калчу, ал жакта апам, эжем иштейт эле. Сүйүүсүн ошол жактан таап, эжем экөө баш кошту. Бир нече жылдан кийин динди изилдеп, ага берилип, жеке ишкерликке өтүп кетти.

Насыя алып, кыйналып жүргөн элге зээни кейичү. Абдан жакшы тамак жасачу. Кофени сонун кайнатчу. Балдарын алып, жаратылыш койнунда эс алганды сүйчү. Кымызды тамшанып иччү. Быйыл жубайы менен Мекеге барам деп кыялданып жаткан эле, тилегине жетпей калды». Жунусов Эмил24-апрелде пневмониядан каза болду. Артында жубайы, эки уулу калды.

Жунушалиева Бактыгүл

Жунушалиева Бактыгүл

Педагог-тарбиячы · 47 жашта

Бактыгүл Жунушалиева Кара-Балта шаарынын тургуну, бир уул, бир кыздын энеси. 19-июлда өпкө кагындан көз жумду.

Туугандары аны: «Абдан шайыр адам эле, айланасындагылардын баарына кубаныч тартуулап турчу. Өтө мээримдүү, ички дүйнөсү бай болчу. Жашоону сүйүп, бардык нерсеге чыгармачылык менен мамиле жасачу. Ар түрдүү жумуштарда иштеди. Педагог-тарбиячы болсом деп кыялданып жүрүп, быйыл Ишеналы Арабаев атындагы педагогикалык университетти бүтүрүп, диплом алган. Кайра эле анын үйүнө барып, кучактачудай сезилип жатат. Ал кеткенден кийин эми анын ордун эч ким толтура албайт», - деп эскеришти.

Жусупакматов Таалайбек

Жусупакматов Таалайбек

Жеке ишкер · 44 жашта

Таалайбек Жусупакматов 1976-жылы 11-сентябрда Чүй облусунун Маданият айылында төрөлгөн. Төрт баланын атасы эле.

Кызы Алтынай: “Адегенде барган ооруканада атама “бронхит” деп туура эмес диагноз коюлуп калыптыр. Үч күн дене табы түшпөй кыйналып жатты. Дем алуусу кыйындаганда ооруканага алып бардык. Анда да реанимация бөлүмүндө орун жок экен. Каза болоруна бир саат калганда плазма куюшту, ал деле атамды сактап калбады. Берешен, боорукер, жароокер адам эле. Өзүнө жетпей жатса да башкалар менен тапканын бөлүшөр эле. Баласаак, мүнөзү абдан жумшак болчу. Балдарынын жакшылыгын көрөр убакта бизден кетип калды. Эки небересин эркелетип жаныбызда отурса кана”, - деп арманын козгоду.

Таалайбек Жусупакматов Чүй облустук ооруканада 17-июлда каза болду.

Жусупбеков Токтогул

Жусупбеков Токтогул

Энергетик · 69 жашта

Токтогул Жусупбеков Аксуудагы крахмал патокалык заводдо директордун орун басары эле. "ТехСервис" акционердик коомунда башкы энергетик болуп 15 жылдан ашык эмгектенген. Ушул тапта ардактуу эс алууда болчу.

Артында 1 уул, 2 кызы калды. Уулу Жанай:

“Бөйрөгү ооруп, гемодиализ алып жүрчү. Ошол жактан жугузуп алдыбы деп күмөн санап калдык. Анткени ошол жерде бир адам вирустан каза болгон эле. Дене табы көтөрүлүп, ооруканадан орун таппай койдук. Кислород аппаратын сатып алып келдик. Жакшы болуп калды эле, бирок бир күн өтпөй каза болуп калды. Жарым жылдан кийин 70 жашка чыкмак. Баарбыз топтолуп, атамдын мааракесин өткөрөбүз деп жаткан элек”

Токтогул Жусупбеков 9-июлда өпкө кагындан Чүй облусунун Москва районундагы Аксуу айылындагы үйүндө каза болгон.

Жусупова Салыйбүбү

Жусупова Салыйбүбү

Мугалим · 72 жашта

Салыйбүбү Жусупова Бишкек шаарындагы мектепте математика мугалими болчу. Акыркы жылдары ардактуу эс алууга чыккан. Беш баласы, 15 небереси бар.

Уулу Эркинтөрө: “Улуттук госпиталда бир нече күн дарыланып жаткан. Бирок, жылыш болгон эмес. Өзү үйгө барам деп туруп алды, ошондон улам үйгө алып келгенбиз. Колубузда үзүлүп кетти. Ачык, шайыр адам эле. Балдар үчүн камкор, мээримдүү жан эле.”

Салыйбүбү Жусупова 7-июлда Бишкек шаарындагы үйүндө өпкө кагындан каза болду.

Жүдөмүшов Калысбек

Жүдөмүшов Калысбек

Пенсионер · 64 жашта

Калысбек Жүдөмүшов кесиби боюнча мугалим, акыркы жылдары пенсияда болчу.

“Диагнозун так айтуу кыйын, эч ким жардамга келбей койду, ал тургай менчик тез жардам кызматын чакырсак да ооруканалар анализи жок экен деп албай коюшту. Өпкөсүнө суу толуп кетиптир дешти. Деми кысылып, үйдө кыйналып жатып жан берди”, - деди теңтушу.

Жүдөмүшов Калысбек 29-июнда каза болгон.

Жээнбаева Бүбүайым

Жээнбаева Бүбүайым

Педиатр-дарыгер · 63 жашта

Бүбүайым Жээнбаева көп жылдардан бери Ысык-Көл райондук үй бүлөлүк дарыгерлер борборун жетектеп келген. Эки жума райондук ооруканада дарыланып жаткан.

Маркумдун кудагыйы Лира Батырбекова социалдык тармактарга: “О арман дүйнө, бул эмне деген оору? Алтындай болгон, жаны тынбай жумушунун майын чыгарып иштеген эмгекчил, түз сүйлөп, түз жүргөн эң жакын адамым, жалжылдаган кудагыйымдан айрылып калдык. Ичим өрттөнүп жатат, кош алтыным, бейиштен орун ал!”, - деп жазган.

Бүбүайым Жээнбаева 1957-жылы Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Түгөл-Сай айылында туулган. Ал 2020-жылы пневмониядан көз жумганы 18-июль күнү белгилүү болду. Артында күйөөсү, эки уулу калды.

Буга чейин Бүбүайым Жээнбаеванын эки бир тууганы дагы пневмониядан каза болгон.

Жээнбекова Урниса Жакыповна

Жээнбекова Урниса Жакыповна

ардагер · 75 жашта · Эки тараптуу пневмония

Урниса Жээнбекова Алай районунун Согонду айылынын тургуну. Он баланын энеси. Баатыр эне наамын алган. Ал 4-июлда эки өпкөсү кагынып каза болгон.

З

Загибаев Кайрат

Загибаев Кайрат

Адвокат · 62 жашта

Кайрат Загибаев кесипкөй адвокат катары таанылган. Өмүрүнүн акыркы мезгилинде Кой-Таш окуясында курман болгон офицердин үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктарын сотто коргоп жаткан.

Бир катар чуулгандуу иштерде айыпталгандардын адвокаты болгон. Анын ичинде президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевдин, мурдагы депутат Хажимурат Коркмазовдун, 2019-жылдагы Кой-Таш окуясында каза болгон УКМКнын атайын бөлүгүнүн жетекчисинин орун басары Үсөнбек Ниязбековдун үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктарын сотто коргоп келген.

Кайрат Загибаев 1958-жылы 10-майда туулган. 2020-жылы 2-июлда эки өпкөсү кагынып (пневмония) Бишкекте каза болду.

Закиров Шайназар

Закиров Шайназар

Инфекционист-дарыгер · 53 жашта

Закиров Шайназар 2012-жылдан бери Бишкектеги Республикалык инфекциялык ооруканада иштечү. Коронавируска каршы күрөшкө байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигинин чечимине ылайык март айында өлкөнүн түштүк аймагында иштөөгө жиберилип, июнь айында негизги иш ордуна кайтып келген.

«Шайназар Закиров мен ооруканада жатканда абалымды текшерген сайын “коркпо, айыгып кетесиң” деп улам дем берип турду. Өзү да, сөзү да эм болду мага. Ооруканадан чыгарымда «мага дагы вирус жугуптур. Үйгө бара элегиме бир ай болду» деген эле...”, - деп эскерет Закировдун колунан айыгып чыккан бейтаптардын бири.

Закиров Шайназар дарыгерлик эмгек жолун медицина академиясынын балдардын жугуштуу оорулар кафедрасында баштап, Кара-Суу райондук ооруканасында педиатрлык иш менен уланткан.

Инфекционист-дарыгер Закиров Шайназар 17-июлда коронавирустун кесепетинен каза болду.

Запольский Олег

Запольский Олег

Милициянын подполковниги · 39 жашта

Подполковник Олег Запольский Ички иштер министрлигинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчылыгына 2019-жылы дайындалган. Эмгек жолу 2004-жылы Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинде катардагы кызматкерликтен башталган.

Министрлик маркумду кызмат өтөө учурунда өзүн дайыма оң жагынан көрсөтө алган, жоопкерчиликтүү, ыкчам-күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда уюштуруучулук жөндөмү бар мыкты адис катары сыпаттап эскерди. Достору, замандаштары Олег Запольскийдин "Фейсбуктагы" барагына мыкты инсан катары эскерүүлөрүн жазып жатышат.

Олег Запольский 1981-жылы 30-июлда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Ал ооруканага COVID-19 илдетинин симптомдору менен түшүп, 27-июнда мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Зарема Томоева

Зарема Томоева

үй кожойкеси · 53 жашта

Зарема Томоева Чүй облусунда төрөлүп, Бишкек шаарында жашачу. Эки уул, бир кызды тарбиялап чоңойткан. Курбусу аны: “Экинчи мындай адам жаралбастыр, өз үй-бүлөсүн, туугандарын, досторун аябай жакшы көрчү.

Ар дайым жадырап жайнап жүрчү, эч кимдин көңүлүн калтырган эмес. Ишенимдүү досум эле”, - деп эскерди.

Зарема Томоева “Манас” эл аралык аба майданынын карамагындагы госпиталдын (мурдагы “Ганси”) обсервациясында өпкөсүнөн кагынып (пневмония) жатып, 8-июлда каза болду.

Зулпукаров Алмазбек

Зулпукаров Алмазбек

жеке ишкер · 55 жашта

Алмазбек Зулпукаров 1965-жылы, 24-мартта төрөлгөн, Бишкектеги Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүндө 9-июлдан 20-июлга чейин эки өпкө кагыны оорусу менен жатып, 20-июлда көз жумду. Үч баласы, жубайы, небереси калды.

Кызы Ырыс: “Атам аскер кызматкери эле, акыркы учурда ишинен кетип, балык чарбачылыгы менен алектенип жаткан. Түркиядан жогорку сорттогу жаңгак алып келип, өстүрүп жаткан эле. Өмүр бою спорт менен машыгып, кайрымдуулук иштерин кылчу. 2004-жылы оор атлетика боюнча КМШда алтын медаль алган. Тамак жасаганды, саякаттаганды сүйчү. Жаратылышты, кыргыз элин жанындай көрөр эле. Небересин аябай жакшы көрүп, чөбөрөлүү болууну кыялданчу. Атамсыз жашообуз маанисин жоготту, биздин канатыбыз сынып калды”, - деп эскерди.

И

Ибрагимов Тургун

Ибрагимов Тургун

Жеке ишкер · 59 жашта

Үч баланын атасы, эки уул, бир кызы, 8 небереси бар. Кызы Ибрагимова Наргиза 4 күн мурда пневмониядан каза болду. Өзү 5-июлда ушул оорудан көз жумду. Жубайы: “Жеке ишкер жана меценат эле. Мээримдүүлүк, айкөлдүктү, сүйүүнү айкалыштырган жан болчу. Эрте эле өз бутуна туруп, жакындары, туугандары, балдарына күйүмдүү чыкты. Мыкты уул, бир тууган, күйөө, ата жана чоң ата. Улууларды урматтап, өз акыл-күчү менен баарына колдоо көрсөтчү. Эмгекти сүйчү. Өз турмуш кемесин мыкты айдаган иштерман капитан эле. Бул канкор оору ата-кызды 4 күн айырма менен арабыздан алып кетти”, - деп эскерди.

Ибрагимова Гайша

Ибрагимова Гайша

Билим берүүнүн адиси · 69 жашта

Гайша Ибрагимова Билим берүү министринин мурдагы орун басары, министрликтин мурдагы статс-катчысы, Бишкектеги “Илим” билим берүү комплексинин негиздөөчүсү жана жетекчиси болду. Ал 2005-жылкы жана 2011-жылдагы шайлоодо президенттикке талапкерлигин койгон.

Гайша Ибрагимова 1975-жылдан бери билим берүү тармагында иштеп келди. Кыргызстанда бир топ долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу агартуу тармагын өнүктүрүүгө зор салымын кошту. Эгемен Кыргызстанда жеке менчик мектептерде балдарды окутуунун алгачкы демилгечилеринин бири болду.

Алгачкылардан болуп бир туугандары менен бирге жеке менчик “Илим” билим берүү мекемесин түптөп, балдарды заманбап технологиялар менен окута баштаган.

Гайша Ибрагимова 12-июлда пневмония дартынан көз жумду. Буга чейин Ибрагимованын сиңдиси Сагын Есеналиева да бул илдеттен улам көз жумган.

Ибрагимова Гүлнара

Ибрагимова Гүлнара

Mедайым · 60 жашта

Гүлнара Ибрагимова Ош шаарындагы”Тез жардам” кызматында 40 жылдай иштеп, өмүрүнүн акырына чейин ишин таштаган эмес. “Анын бүт өмүрү эсепсиз эмгек жана бейтаптарга кам көрүү менен өттү. Биз аны түбөлүккө ушундай жаркын адам катары эстеп жүрөбүз”, - деп билдирди шаардык “Тез жардам” кызматынын жамааты.

Гүлнара Ибрагимованын кызы Индиранын айтымында илдет апасына пневмония менен ооругандардан жуккан. “Адамдын көңүлүн оорутчу эмес. Жумшак адам болчу. Камкор, күйүмдүү эне эле. Мен жаңы эле төрөп, жентек той өткөрүп элдин батасын алабыз деп жаткан эле. Тилекке каршы ага жетпей калды. Беш баланын ар биринин тилин таап, мамиле кылганды билчү. Тайэнем, таятам да сыздап калышты”, - деди кызы.

Гүлнара Ибрагимова пневмония дартынан улам инсульт алып 9-июлда кайтыш болгонун кызы билдирди. Артында беш баласы калды.

Ибрагимова Наргиза

Ибрагимова Наргиза

Экономист, менеджер · 38 жашта

Ибрагимова Наргиза Бишкектеги “Тюбетейка” кулинардык түйүндөрүн жетектеп турган. Кыргыз-орус (славян) университетинде экономист адистигин алган, Президентке караштуу башкаруу академиясынын магистратурасында “бизнести башкаруу” боюнча билим алган.

Күйөөсү Улукбек Ерешеев: “Наргиза мыкты жетекчи, мыкты кожойке жана балдарымдын энеси эле. Башкалардай эле балдарга татыктуу билим, тарбия берсем деп кыялданчу. Ар дайым билимге умтулуп, кесиптик деңгээлин көтөрүүгө аракеттенчү, жашоону шашып жашады. 2020-жылга карата чоң пландарды түзгөн. Жакындарынын жана аны тааныгандардын эсинде мээримдүү, боорукер адам катары кала берет”, - деп эскерди.

Ибрагимова Наргиза 1982-жылы 29-мартта Фрунзе шаарында төрөлгөн. 2020-жылы 1-июлда эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) каза болду. Артында алты, жети жана эки жаштагы уулдары, кыз калды.

Ибраев Ишенакун

Ибраев Ишенакун

Мамлекеттик кызматкер · 61 жашта

Ишенакун Ибраев Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Пограничник (Казыбек) айылында төрөлгөн. 10 баланын бешинчиси болгон. 1993-жылы Бишкекке көчүп келип, бир катар мамлекеттик кызматтарда иштеген. Акыркы учурда Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы аскердик окуу жайда эмгектенген.

Балдары: “Атабыз аябай ак көңүл, мээримдүү, адамдар менен бат эле тил табыша алган киши болчу. Кыздарына идеалдуу ата, бир туугандарына камкор ага эле. Ата-энеси эрте эле каза болгондуктан, бардык бир туугандарын бутуна тургузду”, - деп эскеришет.

Ишенакун Ибраев 9-июлда “Семетей” обсервациясында өпкө кагындан каза болду. Андан кийин бир тууган эжеси 63төгү Карачач Шаршеналиева 16-июлда, 66дагы дагы бир эжеси Чачыкей Ибраева ушул эле оорудан көз жумушту.

Ибраимова Тамара

Ибраимова Тамара

Бухгалтер · 54 жашта

Тамара Ибраимова мээримдүү эне, ажарлуу жубай катары жакындарынын эсинде калды. «Келинге стереотип болуп калган катаал кайненелик мамиленин бирин да көрсөтпөй, кареги менен тең айланып, бөпөлөп турчу», - деп эскерет келини.

Ибраимова 1966-жылдын 1-сентябрында Чүйдүн Бурана айылында төрөлгөн. Капилет келген илдеттен 23-майда каза болду. Артында күйөөсү, бир уул, эки кызы, неберелери калды.

Иванова Валентина

Иванова Валентина

Профессор · 76 жашта

Валентина Иванова жогорку билим берүү системасында 1976-жылдан бери эмгектенген. Алгач Кыргыз кыз-келиндер институтунда, Кыргызстандын эл аралык университетинде, Кыргыз-Орус славян университетинде иштеген.

2018-жылы Валентина Петровнага Орусия президенти В. Путиндин мактоо баракчасы тапшырылган. Ал мындай сыйга Борбор Азия чөлкөмүндө, Кыргызстанда орус тилин жана маданиятын сактоого жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн татыктуу болгон.

Валентина Иванова 5-августта өпкө кагындан каза болду.

Илияс уулу Рысбек

Илияс уулу Рысбек

Гидрометеоролог · 59 жашта

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин II баскычтагы «Токмок» метеорологиялык станциясынын башчысы Илияс уулу Рысбек 27-июлда өпкө кагындан каза болду.

Илияс уулу Рысбек 1961-жылдын 10-октябрында Нарын облусунун Миң-Булак айылында туулган. 1983 - 1985-жылдары Ташкендеги гидрометеорология техникумунда окуп «Радиооператор» адистигин алган. 1985 - 1986-жылдары Кыргыз Республикасынын Гидрометеорология жана айлана-чөйрөнү контролдоо башкармалыгында техник-радиооператор, техник-дозиметрист; 1988-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Гидрометеорология жана айлана-чөйрөнү контролдоо башкармалыгында техник-радиооператор, техник-метеоролог; 2009-жылдан бери Кыргыз Ресупбликасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы

Гидрометеорология боюнча агенттигинин II баскычтагы «Токмок» метеорологиялык станциясын жетектеп келген.

Илияс уулу Рысбек ак эмгегинин натыйжасында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Ардак грамотасы”, “Аскердик-жарандык кызматташтыкты чыңдагандыгы үчүн медалы, Гидрометеорология кызматына 90 жыл маарекелик төш белгиси жана башка көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.

Иманалиев Сарбагыш

Иманалиев Сарбагыш

Дарыгер · 59 жашта

Сарбагыш Иманалиев Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы болчу, өмүрүн калк саламаттыгын сактоого арнаган белгилүү дарыгерлерден эле.

Буга чейин Сарбагыш Иманалиевди балдары Бишкектеги ооруканага алып келе жатышканы, айтылуу дарыгер кысталыш чакта капилет ооруга кабылганына кейип, учурдагы жагдайга кабатыр болгону социалдык тармакта кабарланган. Бишкекке келгенден кийин алышкан оорудан оңоло албай, 2020-жылдын 27-июль күнү эртең менен каза тапты.

Досунун каза тапканына каңырыгы түтөгөн Касым Чаргынов соцжеледеги баракчасына минтип жазды: “Ковиддин чапкынына Чолпонбайдай эле төшүңдү тосуп кете бердиң окшойт. Токтобой жаш көзүмдөн буларды жазып жатам. Сарбагыш алтындай жан, группалаш сырдашым, бир комнатта жаттык эле… Кийин Чолпон-Ата шаарынын реанимациясын баштап, ишиң оңолуп, инилериңди бутка тургузуп, мартабалуу тааныштарың артып, кадыр-сыйлуу болгон кезде да эч качан өзгөргөн жоксуң. Эми сен Акелердей залкар элең. Бостериден чыккан 40тай кандидат, доктор науктарды тамшанып бизге айткандан тажабас элең. Элиңди-жериңди даңктай билген, ичиң кенен, эч кимден эч нерсе кызганбаган дайрадай жигит элең.”

Сарбагыш Иманалиев медицина тармагында 36 жыл эмгектенген. 1961-жылы Көл кылаасында туулган. 1984-жылы Фрунзедеги медициналык институттун дарылоо факультетин аяктаган. Сарбагыш Иманалиевдин 11 бир туугандарынын төртөө – медицина кызматкерлери.

Буга чейин Сарбагыш Иманалиев кыргыз элин таажы вирусуна каршы күрөшүүдө дүрбөлөңгө түшпөй, туура дарыланууга чакырып, видео кайрылуу жасаган.

Иманбаев Анварбек

Иманбаев Анварбек

Метеоролог · 60 жашта

Анварбек Иманбаев өмүрүн метеорология кызматына арнаган тажрыйбалуу кызматкер эле.

Анварбек Иманбаев 1960-жылдын 25-сентябрында Нарын облусунун Нарын районунундагы Миң-Булак айылында туулган. Ташкендеги гидрометеорологиялык техникумду аяктагандан кийин 1983-жылдан тарта Кыргызгидромет системасында иштеген. Алгач метеоролог, гидролог кызматтарында, ал эми 1994-жылдан тартып Нарын гидрометеорология борборун жетектеп келген.

Анварбек Иманбаев ак эмгегинин натыйжасында көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. Өз элинин мекенчил уулу, чынчыл, боорукер жана эмгекчил инсан эле. Артында жубайы, уул-кыздары калды.

Анварбек Иманбаев 2020-жылдын 30-июнунда өпкө кагындан каза болду.

Имеров Туратбек

Имеров Туратбек

Салык кызматкери · 57 жашта

Туратбек Имеров республикалык Салык кызматынын полковниги, салык кызматынын 1-рангадагы кеңешчиси, Кыргыз өкмөтүнө караштуу республикалык салык кызматынын улуу инспектору болчу. Ал салык кызматы уюшулган күндөн бери 30 жыл эмгектенип келди.

Артында жубайы, эки уул, бир кызы калды. Уулу Жангарач: “Атам абдан билимдүү, ишин жакшы билген, так, чынчыл эле. Элин, айылын, жааматын аябай сыйлачу. Пандемия башталгандан бери иштеп жүрүп, ооруп калды”.

Туратбек Имеров 5-июлда Бишкек шаарынын 1-клиникалык ооруканасында өпкө кагындан каза болду.

Исабеков Дамир

Исабеков Дамир

Жеке ишкер · 63 жашта

Дамир Исабеков Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жергез айылында туулган. 1979-жылдан баштап Каракол шаарында оор жүк ташуучу унаа айдачу. Акыркы жылдары ишкерлик кылды. Артында төрт баласы, 7 небереси калды.

Кызы Айзаданын эскерүүсү: “Биздин атабыз үй-бүлөбүздүн сыймыгы эле, баарына ушундай ата берсин. Баарыбызга үлгү болчу. Мыкты ата эле, балдарынын баарына билим берди. Акылман адам эле. Жакындарыбыз, туугандарыбыз, апам менен ар убак кеңешип, акыл насаатын угуп турар эле. Жардам бере алган, багыт бере алган адам эле. Атам менен апам 43 жыл бактылуу өмүр сүрүштү. Атам камкор жубай эле”

Дамир Исабеков 2020-жылы 18-июлда Бишкектеги Улуттук госпиталда өпкө кагындан көз жумду.

Исаев Догдурбек

Исаев Догдурбек

Экономист · 67 жашта

Догдурбек Исаев 1953-жылдын 21-майында төрөлгөн. Эки өпкөсү кагынып, Улуттук госпиталда 14-июлда каза болду. Өмүр бою мекен үчүн кызмат кылып, экономист кесибин аркалаган. Уулунун айтымында, ооруп жатканда жүрөгүнөн кыйналганын айтса да дарыгерлер өпкөсүн дарылоону улантышкан. 19 күн мурда эгизи Фрунзебек Исаев да коронавирустун курмандыгы болгон.

Догдурбек Исаев 3 баланын атасы эле.

Исаев Камчыбек

Исаев Камчыбек

Ооган согушунун ардагери · 56 жашта

Камчыбек Исаев Бишкек шаарынын “Оптима” банкында 15 жылдан бери иштеп келе жаткан. Артында жубайы, бир уул, бир кызы, үч небереси калды.

Кызы Наргиза: «Уул-кызынын камкор атасы, ак көңүл, чынчыл, кадыр-барктуу адам эле», - деп атасын эскерди.

Камчыбек Исаев 19-июнда өпкө кагындан көз жумган.

Исаев Муратбек

Исаев Муратбек

Айдоочу · 55 жашта

Жакындарынын эскерүүсү: “Мыкты ата, чоң ата, күйөө болчу. Туугандары, достору дегенде баарын таштап жардамга ашыкчу. Ысык-Кол облусунун Түп районундагы Жылуу-Булак айылына мечит, оорукана салууда чоң колдоо көрсөттү эле.”

Муратбек Исаев өпкө кагындан каза болду.

Исаев Фрунзебек

Исаев Фрунзебек

Куруучу · 67 жашта

Фрунзебек Исаев көп жыл курулуш тармагында иштеген. Ал 1953-жылдын 21-майында төрөлгөн. Эгиздин түгөйү эле. Үч баланын атасы, он небереси бар болчу. 9-июнда Чүй облустук ооруканасында каза болду. 19 күндөн кийин эгизи Догдурбек Исаев Бишкектеги Улуттук госпиталда пневмониядан көз жумду. Фрунзебек Исаев ооруканага башы ооруп барган, рентгенден өпкөсү таза чыкканы менен деми кыстыгып, ичи өтүп кыйналган. Тамчылатма дары алгандан үч күн өтпөй көз жумду.

Исаков Каныбек

Исаков Каныбек

Мурдагы билим берүү министри · 51 жашта

Каныбек Исаков 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында туулган. Эмгек тажрыйбасын Бел-Өрүк колхозунда жумушчулуктан баштап, министрликке чейин жеткен. 1993-1997-жылдарда Ош МУнун Кыргыз филологиясы факультетинде мугалим, 1995-жылы «Нур» гезитинин башкы редактору болгон. 1997-1998-жылдарда ОшМУнун Кыргыз филологиясы факультетинин деканынын орун басары, 1998-жылы ректордун тарбия иштери боюнча жардамчысы, 2000-2005-жылдары коомдук тарбия иштер боюнча проректор, 2005-2006-жылдарда мамлекеттик тил боюнча проректор болуп эмгектенген. 2006-2011-жылдарда Ош МУнун Гуманитардык институтунун ректору болсо, 2011-2019-жылы ОшМУнун ректору кызматын аркалаган. Ал ОшМУнун заманбап өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошуу аркылуу билим-илим чөйрөсүнө реформатор ректор катары таанылды. 2019-жылдын 11-сентябрынан 2020-жылдын 14-октябрына чейин Билим берүү жана илим министрлигин жетектеген. Каныбек Исаков 2011-жылы докторлук диссертациясын жактаган. Филология илимдеринин доктору, профессор. Көптөгөн монографиялардын, илимий иштердин жана публицистикалык макалалардын автору. Исаков 12-ноябрда Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болду. 51 жаштагы мурдагы министр коронавирус жугузуп алгандан кийин пневмония диагнозу менен ооруканада жаткан.

Исаков Самат

Исаков Самат

Курулушчу · 46 жашта

Самат Исаков Чүй облусунун Кемин районундагы Төрт-Күл айылынын тургуну. Акыркы жылдары айылдык курулуш тармагында иштеген. Эки баласы бар.

Бир тууган карындашы Кыял: “10-июлда жеңем мага чалып, эки өпкөсү кагынып ооруп калганын айтты. Дароо айылга барып, ооруканага алып барсак, жергиликтүү оорукана албай койду. Мен башкы дарыгер менен урушуп кеттим. Бейтаптар ал жакта аябай көп экен. Машинеме салып алып, башка айылга алып бардым. Шабдан айылындагы ооруканага жаткырдык. Алар мага дары-дармек алып кел дешти. Тааныштардан издеп атып, араң таап алып барсам, оор абалда экен, алып кеткиле деди. “Тез жардам” машинеси менен Кемин шаарындагы ооруканага алып келдим. Бир апта ичи дарыгер менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жок. Бир күн мурда барсам абалы жакшы эле турган, анан эле реанимацияга түшүп калганын айтышты. Кеминден Бишкекке алып келгендин шартын издедим. Бирөөгө чалсам 500 сом деди, дагы бирөө 20000 сом дедим. Дагы бир балдарды таап, Кеминге жибердик. Барсак бир эле аппратка туташкан экен. Кеминден Бишкекке 27 минутта жетип бардык, бирок тилекке каршы, жолдон машинеден каза болуп калды. Анын абалы оорлошконун дарыгер көрсө эмнеге айтышпайт? Мен Бишкекте «Ганси» обсервациясына сүйлөшүп, үч аппарат даярдап, реанимация издеп карап отургам… Аябай оор басырыктуу, интеллигент, билимдүү адам эле. Айылдарда чырпыктардан чатырлардын макетин жасачу. Мен көрүп ушунчалык амалкөй деп таң калып койгон элем», - деп эскерди.

Исакова Бегайым

Исакова Бегайым

Дарыгер · 64 жашта

Бегайым Исакова Бишкектеги №1-клиникалык оорукананын терапевтика бөлүмүнүн башчысы эле.

1956-жылдын 6-июнунда Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктап, эмгек жолун Бишкек шаарындагы №1-клиникалык ооруканасында врач-терапевт болуп иштөөдөн баштаган.

1996-жылдан ушул эле оорукананын ыкчам терапия бөлүмүнүн башчысы, өмүр бою бир жерде иштеген. Бегайым Исакова 40 жылдан ашуун саламаттык сактоо системасында эмгектенген тажрыйбалуу дарыгер, жогорку категориядагы врач-терапевт эле. Көп жылдык эмгеги үчүн Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги, Бишкек саламаттык сактоо башкармалыгы, оорукана жететкчилиги тарбынан бир нече ирет сыйланган, «Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери» ардак белгисинин ээси.

Бегайым Исакова ыкчам терапевтика бөлүмүн жетектеп, таажы вирусунун таралышына каршы күрөштүн алдыңкы катарында турду, анын салакасын жок кылуу үчүн убакты-саатын аяган жок.

Мыкты дарыгер Бегайым Исакова 2020-жылдын 25-июлунда өпкө кагынынан оңоло албай каза болду.

Исалиев Кошой

Исалиев Кошой

Мамлекеттик кызматкер · 63 жашта

Кошой Исалиев Улуттук статистика комитетинин төрага орун басарынын кызматын аркалган. 6-августта эки өпкөсү кагынып каза болду. Статистика тармагындагы эмгек жолун 1999-жылы Чүй-Токмок аймактык мамлекеттик статистика бөлүмүн жетектөөдөн баштаган. 2013-жылы Улуттук статистика комитетининин Эсептөө борборунун жетекчиси болуп дыйындалган. 2019-жылдын февралынан бери төраганын орун басары болуп иштеп жаткан.

Искакова Нурмира

Искакова Нурмира

мугалим · 46 жашта

Искакова Нурмира Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Аман Айтпаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде башталгыч классынын мугалими эле.

Кесиптеши Салтанат: “ Өз ишин мыкты билген, окуучуларынын сүйүктүү эжейи, кесиптештеринин кеңешчиси, ата-энелердин кадыр-баркына ээ педагог эле. Эжейдин билим берүүдөгү кызматы эч унутулбайт. Өткөргөн сабагы, класстык сааттары жаңычыл, маңыздуу эле”, - деп эскерди.

Искакова Нурмира эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) 8-июлда ооруканага жатып, 18-июлда көз жумду. Артында бир кыз, эки уулу калды.

Исмаилов Альберт

Исмаилов Альберт

Фтизиатр-дарыгер · 59 жашта

Фтизиатр Альберт Исмаилов өмүрүнүн 36 жылын медицинага арнаган. Өнөкөт оорусунан улам аялуу топто экенине карабай коронавируска каршы күрөштө ишин таштап кеткен эмес.

Альберт Исмаилов адегенде Ош шаардык инфекциялык ооруканасында иштеген. 1994-жылы Кара-Кулжа райондук кургак учук менен күрөшүү диспансерин түптөп, жетектеп, райондогу бейтаптарды өзү жалгыз тейлеген фтизиатр дарыгер болгон.

2013-жылы диспансер жоюлган соң, Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда фтизиатр болуп иштеп жаткан. 1-июнда пневмониядан каза болгон.

Исмаилов Жыргал

Исмаилов Жыргал

Муниципалдык кызматкер · 56 жашта

Исмаилов Жыргал “Бишкекгорлифт” муниципалдык ишканасынын кызматкери эле. “Жыргал авам абдан чынчыл, ичинде кири жок адам болчу. Башкалардан принципиалдуулугу, өз ишин мыкты жасагандыгы жана мекенин чын жүрөктөн сүйгөндүгү менен айырмаланып турчу. Жакындарына күйүмдүү, тууганчыл болчу...” деп эскерет инилеринин бири. Исмаилов Жыргал өпкөсүнөн кагынып (пневмония) 6-июлда каза болду. Артында үч уул, бир кызы калды.

Исмаилов Нурдин

Исмаилов Нурдин

Айдоочу · 49 жашта

Нурдин Исмаилов көп жылдан бери Жалал-Абад шаарында айдоочу болуп иштеп, жеке чарбасын жүргүзүп келген.

“Үй бүлөсүнө, жакындарына аябай боорукер, камкор болчу. Азыр аябай жүрөгүбүз сыздап, ичибиз ачышып турат. Үй-бүлөдө жалгыз болгондуктан, апасына, туугандарына да күйүмдүү эле. Аябай тытынып иштеген эмгекчил, колунан бардыгы келген, адамдарга мамилеси бийик адам эле. Катуу сүйлөп, көңүл ооуртчу эмес”, - деп эскеришти жакындары.

Нурдин Исмаилов Жалал-Абад шаардык ооруканасында эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) 15-июлда каза болду. Артында жубайы, бир кыз, үч уулу калды.

Исмаилов Сурап

Исмаилов Сурап

профсоюз кызматкери · 71 жашта

Кесиптик кошуундар тармагында 25 жыл иштеди.

Балдары: “Абдан жайдары, адилеттик үчүн күрөшкөн адам эле. Чөбөрөлөрүн көрүп, тарбияласам дечү. Чет өлкөлөрдү кыдырганды жактырчу, ар кайсы элдин маданиятына кызыкчу”, - деп эскеришти.

Исмаилов Сурап пневмониядан Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасында 1-июлда көз жумду. Артында эки баласы, сегиз небереcи калды.

Исмаилов Талант

Исмаилов Талант

Жеке ишкер · 48 жашта

Исмаилов Талант Ысык-Көл облусунда жеке ишкердик менен алектенчү. Тууганы Замир Айылчиев: “Талант авам, адамдык сапаты бийик, ачык айкындуулугу жана эмгекчилдиги, тууганчылдыгы менен башкалардан айырмаланып турчу. - деп эскерди. Исмаилов Талант 3-июлда коронавирус илдетине кабылып, 3-июлда каза болду. Артында жубайы, эки уул, бир кызы калды”.

Исмаилов Шакир

Исмаилов Шакир

Айдоочу · 33 жашта

Шакир Исмаилов Бишкекте маршруттук такси айдачу. Төрт бир туугандын ортончусу. Артында бир кызы калды. Кесиптештеринин эскерүүсү:

“Ак көңүл, элпек, жаркылдаган ата-энесине күйүмдүү жигит эле. Ишине так, эч убакта кечикпеген, бирөөгө катуу сөз айтпаган, улууларды сыйлаган тарбиялуу жигит эле”

Шакир Исмаилов 15-августта Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында өпкө кагындан каза болду.

Исраилов Мирлан

Исраилов Мирлан

Компания жетекчиси · 48 жашта

Мирлан Исраилов 1972-жылы 21-январда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. 1996-жылы Балыкчы шаарында жеке ишкердик жүргүзүү менен эмгек жолун баштаган. 2006-2010-жылдары Кант шаарындагы “Жылуулук жабдуу” мекемесинде тейлөөчү болуп иштеген.

2011-жылы “Чу Прокси” жоопкерчилиги чектелген коомдо коммерциялык директор, 2016-жылдан баштап бул ишкананын башкы директорунун кызматын аркалаган. Мирлан Исраиловдун артында бир кызы, бир уулу калды.

Кесиптештери: “Алгачкы ирет Кыргызстанда жол куруучу компанияларынын башын бириктирип, 2019-жылы ассоциация түзүп, алдыга койгон максаттарына көздөй чоң иштерди пландап жаткан эле. Өлкөбүздө жол тармагында 10 жылдан ашуун иштеп келе жаткан тажрыйбасын мындан ары да өнүгүүгө жумшап, бардык жол куруучу компаниялардын башын кошуп элге кызмат кылып, миң жылдык, сапаттуу жолдорду салабыз деген үмүтү чоң эле! Өкүнүчтүү, жолуңузду улап кыргыз эли бар болсун! Сиздин өтө намыскөй, чынчыл, жөнөкөй мүнөзүңүздү унутпайбыз, түбөлүк баарыбыздын жүрөгүбүздө кала бересиз!”- деп эскеришти.

Мирлан Исраилов Бишкек шаарынын ооруканаларынын биринде 13-июлда өпкө кагындан дүйнө салды.

Итибаев Зарылбек

Итибаев Зарылбек

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери · 57 жашта

Итибаев Зарылбек Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин он жылга жакын жетектеген. Фрунзедеги политехникалык институтунда “Автомобиль транспортун эксплуатациялоо” адистиги, Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинде “Юриспруденция” адистиги боюнча билим алган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эскерүүсүндө “Итибаев Зарылбек өз элинин мекенчил уулу, чынчыл, боорукер жана эмгекчил инсан эле. Ак эмгегинин натыйжасында көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталат, - деп жазылды. Итибаев Зарылбек 1963-жылдын 20-апрелинде Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Октябрьское айылында туулган.

Ишеналиев Бакыт

Ишеналиев Бакыт

Муниципалдык кызматкер · 49 жашта

Бакыт Ишеналиев 1971-жылы Чүй облусунун Чүй кыштагында төрөлгөн. Бишкек шаар башкармалыгынын маалыматтарды анализдөө мекемесиндеги ички аудит бөлүмүнүн башчысы эле.

23 жыл Социалдык фонддо иштеп, 2019-жылы мэрияга которулган. Жалгыз уулу бар. Кесиптештери: “Эмгекчил, жоопкерчиликтүү. Адамдарга болгон мамилеси бийик адам эле. Жумушун сүйүп, иштечү” , - деп эскеришти.

Бакыт Ишеналиев 2020-жылдын 16-июлунда өпкө кагындан каза болду.

К

Кадыралиева Сыядакан

Кадыралиева Сыядакан

Дарыгер · 64 жашта

Кадыралиева Сыядакан Сузак районундагы Октябрь үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси, дасыккан догдур эле. Ал 1981-жылдан бери өмүрүнүн 39 жылын саламаттыкты сактоо тармагына арнаган.

Артында эки уул, эки кызы калды. Сузак аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө өтүшүп кеткен коронавирустун кесепетинен 19-июлда дүйнө салды.

Кадыркулов Шекербек

Кадыркулов Шекербек

Судья · 54 жашта

Кадыркулов Шекер 30 жылдык өмүрүн тартип коргоого, судьялык ишке арнаган тажрыйбалуу адис болчу. 2016-жылдан бери Ош шаардык сотунда судьясы эле.

1986-2016-жылдары Чүйдө, Бишкекте, Ысык-Көлдө жана Ошто милициянын катардагы кызматкеринен тартып райондук, облустук ички иштер башкармалыгындагы жетекчи кызматтарда иштеген.

Кадыркулов Шекер 1966-жылы 16-январда Чүйдүн Мураке айылында туулган. 2020-жылы 15-июлда өпкөсүнөн кагынып (пневмония) каза болду. Артында аялы, үч уулу калды.

Кадыров Азаматжан

Кадыров Азаматжан

Машыктыруучу · 69 жашта

26-июлда 69 жаш курагында Кыргыз Республикасынын футбол боюнча машыктыруучусу Кадыров Азаматжан Муминович дүйнө салды.

“Бул биздин өлкөнүн футболу үчүн өтө зор жоготуу. Азаматжан Муминович Ысык-Көл облусунда футболдун өнүгүшүнүн башында турган, Ысык-Көл облустук футбол федерациясын негиздеген адам эле. Ысык-Көл облустук футбол федерациясынын аткаруучу директору болчу.

Азаматжан Муминович футбол боюнча ондогон спорт чеберлерин тарбиялаган. Анын жететекчилигиндеги Ысык-Көл облустук кыз-келиндердин футболдук командасы Кыргызстандын чемпиону, Кыргыз Республикасынын бир нече кубокторунун жеңүүчүсү болгон. Ысык-Көл облусунун футбол ассоциациясы маркумдун жакындарына, туугандарына көңүл айтат. Жаткан жери жайлуу болсун, ыйманы саламат болсун!” - деп жазылган облустук футбол ассоциациясынын көңүл айтуусунда.

Кадырова Гүлмира

Кадырова Гүлмира

Эндокринолог-дарыгер · 58 жашта

Гүлмира Кадырова Бишкектеги 12-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эндокринолог-дарыгери болчу, 34 жылдык өмүрүн медицина тармагына арнады.

Эндокринологдор жамааты “Чыныгы кеипкөй, элпек жана ак ниет адам эле” деп эскерип, жакындарына көңүл айтышты.

Гүлмира Кадырова 16-июлда коронавирустан каза болду. Артында бир уул, бир кызы калды.

Кадырова Тамара

Кадырова Тамара

Юрист, ардагер · 67 жашта

Тамара Кадырова жарандык актыларды каттоо кызматтарында 15 жылдан ашык иштеп, 2008-жылы ардактуу эс алууга чыккан. “Юстиция кызматынын отличниги.”

1993-2008-жылдары Жарандык актыларды каттоо кызматынын Кант, Аламүдүн райондук бөлүмдөрүн башкарып турган. Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлө кодексин” иштеп чыккан жумушчу топтун мүчөсү болгон. Ал ишине өтө кылдат мамиле жасаган, системанын ишин жакшы билген адис, үлгүлүү кызматкер болгон.

Тамара Кадырова пневмониядан 12-июлда каза болду. Күйөөсү Беккоенов Мелисбек да ушул дарттын айынан 22-июлда көзү өтүп кетти. Артында төрт баласы, жети небереси калды.

Казакбаев Майрамбек

Казакбаев Майрамбек

Диний ишмер · 70 жашта

1998-жылдан бери Кара-Буура районунун башкы имам хатиби кызматын өтөп келаткан. Эмгек жолун имамдыктан баштаган. Жети баланын атасы.

Казакбаев Майрамбек ажы 1950-жылы 1-майда Талас облусундагы Үч-Булак айылында туулган. 2020-жылы 17-июлда дүйнө салды.

Казакбаева Зарапия

Казакбаева Зарапия

Жеке ишкер · 65 жашта

Зарапия Казакбаева 1955-жылы 12-февралда Талас облусунун Кара-Буура районунун Үч-Булак айылында туулган. Кара-Буура районундагы Пионер үйүндө, айыл өкмөтүндө башкы катчы болуп эмгектенген. Акыркы жылдары жеке ишкерлик менен алектенген. Артында эки уулу калды.

Бир тууган сиңдиси Забиранын эскерүүсү: “Алтындай адам эле. Ак көңүл, эч кимден жардамын аябаган адам эле. Үч күн катары менен дене табы көтөрүлүп, ооруп калды. “Тез жардам” чакырса жок, ооруканада орун жок. Күнүгө үч-төрт жолудан дарыгерлерди чакырып жаттык. Айла кеткенде үйүнө дарыгер келип дарылады. Ошентип үйдөн эле үзүлүп кетти. Эки бир тууганымды катары менен бул илдет алып кетти”.

Казакбаева Зарапия 3-июлда өпкө кагындан Таластагы үйүндө каза болгон. Анын бир тууган агасы 70 жаштагы диний ишмер Казакбаев Майрамбек 2020-жылы 17-июлда дүйнө салды.

Казымбеков Болот

Казымбеков Болот

аскер кызматкери · 32 жашта

2021-жылдын 25-январында эки өпкө кагынынан каза болду. Кесиптештери аны өтө таланттуу, өжөр, жоопкерчиликтүү аскер кызматкери катары эскеришет. Казакстандагы Аскер куралдуу күчтөр институтун бүтүргөн. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө иштеген. “Өзүнө талапты катуу койчу. Жакындарына ар дайым жардам бергенге умтулчу”, - деп жазышты кесиптештери.

Кайырбеков Дамир

Кайырбеков Дамир

Экономист, менеджер · 65 жашта

Дамир Кайырбеков бир топ жылдан бери соода тармагында иштеп келген. Бишкек шаарындагы “Ош”, “Аламүдүн” жана “Орто-Сай” базарларынын мурдагы жетекчиси.

Жакындарынын эскерүүсү: “Үй-бүлөсүнө, туугандарына камкор адамды жоготтук. Ал Бишкектеги соода тармагы, базарлардын ишине бир топ салым кошкон. Дамир өзүнүн ишин билген адискөй, жоопкерчиликтүү, жашоону жана адамдарды сүйгөн жан эле.”

Дамир Кайырбеков 27-июлда Бишкектеги жугуштуу оорулар клиникасында өпкө кагындан каза болду.

Калдымолдоева Уулкелсин

Калдымолдоева Уулкелсин

Мугалим · 72 жашта

Уулкелсин Калдымолдоева Кыргызстандын элге билим берүүсүнүн отличниги, Бишкек шаарындагы №64-мектептин физика жана астрономия мугалими болчу.

Балдары: “Иш десе ичкен ашын таштаган, сабакты мыкты өткөн мугалим эле. Чогуу иштегендери аябай сыйлашчу, керелден-кечке жумуш деп жаны тынбай чуркап жүрчү. Мектепте иштегенине 40 жылдан ашты. Пенсияга чыккандан кийин да мектепти таштабай, балдарды аябай сүйчү. Үйүндө болсо уулу менен кызын, 6 небересин эркелетип, балдарым деп турчу. Көптөн күткөн чөбүрөсүн көрбөй кетти, аныбыз апабыз кайтыш болгондон 3 күндөн кийин төрөлдү”, деп жазышты.

Уулкелсин Калдымолдоева өпкө кагындан 17-июлда каза болду.

Калиев Марлен

Калиев Марлен

Дипломат · 45 жашта

Марлен Калиев Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин 1-катчысы болчу. Кыргызстандын дипломатия тармагында ишмердигин 2006-жылы баштаган.

“Ал эмгекчилдиктин, максатка умтулуунун жана кесипкөйлүктүн үлгүсү катары кесиптештеринин эсинде түбөлүккө калат” деп жазылган ТИМ сайтындагы эскерүүдө.

Марлен Калиев 13-июлда пневмония илдетинен каза болду. Маркумдун апасы, Саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Бейшекан Калиева да коронавирустун кесепетинен 18-июлда көз жумду.

Калиева Бейшекан

Калиева Бейшекан

Эмгек сиңирген дарыгер, коомдук ишмер · 72 жашта

Бейшекан Калиева Саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун алгачкы жетекчиси, “Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген дарыгери” мамлекеттик наамынын ээси болгон.

“Ал уулунун көз жумганын да билбей да калды. Ушундай болот экен... Экөө тең ооруп жаткан, бирок уулу беш күн эрте кетти”, - деп жазды медицина тармагы боюнча адис Елена Баялинова.

Жакындарынын айтымында, Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин директору болуп иштеп турган 45 жаштагы уулу Марлен 13-июлда пандемиядан каза болгондо, энеси Бейшекан ооруканада оор абалда жаткан.

Бейшекан Калиева 72 жаш курагында 18-июлда каза болду. Ага да пневмония диагнозу коюлган.

Саламаттык сактоо министрлиги маркумдун жакындарына көңүл айтты. Некрологдо: “Бейшекан Калиева 1977-жылы кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган соң, дарыгерлик эмгек жолун Чүй облусунун Аламүдүн районунда участкалык дарыгер болуудан баштаган. Кийинчерээк Чүй облустук ооруканасында башкы дарыгер болуп иштеген. Аламүдүн райондук кеңешине бир нече жолу депутат болуп шайланган”, - деп жазылды.

Калканбаева Чолпон

Калканбаева Чолпон

Медицина илимдеринин доктору · 62 жашта

Чолпон Калканбаева медицина илимдеринин доктору, Мамлекеттик медицина академиясынын дарылоо факультетинин деканы болчу. Ал өмүрүндө айылдык оорукананын акушерлигинен медицина илимдеринин докторлугуна чейинки жолду басып өттү.

Чолпон Калканбаева 1958-жылдын 24-февралында Кочкор районунун Көк-Жар айылында туулган. Эмгек жолун акушер-гинеколог болуп иштөөдөн баштап, жүздөгөн ымыркайдын киндик энеси болгон. 1987-жылы Мамлекеттик медицина академиясына ассистент болуп ишке орношуп, кийин дарылоо факультетинин деканы болгон.

Профессор Калканбаеваны Академиядагы кесиптештери өз ишинин чебери, дарыгерлердин бир нече муунунун устаты катары эскеришет.

Калманова Паризат

Калманова Паризат

Бухгалтер · 49 жашта

Паризат Калманова 1970-жылы Токтогул районунда туулган. Казакстандын Алматы шаарында мүлк агенттигинде 10 жылдан бери бухгалтер иштеп жаткан. Артында беш баласы калды.

Жолдошу Кубатбек:

“Эки кызын турмушка узаттык. Үч балам менен жалгыз калдым. Эч ким менен урушпаган, жумшак мүнөзү бар эле. Ошого карабай күчтүү, кайратуу аял эле. Мындай жакшы адам эми табылбайт го. Дагы бир кызымдын жакында тою эле, аны да көрбөй кетти”.

15-июлда Бишкектеги “Семетей” обсерваторунда эки өпкөсү кагынып каза болгон.

Калыбаев Мирлан

Калыбаев Мирлан

Эксперт-криминалист · 45 жашта

Мирлан Калыбаев Ички иштер министрлигинин Кара-Буура райондук бөлүмүнүн эксперт-криминалисти кызматында болчу. Эки жогорку билим алган. Милиция тармагындагы эмгек жолу 1995-жылы башталган.

Ал 1974-жылы 8-октябрда Кара-Буура районунун Киров айылында туулган. 2020-жылы 12-июлда пневмония дартынан каза болду.

Артында жубайы, бир кыз, бир уулу калды. Ички иштер министрлигинин Талас облустук башкармалыгы маркумдун жакындарына көңүл айтты.

Калыкназарова Алия

Калыкназарова Алия

Мугалим · 64 жашта

Калыкназарова Алия Бишкектеги орто мектептердин биринин англис тили мугалими, 30 жылдык өмүрүн педагогикага арнаган. Араб тилин дагы үйрөнүп жаткан.

Өтө чынчыл жана боорукер аял, мээримдүү эне болгон. Үч баланы жалгыз тарбиялап чоңойткон. Алия Калыкназарова коронавирус дартына кабылып, анын айынан эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) 27-июнда каза болду.

Канаев Кубанычбек

Канаев Кубанычбек

Жеке ишкер · 55 жашта

Кубанычбек Канаев Бишкектеги Арча-Бешик конушунда жашачу. Ош базарында кийим сатып иштечү. 4 баланын атасы.

Балдарынын эскерүүсү: "Мүнөзү абдан жумшак, боорукер, мээримдүү, эмгекчил, жакындарына күйүмдүү, кадыр- баркка ээ болгон, ички дүйнөсү таза, баарынын көңүлдөрүн көтөргөн, кыргыз, казак эл аспаптарында ойногон, мукам үндүү шайыр адам эле. Жубайынын сүйүктүү жары, таянган тоосу, үч уулунун бир кызын эмгекке, ыйманга тарбиялаган насаатчы, аска зоодой тиреги эле. Небере жытын жыттап, эмгегинин үзүрүн көрөр мезгили келгенде кете берди".

Кубанычбек Канаев 2020-жылы 4-июлда Кант шаарындагы ооруканада кош өпкө кагынынан каза болду.

Каниметов Жанкороз

Каниметов Жанкороз

Педагогика илимдеринин доктору · 70 жашта

Жанкороз Каниметов Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты, педагогика илимдеринин доктору болгон.

Мамлекеттик ишмер эмгек жолун Ысык-Көл облусунда мектеп директорлугунан баштап, билим берүү тармагындагы Билим берүү жана илим министринин орун басары кызматына чейинки кызматтарды аркалаган.

Ал 1995-жылдан тарта Жогорку Кеңештин 3 жолку чакырылышында депутат болуп, билим берүү тармагына тиешелүү негизги мыйзамдарды иштеп чыккан.

Жанкороз Каниметов 1950-жылдын 30-мартында Ысык-Көл облусунун Токтоян айылында туулган. 2020-жылы 15-июлда Каракол шаарында пневмония илдетинен каза болду.

Канназаров Үсөн

Канназаров Үсөн

Пенсионер · 75 жашта

Канназаров Үсөн Лейлек районунун Кулунду айылынын чарбасында көп жыл бригадир болуп иштеген. Акыркы жылдары Бишкек шаарында жашачу.

Каза болордон мурдараак Баткенге барып, Лейлек райондук жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатып, 12-июлда каза болду. Артында алты кыз, бир уулу калды.

Карабаев Дилдебек

Карабаев Дилдебек

Инженер, куруучу · 69 жашта

Карабаев Дилдебек “Инфастрой" курулуш-экплуатациялык мамлекеттик мекеменин мурдагы жетекчиси болгон.

Кызы Гүлзат атасын минтип эскерди: “Мен атамдын жалгыз кызымын. Төрт небереси бар. Мен үчүн атам мыкты адам болчу. Күйүмдүү, камкор таята эле. Санаалаштары, достору көп эле. Адамдын тилин таап, сүйлөшө алганын эми түшүндүм. Неберелерин карап, “тоюңарга барам, бириңди үйлөйм, биринди күйөөгө өзүм узатам” деп айтып калаар эле.

Жашоодо жакыныңды жоготкондон оор азап, көрсө, жок экен”.

Карабаев Дилдебек эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) Бишкек шаарындагы Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна 13-июлда жаткырылган. Эк күндөн кийин ооруканада каза болду.

Карабалаев Оган

Карабалаев Оган

Коомдук ишмер · 77 жашта

Коомдук ишмер Оган Карабалаев ардактуу эс алууга чейин «Кыргызфильм» киностудиясын жетектеген. Бишкек шаарынын атуулу наамы бар.

1982-жылы Карабалаев жетектеген "Кыргызфильм" киностудиясы «Бөрү зындан», «Ак илбирстин тукуму», «Он үчүнчү небере» өңдүү даңазалуу көркөм тасмаларды тарткан. Ал Кыргызстандын Эмгек кодексинин жана эмгекти коргоо мыйзамынын авторлоруну бири.

Оган Карабалаев 77 жашка толгон күнү 8-июлда дүйнө салды, себеби айтылган жок.

Карагулов Бакыт

Карагулов Бакыт

Кинорежиссер · 70 жашта

Бакыт Карагулов кинорежиссер, сценарист, Кыргыз эл артисти, "Кыргызфильм" фондунун директору болчу. Ал "Куш өмүр", "Найман эненин ыйы", "Бороондуу бекет", “Бешик” өңдүү тасмалары менен калың журтка белгилүү.

"Айтматовдун ааламы", апрель ыңкылабына арналган "Менин мекеним бар - ал жалгыз Кыргызстан" аттуу даректүү тасмалары акыркы таасирдүү эмгектеринен болуп калды.

Карагулов дүйнө салган күнү кино коомчулугу некролог таратып, кыргыз киноискусствосу оор жоготууга учураганын белгиледи.

Уулу Нурдин Карагулов атасынын COVID-19 инфекциясына тапшырган анализи таза чыкканын, ооруканага 26-июнда жаткырылганын «Азаттыкка» айткан.

Бакыт Карагулов 1950-жылы 12-августта Бишкек шаарында туулган. 27-июнда 70 жаш курагында Бишкекте пневмониядан каза болду. Артында эки уул, бир кызы калды.

Карагулов Кубанычбек

Карагулов Кубанычбек

Хирург · 55 жашта

Кубанычбек Карагулов Ак-Талаа районунун аймактык ооруканасынын узак жылдардан бери иштеп келаткан бирден-бир хирург-дарыгери эле.

“Сиз мыкты өмүрлүк жар жана мыкты атасыз. Аркаңыздан өзүңүзгө окшогон уулдарды тарбияладыңыз. Алар дагы сиздин жолду жолдоп, медик болуп, кыйын кырдаалда элине кызмат кылып жатышат. Эмгегиңиз ар дайым элдин эсинде, түбөлүк сакталып калат» деп эскерди Ак-Талаа райондук администрациясынын, “Ак-Талаа биримдиги” коомдук бирикмесинин жамааты.

Карагулов Кубанычбек 7-июлда эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) кайтыш болду.

Каракетов Казим

Каракетов Казим

Ишкер · 49 жашта

Кыргызстандын бал азыгын экспорттоого чоң салым кошкон ишкер, “Бал челекчилер биримдигинин” президенти эле. Казим Каракетовдун эмгегинин натыйжасында Кыргызстанда өндүрүлгөн бал “Кыргыз балы” деген бренд менен дүйнөлүк базарга чыккан.

Каракетов өндүргөн бал Эл аралык сынактарда мыкты сапаты үчүн 43 сыйлыкка татыктуу болгон. Ал эки өпкөсүнөн кагынып, 17-июлда мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Каракочиев Жолдош

Каракочиев Жолдош

Энергетик · 61 жашта

Жолдош Каракочиев Бишкек шаарындагы Ак-Өргө конушунда жашачу. “Шнос” ЖЧКсынын башкы энергетиги эле. Беш балалуу. Уулунун үйлөнгөнүн көрбөй кетти. 10 күн ооруп жатты. Балдызы: “Абдан жакшы адам эле, баарына жардамга ашыгып турчу”, - деп эскерди.

Жолдош Каракочиев 2020-жылы 12-июлда кош өпкө кагынынан каза болду.

Каратаев Абдилла

Каратаев Абдилла

Механик · 69 жашта

Абдилла Каратаев Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында 1951-жылы 9-майда туулган. Уркуя Салиева атындагы кесиптик окуу жайында өндүрүштүк окутуу мастери болуп эмгектенген. 1982-1887-жылдары Жалал-Абад автобазасынын башкы энергетиги болуп иштеген. Кызыл-Кыя шаардык автоколоннасынын жетекчиси да болгон. 2002-2014-жылдары Айыл чарба министрлигине караштуу Кызыл-Кыя жашылча сортторун сыноочу участогунун башчысы болгон. Бир нече жолу Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин жана Ак-Булак айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Мыкты айыл чарба кызматкери төш белгиси, “КРнын ардактуу аксакалы” төш белгиси жана бир топ мамлекеттик мекемелердин алкоо баракчаларына татыган.

8 баласы жана 27 небереси бар.

Абдилла Каратаев 8-июлда Кызыл-Кыя шаардык ооруканасында таажы вирустан каза болду.

Кариев Марат

Кариев Марат

Илимпоз · 52 жашта

Марат Аблакимович Кариев Самарканд облусунда төрөлүп, Жамбыл мамлекеттик университетин бүтүрүп, К. И. Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик агрардык университетинде эмгектенген.

Жакындарынын эскерүүсү: “Марат абдан адамгерчиликтүү, тыкан, адамдын көңүлүн калтырбаган, билимдүү инсан болгон. Мээримдүү ата жана достукка бекем жакшы жолдош болчу. “

Марат Кариев өпкө кагындан каза болду.

Каримова Матлюба

Каримова Матлюба

Логопед-дарыгер · 61 жашта

Матлюба Каримова Ош шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун №8 филиалынын логопед дарыгери болуп иштеп келатканына көп жыл болгон.

Ал Ош шаарында уюштурулган “Каныкей” ресторанында уюштурулган күндүзгү стационарда өтүшүп кеткен пневмониядан дарыланып жатып 15-июлда каза болду. Артында үч кыз, бир уулу калды.

Каримова Раушана

Каримова Раушана

Бухгалтер · 39 жашта

14-июлда пневмониядан көз жумду. Раушана тууралуу “Азаттыка”: “Үч баланын мыкты энеси, мээримдүү, боорукер жан эле”, - деп жазышты.

Кармышаков Маматаир

Кармышаков Маматаир

Жалал-Абад облусунун Юстиция башкармалыгынын башчысы · 60 жашта

Маматаир Кармышаков юстиция органдарында 24 жыл эмгектенген. Алгач 1997-жылы Юстиция министрлигинин Юридикалык жактарды каттоо бөлүмүнүн башчысы, андан соң Ош облусунун Юстиция башкармалыгында жалпыга маалымдоо каражаттарын жана диний уюмдарды каттоо боюнча башкы адис болуп иштеген.

2002-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктап, Ош, Талас, Нарын, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы Юстиция башкармалыктарын жетектеп келген. Кармышаков 2019-жылдын августунда Кыргызстандын президентинин энчилүү сааты менен сыйланган жана бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга татыган. Мындан сырткары Юстициянын отличниги жана 1-класстагы кеңешчиси болгон.

Кармышаков 21-октябрда эки тараптуу пневониядан улам каза болду.

Карпушкина Светлана

Карпушкина Светлана

Педагог · 72 жашта

Карпушкина Светлана Михайловна 1948-жылы 5-апрелде Омск шаарында жарык дүйнөгө келген. 1954-жылы Фрунзе шаарына үй-бүлөсү менен көчүп келген. Фрунзе шаарындагы орто мектепти бүтүргөн соң, 1965-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун тарых факультетине тапшырып, 1969-жылы аяктаган.

1969-жылы №20 Исхак Раззаков атындагы мектеп-гимназиясынын тарых мугалими болуп эмгек жолун баштаган. 1993-жылдан тарта мектептин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары, 1995-жылдан өмүрүнүн аягына чейин №20 Исхак Раззаков атындагы мектеп-гимназиясынын директорунун кызматын аткарган.

Карпушкина Светлана Михайловна жигердүү мамлекеттик ишмердүүлүгү жана билим берүү тармагындагы алгылыктуу эмгектери үчүн "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы" төш белгисин (1997), "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” наамын (2000) алган. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы (2005), Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык Кеңешинин, Ош шаардык Билим берүү башкармалыгынын Ардак грамоталары менен сыйланган.

Светлана Карпушкина 21-октябрда эки тараптуу пневмониядан улам каза болду.

Карыбеков Адилет

Карыбеков Адилет

студент · 20 жашта

Адилет болгону жыйырма жашта гана болчу. Бир үйдүн жалгыз уулу. 2020-жылдын 7-сентябрында коронавирустан күчөп кетип, өпкөсүнөн кагынып көз жумду. “Ата-энесинин жалгыз уулу, эң мыкты баласы, досу, агасы эле. Күн сыяктуу жаркырап, ата-энесин чексиз сүйчү. Ар дайым жакындарына жардамга шашчу. Биздин жүрөктү туңгуюкка түбөлүк салып коюп кете берди. Биздин сүйүктүү Ади, күнүбүз”, - деп эскерет апасы.

Карыпбаева Райла

Карыпбаева Райла

Лаборант-дарыгер · 66 жашта

Райла Карыпбаева Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун диагностика бөлүмүнүн башчысы, лаборант. 17-июнда эки өпкөсү кагынып (пневмония) каза болду. Клиника цитологиялык лабораторияны башкарып келген. Вирусту аныктоо иштерине да катышкан.

Карыпбеков Аманбек

Карыпбеков Аманбек

Зоотехник · 71 жашта

Аманбек Карыпбеков көп жылдар колхоз башкармасы болуп иштеп, кийинчерээк тапта ардактуу эс алууда болчу. 3 кыз, бир уулдун атасы. 12 небереси бар.

Кызы Арзыкандын эскерүүсү:

“Дарыгерлер да атамдын сапаттарын айтып мактап жатышат. Беш маал намаз окуган, ак кийим кийип, таза жүргөн адам эле. Оор басырыктуу, үнүн бийик көтөрбөгөн жөнөкөй киши болчу. Балдардын баарын окутуп, үйлүү-жайлуу кылды. Айыл эли менен да мамилеси жакшы эле. Баарын колдоп, жардам берип турчу. Азыр алар да келип, сыздап жатышат. Жылкыга абдан жакын эле. Пенсияга чыккандан бери жылкы багып, алар да атама жакын эле. Денеси чымыр, өзүн жакшы караган, ден-соолугу чың адам эле. Ошондуктан, бул ооруну да жеңип кетет деп отурдук эле. Кайдан бул ооруну жугузуп алды билбей калдык. Апам да ооруп, атамды жерге бергенде апам ооурканада эле”.

Аманбек Карыпбеков таажы вирус дартынан айыгыш үчүн Жайыл райондук аймактык ооруканада дарыланып жаткан.

2020-жылдын 23-июлунда Жайыл районундагы аймактык оорукананын жугуштуу оорулар боюнча бөлүмүндө таажы вирустан каза болгон.

Касымалиева Зейнегүл

Касымалиева Зейнегүл

Соодагер · 57 жашта

Зейнегүл Касымалиева эки уул, бир кыздын мээримдүү энеси, төрт неберенин чоң энеси эле. Ал кайра куруу доорунан тартып өмүрүнүн акырына чейин соодагерчилик менен алектенип келген.

Зейнегүл Касымалиева 1963-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин Фрунзе шаарындагы 10-кесиптик лицейден окуп Ленин атындагы заводдо эмгектенген. Андан кийин соода кылууга өткөн.

Ал 12-июлда өпкө кагындан көз жумганын бир тууган сиңдиси Жыпаркүл “Азаттыкка” билдирди.

Касымбекова Асылбүбү

Касымбекова Асылбүбү

Педагог-ардагер · 73 жашта

Асылбүбү Касымбекова дээрлик 40 жылдай мугалим болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. “Эл агартуунун отличниги” болгон.

1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университеттин тарых факультетин аяктап, Нарын шаарында, Жумгал районундагы Доскулу айылынын Мыскал Өмүрканова атындагы орто мектебинде тарых мугалими, интернат башчысы жана мектеп директору болуп иштеген. 1999-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

“Пенсияга чыккандан кийин Аксакалдар сотунун мүчөсү болуп иштеп, өзүнүн калыс сөзү, акылман кеп-кеңеши менен айылда мээрман апа катары элдин сый-урматына татыган. Апам акылман, бетке айтып, так жүргөн адам эле. Акыркы айлары Бишкектеги балдарыныкында болчу. Өпкөсү ооруп, ооруканага жаткырылган”, - деп эскерди уулу Талант

Асылбүбү Касымбекова 1947-жылы 26-февралында Нарын облусунун Кочкор районунда Ак-Чий айылында туулган. Эки өпкөсүнөн кагынып “Манас” аба майданындагы госпиталдын обсервациясында (мурдагы ”Ганси”) 2020-жылы 12-июлда каза болду. Артында күйөөсү, беш баласы, 23 небереси калды.

Касымов Жеңиш

Касымов Жеңиш

Күч түзүмдөрүнүн полковниги · 50 жашта

Жеңиш Касымов Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Күч түзүмдөрүнүн ардагерлери полковник Жеңиш Касымовду: «Мекен алдындагы милдетин берилгендик менен аткарган абийирдүү жана татыктуу офицерлердин бири болчу», - деп эскеришти.

Жеңиш Касымов 1970-жылы 11- июлда туулган. 2020-жылы 5-июлда пневмониядан каза болду.

Келдибекова Айчүрөк

Келдибекова Айчүрөк

Дарыгер · 55 жашта

Айчүрөк Келдибекова Ноокаттын санэпидкөзөмөл борборунун жетекчилигине быйыл мартта дайындалган. Ага чейин СПИД менен күрөшүү боюнча Ош облустук борборунда башкы дарыгердин орун басары болуп иштеген.

Кесиптештери Келдибекова коронавирус илдетинин жайылышына жол бербөө үчүн жан үрөп иштеп жүрүп, кете бергенин айтышты.

Айчүрөк Келдибекова 14-июлда каза болду.

Кенжебаев Советбек

Кенжебаев Советбек

Ишкер · 59 жашта

Кенжебаев Советбек, ишкер эле. Ондогон адамдарга жумуш ордун түзгөн, такыба, толеранттуу инсан болгон.

Достору аны “Адамгерчилиги жогору, ыйман, ынтымакка чакырган калыс адам болчу. Дайыма уйкаштык менен бата берип, той-кечелердин көркүн аччу. Уюштуруучулук жөндөмү зор эле” деп эскеришти. Артында жубайы, үч уулу жана неберелери калды.

Советбек Кенжебаев 1961-жылы 5-июлда Кара-Кулжа районунда туулган. 2020-жылы 29-июнда Бишкекте мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Кенжеева Гүлнара

Кенжеева Гүлнара

Жеке ишкер · 57 жашта

Гүлнара Кенжеева көп жылдан бери тигүү тармагында иштеген. Тигүү цехин жетектеген.

Артында 3 баласы, 7 небереси калды.

Гүлнара Кенжеева 15-июлда өпкө кагындан каза болду.

Кенжекараева Айгүл

Кенжекараева Айгүл

Жеке ишкер · 54 жашта

Айгүл Кенжекараева 1966-жылы 23-сентябрында Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында туулган. Айгүл Кадыралиевна өмүр бою соода тармагында үзүрлүү эмгектенип келди.

Баласы: “Апам жашоону сүйгөн, жаркылдаган инсан эле. Өзгөчө мээримдүү, күмдүү жан болчу. Качан кайда болбосун маанайы жарык, шайыр, тамашакөй ошол эле учурда лидерлик сапатка ээ эле.”

Айгүл Кенжекараева 2020-жылы 22-июлда оорудан 54 жашында актыкка моюн сунду. Артында жолдошу, 4 баласы жана 6 небереси калды.

Керимбаев Чайка

Керимбаев Чайка

Атайын кызматтын ардагери · 55 жашта

Чайка Керимбаев “Роснефть” компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары кызматын аркалап келаткан. Ага чейин Улуттук коопсуздук кызматында иштеген, “Манас” аэропортунун коопсуздук боюнча вице-президенти болгон.

Атайын кызматтын ардагерлери жана жеке курамы: “Керимбаев ак пейил жана жардамга дилгир, мыкты дос жана ишенимдүү жолдош эле. Чекисттердин бир канча муунун өстүргөн”, - деп эскерди.

Чайка Керимбаев Ысык-Ата районунун Ивановка айылында туулган. 10-июлда пневмониядан каза болду.

Керимкулова Эркингүл

Керимкулова Эркингүл

Мугалим · 60 жашта

Эркингүл Керимкулова 1960-жылы 15-апрелде Ысык-Көлдүн Тоң районунда жарык дүйнөгө келген.

Жакындары “негизи түбүбүз - Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айылы. Кыргыз кыз-келиндер институтунун орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн. Өмүр бою мугалим болуп иштеп келген.

Акыркы иштеген жери - Бишкектеги көзү майып балдардын мектеп-интернатында башталгыч класстардын мугалими. Июнь айынын аяк ченинен баштап пневмония оорусуна чалдыгып, 2020-жылы 21-июлда Таш-Дөбө айылындагы ооруканада көз жумду. Артында бир уулу, бир кызы, неберелери жана бир туугандары сыздап кала берди... Эжемдин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө өмүр бою сакталат...Сагындык, эжеке, жаткан жериңиз жайлуу болсун!” - деп эскеришти.

Эркингүл Керимкулованын артында эки баласы - бир уул, бир кызы, неберелери калды.

Керимова Гүлнар

Керимова Гүлнар

дарыгер, кардиолог, пульмонолог · 57 жашта

2020-жылдын 27-ноябрында каза болду. Дарыгер, кардиолог, пульмонолог болуп 36 жыл иштеди. Өз кесибинин мыктысы эле деп эскерди жакындары.

Ким Софья

Ким Софья

Юрист · 71 жашта

Софья Ким 1949-жылы Ташкент облусунда төрөлгөн. Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин бүтүргөн. Ал маалда бул бөлүмгө жалаң эркектерди алгандыктан, кыз-келиндер арасында жалгыз Софья бар эле.

1990-жылы Октябрь районунун жарандык иштер боюнча соту болгон. 1999-жылдан тарта жеке нотариусчу катары эмгектенип келе жаткан.

Кесиптештери: “Софья Николаевна ар бир соттук ишти жүрөгүнө жакын кабыл алып, түнкүсүн уктабай чыкчу, эрктүү, ишине так, чынчыл эле”, - деп эскеришти.

Софья Ким 12-июлда эки өпкөсү кагынып каза болду.

Кобенов Мурат

Кобенов Мурат

Транспорт министрлигинин Ардагерлер кеңешинин мүчөсү · 79 жашта

Мурат Кобенов Кыргызстандын транспорт, айыл чарба жана курулуш тармактарында көп жыл жетекчилик кызматтарда иштеген. Алардын ичинде бир катар автобазалардын, курулуш ишканалардын, «Талас суу курулуш» ишканасынын жетекчи орун басары, жетекчиси, “Стройдормашсервистин” регионалдык директору, Сокулуктагы «Ак-Куу» канаттуулар фабрикасынын башкы директору кызматтарын аркалап турган.

“Советтик заманда бышып жетилген чынчыл адам эле. Мыйзамга гана баш ийген. Ак көңүл, камкор ата, күйөө, чоң ата эле. Балдарынын баарына билим берди. Чөбөрөсүн көрдү”, - деп эскерди кызы.

Мурат Кобенов 1942-жылы 18-мартта Талас облусунун Чат-Базар айылында туулган. 2020-жылы 21-июлда пневмониянын залалынан жүрөк-кан тамыр жетишсиздигинен көз жумган. Артында беш баласы, неберелери калды.

Кобонов Жаныбек

Кобонов Жаныбек

Отставкадагы полковник · 65 жашта

Кобонов Жаныбек Бишкек шаарындагы №20-кесиптик лицейде окутуучу болуп иштеп жаткан. Милициядагы эмгек жолун 1980-жылы МАИ кызматкери болуп иштөөдөн баштап, Ысык-Көл облустук МАИни жетектеп туруп, ардактуу эс алууга кеткен.

“Ички иштер министрлиги оор жоготууга учурады. Чыныгы патриот, офицер, өмүрүн милицияга арнаган адамдан айрылып калдык” деп жазылды көңүл айтуусунда министрликтин Жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы тараткан некрологдо.

Маркумду уулу: “Атам өтө чынчыл, тартипти сүйгөн адам эле. Айла жок, аска зообуз урап калды. Адамкерчиликтүү, сөзүнө турган кишибизден айрылдык. Бизге берген тарбия, насаатыңызды эч качан унутпайбыз”, - деп эскерди.

Кобонов Жаныбек 1955-жылы Нарын шаарында туулган. 2020-жылы 10-июлда каза болду. Башкармалыктын маалыматына караганда ага пневмония диагнозу коюлган. Артында үч балсы, төрт небереси калды.

Кожакунов Жаныбек

Кожакунов Жаныбек

Милициянын ардагери · 59 жашта

Жаныбек Кожакунов Ат-Башы районуна караштуу Калинин колхозунда 1961-жылы жарык дүйнөгө келген. Бишкек шаарына караштуу Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкери болуп иштеген. Ушул тапта ардактуу эс алууда болчу. Бир кыз, эки уулдун атасы.

Бир туугандарынын эскерүүсү: “Кабыргабыз кайышып турган мезгил. Кайрат айтуудан башка колдон эч нерсе келбей калбадыбы. Же убагында кабар укпай, же барып топурак сала албай кеч угуп калганда, аттиң, кайран жигит, колунда баарын аябаган март эле, кыялы жазгы күндөй ачык эле, айтып олтурса толгон жакшы касиети бар адам эле деп эскерүүдөн башка арга жок экен”, - деп жазышты.

Жаныбек Кожакунов 2020-жылы 21-июлда Кара-Балта шаарындагы аймактык ооруканада өпкө кагындан көз жумду.

Кожобаев Канатбек

Кожобаев Канатбек

Мамлекеттик ишмер · 49 жашта

Канатбек Кожобаев Каракол шаарында 1971-жылы 20-октябрда туулган. 2000-жылдан 2016-жылга чейин Социалдык фонд тармагында, Ысык-Көл облустук башкармалыктын жетекчи орунбасары, Социалдык фонддун Жети-Өгүз, Түп райондук башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

2010-жылы Жети-Өгүз райондук кеңешине депутат болуп, бюджеттик комиссия мүчөлүгүнө шайланган.

2018-жылдан бери Кыргыз өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүктүн административдик-чарбалык бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жаткан.
“Канатбек Кожобаев Жети-Өгүз районунда депутат болгондо Аң-Өстөн айылындагы мектепке каражат бөлүнүп, Ак-Дөбө айылындагы спорт залдын курулушу башталган, аймак тургундары үчүн социалдык мааниге ээ жумуштардын каржылоо маселелери чечилип, көчөлөргө жарык коюу, сугат системасын жаңылоо иштерине каражат бөлүнгөн” - деп эскеришет маркумдун жакындары.

Канатбек Кожобаев 14-июлда өпкө кагындан каза болду. Анын артында үч баласы, эки кыз бир уулу калды.

Кожобеков Рустам

Кожобеков Рустам

Прокурор · 48 жашта

Рустам Кожобеков Башкы прокуратуранын изин суутпай издөө ишин жана тергөөнү көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору, юстициянын 2-класстагы кеӊешчиси болуп иштеп жаткан.

Прокуратура тармагына ишке 2005-жылы кабыл алынган.

“Ишине бийик жоопкерчилик менен берилген кесипкөйлүктүн үлгүсү катары кесиптештеринин элесинде калмакчы”, - деп жазылган Башкы прокуратуранын көңүл айтуу катында.

Рустам Кожобеков 11-июлда өпкөсүнөн кагынып (пневмония) дартынан көз жумду.

Кожобергенов Сыргаболот

Кожобергенов Сыргаболот

"Өндүрүш жана инновация борборунун" директору · 58 жашта

Сыргаболот Кожобергенов Транспорт министрлигинин алдындагы "Өндүрүш жана инновация борбору" мамлекеттик мекемесинин директору болуп иштеп жаткан. Эл аралык транспорт академиясынын академиги, жана Мельников медалынын ээси.

Жол куруу тармагында инженер, уста, Бишкек-Ош автожолундагы туннель кызматынын башчысы, Бишкек-Ош автожол куруу мамлекеттик агенттигинин башкы директорунун орун басары кызматтарын аркалаган.

“Аз сүйлөп, көп уккан адам эле. Сабырдуу оор басырыктуу адам эле. Ишине берилүү менен мамиле кылчу. Камкор ата болчу. Үч ай мурун эле азыркы ишине келген. Ишинде көп пландары бар болчу”, - деп билдирди карындашы Бактыгүл. Сыргаболот Кожобергенов 1962-жылы 29-августта Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Акчий-Кара-Суу айылында мугалимдердин үй-бүлөсүндө туулган.2020-жылы 30-июнда коронавирус инфекциясынын кесепетинен Бишкектеги республикалык ооруканада көз жумду.

Кожобергенова Кубанычбүбү

Кожобергенова Кубанычбүбү

Медайым · 72 жашта

Кубанычбүбү Кожобергенова эмгек жолун Токмоктогу медицианлык окуу жайын аяктаган соң 1967-жылы баштаган. 1968-жылы Республикалык психоневрологиялык диспансерге медайым болуп ишке алынган. Мына ушул жерде 52 жыл жыл иштеген.

Кийинки жылдары Республикалык психикалык ден соолук борборунун 1--бөлүмүнүн башкы медайымы болчу. Ишти так аткарган, кичипейил, жоопкерчиликти өзүнө, башкаларга кое билген кызматкер эле. Үйүндө үч баланын мээримдүү апасы, 8 неберенин чоң энеси, 2 чөбүрөнү эркелеткен боорукер эне эле.

29-июнда Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага жаткырылып 14-июлда жандандыруу бөлүмүндө эки күн өзүнө келе албай үзүлүп кетти.

Кожоева Дамира

Кожоева Дамира

Темир жол узатуучусу · 50 жашта

Дамира Кожоева эки баланын энеси, "Кыргыз Темир жолу" ишканасынын кызматкери. 13-июлда кош өпкөсү кагынып каза болду.

Аны кесиптештери: «Дамира эң жакшы адам, мыкты кесипкөй эле. Ар дайым шайыр, коллективде урмат-сыйга ээ, жумушун так аткарган,коомдук иштерге активдүү катышкан инсан эле. Арабыздан ушундай эң жакшы адамдын мезгилсиз кеткени өтө өкүндүрөт. Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун Дамира! Элесиң эсибизде түбөлүк сакталат!”, - деп эскеришти.

Кожокулова Чолпон

Кожокулова Чолпон

Фармацевт · 64 жашта

Чолпон Кожокулова дары-дармек жаатында 45 жыл иштеген тажрыйбалуу адис эле. Өмүрүнүн аягына чейин Бишкекте дары-дармек боюнча адис - фармацевт болуп иштеди. Беш баланын энеси эле.

Кызы Гүлсина: “Ишин жогорку деңгээлде билчү. Апам дарыкананы жетектечү. Абдан жумшак, жоопкерчиликтүү, адамдар менен тез эле тил табыша билчү. Кесипкөй адам эле. Бешөөбүздү алпештеп чоңойткон. Карантинде ишин таштабай, иштеп жүрүп ооруп калды. Бишкекте ооруканаларда орун жок, Кой-Ташка алып барып жаткырганбыз”, - деп эскерди.

12-июлда Кой-Таш айылындагы аскердик госпиталдан өпкө кагындан каза болду.

Кожомкулов Алмаз

Кожомкулов Алмаз

Ички иштер кызматкери · 47 жашта

Алмаз Кожомкулов Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн иликтөө кызматынын жетекчиси болуп иштеп жаткан. Чүй облустук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, Алмаз Кожомкулов 22-июлда өпкө кагындан көз жумду.

Алмаз Кожомкулов 1974-жылы 2-июлда Сокулук айылында төрөлгөн.

Кожомуратов Болотбек

Кожомуратов Болотбек

Адвокат, милициянын полковниги · 67 жашта

Болотбек Кожомуратов акыркы убакта Нарын облусттук адвокаттар коллегиясынын мүчөсү болуп иштеп келген, милициянын ардактуу кызматкери эле. Кесиптештери өтө билимдүү, адилет, кесипкөй адам катары эскеришет.

"Он бир туугандын эң улуусу болуп, бир туугандарына ата ордуна ата болуп, кеп-кеңешин берчү. Апабыздын сүйүктүү жары, балдарынын, неберелеринин камкор атасы эле. Күтүүсүз оору жүрөгүбүздү сыздатып, атабыздан айрылып калдык", - деп уул-келини, кыз-күйөө балдары эскеришти.

Болотбек Кожомуратов пневмониянын айынан 17-июлда көз жумду. Артында эки кыз, бир уулу калды.

Конгайтиев Анарбек

Конгайтиев Анарбек

Адвокат · 69 жашта

Анарбек Конгайтиев Талас облусунда адвокат, Кыргызстандагы адвокаттар союзунун мүчөсү эле. 2007-2014-жылдары Талас шаардык сотун жетектеген. Кыргызстандын Адвокатурасы маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтты. Анарбек Конгайтиев пневмония илдетинен 10-июлда дүйнөдөн кайтты.

Коңурбаев Таалай

Коңурбаев Таалай

Жеке ишкер · 59 жашта

Таалай Коңурбаев 1961-жылы 15-июлда төрөлгөн. 2020-жылдын 15-июлунда таажы вирустан оңоло албай каза болду.

Артында эки уулу, 3 небереси калды. Достору аны: “Шайыр, боорукер, таза жүргөн жигит эле. Өзүнүн туулган күнүндө каза болуп калды”, - деп кайгыруу менен эскеришти.

Коңушбаев Жыргалбек

Коңушбаев Жыргалбек

Жеке ишкер · 45 жашта

Жыргалбек Коңушбаев Нарын облусунун Ат-Башы районунда 1974-жылы 26-ноябрда туулган. Өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин жеке ишкерлик менен алектенген. Тигүү цех иштетип,

“Дордой” базарында соода кылчу. Төрт баланын атасы.

Досу Алимандын эскерүүсү: “Адамгерчиликтүү, кишинин көңүлүн оорутпаган, жумушун сүйгөн, эмгекчил адам болчу. Кенже уулу беш айлык калды. Ат-Башы районунун сыймыктуу уулдарынын бири болчу. Биздин жүрөгүбүздө жаркын элеси сакталып кала берет”.

Жыргалбек Коңушбаев 20-июлда Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө өпкө кагындан көз жумган.

Кортубаева Жакан

Кортубаева Жакан

Пенсионер · 67 жашта

Жакан Кортубаева медициналык окуу жайын бүткөндөн кийин кардиологияда иштеп, бул тармакка 45 жылдык өмүрүн арнаган.

Балдары: “Апам окуусун бүтүп өмүр бою кардиологияда иштеди. Жарым кылымга жакын иштептир. Пенсияга чыккандан кийин неберелерин карап үйдө болчу. Апабыздан ажырап калдык, жаткан жери жайлуу болсун! Апа, биз сени унутпайбыз!

Жакан Кортубаева 29-июлда өпкө кагындан каза болду.

Кошоев Алмаз

Кошоев Алмаз

Ревизор · 61 жашта

Алмаз Кошоев, “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун ревизиялык комиссиясынын мүчөсү. 1990-жылдардын башынан бери бир катар мамлекеттик компанияларда жетекчи жана ревизор болуп эмгектенген.

Алмаз Кошоев 1959-жылы 28-июнда Ош шаарында туулган. 2020-жылы 8-июлда пневмониядан көз жумду.

Кошумбаев Азамат

Кошумбаев Азамат

Жеке ишкер · 53 жашта

Азамат Кошумбаев жеке ишкер болчу. “Камкор ата, боорукер, бир туугандарынын арасында сыйга ээ адам эле”, - дейт кызы.

Кызынын айтымында, Азамат Кошумбаев илдеттин кооптуулугун терең түшүнгөн, санитардык эрежелерди бекем сактаган адам эле. “Карантин башталганы баарыбызга колуңарды бат-бат самындап жуугула, беткап тагынгыла, антисептик колдонгула деп айта берчү. Атам ушундай оору жугуп, ушундай өлүмгө туш болору такыр оюма келген эмес”, - дейт кызы.

Азамат Кошумбаев адегенде дарыгердин кеңеши менен үйдө дарыланып, кийин "Гансидеги" обсервацияга жаткырылган. Абалы оорлошкондо Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине реанимацияга шашылыш жөнөтүлгөн.

2-июлда ооруканага жетпей, машинеде үзүлгөн. Артында жубайы, үч кыз, бир уулу калды.

Көбөгөнова Жыргал

Көбөгөнова Жыргал

Эл артисти · 72 жашта

Жыргал Көбөгөнова белгилүү актриса, Кыргыз Республикасынын эл артисти. Сахнада жыйырмадан ашык спектаклде ойноп, түрдүү образдарды жараткан.

Ал кыргыз сахнасынын залкарлары, Кыргыз эл артисти Абдыашым Көбөгөнов менен белгилүү актриса Сайрагүл Балкыбекованын кызы, белгилүү актер, Кыргыз эл артисти Күнболот Досумбаевдин жубайы болгон.

Жыргал Көбөгөнова 1948-жылы 1-январда Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында төрөлгөн. Пневмония илдетинин айынан 2020-жылы 13-июлда Бишкекте каза болду.

Көкүмбаева Жүзүмкан

Көкүмбаева Жүзүмкан

Дарыгер · 58 жашта

Дарыгер Жүзүмкан Көкүмбаева Кыргызстанда COVID-19 илдетинен көз жумган алгачкы медицина кызматкери. Көкүмбаева Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк медицина борборунда 35 жылдан бери иштеп, акыркы убакта борбордун дарыгерлер тобун жетектеп жаткан.

Коронавирус өлкөдө пайда болгон күндөн баштап жумушуна жөө каттап иштеген. “Жумушун өзүнөн да жогору койгон адам болчу, «бейтаптарым күтүп жатат» деп такыр эле болбой койду”, - деп эскерет абысыны.

Оорунун симптомдору алгач байкалганда тапшырган эки анализи таза чыккан. Бирок дарыгердин абалы оорлой баштаганда кайрадан текшерүүгө жиберилип, 24-апрель күнү вирус табылган. Бир жумадан кийин, 2-майда Жүзүмкан Көкүмбаева ооруканада көз жумду.

Кубанычбеков Бектур

Кубанычбеков Бектур

Саяпкер · 70 жашта

Бектур Кубанычбеков Кыргызстанда таза кандуу аргымактарды өстүрүүнү алгачкылардан болуп колго алган аксакал саяпкер эле. Жокей клубун, «Аргымак» федерациясын негиздөөчүлөрдүн бири болгон.

Кубанычбеков Бектур «Акыркы жылдары Улуттук спорт түрлөрү дирекциясында ат спорту боюнча башкы машыктыруучу катары иштеп жаткан. Бектур Сансызбаевич республикада ат чабышты өнүктүрүү үчүн көп эмгек кылган» деп эскерет Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин жамааты.

Кубанычбеков Бектур 1950-жылы 2-августта туулган. 2020-жылы 11-июлда пневмониядан каза болду.

Кубанычев Азамат

Кубанычев Азамат

Мамлекеттик кызматкер · 59 жашта

Азамат Кубанычев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун ишканалар менен иштөө башкармалыгынын башчысы болчу.

Азамат Кубанычев 1959-жылы Кемин районунда туулган. 1978-жылы Фрунзедеги Финансы-экономикалык техникумду, 1998-жылы Улуттук университеттин экономика факультетин бүтүрүп, «Каржы жана насыя» адистигине ээ болгон.

Азамат Кубанычев Кемин, Сузак райондорунда, Мамлекеттик салык кызматында, Эсеп палатасында иштеген. Мамлекеттик мүлк фондунда 2015-жылдан бери иштеп жаткан.

Азамат Кубанычев таажы вирус илдетинен каза болду.

Кубатбеков Уранбек

Кубатбеков Уранбек

Техник · 60 жашта

“Алакай көздөрү жумулуп, Акырет көздөй жан тартып, А дүйнө көздөй кетишти...”, “Сөз менен айтып бүткүс керемет кишилер эле...” Уранбек Кубатбековдун "Фейсбуктагы" барагына мына ушундай эскерүү пикирлери жазылууда.

Уранбек Кубатбековдун өзү 12-июлда, аялы Элнура Музаева 14-июлга оогон түнү пневмониянын кесепетинен мезгилсиз дүйнө салышты.

“Экөө тең акыл десе акылы ашып-ташып турган кез эле, элге кызмат кыла турган убакта шум ажал колдон жулуп кеткени өтө өкүнүчтүү”, - деп жазды замандаштарынын бири.

Уранбек Кубатбеков “Манас” эл аралык авиакомпаниясынын карамагындагы госпиталдагы (мурдагы “Ганси”) стационарда 12 -июлда көз жумгаhttps://www.azattyk.org/a/30725192.htmlн.

Кулжабаев Турат

Кулжабаев Турат

Хирург-проктолог · 45 жашта

Турат Кулжабаев Улуттук госпиталдын проктология бөлүмүндө хирург-проктолог болуп иштеп келаткан. Дарыгердик эмгек жолун ушул эле Улуттук госпиталда иштеп баштаган.

Кесиптештери ондогон адамдын өмүрүн сактап калган, дүйнөнү каптаган пандемияга каршы күрөшкөндөрдүн алдыңкы сабында жүргөн хирург илдеттин курмандыгы болгонун жазышты.

“Жакында эле, февралда атамды операция кылган. Ушунчалык жакшы доктор болчу. Пациенттеринин дилин түшүнгөн, өзүн эле эмес көңүлүн кошо дарылаган элпек жана боорукер адам эле”, - деп эскерет анын колунан айыккан адамдын кызы.

Турат Кулжабаев 16-июлда пневмония илдетинен каза болду. Артында жубайы жана үч уулу калды.

Кулматов Эшполот

Кулматов Эшполот

Жеке ишкер · 52 жашта

Эшполот Кулматов 29-июнда ооруп Бишкектеги №6-шаардык ооруканага жаткырылган. Оорусу өтүшүп 2020-жылдын 7-июлунда өпкө кагындан көз жумду.

Балдарынын эскерүүсү: “Мыкты ата жана чоң ата эле. Бул жашоодон эрте кетти. Абдан эмгекчил, жоомарт, биз үчүн баа жеткис киши болчу. Туугандары, достору, тааныштары азыр кабыргасы кайышып турган маалы. Реанимациялык бөлүмдүн жоктугунан убагында жардам ала албай кете берди”.

Кулубаев Айбек

Кулубаев Айбек

мамлекеттик кызматкер · 46 жашта

Кулубаев Айбек Аламүдүн районунун акиминин орун басары болуп иштеп жаткан. Чүй облустук, райондук администрацияларындагы мамлекеттик кызматтарда жалпысынан жыйырма жылдан ашык иштеген.

Апрель окуясынын маалындагы улут аралык Маевка жаңжалын тынчытууда өмүрүн тобокелге салганын жакындары айтышты. Атасы Дөөлөтбек Берикбаев уулунун мамлекетчил, чынчыл, чечкиндүү, эмгекчил, ата-энесине, үй-бүлөсүнө күйүмдүү адам болгонун эскерди. Маркум уулу жана элге келген апаат тууралуу буларды айтты:

“Айла жок, жоопкерчиликти, милдетти, жогору койгонуңду эсиме түшүрүп, өмүрүңө коркунуч туулуп турса да, мүнөзүңө таандык, элдин милдетинен качпаганыңа ыраазы болуп отурам. Илээшкен дартыңды билип туруп, алааматтын алдын тосуп, эл алдында төрт-беш ай жүрдүң. Туура жолду тандапсың, мен да ошондой кылмакмын, балам! Кызматыңды аткарып жүрүп зыян болдуң! Ажал жетсе бекингенибизге да карабайт. Эми бизге кайраттан, сабырдан башка арга болбос. Оор мезгилде көңүл айтып, соцтармактар аркылуу жана түз байланышып сабырга чакырган, каалоо тилек айткан ага-тууган, куда-сөөк, жердештердин, замандаштардын, Айбектин кесиптештеринин, досторунун айткандары бизге кадимкидей кубат берип, орду толгус жоготуудан аз да болсо жооткотуп, акылга кайрып жатат...

...Бүгүнкү күн алааматтын күч алган мезгили. Бул апаат кайра күчөп, жаш карыга карабай тажаалданып турат. Биз буга жеңил карабайлы, агайын-туугандар. Ар бирибиз акыл калчап, айланага, азыркы акыбалга баа берип, учурду терең түшүнөлү.” Айбек Кулубаев 3-июлда пневмониядан көз жумду. Артында жубайы, төрт баласы, ата-энеси калды.

Кулукеев Асан

Кулукеев Асан

Мугалим · 53 жашта

Асан Кулукеев Кочкор районундагы Ара-Көл орто мектебинин окуу иштери боюнча директорунун орун басары, Билим берүүнүн отличниги. 24-июлда Кочкор райондук ооруканасында өпкө кагындан каза болду.

Анын бир тууган агасы Кулукеев Обозбек 3-июлда, эжеси Токтогулова Сайракан 13-июлда Кочкор райондук ооруканасында өпкө кагындан көз жумган.

Кулукеев Обозбек

Кулукеев Обозбек

Жеке ишкер · 57 жашта

Кулукеев Обозбек Бишкекте жашачу.

Кызы Кайыркүл: « 29-июнда баш калаадагы ооруканалардан орун табылбай, Кантка жаткырылган. Кошумча кант диабети оорусу да бар эле. Абдан эмгекчил, адамкерчиликтүү, адилеттүү, эч кимге зыяны жок, калыс адам эле. Дайыма тынбай иштеп, бизге жакшы тарбия берген. Кыздарына камкор ата, неберелерине мээримдүү таята болчу. Апамдын таянар тоосу эле. Бул оору менен 15 күн алышып жатып, жеңе албай кете берди. Азыркыга чейин ичим өрттөнүп, колуман жулдуруп ийгендей жүрөгүм канап жатат. Атамды сактап кала албадым», - деп эскерди.

Кулукеев Обозбек Кочкор районунун Ара-Көл айылында төрөлгөн. Эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) Кант шаарындагы ооруканада 3-июлда каза болду. Артында эки кызы, төрт небереси калды. Кулукеев Обозбектин бир туугандары Токтакунова Сайракан жана Кулукеев Асан да өпкө кагындан каза болушкан.

Курманалиев Рамазан

Курманалиев Рамазан

Милициянын майору · 57 жашта

Рамазан Курманалиев милициянын ардактуу эс алуудагы майору, 6-июлда эки өпкөсү кагынып каза болду.

Курманалиев Сабырбек

Курманалиев Сабырбек

ИИМдин генерал-майору · 66 жашта

Генерал-майор Cабырбек Курманалиев Ички иштер органдарындагы эмгек жолун 1980-жылы катардагы инспекторлуктан баштап, түрдүү жетекчилик кызматтарда, анын ичинде экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмдөрүндө иштеген.

Милициядагы 30 жылдык карьерасында Ички иштер министринин биринчи орун басары кызматына чейин жеткен. "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалынын жана башка мамлекеттик, ведомстволук сыйлыктардын ээси.

Сабырбек Курманалиевди Ички иштер министрлиги «чынчыл, ак ниет офицер, бүтүндөй өмүрүн милицияга арнаган патриот», «милициянын ишмердигин жакшыртууга, кылмыштуулукка каршы күрөшкө, коомдук тартипти сактоого олуттуу салым кошкон» деп эскерди расмий сайтында.

Сабырбек Курманалиев 1954-жылы Чүй облусунун Дмитриевка айылында туулуп, 2020-жылдын 4-июлунда пневмониядан каза болду.

Курманалиева Бекенгүл

Курманалиева Бекенгүл

Кызматкер · 45 жашта

Бекенгүл Курманалиева Кызыл-Октябрь айылындагы 14-китепканада китепканачы, 2008-жылдан баштап Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөтүнүн катчысы болуп иштеген. Айыл өкмөтүнүн ар тараптуу кызматтарын аркалап, элине үзүрлүү эмгеги менен таанылган.

Кыргыз Республикасынын Муниципалдык кызматынын отличниги төш белгисинин, Нарын облусунун "Ардактуу айымы", "Насаатчы"эл аралык коомдук фонду, "Айыл чарба профсоюзуна 100 жыл" мааракелик төш белгисинин ээси. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн "Ардак грамотасы", Кыргыз Республикасынын Аялдар конгрессинин "Ардак грамотасы", Борбордук шайлоо комиссиясынын "Ардак грамотасы" сыяктуу сыйлыктардын ээси болгон.

Бекенгүл Курманалиева 3 уул, 1 кыздын энеси. Орусияда иштеп жүргөн сиңдиси Гүлнура: “Бир туугандарым арасындагы эң шайырыбыз, боорукерибиз, токтоо мүнөзү менен айырмаланчу. Чоңубуздан, кичине небересине чейин сүйүп, жан дүйнөсүн ачып жашаган бир тууганыбыз эле. Алыстан келгенге мүмкүнчүлүк жоктон коштошо албай, колу-бутум байланып калды”.

Бекенгүл Курманалиева 13-июлда өпкө кагындан каза болгон.

Курманалиева Чынара

Курманалиева Чынара

Бухгалтер · 59 жашта

Чынара Курманалиева 1960-жылы Нарын облусунун Жумгал районунда төрөлгөн. 34 жыл Жумгал районундагы Жол курулуш башкармалыгында иштеди.

Артында үч кызы калды. Кызы Анара: “Абдан ак көңүл, калыс, чындыкты бетке айткан, боорукер адам эле. Эгер медицина жакшы болгондо апам дагы көп жыл жашамак. Ооруканадан орун таппай аябай кыйналдык. Кийин реанимацияга алып барсак, кечигип калганыбызды айтышты.

“Тез жардам” кызматы келбей, бизди кабыл алышпай, убакыттан уттурдук. Күтүүсүз жоготуу болуп, абдан жүрөгүбүз ооруп турат”, - деп эскерди. Чынара Курманалиева 14-июлда “Семетей” обсервациясында өпкө кагындан каза тапты.

Курманбаев Ратан

Курманбаев Ратан

Аскердик дарыгер · 58 жашта

Ратан Курманбаев отставкадагы подполковник, Тажикстандагы тынчтыкты орнотуу миссиясынын катышуучусу. Аскердик госпиталда иштеп жаткан.

Кызы Азиза: «Эки уул, эки кыздын эң мыкты атасы. Абдан мээримдүү, боорукер адам эле. Баарына жок дебей жардамга чуркачу. Билимдүү, сылык, маданияттуу эле. Жүрөгү алтын адам десем болот. Ар бир баласынын өзүнчө үйү болсо деп кыялданчу. Кичүү уулуна салып аткан үйүн бүтүрөм деп жүрүп, обсервацияга кетти. Атам иштеген Аскердик госпиталды обсервация кылышты. Ошол маалда анализ тапшырса терс чыгып, ишин уланта берди. 2004-жылы апам каза болгон. Ошондо эжемдин кант диабет оорусу башталган. Акыркы эки жылдан бери бөйрөгү ооруп жүргөн. Ага оору жугуп калды. Эжем да бул оорунун курмандыгы болду. Атам андан бир нече күндөн кийин эле көз жумду», - деп эскерди.

Курманбаева Алтынай

Курманбаева Алтынай

Үй кожойкеси · 33 жашта

Алты жаштагы уулу апасыз калды. Алтынайдын атасы аскер дарыгери Ратан Курманбаев да бул вирустан кызынан көп өтпөй каза болду.

Сиңдиси Азизанын айтуусунда Алтынайдын кант диабети оорусу жана бөйрөк жетишсиздиги бар эле. Дем алуусу начарлап, кыйналып жатып каза болду. “Абдан боорукер, күйүмдүү жан эле. Колунда барын эч кимден аячу эмес. Ал тургай уруша кетсек да тамашага салып турчу. Чындыкты бетке айткандан тайманчу эмес. Мээримдүү болсо да баарыбыз сестенип турчубуз. Баарыбызды башкарар эле. Атамды аябай жакшы көрчү. Кичинесинен эле атама өзгөчө жакын эле. Атам экөөнү элдин баары сүйчү. Эрчишип кете беришти”, - дейт Азиза.

Алтынай Курманбаева 2020-жылдын 26-июнунда өпкө кагындан каза болду.

Курманбекова Батисакан

Курманбекова Батисакан

Мугалим · 60 жашта

Батисакан Курманбекова эки уул бир кыздын энеси, балдарын жалгыз бой чоңойткон. Келини: “Кайын энем өз энемдей болчу, эч кимге зыяны жок, жаман ой, кастыгы жок адам эле. 3 баласын тең эч нерседен кем кылбай чоңойтту, тарбия берди. Карапайым жашады”, - деп эскерди.

Батисакан Курманбекова 8-июлда өпкө кагындан көз жумду.

Кускаков Акелең

Кускаков Акелең

Театр режиссеру · 68 жашта

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Акелең Кускаков Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын режиссеру болчу.

Акелең Кускаков Ташкенттеги Н.Островский атындагы көркөм театр институтунун киноактёрлук бөлүмүн, Москвадагы Луначарский атындагы Мамлекеттик театр искусствосу институтунун режиссёрдук курсун бүтүргөн.

Ж. Кулманбетовдун «Манас, Манас болгону», М. Байжиевдин «Алтынчы күнү кечинде», А.Чекировдун «Кызыл профессор», Д.Сариевдин «Кайран эл» сыяктуу бир катар спектакдерди койгон. Акелең Кускаков 1-июлда каза болду.

Кыдыралиев Ташыбек

Кыдыралиев Ташыбек

Ырчы, комузчу · 57 жашта

Ташыбек Кыдыралиев 1963-жылы 3-сентябрда Талас районунун Көпүрө-Базар айылында туулган. Бир уул, эки кыздын атасы. 2020-жылы 20-июлда эки өпкөнүн кагынынан Талас шаарындагы борборлоштурулган ооруканада 57 жаш курагында каза болду.

Эл арасынан чыккан комузчу, аккордеончу, мыкты аткаруучу, ойлоп табуучу, талыкпаган эмгекчил, шайыр адам эле.

Л

Лагутин Дмитрий

Лагутин Дмитрий

Жеке ишкер · 51 жашта

Достору:

“Спортсмен, десантник, эң ишенимдүү дос, ага, ата жана чоң ата эле. Бардыгыбыз аны сыйлап, жакшы көрчүбүз! Досторуна, жакындарына эшиги такай ачык эле. Орду толгус жоготуу”.

Дмитрий Лагутин 17-июлда өпкө кагындан каза болгон.

Лян Роман

Лян Роман

Пенсионер · 61 жашта

Роман Лян өпкө кагындан каза болду. Балдары: “Сүйүктүү жар, камкор ата жана чоң ата эле. Аны жоготконубузга ишене албай турабыз. Ата, сиз биздин ар дайым эсибизде болосуз”, - деп эскеришти.

М

Мавлянов Абдырахман Субанкулович

Мавлянов Абдырахман Субанкулович

коллеж директорунун кеңешчиси · 73 жашта · Эки тараптуу пневмония

22-июлда 73 жашында Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын мурдагы төрагасы, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, профессор, техника илимдеринин доктору Мавлянов Абдырахман Субанкулович каза болду. Мавлянов 24.06.2013 - 26.11.2017-жалдры Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасынын кызматын аркалаган. 2017-ж. ноябрынан бери өзү негиздеген "Инсан" экономика жана каржы колледжинин директорунун кеңешчиси болгон.

Мадалбеков Закир

Мадалбеков Закир

62 жашта

Закир Мадалбеков "Бишкексвет" муниципалдык ишкананын кампа башчысы болчу.

Кесиптештери: “Ишке аябай жоопкер мамиле кылчу, чогуу иштегендер аны аябай сыйлашчу. Закир байке, сиздин жоктугуңуз бизди кайгыга салды”, - деп эскеришти.

Закир Мадалбеков 9-августта өпкө кагындан көз жумган.

Маданбеков Жоломан

Маданбеков Жоломан

коомдук ишмер · 70 жашта

Нарын Облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө бир нече жолу шайланган.

Жакындары: “ Атабыз 29 жашында Ак-Талаадагы бирден бир чоң делген "Тоголок-Молдо" колхозуна башкарма болуп, "бала башкарма" деген атка конгон. Ал коомдук иш менен үй-бүлөлүк маселелерди бирдей ала жүрдү, үч уул, төрт кызын жогорку билим берип, өстүрдү. Азыр аларда өз тармактарында жетекчилик кызматтарды аркалап келишүүдө. Атабыздын элеси эсибизден эч өчпөйт. Балдары эмгегин улантабыз”, - деп эскеришти.

Маданбеков Жоломан 18-июлда Бишкектеги республикалык ооруканада пневмониядан каза болду.

Мадеюев Ахмат

Мадеюев Ахмат

Эксперт · 53 жашта

Ахмат Мадеюев 1996-2000-жылдары «Сорос-Кыргызстан» фондун башкарган. Акыркы жылдарда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирикмесинин эксперттик кеңешинин мүчөсү, Коомдук технологиялар борборунун башкармалыгынын төрагасы болуп иштеген. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирикмесинин некрологунда Ахмат Мадеюев кесипкөй адис, терең билимдүү, эксперттик коомчулукта кадыр-барктуу адам катары кесиптештеринин, санаалаш жакындарынын эсинде калганы жазылган. Ахмат Мадеюев 1-сентябрда өпкө кагындан каза болду.

Маджумаева Раиса

Маджумаева Раиса

Пенсионер · 65 жашта

Маджумаева Раиса беш баланы төрөп, тарбиялап өстүргөн камкор эне, бактылуу чоң эне эле. Күйөөсү эки жыл мурун каза болгон.

Кызы Салтанат: “5 маал намазын үзбөй окуп, атабызга улам куран багыштап турчу. Биздин бактыбызды тилечү. Арманыбыз – неберелеринин тоюн көрбөй калды. Төрүбүздүн көркү болуп, ак батасын берип жүрсө болмок да. Элге келген апаат, оору апабызды алып кетет деп үч уктасак түшүбүзгө кирген эмес. Апабызды сактап кала албадык, аттиң”, - деп эскерди.

Маджумаева Раиса Кара-Суу районунун Правда айылында төрөлгөн. Бишкек шаарындагы № 1 шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө алты күн жатып, 4-июль күнү жашоо менен кош айтышты.

Мадраимов Абдыбакы

Мадраимов Абдыбакы

энергетик · 67 жашта

Абдыбакы Мадраимов 1953-жылы 12-майда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Жапа-Салды айылында туулган. Облустук кеңештин 1 жолку, райондук кеңештин 3 жолку, айылдык кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты.

"КМШнын эмгек сиңирген энергетиги". Кыргызстан энергетиктеринин облустук, райондук сыйлыктарына татыктуу болгон.1970-жылы "Октябрь" совхозунда жумушчу.1971 - 73-жылдары Амур облусунда аскердик кызматын өтөп келген.1974-жжылы Ала-Бука райондук электр тармагында айдоочу, 1976 - 78-жылдары кампа башчысы,1978 - 81-жылдары мастер,1981 - 86-жжылдары райондук электр тармак жетекчисинин орунбасары болуп иштеген 1986 - 2000-жылдары жылдары Ала-Бука райондук электр тармагында жетекчи, 2000 - 2003-жылдары башкы инженер, ага мастер, ал эми 2004 - 2008-жылдары райондук кеңештин төрагасы.

2008-жылдан 2013-жылга чейин райондук электр тармагынын жетекчиси болуп иштеген. 2013-жылдан 2019-жылга чейин Кербен кичи станциясынын топ башчысы. 2019-жылдан бери болуп иштеп келе жаткан. Абдыбакы Мадраимовдун артында 5 уул,1 кызы,15 небереси калды.

А. Мадраимов 2020-жылы 26-июлда өпкө кагындан каза болду.

Майлыбашева Чолпон

Майлыбашева Чолпон

Педагог · 64 жашта

Майлыбашева Чолпон Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин окутуучусу, педагогика илимдеринин кандидаты, “Билим берүүнүн отличниги”.

Улуттук университетте 38 жыл иштеген. Студенттерге алгебра, геометрия, топология жана жогорку математика сабактарын окутчу. 80ден ашык илимий методикалык эмгектердин, 19 окуу колдонмо адабияттын автору. Атасы, белгилүү математик Маамет Койчумановдун учугун улап келаткан.

Майлыбашева Чолпон 1956-жылдын 10-январда Ат-Башы районунда туулган. 2020-жылы 13-июлда эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) каза тапты.

“Ажайып гүлдөй ачылган,

Кызыл гүл элең, жан эжем.

Асманда Чолпон жылдыздай,

Жаркырап турчу жан элең.

Бардыгына нур чачкан,

Күн элең го, жан эжем!

Эли-журтун ойлогон,

Камкор элең, жан эжем.

Боздотуп кетти, кара өлүм,

Буркурап ыйлап жатабыз”, - деп бир тууганы Жылдыз Койчуманова, жээни Айсулуу Айтимбетова жазганын “Кактус Медиа” жарыялады.

Макеева Съездгүл

Макеева Съездгүл

Экономика илимдеринин кандитаты, профессор · 64 жашта

Макеева Съездгүл өмүрүнүн акыркы мезгилинде Кыргыз Республикасынын президентине караштуу башкаруу академиясында окутуучу болуп иштеп жаткан. Ага чейин ага бул академиянын түштүк аймагындагы боюнча мурдагы директору болгон. Билим берүү боюнча эксперт эле. Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлүп, өскөн.

“Абдан чынчыл, шайыр, жашоону сүйгөн адам эле. Биздин өлкөдө жашоо оңолуп, карапайым эл жакшы жашаса деп кыялданчу. Ар бир мүнөттөн ырахат алып жашады”, - деп эскерди жалгыз кызы Асел.

Макеева Съездгүл эки өпкөсүнөн кагынып, 2-июлда каза болду.

Макиев Уланбек

Макиев Уланбек

Жеке ишкер · 52 жашта

Уланбек Макиев Бишкекте жашачу, 2 кыз, 2 уулдун атасы. 15 күндөй ооруп, Таш-Мойнок айылындагы ооруканада 16-июлда өпкө кагындан көз жумду.

Жубайы: “Абдан мекенчил эле, эч нерсени тайманбай бетке айтчу. Акыркы болуп жаткан окуяларга абдан түпөйүл болуп, бийликке нааразы болуп жүргөн. Кыргызстан гүлдөп өнүксө, мыйзамдуулук орносо деп кыялданчу. Неберелерибиз кандай өлкөдө жашайт деп түйшөлчү.

Ооруп жатканда телефонду алып “кичине алаксы” десем да болбой койду. “Ушул азыркы бийликтин жүзүн көргүм келбейт” - деп туруп алды. Кесиби боюнча юрист эле, милиция болуп 10 жыл иштеген”, - деп эскерди.

Максутова Назгүл

Максутова Назгүл

Бухгалтер · 63 жашта

Назгүл Максутова Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында 1957-жылы туулган. Өз айылында бир топ жыл бухгалтер болуп эмгектенген. «Эне даңкы», «Баатыр эне» сыйлыктарынын ээси.

Тогуз баласынын бири апасын «Апам ооруп калган күнү Бишкектеги ооруканалардын бирине да албай коюшту. Туугандарыбыз аркылуу тактап, «Семетей» обсерваторуна жаткырдык. Эптеп дем алдыруучу аппарат тапсак, дары-дармекке муктаждык жаралды. Ал табылбайт. Шаарга келип, издөөгө туура келди. Бир топ убакытты жолго эле коротуп алдык. Эч кандай шарты жок ооруканаларды эмнеге ачышты? Эмне үчүн аппараттар менен жабдып коюшкан жок? Канчалаган үй-бүлө бизге окшоп сыздап калды. Апакем назик, ыр жандуу, сөзмөр акын эле» - деп эскерди.

Назгүл Максутова 16-июль күнү өпкө кагындан каза болгон.

Максүтов Асанбек

Максүтов Асанбек

Пенсионер · 80 жашта

Асанбек Максүтов Нарын облусунун Ат-Башы районунда 1940-жылы төрөлгөн. Балдары: “Атаке, жаткан жериңиз жайлуу болсун! Сиз эң жакшы ата элеңиз. Арабыздан шум ажал алып кетти. Кош, ата!”, - деп жазышты.

Асанбек Максүтов 21-июлда өпкө кагындан көз жумду.

Маманазаров Авазбек

Маманазаров Авазбек

Салык инспектору · 64 жашта

Авазбек Маманазаров 2020-жылы 14-июлда өпкөнүн кош тараптуу кагынынан каза болду. Жакындары анын өтө жумшак, берешен, жаркылдап ачык-айрым жүргөн киши катары эскеришти.

Мамбетов Жаныбек

Мамбетов Жаныбек

Медицина илимдеринин доктору, профессор · 59 жашта

Мамбетов Жаныбек, медицина илимдеринин доктору, медициналык академиянын урология жана андрология кафедрасынын профессору.

“Канча адамдын кыйналганын жеңилдетип, ден-соолугун чыңдаганга жардам берип, эми минтип өзү кетип калды. Жаныбек ава, жашабайт белеңиз, кыргыз медицинасын алдыга сүрөбөйт белеңиз, эмнеге кеткенге шаштыңыз? Жакында эле сүйлөшкөндө, баары жакшы дебедиңиз беле. Дагы канча адам кетиши керек, канча мыкты дарыгерлерибизди жоготушубуз керек? Абалды колго ала турган, дарыгерлерге дем бере турган күн келеби, же ээлеген ордуңардан куубасын деп, креслоңорго жабышып отура бересиңерби?», деп, муңканып эскерет жарандык активист Рита Карасартова.

Профессор Жаныбек Мамбетов таланттуу дарыгер эле эмес, агартуучу да болчу. “Азаттыкка” такай эксперттик пикирлерин билдирип турчу. Жаныбек Мамбетов 20-июлда коронавирустун кесепетинен мезгилсиз дүйнө салды.

Мамбетов Тилек

Мамбетов Тилек

Дарыгер · 66 жашта

Тилек Мамбетов Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган. Эмгек сиңирген дарыгер, Саламаттык сактоонун отличниги жана «Ардактуу дарыгер» медалынын ээси. 37 жыл Куруучулар ооруканасында башкы дарыгер болуп эмгектенген. Бир жылдан бери Ош шаардык ооруканасында терапия бөлүмүн жетектеп турган. Артында эки уул, бир кызы калды.

Тилек Мамбетов эки тараптуу пневмониядан 31-октябрда каза болду.

Мамбетсадыкова Нуриля

Мамбетсадыкова Нуриля

Медайым · 59 жашта

Бишкек шаарынын тургуну, кесиби медайым, коронавирустан 3-июлда Бишкекте каза болду. Бир туугандары аны өтө жоош, мээримдүү, кудайды сүйгөн адам эле деп эскеришти.

Маметова Бактыгүл

Маметова Бактыгүл

Фармацевт · 53 жашта

Бактыгүл Маметова Бишкектеги аптекалардын биринин жетекчиси болгон. “Жолдошумдун бир тууган эжеси эле. Мени өз сиңдисиндей көрүп, көп акыл кеңештерин айтчу. Абдан боорукер, ак көңүл, эл менен тез тил табышып, бирөөгө эч жамандыгы жок абжем болчу”, - деп эскерди келини.

Кайынэжеси уулун үйлөнтүп, кызын окутууну кыялданып жүргөнүн кошумчалады. Бактыгүл Маметова 8-июлда өпкөнүн кош кагынуусунан көз жумганын жакындары кабарлашты. Артында эки уулу, бир кызы калды.

Мамыркулова Назгүл

Мамыркулова Назгүл

мугалим · 38 жашта

Мамыркулова Назгүл Бишкек шаарындагы 26-мектеп гимназиясынын англис тили мугалими болуп иштечү.

Жеңеси Венера: “Үй-бүлөдө алты бир туугандын эң кенжеси болчу. Атам менен апамдын эрке кызы эле. Он алты жылдан бери англис тили мугалими болуп иштеп келди. Жумушка абдан жоопкерчиликтүү адам эле. Кесиптештери, окуучулары аны терең сыйлашчу. Кыздардын улуусу 18 жашта, кичүү уулу 2 жашта гана болчу.

Келечекте коптогон максаттары, кыялдары бар эле. Аты жаман оору апасын, бир туугандарын, балдарын сыздатып алып кетти”, - деп эскерди. Мамыркулова Назгүл 1981-жылы 18-декабрда Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылында туулган. 2020-жылы 9-июлда пневмониядан көз жумду. Артында үч кызы, эки жаштагы бир уулу калды.

Мамытов Токтобек

Мамытов Токтобек

журналист, акын · 81 жашта

Токтобек Мамытов 1939-жылы Кемин районундагы Кайыңды айылында төрөлгөн. 1958-жылы №5-кыргыз орто мектебин, 1964-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

Республикалык гезит-журналдарга, «Дүбүрт», «Учкун» альманахтарына жарыяланган ырларынын айрымдарына белгилүү композиторлор обон чыгарышкан. Жемиштүү эмгеги менен таанымал акын, белгилүү журналист жана котормочу, бир нече ардак грамоталардын жана төш белги сыйлыктардын ээси болчу.

Токтобек Мамытов 8-августта өпкө кагындан каза болду.

Манапбаев Нурланбек

Манапбаев Нурланбек

Суу чарба адиси · 53 жашта

Нурланбек Манапбаев Жалал-Абад облустук Базар-Коргон районундагы суу чарба башкармалыгында 30 жылдан ашуун иштеген адис. Артында төрт баласы калды.

Атасынын кызы Нурсулуу: “Атам аябай билимдүү адам эле. Оор басырыктуу, сабырдуу болчу. Ишин аябай сүйүп иштеп, жоопкерчиликтүү адам эле. 500 сом айлыкка 30 жылдан бери топук кылып, иштеп жаткан. Балдарын окутуп, баарын турмушта жайгаштырды”, - деп жазды.

Нурланбек Манапбаев 2020-жылы 8-июлда Жалал-Абад облустук ооруканада таажы вирустун өтүшүп кеткенинен көз жумду.

Мангушева Галина

Мангушева Галина

Лаборант · 69 жашта

11-июлда Токмок шаарындагы ооруканада пневмониядан каза болду. Балдары: “46 жыл бою Токмок ооруканасынга лаборант-гистолог болуп иштеди. Апакем абдан боорукер эле, ким жардам сураса жетип барчу. Абдан шайыр, активдүү болчу. Бул оорудан аман калбады”, - деп эскеришти.

Мангылова Мария

Мангылова Мария

Баатыр эне, ардагер · 74 жашта

Мангылова Мария чабандын жардамчысы болуп өмүр бою иштеген.11 бала төрөп, мамлекеттен “Баатыр эне” наамын алган.

Балдары: «Жакшы эле аракет кылсак да, апабызды ажал колубуздан сууруп кетти. Ооруканада орун жок, үйдөн дарыладык. Чубак ажы Жалилов каза болгонун угуп, апакебиз аябай ыйлап, кайгырды эле. Өзү да кычкылтек жаздыгын толтуруп келгиче бир жутум абага зар болуп, бизди таштап кете берди. Абдан калыс, кайраттуу, чынчыл адам эле», - деп эскеришти.

Мангылова Мария 1946-жылы 20-сентябрда Нарын районунун Миң-Булак айылында туулган. 2020-жылы 14-июлда эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) каза болду.

Марапиков Баходир

Марапиков Баходир

Жеке ишкер · 43 жашта

Марапиков Баходир Бишкек шаарындагы “Кудайберген” базарында иштечү.

Досу Мансурдун эскерүүсү: “Жашоону сүйгөн адам эле. Пандемия башталганда мурунку жашоого качан кайтып келебиз деп көп сурап калар эле. Акыркы күндөрдөгү окуяларга аябай сарсанаа болуп жаткан. Стресс да болуп жүрдү. Шахмат ойногонду жакшы көрчү. Түнү менен ойноп чыккан күндөрүбүз болгон. Сабырдуу, эмгекчил адам эле».

Марапиков Баходир Ош шаарындагы туугандарына барып, 5-июлда пневмониядан үйдө каза тапкан. 3 балалуу эле.

Матеев Мырзабек

Матеев Мырзабек

Профессор · 61 жашта

Мырзабек Матеев 1959-жылы Чүй облусундагы Кара-Балта шаарында төрөлгөн. 1976-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун дарылоо факультетине келип кирип, 1982-жылы бүтүрүп чыккан.

Профессор Матеев Кыргыз-Орус славян университетинин хирургия кафедрасынын, Кадрларды кайра даярдоо, Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун жаңы технологиялар кафедрасынын профессору, Улуттук аттестациялык комиссиянын эксперттик комиссиясынын мүчөсү болчу.

Мырзабек Матеев ондогон илимий эмгектердин, көптөгөн издеп табуулардын автору, Европа менен Азиядагы бир нече илимий жыйындардын катышуучусу, эл аралык стандарттагы сертификаттардын ээси эле. Профессор Матеев Европа микрохирургдарынын эл аралык ассоциациясынын (E.F.S.M) мүчөсү, колдун хирургиясы боюнча эл аралык кеңештин мүчөсү, хирургиянын ар кыл тармактарына жаңы усулдарды активдүү киргизген окумуштуу болгон.

Мырзабек Матеев 8-августта өпкө кагындан каза болду.

Матраимова Рахиля

Матраимова Рахиля

Дарыгер · 53 жашта

Рахиля Матраимова 1967-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында төрөлгөн. 1991-жылы Бишкектеги Иса Ахунбаев атындагы медициналык институтту аяктаган. Рахиля Матраимова Ош шаарында өз алдынча жеке клиника ачып иштеп жаткан. Артында жалгыз уулу калды.

Рахиля Матраимова 53 жашында 23-июлда өпкө кагындан оңоло албай каза болду.

Матянью Айшам

Матянью Айшам

Пенсионер · 66 жашта

Айшам Матянью көп жыл дыйканчылык кылган мээнеткеч аял эле. Эки баланын энеси. 2020-жылы 27-июнда таажы вирустан каза тапты. Эки аптадан кийин, 11-июлда күйөөсү Матянью Ильяс да ушул капыс дарттан көз жумду.

Балдарынын эскерүүсү: “27-июнда биздин үйдүн “билги саяры” жарык дүйнөнү таштап кетти. Биздин чоң үй-бүлөбүздүн апасын “билги саяр - компютер” деп койчубуз. Ал бардык белгилүү күндү, окуяларды эстеп калчу, эмне сурасаң илгиртпей жооп берчү. Биздин туугандардын “мээси”, “жүрөгү” эле. Боорукер, күйүмдүү, көп улуттуу үй-бүлөбүздө бардык салттарды сактап башкарып турчу. Атамдын сүйүктүү жары эле. Аны бардык жагынан колдочу. Апам “таажы вирус башаламандыгынын” курмандыгы болду. 19-июнда кичине дене табы көтөрүлүп, эки-үч күндөн кийин терапевтке кайрылдык. Телефондон дары жазып берип, үйдөн чыкпасын деди. Таажы вирус диагнозу такталбаган бейтаптарга “Тез жардам” келбейт экен, ооруканалар албайт экен. Шейшембиде “118ге” чалып, мобилдик бригада 26-июнда жума күнү араң келди. Ишемби күнү эртең менен апабыздан айрылып калдык”, - деп эскеришти.

Айшам Матянюнун артында эки баласы калды. Аялы өлгөндөн эки аптадан кийин күйөөсү Ильяс Матянью да өпкө кагындан каза болду.

Матянью Ильяс

Матянью Ильяс

Пенсионер · 69 жашта

Ильяс Матянью 1951-жылы 20-февралда Кытайдын Кулжа шаарында туулган.

1958-жылы Кыргызстанга үй-бүлөөсү менен көчүп келген. Алты бир туугандын улуусу болгондуктан, эрте жаштан эле турмуштун түйшүгүн тартып, абдан эмгекчил болгон.

Балдары аны: “Абдан боорукер, акылман эле, туугандарынын, жакындарынын сый-урматына татыган. Кимге жардам керек болсо, дайыма колунан келгенин берчү. Жакындары, туугандары, үй-бүлөсүнө жашоосун арнады. Бирок, ал ооруп калганда ага эч ким жардам бере албай койду”, - деп эскеришет. Жубайы Айшам Матяньюдан эки апта өткөндөн кийин 2020-жылы 11-июлда таажы вирустан көз жумду. Артында эки баласы калды.

Минбаев Каныбек

Минбаев Каныбек

Aйдоочу · 54 жашта

Минбаев Каныбек Орусиянын Тюмень шаарында маршруттук такси айдачу. Мурда аскер кызматкери болгон. Карындашынын айтымында, ал быйыл мекенине келип, салдырып жаткан үйүн бүтүрүп, Кыргызстанда биротоло калуу максатына жетпей калды.

“Абдан боорукер, тууганчыл, сөзгө бек адам эле. Быйыл Кыргызстанга биротоло барып, тамды бүтүрүп, өзүм үчүн жашайм деп жаткан”, - дейт карындашы.

Минбаев Каныбек 1964-жылы 2-декабрда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылында туулган. 1983-жылы Орусиянын Пермь шаарына армияга барып, кызмат өтөгөн соң, аталган шаарда көп жыл бою милиция кызматында иштеген. Чечен согушунун ардагери. Ардактуу эс алуудагы акыркы жылдарында Тюмень шаарында айдоочулук кесипти аркалап жүргөн.

Минбаев Каныбек 17-июлда Тюмень шаарындагы ооруканада көз жумду. Артында бир кызы калды.

Молдобаев Шамсудин

Молдобаев Шамсудин

Пенсионер · 60 жашта

Шамсудин Молдобаев Коргонуу министрлиги, Чек ара кызматынын батирлерди пайдаланууга берүү башкармалыгынын жетекчиси болуп иштечү.

Жакындары: “Татыктуу уул, ата, чоң ата эле. Адилеттүүлүгү, кайраттуулугу менен көптөргө үлгү болчу”, - деп эскеришти.

Шамсудин Молдобаев кош өпкө кагынынан каза болду,

Молдобеков Майрамбек

Молдобеков Майрамбек

Мамлекеттик кызматкер · 52 жашта

Майрамбек Молдобеков 1968-жылы Талас облусунда туулган. Майрамбек Молдобеков 2019-жылдан бери Мамлекеттик салык кызматынын Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагындагы кыйыр салыктар менен иштөө боюнча Чүй жана Талас облустарындагы башкармалыгын жетектеген.

Майрамбек Молдобеков 7-августта өпкө кагынуудан (пневмония) каза болду.

Молдогазиев Нарынбек

Молдогазиев Нарынбек

Айдоочу · 68 жашта

Нарынбек Молдогазиев Нарын шаардык автобазада жүк машина айдап, ардактуу эс алууга чыккан. Акыркы жылдары Республикалык Кан борборунда эмгектенип жүргөн. Беш баланын атасы.

“Биздин алтындай болгон атабызды бул илдет колубуздан жулуп кетти. Балдарын үйлөп, неберелери жетилип, эр азамат болгондо чебере көрбөй бизди таштап кетти. Нарында атабызды көбү таанып, мактап калар эле. Ал өзү момун, бирөөгө залакасын тийгизбеген, жүрөгүн оорутпаган адам эле” - деп эскеришти балдары.

Нарынбек Молдогазиев 14-июлда өпкө кагындан каза болгон.

Молдогазиева Нуржан

Молдогазиева Нуржан

53 жашта

Нуржан Молдогазиева сүйүктүү жубай, эки уулдун апасы, Ысык-Көл районунун Кожояр айылындагы кадырлуу аялзаттарынын бири болчу. Ал “Кожояр ата” коомунун мүчөсү Үсөнгазиев Темирболоттун жубайы.

"Нуржан Молдогазиева адам катары улуу-кичүүгө бирдей жаккан парасаттуу өмүр сүрдү, туулган жеринен да, келин болуп келген жеринен да сый-урматка бөлөнүп, Темирболот экөө кышын кынаган үй-бүлөнүн түйшүгүн эч бир жанга саласал кылбай, түндүгүнөн түтүн булатып, Кожояр элинин учун узартып келе жаткан… Эми минтип бүгүн жоктогонго туура келип жатат. Бир боорубуздун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун” - деп эскерди аны Мирлан Тиленчиев.

Нуржан Молдогазиева 16-июлда коронавирус инфекциясынан Бишкекте көз жумду.

Молдоканов Аалы

Молдоканов Аалы

Котормочу, публицист · 69 жашта

Аалы Молдоканов белгилүү котормочу, публицист, акын-пародист, кыргыз тилинин өнүгүшүнө зор салым кошкон адис болчу. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы, өкмөткө караштуу Терминологиялык комиссиянын мүчөсү, СССР Журналисттер союзунун анык мүчөсү катары Молдоканов мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө баалуу эмгек өтөдү.

Өкмөт жетекчилигинин, илим жана маданият тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн атынан жарыяланган көңүл айтууда Молдоканов өз элинин мекенчил уулу, чынчыл, беттегенин бербеген көкжал, ошол эле учурда ар бир шакиртине атадай кам көргөн боорукер жана эмгекчил инсан болгону белгиленди.

Аалы Молдоканов күтүүсүз илдеттен 8-июлда дүйнө салды.

Молдомусаева Каныш

Молдомусаева Каныш

Терапевт -дарыгер · 59 жашта

Молдомусаева Каныш Бишкек шаарындагы №7 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери, жогорку категориядагы терапевти болчу. “Саламаттык сактоо кызматынын отличниги” төш белгиси менен сыйланган. Ишине чексиз берилген. “Тез жардам” кызматынын түнкү нөөмөтүндө да иштечү. Уул-кызын жалгыз чоңойткон.

“ Алгач сасык тумоодой эле ооруп баштады. Анан бөйрөктөрү иштебей калды. Биз реанимация издеп шаарды түрө кыдырдык. Реанимация тапсак, тез жардам унаасы жок. Ошентип убакыттан уттуруп, апабыздан 8-июлда айрылып калдык. Дарыгерлер, эгер, өз убагында орун табылса, реанимация жасалса тирүү калмак дешти, - деп эскерди апасынын оору менен алышкан акыркы күндөрү тууралуу кызы, - Мен акыйкаттык издеп Саламаттык сактоо министрине кат жаздым. Алар бизге бир кайрылып коюшпады. Дарыгердин өлүмүнө бийлик эмнени убада кылса берсе болмок. Убагында жакшы ооруканаларды курса, балким, апам тирүү калмак”.

Молдомусаева Каныш 1961-жылы туулган. Капыстан келген дарттан 2020-жылы 8-июлда каза болду. Артында бир уул, бир кызы калды.

Молдосанов Канат

Молдосанов Канат

Куткаруучу · 42 жашта

Молдосанов Канат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн улук техниги, улук прапорщик. Министрликтин өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгында 1999-жылдын январынан бери иштеп келаткан.

ӨКМдин “Кынтыксыз кызматы үчүн” II жана III даражадагы медалдары, “Өрткө каршы мамлекеттик кызматына-85 жыл” юбилейлик медалы менен, 2012-жылы Президенттин атайын сааты менен сыйланган.

Молдосанов Канат өпкөсүнөн кагынып (пневмония) 17-июлда каз болду. Артында жубайы, 4 баласы калды.

Музаева Элнура

Музаева Элнура

Бишкектеги №78 гимназиянын директору · 54 жашта

“Элнура Турдукуловнанын жетекчилиги менен Көлмө конушундагы мектеп аккредитациядан кийин гимназия макамын алган. Өтө жоопкерчиликтүү, ишин мыкты билген, даанышман, адамдык сапаты жогору жетекчи эле...”, - деп эскерет Бишкек мэриясы.

Элнура Музаева күйөөсү Уранбек Кубатбеков көз жумгандан кийин инсульт алып, шейшембиге караган түнү реанимацияда үзүлгөнүн жакындары айтышты. Рентген өпкөсүнүн 80% жабыркаганын аныктаган.

Мукамбетөмүров Бектемир

Мукамбетөмүров Бектемир

Дарыгер, нейрохирург · 67 жашта

Бектемир Мукамбетөмүров жогорку категориядагы врач-нейрохирург болгон. 2003-жылдан бери №2 Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүн жетектеп келген. Ал 2010-жылы июнь коогасында адам өмүрү үчүн күрөшкөндөрдүн сап башында турган.

Бектемир Мукамбетөмүровдун медицина тармагындагы ишмердиги 1978-жылы Нарын шаарында башталган. Ал 1953-жылы 5-январда Нарын облусунун Эмгекчил айылында туулган. 2020-жылдын 6-июлунда эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) каза болду.

Муканбетов Нурланбек

Муканбетов Нурланбек

Жеке ишкер · 49 жашта

1971-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунун Терек-Суу айылында төрөлгөн. Бишкекте Ак-Ордо жаңы конушунда турчу. «Мега Комфорт» соода борборунда жеке ишкерлик кылып, терезе жалюзилерин жасачу.

8-июлда Бишкектеги Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө эки өпкөсү кагынып (пневмония) каза болду. Агасы Замир: «Мындан 3 жыл мурун так ушул күнү апабыз каза болгон. Бул тагдырдын белгисиби? Аркасында үч эркек баласы калды. Жалгыз кыялы – уулдарын чоңойтуп, үйлөнтүп, тарбия берүү эле. Мен нааразы болгонум – дарыгерлер 10 саат бою карабай коюшту. Кычкылтек концентраторун деле таап алып барып беришкен. Азыр эми кимди күнөөлөйбүз? Акыркы сөзү «Апа» болуптур. Ортончу уулу чоңойсом дарыгер болом деп кыялданып жатат», - деп эскерди.

Муллажанов Марибжан

Муллажанов Марибжан

ОШМУнун окутуучусу · 80 жашта

Марибжан Муллажанов, педагог, өмүрүнүн аягына чейин Ош мамлекеттик университетинин аскердик кафедрасында эмгектенди. 8-июлда өпкөсүнөн кагынып (пневмония) дүйнө салды.

"Таякем мүнөзү жумшак, тартипке бекем инсан катары эсимде калды. Өмүрүнүн баарын аскер жашоосуна арнады. Пенсияга чыкса да сүйүктүү кесибин таштабай, университетте студенттерге аскер сырларын үйрөттү. Таякем туугандардын эң интеллектуалы, эң адилеттүүсү, эң маданияттуусу эле. Кимге болбосун "балаңды окут" деп кеңеш берчү. Эч кимге, ал тургай үй-бүлө мүчөлөрүнө да "сен" деп кайрылган эмес. Адамдын баарын "сиз" дечү...", - деп эскерет анын жээни Санжар.

Мундузбаев Абдыкарим

Мундузбаев Абдыкарим

Экономист · 63 жашта

Абдыкарим Мундузбаев 1956-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Карача айылында туулган. Биртоп жыл бугалтер болуп иштеп, акыркы жылдары ардактуу эс алууда болчу.

Балдарынын эскерүүсү: “Абдыкарим атабыз боорукер, балдарына камкор ата, неберелерине сүйүктүү чоң ата, туугандардын, достордун арасында кадыр-барктуу, бирөөгө зыяны жок, бардык адамдарга тегиз мамиле кылган, жоопкерчиликтүү, ички дүйнөсү таза инсан болчу.”

Абдыкарим Мундузбаевдин артында жубайы 2 кызы,1 уулу жана 9 небереси калды. 8-июлда Таш-Дөбө айылындагы Курортология институтунда өпкө кагындан каза болгон.

Муратаев Аскат

Муратаев Аскат

Ишкер · 35 жашта

Аскат Муратаев Бишкектеги “Тюбетейка” ресторандар түйүнүнүн менеджери болчу.
Жакында эле балалуу болгон. Достору аны ачык айрым, шайыр, мээримдүү адам катары эскеришет. Аскат Муратаев 1-июлда агасынан айрылган. 3-июлда өзү өпкөсүнөн кагынып (пневмония) дүйнө салды.

Мураталиев Марат

Мураталиев Марат

Ишкер · 40 жашта

Марат Мураталиев ишкер болчу. Бейпил жана өсүп-өнүккөн Кыргызстанда жашоону кыялданчу. Артында жубайы, төрт баласы калды.

«Абдан эмгекчил, адилет киши эле. Биз аны дайыма жылмайып жүргөн, юморду сүйгөн, интеллектуал жана чындыкты айтуудан коркпогон адам катары эстеп жүрөбүз» деп эскерди досу.

Марат Мураталиев 1980-жылы 11-февралда туулган. 2020-жылы 11-июлда эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) каза болду.

Мураталиев Рысбай

Мураталиев Рысбай

спорт комплексинин кызматкери · 63 жашта

Нарындагы балдар-уландардын ден соолугун чыңдоо комплексинде эмгектенчү.Спортту, сергек жашоону сүйчү.

«Баарыбыздын орун очок алышыбызды кыялданчу. Күзүндө кичүү инибиз үйлөнмөк. Ошол тойду көрбөй калды», - деп эскерди балдары.

8-июлда Нарын шаарындагы ооруканада эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) көз жумду. Артында алты баласы, 16 небереси калды.

Мураталиева Айгүл

Мураталиева Айгүл

Мугалим · 72 жашта

1948-жылы 15-августта Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1959-жылы Ленинграддагы А.Я.Ваганова атындагы хореографиялык окуу жайына кабыл алынган. 1968-жылы аталган окуу жайын аяктап Кыргызстанга кайтып келип Фрунзедеги Опера жана балет театрына бийчи болуп кабыл алынган.

1989-жылдан тарта Фрунзедеги хореографиялык окуу жайында классикалык бий боюнча мугалим болуп иштей баштаган.

2006 - 2017-жылдары Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайдын көркөм жетекчиси болуп иштеген.
2006-жылы Айгүл Мураталиевага “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы ыйгарылган.
Узак жылдарга созулган эмгек жолунда Айгул Мураталиева биртоп сыйлыктарга, ардак белгилерге татыктуу болгон, классикалык бий - балет өнөрүнүн ондогон жаш таланттарына таалим-тарбия берген. Алар ушу тапта Кыргызстанда, чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт.

Айгүл Мураталиева 72 жаш курагында 2020-жылдын 26-июлунда өпкө кагындан каза болду.

Муратов Абдиманап

Муратов Абдиманап

Медицина илимдеринин доктору · 59 жашта

Абдиманап Муратов - медицина илимдеринин доктору, профессор. Саламаттык сактоо жана Билим берүү министрликтеринде министрдин орун басары кызматтарын аркалаган. Президенттин, өкмөттүн аппараттарында иштеп, акыркы жылдары дарыгерлик кесибине кайткан.

Кардиолог-дарыгер, окумуштуу коронавируска каршы күрөш боюнча илимий-консультативдик кеңештин мүчөсү катары пандемияга каршы илимий эмгектерин жарыялаган. Абдиманап Муратов 1961-жылы Ош облусунун Мады айылында туулуп, 2020-жылы 4-июлда пневмониядан каза болду.

Муратов Сайдибакказ

Муратов Сайдибакказ

Мугалим · 34 жашта

Сайдибакказ Муратов англис тили мугалими болгон. Кесибине чексиз берилген педагог эле. Кызыл-Кыя шаарындагы кыргыз-түрк “Сапат” лицейинде иштеп келаткан.

“Сизчелик окуучуларыбыздын жүрөгүндө орун таба албадык. Эки сөзүңүздүн бирөө "окуучуларым" деген сөз эле да”, - деп эскерет замандаштарынын бири.

“Мугалимдик кесиптин чокусунда элеңиз. Көп нерсени бирдей алып жүргөн эмгекчил мугалим элеңиз. Окуучуларга эң сонун мотивация берчүсүз”, - деп эскерет окуучуларынын бири Акылтай Маматов.

“Жан дүйнөң таза, адамгерчиликтүү, ыймандуу жигит элең! Талыкпай жаш муундарга билим берген, өз кесибиң сүйчү элең!”, - деп замандашы Иса Үсөнов маркумдун "Фейсбуктагы" барагына жазды.

Сайдибакказ Муратов 1986-жылы Кадамжай районунун Майдан айылында туулган. Коронавирустун кесепетинен 2020-жылы 2-июлда дүйнөдөн өттү.

Мурзабеков Мирбек

Мурзабеков Мирбек

Байланыш ардагери · 61 жашта

Мирбек Мурзабеков радиорелейлик магистралдардын телекөрсөтүү жана радио уктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмесинин (РПО РМТР) жетекчиси, “Кыргызтелеком” ишканасынын директорлор кеңешинин төрага орун басары сыяктуу кызматтарды аркалаган. “Даңк” ордени менен сыйланган.

Байланыш, телевидение тармагынын жана мобилдик түйүндөрдүн өнүгүшүнө чоң салым кошуп, аналогдук системадан санарипке өтүүдө маанилүү роль ойногон ишмер катары элдин эсинде калды.

«Мирбек Жалиловичке кесипкөйлүк, чынчылдык, жөнөкөйлүк жана акылмандык мүнөздүү болчу. Өзүнө гана эмес, жакындарына да талапты кое билчү», - деп айтылат Кыргызстандын Байланыш ардагерлеринин коому жана «Кыргызтелеком» ишканасы тараткан билдирүүдө.

Мирбек Мурзабеков 1960-жылы Нарындын Жумгал районунун Чаек айылында төрөлгөн. Эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония), анын кесепетинен 2020-жылы 17-июлда каза болду.

Мурсалиева Мария

Мурсалиева Мария

Ардагер · 67 жашта

Мария Тентимишовна Мурсалиева 1953-жылы туулган. Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айылынын тургуну.

Кызы Чолпондун эскерүүсү: “Апам алгач ооруганда айылдык ФАПка кайрылып, ал жактан дарыланып жаткан. Бирок абалы оорлогондуктан Балыкчы шаардык ооруканага жаткырдык. Ал жактан кычкылтек аппаратында бир күн жатты, сатурациясы көтөрүлбөгөндүктөн, реанимацияга которушту. Бирок реанимацияга жетпей эле каза болду. Өмүрүнүн акырына чейин оору менен жакшы эле күрөштү.

Апам ак көңүл, кең пейил, боорукер, жүрөгү таза, эч кимдин көңүлүн оорутпаган, бардыгына бирдей мамиле кылган, эч кимден жардамын аябаган, мээримдүү адам эле. Неберелерин жанындай көрчү. Апам неберелерин багып шайдоот жүрсө эле өлүп калат деп эч ойлобоптурмун. Бул оору бат эле алып кетти. Энеден айрылуу абдан оор экен. Кабыргам кайышып сыздап отурам”.

Мария Мурсалиева 10-июлда Балыкчы шаардык ооруканасында өпкө кагындан каза болду.

Мусаев Дүйшөн

Мусаев Дүйшөн

Мугалим, эсепчи · 61 жашта

Дүйшөн Мусаев кесиби боюнча мугалим эле. 2009-жылдан бери “Дордой Транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун жүргүнчү транспорту бөлүмүндө эсепчи болуп иштеп келген.

Курсташтары аны: “Ал мыкты уул, ата, чоң ата эле. Студент кезден башталган 38 жылдык узак достугубузда чынчылдыктын, адеп-ахлактын, кыйын учурда кол суна билгендиктин үлгүсүн көрсөттү. Ал дайыма жүрөгүбүздө жашайт”, - деп эскеришти.

Дүйшөн Мусаев Бишкектеги 1-шаардык ооруканада пневмониядан 1-июлда көз жумду. Артында жубайы, үч баласы, неберелери калды.

Мусаева Айнура

Мусаева Айнура

Мугалим · 55 жашта

Айнура Мусаева 2006-жылдан бери Бишкектеги №69-мектепте сабак берчү. Балдарды сүйгөн тарбиячы, өз кесибинин устаты, мугалимдин кызы болчу.

«Ал абдан мээрман, жоомарт киши эле. Башка бирөөнүн кайгысына кайдыгер карабай, дайыма жардамга умтулуп турчу. Жогорку моралдык жана абийир баалуулуктарын пир туткан адам эле», - деп эскеришти кесиптештери. Артында эки кызы, неберелери калды.

Айнура Мусаева 1965-жылы 4-майда туулган. Өпкөсүнөн кагынып (пневмония) 14-июлда дүйнөдөн кайтты.

Мусаева Умиджан

Мусаева Умиджан

Гепатолог-инфекционист · 66 жашта

Профессор Умиджан Мусаева боорду изилдөө боюнча Европа дарыгерлер бирикмесинин мүчөсү, саламаттык сактоо кызматынын отличниги болчу. Профессор өмүрүнүн акырына чейин жогорку окуу жайларында сабак берип келди.

Бүгүнкүнүн баатырларынын бири Умиджан Мусаеваны ал иштеген Medcenter.kg клиникасынын эмгек жамааты: «Жүрөгү кенен, кайраты мол, дайыма жардамга шашып турган адам эле…», - деп эскерет.

Умиджан Мусаева өпкөсүнөн кагынып (пневмония) 8-июлда дүйнө салды.

Мырзабекова Адинай

Мырзабекова Адинай

Студент · 21 жашта

Адинай Мырзабекова Медициналык академиянын 5-курсунун студенти, Бишкекте эпидемияга байланыштуу чукул ачылган күндүзгү стационардын ыктыярчысы болчу. Ал 11 күн тынымсыз абалы орто жана жеңил бейтаптар тейленүүчү «кызыл зонада» иштеген.

«Пандемия болбосо Германияга барып иштеп келүү планыбыз бар эле. Адинай экөөбүз чогуу кетебиз деп документтерди даярдап жаткан болчубуз. Эми анын баары ишке ашпай калды», - деп эскерет курсташтарынын бири.

Адинай медицина кызматкери болууну бала кезден кыялданчу. Ысык-Ата районундагы Юрьевка орто мектебин мыкты аяктап, жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алып, Медициналык академияга өткөнүн ата-энеси айтып беришти. Адинай төрт кыздын улуусу болгон.

Адинай Мырзабекованын ата-энесине Президент Сооронбай Жээнбеков барып көңүл айтты. Президенттин 15-июлдагы жарылыгы менен Адинайга “Эрдик” медалы менен ыйгарылды. Бир топ активисттер Бишкекке Адинайдын эстелигин орнотууну сунушташты.

Адинай Мырзабекова 14-июлда күзөттөн үйүнө барып жаткан бойдон өзүнө келе албай каза болду.

Н

Назырымбеков Космосбек

Назырымбеков Космосбек

Инженер-механик · 59 жашта

Космосбек Назырымбеков инженер-механик болгон. 60 жылдык мааракесин үй-бүлөсү менен тоодо белгилемек болуп жаткан.

Назырымбеков Космосбек эки эркек, үч кызды тарбиялап өстүрдү. Жакындары аны оор басырыктуу, ичиндегиси менен көп бөлүшө бербеген, бирок өтө баласаак, неберелерине мээримин чачкан адам катары эскеришти.

Кызы Нурпери эскерүүсүндө: “адамзат алгач космоско учкан күнү жарык дүйнөгө келген үчүн өзгөчө ысымды алып жүрчү. Байлык, бийликке умтула бербеген, баарына бирдей мамиле кылган ааламдай кеңдиги бар эле…” деп эскерет.

Назырымбеков Космосбекти оорукана орун жоктугунан кабыл албай коюп, үйүндө дарыланып жаткан. 1-июлга оогон түнү пневмониядан каза болду.

Нактаев Максат

Нактаев Максат

Cоциалдык кызматкер · 61 жашта

Нактаев Максат Токтогул райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп турган.

Ноокен жана Токтогул райондорунун социалдык кызматтарында жетекчилик милдеттерди аркалаган. Калктын аялуу катмары менен иштеген.

Нактаев Максат 16-июлда өпкөсүнөн кагынып (пневмония) дүйнө салды.

Нарботоев Жаныбек

Нарботоев Жаныбек

Инженер. · 57 жашта

Жаныбек Нарботоев Бишкек шаарынын Жал кичирайонунун тургуну, жеке ишкер болчу. Нарботоев Жаныбек кесиби боюнча инженер, биртоп жыл Кыргызстандын Жеңил өнөр жай министрлигинде иштеген. Кийин жекече ишкердикке өткөн.

Бир туугандарынын эскерүүсү: “Жети бир тууганбыз, Жаныбек ортончубуз эле. Эң акылман, эң сабаттуу, мээримдүү ата, ини, агабыз эле. Күтүүсүз оору жүрөктү сыздатып алып кетти. Жаныбектин уул, кыздары, бир туугандары ичибиз күйүп кала бердик. Кош Жаныбек, жаткан жериң жайлуу болсун! Ар дайым биз менен чогуу жүргөндөй эстеп жүрөбүз.”

Жаныбек Нарботоев 2020-жылдын 17-июлунда эки өпкөсүнөн кагынып Бишкек шаардык №1-оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшүп 19- июлда каза болду.

Насыкулова Чынара

Насыкулова Чынара

Экономист · 58 жашта

Насыкулова Чынара, кесиби боюнча экономист, үч баланын энеси кара жанды карч урган мээнеткеч, ашкере күйүмдүү аялзаты болгонун журналист Сүйүн Курманова өз эскерүүсүндө жазды:

“Сенсиз күн болоорун эч ким элестетпесе керек. Кемий түштү дүйнөбүз. Трагедия деп бир сөз менен эле айтып кое албайсың. Балакеттүү илдет менен он күндөн ашуун алыштың. Күчтүү элең, жеңип чыгасың деп ишенгенбиз. Бирок... алдырып жибердик. Сени менен кошо үй бүлөңдүн, бир туугандардын, достордун, жек-жаат, туугандардын, жөн эле тааныштардын Ааламы аңтарылып, дүйнөсү куруп калса… кантип ошону айтып жеткире аласың… Жаның Жаннатта болсун,Чынара!”.

Насыкулова Чынара адегенде Ысык-Ата райондук ооруканасында, андан соң “Манас” аба майданындагы обсервацияда12 күн жатып, 20-июлда пневмониядан көз жумду.

Насыранбекова Маруфат

Насыранбекова Маруфат

Мектеп директору · 50 жашта

Маруфат Насыранбекова өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинин директору болуп иштеп турду.

«Ооруп жатканына карабай мектебин таштаган жок. "Жай ичи оңдоп-түзөө иштерин бүтүрөйүн. Жакында текшерүү болот" деп күйпөлөктөп жүрдү. Өмүрүнүн аягына чейин мектеп деп жүрүп өтүп кетти. "Неберелеримди өзүм окутам, мектепке алып барам" дечү. Ал күнгө жетпей калды…» деп эскерди кичүү кызы Акылай.

Айылдаштарынын, кесиптештеринин эсинде чечкиндүү, ишине так, адамгерчиликтүү адам катары калды. Маруфат Насыранбекова эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) 12-июлда дүйнөдөн кайтты.

Нефедова Ирина

Нефедова Ирина

Мугалим · 53 жашта

Нефедова Ирина Бишкек шаарындагы физика-математикалык багыттагы №61-мектептин башталгыч классынын мугалими, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси. Ирина Нефедова көз жумганын "Азаттыкка"анын окуучуларынын ата-энелери кабарлашты.

«Ал жаркын, боорукер адам, эң сонун педагог эле. Аралыктан окуу башталгандан бери балдарыбыз ага жолукпай, абдан сагынып, сүйүктүү мугалими менен кездешүүнү күтүшкөн. Биз үчүн, мектеп үчүн, дегеле бүтүндөй билим берүү системасы үчүн бул өтө оор жоготуу”, - деп эскеришет ата-энелер.

Нефедова Ирина 15-июлда пневмония дартынын кесепетинен дүйнө салды.

Ниязалиев Асан

Ниязалиев Асан

Суу жана коммуналдык чарба адиси · 68 жашта

Асан Ниязалиев өмүрүнүн 45 жылын мамлекеттик кызматка, анын ичинде турак жай, суу жана коммуналдык чарба тармагына арнады. Пенсияга чыккандан кийин да ичүүчү суу менен камсыз кылуу департаментинин Чүй жана Талас облустары боюнча бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштеп жаткан.

Талас облустук турак-жай жана коммуналдык чарба башкармалыгын,Талас шаардык суу канал башкармалыгын жетектеген, Талас райондук кеңешинин катчысы болгон.

«Менин атам, менин сүйүктүү атам бизди чынчыл болууга, жадырап-жайнап жашоого, элпек болууга, бири-бирибизге жардам берүүгө, жашоодогу принциптерден тайбоого, турмуштун бардык шарттарына ыңгайлашууга үйрөттү. Ал берген ишеним менен биз эмгекти сүйгөн, тайманбас жана позитивдүү адам болуп чоңойдук», - деди кызы Гүлжан.

Асан Ниязалиев 1952-жылы 9-мартта туулган. 2020-жылы 21-июнда капилет келген илдеттен көз жумганын кызы Гүлжан Ниязалиева билдирди.

Ногойбаева Токтобүбү

Ногойбаева Токтобүбү

Ишкер · 56 жашта

Ногойбаева Токтобүбү ишкердик менен алектенчү. Ысык-Көлдөгү техникумдун бүтүрүүчүсү. Күйөөсү эки небересин багып жатышкан.

Жээни Мээрим: «Таежем абдан сулуу, шайыр, сезимтал аял эле. Кандай гана кыйналып турбасын, башкалардан жардамын аячу эмес. Тазалыкты, ырааттуулукту сүйчү. Сүйүктүү жар, мээримдүү эне, тайэне, эже, тайэже болчу.

Күйүттүн селкинчегин тептирип, Бакыт чачкан суук көздөргө кестирип, Тайэжем кетти шум ажалга жеткирип, Биз турабыз ыйлап, эстеп, эчкирип», - деп эскерди.

Ногойбаева Токтобүбү 3-июлда пневмониядан каза болду. Артында күйөөсү, эки кызы калды.

Носинов Эрмек

Носинов Эрмек

Хирург-реаниматолог · 46 жашта

Эрмек Носинов кан тамыр хирургу, реаниматолог, медицина илимдеринин кандидаты эле. Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө иштечү.

2016-жылы Кыргыз-орус (славян) университетинин жалпы жана факультеттик хирургия кафедрасынын башчысы, доценти, 2018-жылы Эл аралык медициналык жогорку мектебинин хирургия кафедрасынын доценти болгон. Чет элдик студенттерге да сабак бере баштаган деп жазат "Мedia-center.kg" басылмасы.

Эрмек Носинов 1974-жылы Аламүдүн районундагы Карл Маркс совхозунда туулган. 2020-жылы 19-июлда пневмония дартынан каза болду.

Нуралиев Марысбек

Нуралиев Марысбек

55 жашта

Марысбек Нуралиевдин артында эки уул, бир кыз, үч небереси калды. 15-майда Бишкектеги инфекциялык ооруканада таажы вирустун өтүшүп кетишинен каза болду.

Жубайы аны: “Апасынын, жубайынын, балдарынын, неберелеринин, бир тугандарынын аска-зоодой тиреги, сүйүктүү, камкор уулу, жолдошу, атасы, иниси, агасы эле. Адамдык сапаты бийик, токтоо, боорукер, эл сыйлаган, биз сыймыктанган адам болчу. Биз үчүн орду толгус жоготуу болду. Аллахым бейишинен орун берсин”, - деп эскерди.

Нуралиева Гүлмира

Нуралиева Гүлмира

Медайым · 49 жашта

Гүлмира Нуралиева 18 жыл бейтапканаларда медайым болуп иштеген.

Акыркы жылдары Бишкектеги №16- үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеп жаткан. Ден соолугуна коркунуч болгонуна карабай, өмүрүнүн аягына чейин ишин таштабады. 30-июнда Бишкектеги Улуттук госпиталдын урология бөлүмүндө таажы вирусу өтүшүп кетип, эки өпкөсү кагынып каза болду.

Нурматов Кубатбек

Нурматов Кубатбек

Дарыгер · 64 жашта

Чүй облусттук “Тез жардам” кызматынын жетекчиси, Лебединовка айылынын башкы фельдшери. 1954-жылы 30-майда Талас облусунда төрөлгөн.

Талас, Чүй облустарында көп жыл фельдшер болуп иштеген. Акыркы күндөрү өзүн начар сезип, ооруп жүргөнүнө карабай, кызматын уланткан. 21-июнда саламаттыгы начарлап, Чүй облустук ооруканасынын инфекция бөлүмүнө жаткан. 29-июнда көз жумду.

Нусупов Мирлан

Нусупов Мирлан

Дыйкан · 50 жашта

Мирлан Нусупов мээнеткеч дыйкан, төрт түлүк мал күткөн Талас районунун Үч-Эмчек айылында жашаган эмгекчи эле.

Бир тууган эжеси Розанын эскерүүсү: “Мирлан абдан мээнеткеч, иш билги, адамдар менен тез мамиле түзө алган, үй-бүлөсүнө камкор ата эле. Жети бир туугандын төртүнчүсү болчу. Ооруп, бир жума үй шартында дарыланган. Кант диабети менен ооруп жүргөн. Алдыда абдан көп тилек-максаттары бар эле, жетпей калды. Элесиң эсибизде сакталат, бир боорум”.

Мирлан Нусуповдун артында 2 уул, бир кызы калды.

Мирлан Нусупов 2-июлда Талас шаарындагы үйүндө өпкө кагындан каза болду.

О

Омельченко Николай

Омельченко Николай

Акын · 66 жашта

Николай Омельченко 1954-жылы 6-сентябрда Нарын облусунун Миң-Куш шаарчасында төрөлгөн.

1980-жылы оор жумуштун айынан көзү начар көрүп, 2000-жылы азиз болуп калган.

Калем кармап, ыр жазууну эрте баштаган. Көзү жакшы көрбөй, иштен четтеп калгандан кийин ыр жазуу менен көп алектенип, акындыкка баш-оту менен оогон.

Николай Омельченко окурмандары менен такай кездешип, өз ырларын чиркөөдө, театрларда, маданият үйлөрүндө, агартуу мекемелеринде, китепканаларда, мектептерде, карылар үйүндө, балдар үйүндө окуп берчү.

Николай Омельченко 2020-жылы 16-июлда өпкө кагындан каза болду.

Оморбеков Абибилла

Оморбеков Абибилла

Бажы кызматынын ардагери · 58 жашта

Абибилла Оморбеков Бажы кызматында жетекчилик кызматтарда иштеген. Ардагер полковник пенсияга чыккан соң, жогорку окуу жайда студенттерге сабак берип, эл аралык уюмдарда кеңешчи болуп иштеди.

Бажы кызматынын отличниги Оморбеков Абибилла 1961-жылдын 15-сентябрында туулган. 2020-жылы 17-июлда эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) каза болду.

Оморов Абдыкайым

Оморов Абдыкайым

Экономист · 63 жашта

Абдыкайым Оморов Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин бөлүм башчысы болуп иштеп жаткан. Мамлекеттик-жарандык кызматтын III класстагы кеңешчиси, Кыргызстандын Эмгек сиңирген экономисти болчу.

Абдыкайым Оморов мыкты экономист-адис болгон, Жогорку Кеңештин аппаратында 22 жыл иштеген. Ал 14-июлда пневмония илдетинен каза болду.

Оморов Чыңгызбек

Оморов Чыңгызбек

Милициянын ага лейтенанты · 32 жашта

Чыңгызбек Оморов Ош шаарында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгында иштеп келген.

«T-Media» сайты билдиргендей, Чыңгызбек Оморов кызмат учурунда аталган илдетке кабылып, тилекке каршы айыгып кете алган эмес.

«Мындай кызматкерди жоготуу - орду толгус жоготуу. Баарыбыздын көңүлүбүздү оорутуп, кесиптешибизди жамандыкка кыя албай турабыз. Чынгызбектин жаркын элеси түбөлүккө анын жакындарынын, кесиптештеринин эсинде сакталып кала бермекчи», - деп билдирди Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов.

Чыңгызбек Оморов коронавирустан улам 19-июлда 32 жашында көз жумганын аталган башкармалыктан “Азаттыкка” кабарлашты.

Орозалиев Жайлообек

Орозалиев Жайлообек

"Түндүкэлектро" ишканасынын кызматкери · 53 жашта

Жайлообек Орозалиев “Түндүкэлектро” ишканасында иштечү. Карындашы Ырысгүл: “5 жыл мурун бир байкемен айрылгам, аны унута албай жүрсөк, эми минтип экинчиси каза болду”, - деп каңырыгы түтөдү.

Жайлообек Орозалиев эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония), ооруканага түшүп, Кант шаарындагы ооруканада 1 күн жаткандан кийин 16-июлда каза болгонун карындашы билдирди. Артында жубайы, бир уул, 3 кызы калды.

Орозбекова Чынара

Орозбекова Чынара

Педагог · 49 жашта

Чынара Орозбекова политехникалык коллеждин директорунун орун басары болчу. Ал эмгек жолун 1989-жылы мектептен баштаган.

2001-жылдан тартып Раззаков атындагы техникалык университеттин окутуучусу, 2011-жылы окуу жайдын политехникалык коллежинин директорунун орун басары болуп дайындалган.

Чынара Орозбекова 15-июлда пневмониядан көз жумду.

Орозмаматов Мырзабек

Орозмаматов Мырзабек

жеке ишкер · 47 жашта

22-июнда Бишкек шаарында эки өпкөсүнөн кагынып каза болду. Жеке ишкердик менен алектенчү, мээримдүү ата, сүйүктүү жар эле деп эскеришти жакындары. Артында төрт баласы калды.

Орозматов Оморалы

Орозматов Оморалы

Инженер · 72 жашта

Оморалы Орозматов Таластын Кара-Буура районунун Шекер айылында 1948-жылы 1-сентябрда төрөлгөн. Ташкендеги политехникалык институтту бүткөн, кесиби инженер-куруучу.

“Боорукер, жапакеч, үй-бүлөсүнө камкор ата эле, артында үч кызы калды. Неберелерин жандай көргөн таятасы эле. Анын жаркын элеси билген адамдардын, туугандарынын, жакындарынын эсинде калат. Эки жыл илгери айыкпас дартты жеңип чыгып, армандуу дүйнө, капыс келген өпкө кагындан оңоло албады. Ооруканага кирип баратып бизге акыркы ирет айтканы бул болду: “Мен айыгып чыгам, үйгө сөзсүз кайрылып келем!” Эми атабыз жок, кайрылып келбейт, кичинекей небереси сагынып күндө ыйлайт.

Оморалы Орозматов 2020-жылдын 11-июлунда өпкө кагындан оңоло албай Улуттук госпиталда жарыкчылык менен кош айтышып кете берди. Артында үч кызы, 7 небереси, бир чөбүрөсү калды.

Осмоналиев Жолдошбек

Осмоналиев Жолдошбек

Ветеринар · 70 жашта

Осмоналиев Жолдошбек убагында Чүй облусунун Москва районундагы колхоз-совхоздорду жетектеп келген. Ветеринария жөнүндөгү мыйзамдын авторлорунун бири болгон. 2000-жылдардын башында өлкө боюнча башкы ветеринар болгон.

Уулдарынын бири Медердин эскерүүсү:
“Иш билги башкаруучу, камкор ата жана мээримдүү чоң ата эле. Ушул жылы күзүндө анын мааракесин өткөрүүнү пландап жатканбыз. 17 жаштагы небересинин үйлөнгөнүн көрсөм деп кыялданчу. Өмүрүнүн аягына чейин чымыр денелүү, энергиялуу адам эле. Күнүгө эртең менен стадиондо чуркап, дайыма көнүгүү жасачу. Он бир бир туугандын улуусу эле. Атасын эрте жоготуп, бир туугандарына баш-көз болуп, аталык милдетти аткарган”.

Осмоналиев Жолдошбек 9-июлда пневмониядан көзү жумган.

Осмонгазиева Айдай

Осмонгазиева Айдай

Мугалим · 53 жашта

Айдай Осмонгазиева Бишкектеги № 13-мектеп-гимназиянын кыргыз тили, адабияты мугалими болчу.

1967-жылы 1-январда төрөлгөн.

Окуучусунун апасынын эскерүүсү: “Айдай Монолдоровна кандай адам экенин айткым келет. Азыр сүрөтүнөн көрүп эстеп атам. Кайсы күн экени эсимде жок телефондон сүйлөшкөнбүз. Менин балдарым кыргызча билишчү эмес. Үйдө чет тилде сүйлөшөбүз. Кыргыз тили сабагына келгенде балдарымы коркутуп-үркүтүүлөр башталчу. Жарыткан билим деле беришчү эмес. Бул деле ошондой мугалимдин биридир деп баламдан эжекесине белегин берип жөнөтүп ийдим. Анан телефондон сүйлөштүк. Кошумча сабакка канча акча төлөйбүз, кандай белек даярдашыбыз керек десем эч нерсенин кереги жоктугун, аракеттенип кыргызча сүйлөп калышарын айтты. Балдар жакшы көрүшүп, уулум кыргызча сүйлөп калды. Азыр мен сүрөтүн карап ыйлап отурам, кандай мыкты мугалимден айрылдык! Айдай Монолдоровна! Сиз кыргыз тилинин мыкты мугалимисиз!!! Сизге чоң РАХМАТ!!! Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!

Осмонов Нуржигит

Осмонов Нуржигит

Окутуучу, ишкер · 54 жашта

Нуржигит Осмонов Жогорку окуу жайды бүткөндөн тарта тарых мугалими болуп иштеп, акыркы он жылда ишкердик менен алектенип келаткан.

“Жалгыз небересин абдан жакшы көрчү. Ал небересинин биринчи сөзүн укпай, биринчи таштаган кадамын көрбөй калды. Колу билген киши эле. Жаркыраган үй курган. 78 жаштагы тайэнем уулун жоготуп, каңырыгы түтөп отурат”, - деди жээни.

Нуржигит Осмонов коронавируска тапшырылган тесттин жыйынтыгын 3-4 күн, рентгендин тыянагын 2-3 күн күткөнүн, доктурга алып барганда кычкылтек аппараты жетишсиз болуп калганын, мунун баары ооруканаларда кымгуут абал өкүм сүрүп жаткан учурга туш келип калганын жакындары айтып беришти.

Нуржигит Осмонов өпкөсүнөн кагынып (пневмония) 3-июлда Бишкекте каза болду. Артында улгайган апасы, жубайы, үч уулу, небереси калды.

Осмонова Гүлшайыр

Осмонова Гүлшайыр

Мугалим, ашпозчу · 60 жашта

Осмонова Гүлшайыр Токтогул районунун Кара-Тектир айылында башталгыч класстын мугалими болуп 21 жыл иштеген. Кийин турмуш шартка байланыштуу базарда ашкана ачып, үй-бүлөдөгү тиричиликти колго алган.

Кызы Тахмина: “Бүгүнкү күнгө чейин райондун базарында ашкана иштетип, элге кызмат көрсөтүп келди. Гүлшайыр апабызды район боюнча баары тааныйт, себеби тамакты өзгөчө даамдуу жасаганы, ачык айрым шайыр мүнөзү, адамгерчилиги менен элди өзүнө тарта билген”, - деп эскерди.

Осмонова Гүлшайыр 1960-жылы 9-августта туулган. 2020-жылы 11-июлда эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) каза болду. Күйөөсү 2014-жылы каза болгон. Артында беш баласы, неберелери калды.

Осмонова Карамат

Осмонова Карамат

Тарбиячы · 65 жашта

Карамат Осмонова 2007-жылдан бери Ноокат районундагы Төрөбай Кулатов айыл өкмөтүндөгү «Арык-Тейит нуру» бала бакчасынын жетекчиси болуп эмгектенген.

Кесиптештери: «Эжекебиз бала бакчага чейин мектеп директору болуп иштеген. Бала бакчанын жетекчиси болуп 2007-жылдан бери эмгектенип келген. 14-июль күнү чогулуш өткөрүп, ошондо “сасык тумоо болуп жатам” деп, тез эле кетип калган экен. Андан кийин !дене табым көтөрүлүп, кайра түштү” деп айтыптыр. Анан эле Кызыл-Кыянын ооруканасына түшүп, каза болуп калды” - деп эскеришет.

Карамат Осмонова 19-июлда өпкө кагындан каза болду.

Оторбаева Тамара

Оторбаева Тамара

Социалдык адис · 53 жашта

Тамара Оторбаева Түп районунун башкы социалдык адиси болчу. 1989-жылы Фрунзе шаарындагы политехникалык институттун инженер-экономист адистигин окуп бүтүргөн.

Алгачкы жылдары бухгалтер, экономист, 2011-жылдан бери Түп райондук акимчилигинин социалдык бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштеп келаткан.

Тамара Оторбаеванын мээнетинин натыйжасында Түп районунда кыйын абалда калган жүздөгөн балага жана үй-бүлөгө жардам көрсөтүлгөнүн «Баланын укуктарын коргоочулар лигасы» белгиледи. «Анын принципиалдуугу жана берилгендигинен улам зомбулук курмандыгы болгон балдар корголуп келди», - деп билдирет уюм.

Тамара Оторбаева 7-июлда дүйнөдөн кайтты. Артында эки уул, эки кызы калды.

Ө

Өмүралиева Бермет

Өмүралиева Бермет

Үй кожойкеси · 72 жашта

Бермет Өмуралиева 1948-жылы 5-августта Кемин районуна караштуу Кайыңды айылында туулган. Беш баланын энеси. 12 небереси бар.

Кызы Нурайдын эскерүүсү: “Атам кайтыш болуп, жалгыз балдарын бакты. Бир жылдан бери эки бөйрөгү тең иштебей калып, гемодиализ алып жүрчү. Кайдан ооруну жугузуп алганын билбей калдык. Жөтөлө баштап, ооруп калды. Айылдаштары апамды жакшы, боорукер, зыяны жок, адамдын көңүлүн оорутпаган адам эле деп эскерип жатышат”

Бермет Өмүралиева 15-июлда Бишкектеги күндүзгү стационардын биринде эки өпкөсү кагынып каза болду.

Өмүрзаков Адис

Өмүрзаков Адис

Пенсионер · 81 жашта

Бишкектеги “Авто чогултуу заводу” ишканасында өмүр бою иштеген, эмгектин, өндүрүштүн ардагери, ардактуу донор, эки жолу депутат болгон. 2014-жылга чейин иштеп, ардактуу эс алууда эле. 5 балалуу, 9 небереси бар.

13-июлда эки өпкөсү кагынып каза болду. Бишкек шаарында жашачу.

Өмүрзаков Бакыт

Өмүрзаков Бакыт

Микрохирург · 60 жашта

Бакыт Өмүрзаков , балдардын тубаса косметикалык оорулары боюнча илимий эмгектердин автору, медицина илимдеринин кандидаты.Тажрыйбалуу микрохирург өзү негиздеген менчик клиникада пластикалык хирург кызматын өтөп жаткан.

Жыйырма жыл Улуттук госпиталдын микрохирургия бөлүмүндө, Баланы жана энени коргоо боюнча улуттук борборунда пластикалык хирург, бөлүм башчы болуп иштеген. Өмүрзаков Бакыт 17-июлда пневмониядан каза тапты.

Өмүров Кубандык

Өмүров Кубандык

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер · 70 жашта

Кубандык Өмүров декоратор-сүрөтчү, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер катары белгилүү.

1977-жылы А.Чуйков атындагы Фрунзе сүрөт искусство мектебинде скульптор адистигин аяктаган. Кыргызстан жаш көрүүчүлөр театрында, Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында декоратор-сүрөтчү, башкы сүрөтчүнүн жардамчысы, бөлүм башчы кызматтарын аркалаган. “Жамила”, “Риголетто”, “”Айкөлдүн аманаты” сыяктуу опера жана балет спектаклдерин көркөмдөөнүн башатында турган. “Нооруз”, “Кыргызстандын эгемендик күнү”, “Ысык-Көл оюндары” сыяктуу улуттук ири маданий, спорттук иш-чараларды уюштурууга жигердүү катышкан адамдардын бири.

Кубандык Өмүров 1950-жылы туулган. 70 жашында өпкөсүнөн кагынып (пневмония) 23-июлда көз жумду.

Өрдөков Бакыт

Өрдөков Бакыт

Дарыгер, нарколог · 70 жашта

Өрдөков Бакыт Кыргыз медициналык институтун аяктагандан кийин Түп районунда участкалык дарыгерден тартып, аймактык оорукананын башкы дарыгери кызматына чейин аркалаган.

Соңку жылдары Кант шаарында нарколог-дарыгер болуп эмгектенип жүргөн. Жаркылдаган жакшы адам, татыктуу ата, туруктуу дос эле.

Бакыт Өрдөков 1950-жылы Жети-Өгүздүн Светлая Поляна айылында туулган. Эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония), инсульт алып, 14-июлда ооруканада көз жумду.

Өскөмбаев Салмурбек

Өскөмбаев Салмурбек

Айыл-чарба адиси · 68 жашта

Салмурбек Өскөмбаев Чүй облусунун Москва районундагы "Кыргыз айыл чарба техникасы" мамлекеттик ишканасында иштеген, айдоочудан директорлукка чейинки кызматтарды аркалаган. 5-июлда пневмониядан каза болду.

П

Пащенко Наталья

Пащенко Наталья

жеке ишкер · 63 жашта

63 жаштагы Наталья Вениаминовна өмүр бою эмгекти сүйгөн, өз ишмердигин тигүүчүлүк тармагында түптөп, өндүрүштүн бул тармагын өнүктүрүүгө салым кошкон.

Кызынын эскерүүсү: “Өзү да тынбай иштеп, башкаларга да жумушчу орундарын жаратты. Аны тааныгандардын баары, туугандары, достору, кызматкерлери, балдары, неберелери айкөл, чынчыл, камкор эне экенин билчү. Ал кеткенден кийинки боштукту толтуруу кыйын болууда. Баарыбыз Вениаминовнабызды сагынып, элесин урматтайбыз”.

Р

Рабидинов Алик

Рабидинов Алик

Инженер-энергетик · 73 жашта

Рабидинов Алик “Бишкек суу канал” мамлекеттик мекемесинде инженер-энергетик болуп 22 жыл иштеген, көптөгөн адистерди тарбиялаган.

“Интеллигент, адилеттүү, кесипкөй адам эле. Кесиптештеринин гана эмес, Кыргызстандын энергетиктеринин арасында жогорку кадыр барк, сый-урматка ээ адам эле. Ал биз үчүн дайыма Устат катары эсте калат...” деп эскерет “Бишкек суу каналдын” эмгек жамааты.

Рабидинов Алик 5-июлда коронавирус дартынан каза болду.

Разабаева Майрам

Разабаева Майрам

Адвокат · 56 жашта

Разабаева Майрам 15 жылдан бери Жалал-Абад облусттук адвокатурасынын адвокаты кызматын аркалап келаткан. Кесиптештери “Өтө шайыр, билимдүү адам болгон” деп эскеришти. Разабаева Майрам 17-июлда коронавирустан каза болгонун кесиптештери билдиришти.

Раимбердиев Азамат

Раимбердиев Азамат

Милициянын майору · 41 жашта

Азамат Раимбердиев Ички иштер министрлигинин Бишкек шаар башкармалыгынын кадрлар бөлүмүнүн майор чениндеги ага инспектору болчу. Эмгек жолун 1998-жылы баштаган.

ИИМдин патрулдук-нөөмөт, жол күзөт жана башка бөлүмдөрүндө да иштеген. “Акипресс” агенттиги алдын ала маалыматка таянып, офицер пневмониядан көз жумганын жазды.

Азамат Раимбердиев 10-июлдун таңында дүйнөдөн кайткан.

Рашидинов Руслан

Рашидинов Руслан

Куткаруучу, подполковник · 43 жашта

Рашидинов Руслан 17 жылдык тажрыйбасы бар куткаруучу эле. 2003-жылдан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде эмгектенип келаткан.

1999-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин, 2003-жылы улуттук университетти, 2012-жылы Орусиянын жарандык коргонуу академиясын аяктаган.

Кесиптештери «тартип жана тажрыйба аркылуу өсүп келе жаткан жаш муунга үлгү, мыкты аскер кызматкери катары өзүн көрсөтө алды» деп эскеришти.

Рашидинов Руслан 15-июлда өпкөсүнөн кагынып (пневмония) мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Артында жубайы, эки баласы калды.

Рзаева Фатима

Рзаева Фатима

Кара-Балта мэриясынын башкы адиси · 59 жашта

Фатима Рзаева Кара-Балта шаарындагы мэриянын башкы адиси кызматында болчу. Кыргыз айыл чарба институтун (азыркы айыл чарба академиясы) бүтүргөн.

Рзаевадан коронавирус илдети аныкталганын, эки тараптуу пневмонияга чалдыгып, ооруканада 5 күн жатканын “Акипресс” сайтынын “Турмуш” баракчасы жазды.

Фатима Рзаева 1961-жылы 15-июлда Кара-Балта шаарында туулган. 2020-жылы 11-июлда Жайыл райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болду.

Рогожин Михаил

Рогожин Михаил

Журналист · 51 жашта

Михаил Рогожин “Sputnik Кыргызстан” агенттигинин директорунун техникалык маселелер боюнча орун басары кызматын аркалап турган.

Ага чейин башка медиа каражаттарында эмгектенген. Кыргыз-орус Славян университетинин Эл аралык журналистика кафедрасында окутуучулук милдетти да аркалаган.

2020-жылдын май айында 51 жашка чыккан. Журналистке эки тараптуу пневмония диагнозу коюлган. 13-июлга караган түнү каза болду.

Рыскелдиев Сүйүндүк

Рыскелдиев Сүйүндүк

Ички иштер кызматкери · 65 жашта

Сүйүндүк Рыскелдиев Кыргызстандын ички иштер министрлигинин “Аалам” эс алуу үйүнүн коменданты болчу.

Сүйүндүк Рыскелдиев 1955-жылы 23-апрелде Ысык-Көл районунун Темир айылында төрөлгөн.
Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн.

1983-жылдан 1995-жылга чейин Түп районундук ички иштер бөлүмүндө ар кыл кызматтарды аркалаган. 1995-жылдан 2002-жылга чейин Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүндө кызмат өтөгөн.

2002-жылы Кыргызстандын ички иштер министрлигинин “Аалам” эс алуу үйүнүн коменданты болуп дайындалган.

Сүйүндүк Рыскелдиев өпкө кагындан каза болду.

Рысматова Сабира

Рысматова Сабира

менеджер · 41 жашта

Эки баланын энеси, “Аэлита” тигүү фабрикасынын менеджери болуп иштечү. Жакындарынын айтымында Сабира алгач коронавирус жуктуруп алганда Гансидеги обсервацияга дарыланууга барган. Кийин жакшы боло албай, үйүнө келип, абдан кыйналгандыктан Бишкектеги №1 ооруканага жаткан. Ал жакта бир жума жаткандан кийин 11-июлда көз жумган.

С

Сабыр уулу Калыс

Сабыр уулу Калыс

Милициянын майору · 50 жашта

Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн майору, 20-июлда эки өпкөсү кагынып каза болду. Ал райондогу нөөмөт бөлүмүндө иштечү. Маркумдун 4 баласы калды.

Сабыров Эрмек

Сабыров Эрмек

КМШнын эмгек сиңирген энергетиги · 67 жашта

Эрмек Сабыров - Кыргызстандын энергетика тармагынын капиталдык курулуш системасынын калыптанышына олуттуу салым кошкон адистердин бири болгон, КМШ өлкөлөрүнүн эмгек сиңирген энергетиги.

Мамлекеттик энергетикалык компанияларда, анын ичинде “Электр станциялары” ишканасынын жетекчилик кызматтарын аркалаган. Камбарата-2 ГЭСинин биринчи агрегатын ишке киргизүүдө, Шамалды-Сай-ГЭСинин кубатын арттырууда олуттуу орду бар.

Эрмек Сабыров 10-июлда коронавирустун кесепетинен көз жумганын маалымат каражаттары “Электр станциялары” ишканасына таянып жазды.

Сабырова Гүлүкан

Сабырова Гүлүкан

Педагог · 82 жашта

Гүлүкан Сабырова өмүрүн мугалимдик кесипке арнады, физикадан сабак берди. Акыркы иштеген жери - Бишкек шаарындагы №10 мектеп. Эмгек жолунда мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы, директору кызматтарын да аркалаган.”Эл агартуунун отличниги”.

Келини, «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева Гүлүкан Сабырованы эң мыкты агартуучу деп мүнөздөдү. “Каргыш тийген ковид, биздин эң асыл адамыбызды алып кеттиң! Апам, кайненем, кесиптешим, насаатчым! Бейишке чыгыңыз мама! Мыкты эне, жар, тарбиячы, насаатчы жана жашоосу үлгүлүү инсан, эң мыкты агартуучу болгон!”, - деп билдирди Кендирбаева.

Гүлүкан Сабырова 17-июлда Бишкекте каза болду.

Сагынбаев Дамир

Сагынбаев Дамир

Жеке ишкер · 53 жашта

Дамир Сагынбаев Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында 1967-жылдын 2-январында төрөлгөн. Түп районунун Талды-Суу айылында жашачу. Беш баланын атасы, 3 уул, 2 кызы бар. Кичүүсү 15 жашта.

Кызы: “Барган жерин шаңга бөлөчү, үйүбүз аңгырап бош калды. Абдан шайыр, элдин баары сыйлаган адам эле. Эч кимден эч нерсе аячу эмес. Талды-Суу айылынын башчысы, Түп районунун акими да болуп иштеген. Кыргызстанды сүйгөн патриот эле. Көптөгөн пландарды ишке ашырган. Бизге татыктуу тарбия берип, апабызды ашкере сүйчү. Туугандарынын тиреги болгон. Кичүү кызы Москвадан атабызды узатканы келе албай калды, атабыз менен абабыздан бир күн айырма менен айрылып калдык. Азыр баарынан да чоң апабызга кыйын болууда”, - деп эскерет.

Дамир Сагынбаев 7-июлда Каракол шаарындагы облустук ооруканага “пневмония” диагнозу менен жатып, 12-июлда каза болду. Анын бир тууган агасы Наамат Сагынбаев 13-июлда ушул эле оорудан көз жумду.

Сагынбаев Нааматбек

Сагынбаев Нааматбек

Жеке ишкер · 56 жашта

Нааматбек Сагынбаев Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айылында 1963-жылы 19-августта туулган. Жыйырма жылга жакын убактан бери Бишкектеги “Аламүдүн” базарында соода-сатык кылчу. Артында төрт баласы калды.

Кызы Камиланын эскерүүсү: “Атам баарыбызды жакшы көрчү. Ачык-айрым, жашоону сүйгөн, басса-турса жакындарына жакшылык тилеген адам эле. Үй-бүлө ага баарынан бийик болчу. Жасаган тамагын үйдөгүлөр жегенин көрүп аябай кубанчу. Бирөөгө катуу айтпаган, колун көтөрбөгөн, адамды аябай сыйлаган киши эле. "Апабыз менен узак жашап, неберелерин жетелеп, короодо иштеп, бактылуу карылыкка жетсек" деп тилек кылчу. Каза болорго бир күн калганда өпкө кагындан бир тууган иниси өтүп кетти. 52 жашта эле. Атабыз ансыз да кыйналып жатканын көрүп, иниси өлгөнүн айткан жокпуз. Биздин үй-бүлө үчүн атамын өлүмү аябай оор болду. Эки күндүн ичинде эки бир тууган, эки ата, эки уулдан ажырадык. Баарынан чоң энеме оор болду, бир күндө эки уулунан айрылып, отуруп калды. Кабыргабызды кайыштырган өлүм болду.”

Нааматбек Сагынбаев Бишкек шаарындагы биринчи клиникалык ооруканада өпкө кагындан көз жумду.

Сагынбаев Урматбек

Сагынбаев Урматбек

Курулушчу · 43 жашта

Урматбек Сагынбаев 1977-жылы 31-августта Чүй обулусунун Кемин районуунда туулган. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктаган. 2007-жылдан бери Бишкектеги «Экспострой» курулуш ишканасында прораб болуп өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин иштеп келген. Артында үч баласы жана жубайы калды.

Жакындары Урматбекти камкор жана күйүмдүү ата катары эскеришти:

“Баласаак, абдан камкор ата эле. Жакындары, бир туугандарына тирөөч, ар убак колдоп турган адам болгон. Ушундай жакшы адамдан айрылып, өзүбүздү коерго жер таппай отурабыз”.

Урматбек Сагынбаев 23-июлда Бишкектеги Кыргыз-Түрк ооруканасында өпкө кагындан каза болду. Ал тест тапшырганда таажы вирус бардыгын көрсөткөн.

Сагынбекова Зуурабүбү

Сагынбекова Зуурабүбү

Мугалим · 67 жашта

Зуурабүбү Сагынбекова 2020-жылдын 19-июлунда “Манас” абамайданынын жанындагы “Семетей” обсервациясында өпкө кагындан каза болду.

Зуурабүбү Сагынбекова өмүр бою мугалим болуп иштеген, Баатыр эне, 8 баланын энеси. Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында жашачу.

Зуурабүбү Сагынбекова 1953-жылы 18-январда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында төрөлгөн. Өмүр бою Барскоон орто мектебинде башталгыч класстардын мугалими болуп иштеди. 2020-жылдын 19-июлунда каза болду.

Садыков Мунарбек

Садыков Мунарбек

экономист · 71 жашта

1949-жылы 31-августта Кочкор районунун Чолпон айылында төрөлгөн. Социалдык фонд, Кыргызпочтасы, Бишкек шаарындагы парктарды башкаруу ишканасында иштеген. Төрт баланын атасы. 22-июлда коронавирустан каза болду. Кызы Чынара Бердалиева атасынын өлүмүнөн бир ай өткөндөн кийин, 29-августта коронавирустан күчөгөн оорудан улам көз жумду.

Садыков Тургун

Садыков Тургун

Милициянын отставкадагы полковниги · 63 жашта

Тургун Садыков Нарын облусунун Ат-Башы районунда 1957-жылы туулган. 2007-жылга чейин күч түзүмдөрүндө иштеп, милициянын подполковнигине жеткен. Акыркы жылдары Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын тышкы коопсуздук боюнча өкүлү кызматында иштеген.

Кийин ардактуу эс алууга чыккан. Бир уул, үч кыздын атасы. “Атам акыркы сөзүн ооруканадан Вотсапка жазыптыр “Апаңарды жакшы карагыла”. Иниме: “эжелериңди сыйла, баш көз бол” деп жазыптыр. Ал бизге "мен жокто ынтымактуу болгула" деп айтып кеткен. Биз атамдын суранычын эми сөзсүз аткарабыз. Өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин иштеп келди. Чакан бизнеси бар эле.” - деп уулу эскерди.

Тургун Садыков 12-июлда өпкө кагындан көз жумган.

Садыков Эдил

Садыков Эдил

Дарыгер, педиатр · 62 жашта

Эдил Садыков 2011-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Ысык-Көл облустук бириктирилген оорукананын жалпы педиатрия бөлүмүн жетектеп турган.

Кыргыз Мамлекеттик медициналык институтун 1982-жылы аяктап, эмгек жолун Ысык-Көл облустук балдар ооруканасында баштаган.

Эдил Садыков балдардын кесипкөй дарыгери катары таанымал, саламаттык сактоо тармагынын отличниги. 30-июнь күнү коронавирус аныкталган соң, ооруканадагы обсервацияга жатып, 4-июлда каза болду.

1958-жылы Ак-Суу районунун Челпек айылында туулган.

Садыкова Жумагүл

Садыкова Жумагүл

Педагог-тарбиячы · 57 жашта

Жумагүл Садыкова Гүлчөдөгү «Дөөлөт» бала бакчасынын директору эле. Эмгек жолун айылдагы М.Адышев атындагы орто мектептен баштап, 2012-жылдан бери “Дөөлөт” балдар бакчасын жетектеп келаткан. Кыргыз республикасынын Ардак грамотасы 2018-жылы ыйгарылган. Жумагүл Садыкова 1963-жылдын 11-январында Алайдын Гүлчө айылында туулган. 2020-жылы 17-июлда пневмониядан дүйнө салды.

Садыкова Мая

Садыкова Мая

Жеке ишкер · 56 жашта

Мая Садыкова 1964-жылы 1-майда Токтогул районунда туулган. 20 жылдан бери Бишкекте соода-сатык тармагында иштечү. Артында эки уул, бир кызы калды:

Келини Жаңылдын эскерүүсү: “Кайдан эмне болуп ооруп калганын билбей калдык. Дене табы көтөрүлүп, ооруп калды. Шайыр, дайыма күлүп жүргөн адам эле. Коншу-колоң баары тең кайгырып, жакшы көргөнүн айтып жатышат. Келиндерге мамилеси кызындай эле. Балдары дагы деле өзүнө келе албай, сыздап калышты”.

Мая Садыкова Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы Курортология жана калыбына келтирүү кыргыз илимий-изилдөө институтунда 10-июлда өпкө кагындан көз жумду.

Сайникеева Чолпон

Сайникеева Чолпон

Мугалим · 42 жашта

Чолпон Сайникеева Чүй облусунун Чүй районундагы Кегети айыл аймагына караштуу Чапаев айылындагы А.Жаманбаев атындагы толук эмес билим берүү мектебиндеги башталгыч класстардын мугалими болчу.

Өпкө кагындан жабыркап, анализинен таажы вирус аныкталып, 26-июлда каза болду. Чолпон Сайникеева 1978-жылы 15-январда Чүй районунун Дөң-Арык айылында туулган. 2017-жылдан бери аталган мектепте иштеп келе жаткан. Анын артында 2 баласы калды.

Сакеева Кенжекан

Сакеева Кенжекан

Кызматкер · 61 жашта

Кенжекан Сакеева Ысык-Ата районундагы Сын-Таш айыл өкмөтүндө башкы адис болуп иштечү. Эки уул, эки кызды тарбиялап, өстүргөн. Жакындары: “Эжебиз абдан иштерман, боорукер адам эле, анын элеси ар дайым жүрөгүбүздө”, - деп эскеришти. 13-июлда эки өпкөсү кагынып каза болду.

Сактанова Майрамхон

Сактанова Майрамхон

Акушер · 59 жашта

Сактанова Майрамхон “Барын” үй-бүлөлүк борборунун дарыгери болчу. Ага чейин кыркы жылга жакын Ноокат райондук ооруканасында акушер болуп эмгектенген. Ноокат райондук обсерваторунда коронавируска каршы мобилдик топтун курамында иштеген.

Уулу апасын минтип эскерди: “Апам бүт өмүрүн сүйүктүү ишине арнады. Ал көптөгөн жылдар бою жүздөгөн ымыркайларды жарык дүйнөгө алып келди. Пандемия башталган биринчи күндөн тарта иш ордун таштабай, акыркы күнүнө чейин илдет менен күрөштү. Апам бизди жалгыз багып, өстүрдү. Атам 1996-жылы каза болгон”.

12 жыл мурда Ош шаардык милициясында иштеген уулу кылмышкердин колунан каза тапкан. Ага “Эрдик” медалы ыйгарылган.

Сактанова Майрамхон коронавирус илдетине чалдыгып, Ноокат райондук ооруканасында 2-июлга караган түнү каза тапкан. Артында үч баласы калды.

Салехи Вазири Акбар Хоссеин

Салехи Вазири Акбар Хоссеин

IT адиси · 35 жашта

Салехи Вазири Акбар Хоссеин Бишкекте 2004-жылдан бери жашап келаткан. Борбор Азиядагы Америка университетинде окучу. Бул жерде жеке менчик IT компаниясын түзгөн.

Келинчеги Айсулуу: “Биз экөөбүз 8 жыл бирге жашадык. Ал 16 жылдан бери Кыргызстандан жарандык ала албай койду. Себеби, бул жактын иш кагаздары абдан татаал, көп экен. Бирок ал келечегин Кыргызстан менен гана байланыштырчу, тоолорду аябай жакшы көрчү. Акбар мыкты IT- адиси болчу, мага камкор, бирөөгө кылдай жамандыгы жок, айкөл жигит эле. Көп ой-пландары бар эле, анын баары капыс оорудан үзүлүп калды. Аны билгендер терең акылы, өзгөчө боорукердиги, бирөөнүн көңүлүн оорутпаган жумшактыгы үчүн жакшы көрүшчү. 2020-жылдын 11-августунда 36 жашка толмок, а бирок минтип эскерип отурабыз ...“

Салехи Вазири Акбар Хоссеин 2020-жылы 22-июнда таажы вирусунун өтүшүп кетип, Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө каза болду.

Салиев Казбек

Салиев Казбек

инженер, ардагер · 82 жашта

Салиев Казбек Москвадагы “Бауман” атындагы университеттин бүтүрүүчүсү. “Фрунзе” машина чогултуучу заводдо, Байланыш министрлигинде, Мамлекеттик мүлк фондунда иштеген.

Кызы Жамиля: “Абдан чынчыл, мээримдүү, сүйкүмдүү адам эле. Менин жаркын атакем, сүйүктүү жар, неберелеринин мээримдүү таятасы, биз сизди эч качан унутпайбыз”, - деп эскерди.

Казбек Салиев 8-июлда пневмониядан каза болгон. Артында кызы, эки небереси калды.

Салтанат Сулайманова

Салтанат Сулайманова

медайым · 63 жашта

Салтанат Сулайманова 1957-жылы 1-январда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган. 1975-жылы Каракол шаарындагы медициналык орто окуу жайын бүтүрүп, эмгек жолун Тоң аймактык ооруканасында терапия бөлүмүндө медайым болуп иштеп баштаган.

1977-жылдан 1989-жылга чейин рентген-лаборант кызматын аркалаган. 1990-жылдан 2001-жылга чейин башкы медайым болуп эмгектенди. 2001-жылы оорукананын аптека башчысы жана жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө медайымы болуп эмгектенди.

“Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери" төш белгиси жана бир канча Ардак грамоталар менен сыйланган. Артында бир кыз, эки небереси калды.

Жакындарынын эскерүүсү: “Ишине жоопкерчиликтүү, так, өз кесибин сүйгөн, ардактаган адис болгон. Тоң аймактык ооруканага өмүрүнүн 45 жылын арнаган. Камкор эне, боорукер бир тууган, жумушун абдан ардактаган адам эле. Ооруга чалдыгып, ооруканага жатып калгыча талыкпай эмгектенди. Түнкү нөөмөттө туруп турду, өзүнүн кесиптик чеберчилигин көрсөттү”.

Салтанат Сулайманова 9-июлда Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы ооруканада өпкө кагындан каза болгон.

Самакова Айчүрөк

Самакова Айчүрөк

Мугалим · 67 жашта

Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими Айчүрөк Самакова Нарын шаарындагы №2 Чкалов атындагы орто мектебин 1997-жылдан бери жетектеп келе жаткан. Өмүрүнүн акыркы күндөрү мектеп бүтүрүүчүлөрүнөн онлайн экзамен алып жаткан.

Самакова өмүрүнүн 35 жылын педагогика тармагына арнады.

«Ооруканага жадырап-жайнап өзү эле басып кеткен. Биз деле анализ тапшырып коюп келет деп жатканбыз. Анан эле “өпкөмдө мандем бар экен, ооруканага жатып калдым” деп телефон чалды. Жашы алтымыштан өтүп калгандыктан, кан басымы жогору болчу. Башка оорусу деле жок эле”, - деп эскерет Жолдошу Марат Рустемов.

Айчүрөк Самакова 7-июнда көз жумду.

Самсонов Валентин

Самсонов Валентин

Механик · 73 жашта

Валентин Константинович Самсонов мурдагы Фрунзе азыркы Бишкек шаарында 1947-жылы 3-майда төрөлгөн. 1965-жылы Фрунзедеги политехникалык институттун инженердик курулуш факультетине кирип, 1971-жылы бүтүп чыккан.

2013-жылдан бери “Дастан” трансулуттук корпорациясы ачык акционердик коому заводунда башкы механик болуп иштеп келе жаткан.

“Бүт өмүрү иши менен үй-бүлөгө гана арналды: аялы менен 52 жылдан бери ынтымакта жашап келди, 2 баласы, 4 небереси, 2 чөбүрөсү бар. 2018-жылы жарым кылым чогуу жашаган жубайлар Алтын тоюн өткөрүшкөн эле. Дагы каттоого турушуп, туугандары менен досторун чакырып той өткөрүшкөн. Валентин Самсонов достукка бекем болчу, студент кездеги досторунан кол үзбөй келди. Камкор ата, чоң ата, жакын дос, эң мыкты адам, иштин майын чыгарган кесипкөй, мындайлар аз болот”, - деп жакындары эскерет.

Валентин Самсонов 2020-жылдын 21-июлунда өпкө кагындан оңоло албай каза тапты.

Самыкбаев Амантур

Самыкбаев Амантур

Жеке ишкер · 62 жашта

“Автоцентр "Еstokada” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, 1957-жылы 12-октябрда Ысык-Көлдүн Орто-Өрүктү айылында төрөлгөн. 1975-жылы Москвадагы токой чарба институтуна өткөн.

1980-жылы “токой чарбасы боюнча инженер” кесибине ээ болгон. 1988-1992-жылдары Кыргыз мамлекеттик агрардык институтунда окутуучу, илимпоз болуп эмгектенген. Мамлекеттик бир топ жогорку даражадагы кызматтарда иштеп, кийин жеке ишкерликке өткөн. Эки уулу калды.

Алар атасын: “Биз сизди эч качан унутпайбыз, ар дайым сүйүп турабыз. Жан дүйнөбүздүн бир бөлүгү сиз менен кошо кетти. Эми аны эч ким эч качан толтура албайт. Бизди бапестеп чоңойтуп, бутубузга тургуздуңуз. Эркелетип, канаттууга кактырган жоксуз. Азыр бизде бар болгон нерсенин баары - сиздин эмгек! Атаке, сизди аябай сагынып жатабыз. Дүйнө бычырап талкаланды. Бейиштен орун аларыңызга үмүттөнөбүз!” деп эскеришти.

Сапаралиев Азамат

Сапаралиев Азамат

Жеке ишкер · 40 жашта

Азамат Сапаралиев жеке ишкердик менен алектенчү. Таш-Көмүр шаардык кеңешинин эки жолку депутаты болгон. “Таш-Көмүр жаштарынын биримдиги” аны шаардагы жаштардын башын бириктирүүгө, калаанын өнүгүшүнө өмүрүнүн акырына чейин өз салым кошуп келген адам катары мүнөздөдү.

“Жергиликтүү кенештин депутаты болгон күндөн тартып шаардын проблемаларын көтөрүп, элдин үнүн чогулуштарда, сессияларда жеткирип турду. Шайлоочуларынын алдында жоопкерчиликти сезип, аларга берген убадаларын аткарды”, - деп айтылат биримдиктин билдирүүсүндө.

“Жалгызым акем, ушунчалык боорукер, ушунчалык жумшак, адилеттүү, шайыр жана мээнеткеч адам элеңиз. Апамдын жалгыз баласы болсоңуз да беш балага татычу экенсиз. Жалгыз акем болуп ишенгенибиз, таянаарыбыз, бир канатыбыз сиз элеңиз. Эми кимди акелейбиз, балдарыбыз кимди тайкелеп келишет? Канатым сынды го... Эми өмүр бою апакеңиздин жүрөгү канап өтөбү. Бир боорум акем? Чыркыратып балдарыныз калышты, жаш эле, сумсайым жеңем жаш туруп жалгыз калды. Ушунчалык өмүрүңүз кыска болоорун билсемчи…”, - деп муңканды карындашы.

Азамат Сапаралиев Таш-Көмүр шаарында эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) 8-июлда көз жумган. Артында жубайы, төрт баласы калды.

Сапаралиева Күлүмкан

Сапаралиева Күлүмкан

Үй кожойкеси · 65 жашта

Күлүмкан Сапаралиева 1955-жылы Талас облусунун Түйтө айылында туулган. Жыйырма жылдан бери үй-бүлөсү менен Бишкек шаарында жашачу. Төрт баласы менен үйүндө болчу.

Кенже кызы Чолпондун эскерүүсү: “1-июлда атам, апам экөө тең ооруп калды. Атам жакшы болуп кетти. Апамдын абалы оорлошо берди. Алты күн үйдө жатып, оорукана издеп жаткыза албай жүрдүк. Кийин 6-ооруканага жаткырдык. Ал жерде да кыйналып, жеке менчик бейтапканага алып бардык. 11 сааттан кийин абалы өзгөрбөй кете берди.” Күлүмкан Сапаралиева Бишкектеги жеке менчик клиникада 2020-жылы 10-июлга караган түнү эки өпкөсү кагынып көз жумган.

Сапаргалиева Салтанат

Сапаргалиева Салтанат

Aрдагер · 67 жашта

Сапаргалиева Салтанат СССРдин маалында Октябрдын 40 жылдыгы атындагы фабрикада тикмечи болуп 40 жылдай иштеген. СССРдин “Эмгек” орденинин ээси.

Үч баласынын кенжеси Данияр апасын: «Абдан шайыр, маңдайы жарык, мээримдүү эле. Балдары, жакындарынын саламаттыгын тилеп турчу. Бизди жанынан артык көрчү, адилеттүү эле», - деп эскерди.

Сапаргалиева Салтанат Кемин районунун Жаңы-Алыш кыштагында туулган. «Ганси» обсервациясында 12-июлда пневмониядан көз жумду.

Сапарова Уулкан

Сапарова Уулкан

мугалим · 67 жашта

Англис тили боюнча мугалим. Балдарынын эскерүүсү: “Биздин апабыз абдан жакшы адам эле. Жүрөгү кенен болчу, неберелеринин сүйүктүү чоң энеси болгон. Коронавирустан улам жоготуп алдык. Ал өмүрүнүн аягына чейин оору менен күрөштү, бирок ажал алып кетти. Жаткан жери жайлуу болсун”.

Сарбагышева Майя

Сарбагышева Майя

Илимпоз · 61 жашта

Майя Сарбагышева Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунда отуз жылга жакын иштеген, биология илимдеринин кандидаты. Соңку жылдары ардактуу эс алууда болчу. Жалгыз кызы Салтанаттын эскерүүсү:

"Таажы вирус жандай көргөн апамды, неберелеринин чоң энесин алып кетти. Апам башкаларга жакшылыкты гана ойлогон, жолуккан адамынын жарпын жазып, маанайы ачык жүрчү. Мен Америкада жашап эки жылдан бери ата-энемди көрө элек элем. Апаат токтосо баарыбыз чогулуп, бири-бирибизге камкордук көрүп, чогуу жашасак деп тилек кылчу элек. Апам бир укмуш жан эле, адамга жакшылык гана каалаган, жаны тынбаган эмгекчил, боорукер, көп окуган, көптү билген ар тараптуу, жакындарына өзгөчө боорукер жан эле. Бизди чоңойтуп, эрезеге жеткирип, камкордук көрүп, биз деп гана турчу. Апам узак жашагысы келчү. Бул апаат болбосо апам менен тирүүлүктүн рахатын көрүп, жашайт элек. Канчаларды сыздатып, бул апаат канчалаган сонун адамдарды алып кетти. Апа, сенин ордуңду эч ким толтура албайт, сени жок деп элестете албайбыз, бизге деген мээримиңди дагы көп эстейбиз. Сизге деген сүйүүбүз өчпөйт, апа!"

Майя Сарбагышева 2020-жылдын 10-июлунда Бишкек шаардык №1-клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болду

Саргынбаева Махабат

Саргынбаева Махабат

Тазалоо кызматында иштеген · 37 жашта

Махабат Саргынбаева 1983-жылы Тоң районунун Бөкөнбаев айылында төрөлгөн. Автожол техникумунда иштечү. Төрт уулу энесиз калды. Эң кичүүсү 2 айлык. 7-июлда эки өпкөсү кагынып, Бөкөнбаев кыштагындагы ооруканада каза болду.

Жакындары: “Абдан шайыр эле. Сүрөткө түшкөндү жакшы көрчү. Эң эле өкүнүчтүүсү - жолдошу Орусияга акча табам деп кеткен. Ал да келе албай калды. Экөө үй алабыз деп жатышкан, кыялы ишке ашпай калды. Балдары апасын сагындык деп жатышат. 5 жаштагы уулу анын өлгөнүн билген жок. Кичүү уулун көрбөй калды”, - деп эскеришти.

Сарибжанов Мансур

Сарибжанов Мансур

Мугалим · 82 жашта

Мансур Сарибжанов Орусиянын Горький облусунун Мочалей кыштагында 1938-жылы төрөлгөн. 4-июлда вирустан улам каза болду. Билим берүүнүн отличниги, белгилүү математик мугалим эле. 73 жашка чыккыча Чүй облусунун, Бишкек шаарынын бир катар мектептеринде мугалим болуп эмгектенген.

Сатаров Кудайназар

Сатаров Кудайназар

Айдоочу · 58 жашта

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну эле.

Эки баласынын бири Жоомарт атасын: «Неберелерин, Тамаркасын, дачасын аябай жакшы көрчү. Ооруп калганда пневмония деп диагноз коюшту. Жүрөгү чыдабай кете берди. Атам дүйнөдөгү эң мыкты адам эле», - деп эскерди.

Сатаров Кудайназар 11-июлда Кызыл-Кыя ооруканасында эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) каза болду.

Сатыбаев Шаршенбек

Сатыбаев Шаршенбек

66 жашта

Шаршенбек Сатыбаев 1954-жылы 16-сентябрда Жумгал районунун Байзак айылында туулган. 1980-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине кирип, 1986-жылы аяктаган. Эмгек жолунда бир нече сыйлыктарга татыктуу болгон. 2002-жылдан өмүрүнүн аягына чейин №26-кесиптик лицейдин директору болуп эмгектенип келди. Анын артында 2 кыз, 1 уулу калды.

Кесиптештери: “29-июлда улуу баласы пневмониядан кайтыш болгон. Бул кабар Шаршенбек Сатыбаевге айтылган эмес. Ал учурда абалы оор болчу. Ал буга чейин райондук аймактык ооруканада дарыланып жаткан. 31-июлда абалы оорлошкондуктан жакындары 1-августта Бишкек шаарына алып жөнөшкөн.”

Шаршенбек Сатыбаев 1-августта Бишкекке жетпей, жолдон Кочкор районунда өпкө кагындан каза болгон. Маркумдун уулу Шаршенбек уулу Зияуль Хак Мусави 29-июлда ушул эле илдеттен көз жумган.

Сатыбалдиев Анарбек

Сатыбалдиев Анарбек

Милициянын полковниги · 67 жашта

Анарбек Сатыбалдиев ардактуу эс алуудагы милициянын полковниги. Жакындары: “Пневмония оорусуна чалдыгып, дарыгерлер антибиотик жазып берип, үйдө жаткан. Өзүн жаман сезгенинен “Ганси” обсервациясына алып барганбыз. Сатурациясы бир түшүп, кайра көтөрүлүп турган.

Дарыгерлер реанимацияга алып кирери менен эле көз жумду. Өмүрүнүн аягына чейин спорт менен машыкчу”, - деп эскеришти.

Сатыбалдиев Анарбек

Сатыбалдиев Анарбек

Салык кызматынын генерал-майору · 63 жашта

Сатыбалдиев Анарбек, салык кызматынын генерал-майору, 3-даражадагы салык кеңешчиси болчу. 1980-жылдан бери финансы, экономика жана фискалдык тармактарда эмгектенип келди.

2001-2005-жылдары Талас шаарын башкарган. Сатыбалдиевдин убагында мамлекеттик ишмер Бекмамат Осмоновду эскерген маегин бул жерден окуй аласыз.
Анарбек Сатыбалдиев 12-июлда өпкөсүнөн кагынып (пневмония) дүйнө салды.

Сатымкулов Залкар

Сатымкулов Залкар

Жеке ишкер · 41 жашта

Залкар Сатымкулов Бишкек шаарынын тургуну, 16-июлда эки өпкөсү кагынып, каза болду. Достору: “Эң ишеничтүү дос, ыйманы бекем, үй-бүлөсүндө сүйүктүү, үлгүлүү ата эле”, - деп эскеришти.

Сейдибалиев Тургуналы

Сейдибалиев Тургуналы

Милициянын ардагери · 65 жашта

Сейдибалиев Тургуналы Талас шаардык ардагерлер кенешинин төрагасы, милициянын ардагери эле. Эмгек жолун 1978-жылы Бакай-Ата районунда милициянын инспектору кызматынан баштаган.

“Өз өмүрүн ички иштер тармагына арнагандыктан, адамгерчилиги бийик ,замандаштарынын сый-урматына татыган кадыр -барктуу инсан болгон”,- деп эскеришти маркумдун балдары.

Сейдибалиев Тургуналы пневмония илдетине чалдыгып, 14-июлда Таласта каза болгон. Артында алты баласы, он небереси калды.

Сейитбекова Элиза Эркинбековна

Сейитбекова Элиза Эркинбековна

Мугалим · 39 жашта · Эки тараптуу пневмония

Таш-Көмүр шаарындагы № 7 мектептин математика мугалими болуп 2007-жылдан баштап иштеп келген. Эки тараптуу пневмония менен ооруп, 21-июлда кайтыш болду.

Сейтекова Нуржамал

Сейтекова Нуржамал

Медайым · 54 жашта

Нуржамал Сейтекова Бишкектин Ак-Өргө конушунун №27 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы эле. Ал элди дүрбөлөңгө түшүргөн эпидемия маалында ар бир бейтаптын ден-соолугу үчүн тынымсыз күрөшүп, өзүнүн кызматын жан дили менен, таза, так аткарды..

Нуржамал Сейтекова 1-июлда коронавирустун кесепетинен дүйнө салды.

Смагулов Куватбек

Смагулов Куватбек

Электрик · 58 жашта

Куватбек Смагулов 8-июлда эки өпкөсү кагынып каза болду.

Балдары: “Жубайын абдан сүйгөн, 2 баланын мээримдүү атасы эле, шайыр, ак көңүл болчу. Бул оорунун айынан тирегибизден айрылдык. Жумушун сүйүп, абдан эмгекчил болчу”, - деп эскеришти.

Сматов Нурдин

Сматов Нурдин

"Алай" клубунун мурдагы директору · 68 жашта

Сматов Нурдин Кыргыз футболуна зор салым кошкон ишмерлердин бири, «Алай» футбол клубунун мурдагы директору эле.

2010-жылы Ош шаарындагы Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионду жетектеген. Нурдин Сматов 1952-жылы 2-апрелде Кара-Суу районунун Бирлешкен айылында туулган.

2020-жылы 16-июлда дүйнөдөн өттү.

Солпуева Сусаркан

Солпуева Сусаркан

Мугалим · 54 жашта

Солпуева Сусаркан Ош технологиялык университетинде студенттерге 15 жылдан бери математика сабагын окутчу. Ага чейин 15 жыл мектепте мугалим болгон.

Уулу Алмаз: “Шайыр, чындыкты бетке айткан, так жүргөн адам эле. Апабызды жоктоп, жүрөгүбүз сыздап отурат”, - деп эскерди.

Сусаркан Солпуева 1966-жылы 4-февралда туулган. Эки өпкөсүнөн пневмония болуп 2020-жылы 7-июлда Ош облустук ооруканасында көз жумду.

Солталиева Гүлгаакы

Солталиева Гүлгаакы

Мугалим · 64 жашта

1956-жылы 10-апрелде Талас районундагы Чат-Базар айылында төрөлгөн. Айылдагы мектепти аяктагандан кийин СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктап, өмүрү өткөнчө Кара-Балта шаарындагы А. Макаренко атындагы №10-инновациялык жатак гимназияда кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштеген.

Кара-Балта шаарында биринчи толук кыргыз мектеби ачылганда 1992-жылы тарбия иштери боюнча директордун орун басары кызматын аткарган. Кыргыз Республикасынын Эл агартуунун отличниги (1993-жыл), Кыргыз тили коомунун Ыйык тил төш белгиси (2019-жыл), республикалык, облустук, Кара-Балта шаар башчылыгынын бир нече жолку Ардак белгисинин ээси.

Артында төрт баласы, неберелери калды. 17-июлда таажы вирустан каза болду.

Анын жакын курбусу, курсташы белгилүү акын Айсалкын Сыдыкбекованын маркумга арналган жоктоосу:

Гүкүшүм ай!!!

Керилип бассаң келишкен, Жан эмес белең периштем. Алтыным Гүкүм, сен кетип, Азапка салдың кейиткен.

Көтөрүп башка салганын, Калышты Кубаң балдарың. Биздин да жүрөк өрттөндү, Өмүрдүн сезип жалганын.

Жаркылдап жүргөн жан курбум, Ал жайга эми жага гой. Кудайым берип бейишин, Кантейин эми бара гой.

Карегим жашка жуулат, Түн түшкөн сындуу туюлат. Калтырап калем кармалбай, Дем жетпей жүрөк буулат.

Асылым ай! Жаркылдагым ай!

Солтоева Толгонай

Солтоева Толгонай

Окутуучу · 42 жашта

Толгонай Солтоева Бишкектеги Инновациялык кесиптер институтунун Орто кесиптик билим берүү борборунун ага окутуучусу болуп иштеп келген. Психология боюнча магистрдик даражага ээ.

«26 жылдан бери курбу болчубуз. Мүнөзү токтоо, сабырдуу эле. Көтөрүмдүү, аябай чынчыл болчу. Илдетти кайдан жугузуп алганын билбейм, эс алууга чыккан. Студенттерин аябай жакшы көрүп, алардын келечегине тынчсызданып турчу. Мекенчилдикке тарбиялап келди», - деп эскерди курбусу Аида.

Толгонай Солтоева 2020-жылдын 9-июлунда Арашан айылындагы ооруканада пневмониядан каза болду. Артында мектеп курагындагы эки кызы калды.

Солтоева Толгонай

Солтоева Толгонай

окутуучу · 43 жашта

Толгонай Солтоева 1977-жылы Токтогул районунда мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Мектепти бүткөндөн кийин Бишкек гуманитардык университетин аяктап, Нарын облусундагы мектептердин биринде мугалим болуп иштеп жүрдү.

Кийин Бишкекке келип, Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин ректоратында иштеп, андан соң бул окуу жайда сабак бере баштады. Аспирантураны бүткөн. Кыргыз архитектуралык институтуна которулуп окутуучу болуп, ошол эле маалда Авиациялык институтта да орус тили жана адабиятынан сабак берип иштеп жүргөн эле.

Кайын сиңдисинин эскерүүсү: “2020-жылы июнь айында студенттерден экзамен алып жүрүп эле 25 - 27-июнда ооруп калды. Үйдөн дарыланып, абалы начарлап кеткенде ооруканага жаткыралы десек, орун жок абдан кыйналдык. Акыры Арашан айылындагы ооруканадан орун табылып, жаткызганбыз. 5 күндөн кийин каза болду. Абалы улам оорлоп, сатурациясы 45-50гө түшкөндө реанимациядан орун издеп таппай койдук. “Тез жардам” кызматы да албай койду. Ошол маалда “Ганси” обсервациясында реанимация ачылат деп жаткан, ага жетишпей калды. Реанимация жок, кычкылтек жетишпей, “Тез жардам” албай эле каза болуп калды. Өзү абдан токтоо, бир калыпта жүргөн, чынчыл, адилет, намаз окуп, кудай жолундагы адам эле. Улууларды сыйлап, бир туугандарына күйүмдүү эже болчу. Ата-энеси, жолдошу, мектепте окуган эки кызы калды. 9-июлда эки өпкө кагынынан көз жумду”, - деп эскерди.

Солтонкулов Жумгалбек

Солтонкулов Жумгалбек

Cоциалдык кызматкер · 69 жашта

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаментинин кызматкери, “Социалдык коргоо тармагынын отличниги” болгон.

Кызы Солтонкулова Гүлайым: “Солтонкулов Жумгалбек эмгек жолунда өзгөчө тактыгы, чынчылдыгы, адилеттиги ар дайым жогору бааланып, үлгү болуп келди. Жакындарынын сыймыгы эле. Аксакалдык акылмандыгы, көрөгөчтүк кеңештери бир туугандары, балдары үчүн чоң жөлөк, турмушка багыт эле. Биз ушул кезге чейин атабыздын бир гана ирет бир тууган иниси Солтонкулов Мырзабектин көзү өткөндө майтарылганын көрдүк. Биз экинчи ирет орду толгус чоң жоготуудабыз. Антсе да сабыр кылабыз. Аталарыбыз татыктуу өмүр жолу менен бизге үлгү калтырып кетишти.

Кайыктын тең иштеген калагындай,

Китептин удаа ачылган барагындай.

Акылы ашып турган аталарым,

Артыңдан жоктоп издеп каламбы, ай.

Эл үчүн ташталды ар кадамыңар,

Эгиз тоо эле бизге карааныңар.

Эч нерсе алмаштыргыс кубат болчу,

Эсен-соо деген эле кабарыңар.

Үлгүсү болуп жашап адамдыктын,

Үйрүлүп, кууп бизден жамандыкты.

Ар качан акыл кошуп турчусуңар,

Таанытып, адалдыкты, арамдыкты”, - деп жазды.

Солтонкулов Жумгалбек 1951-жылы Нарын районунун Миң-Булак айылында туулган. 2020-жылы 17-июлда пневмониядан көз жумду. Артында жубайы, эки уулу, алты небереси калды.

Сооронбаев Акыбай

Сооронбаев Акыбай

Жеке ишкер · 64 жашта

Акыбай Сооронбаев Ноокен районунун Масы айылында «Кенч» чарбасын жетектеген. Маркум 2004-жылы өкмөттүн алдындагы ишкерликти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчисинин орун басары болгон. 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Ноокен району боюнча элдик комендант болгон. «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери» наамы ыйгарылган.

64 жашында пневмониядан көз жумду. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 10-ноябрда айылында өттү.

Сооронбаева Уркуя

Сооронбаева Уркуя

медайым · 65 жашта

Уркуя Сооронбаева 1954-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылында туулган. 1978-жылдан тарта Аксы райондук оорукананын жугуштуу оруулар бөлүмүндө иштеген.

46 жылдык стажы бар. Акыркы 20 жылда Жалал-Абад облустук ооруканасында улук мед айым болуп иштеп жаткан. Артында төрт баласы калды.

Жакындары: “Өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин бейтаптар менен иштеди. Пневмония болуп калгандан кийин да ишинен кеткен жок. Элге кызмат кылам деп жүрүп, өзү ушинтип кетип калды”.

Уркуя Сооронбаева 7-августта өпкө кагындан каза болду.

Стамбаев Масылбек

Стамбаев Масылбек

Ишкер · 60 жашта

1960-жылы 10-майда Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ленин айылында туулган. 30 жылдан бери базарда иштеп, эки жылдан бери эс алууда жүргөн. Балдары: “Быйыл пенсияга чыкмак, 60 жылдыгын күзүндө өткөрөлү деп жатканбыз”, - дешти. .

Беш баланын атасы жана 3 небереси бар. 28-июлда өпкө кагындан каза болду.

Балдарынын эскерүү ыры:

“Атакем элесиңди көрсөм кана, Атакем бир жытыңды сезсем кана? Боздотуп таштап кеттиң балдарыңды, Калдык го ыйлап-ыйлап кайра-кайра. Атакем кучагыңа баттсам кана, Атакем бир үнүңдү уксам кана? Сыздатып кете бердин балдарыңды, Отурам сизди эстеп кайра-кайра.”

Станбеков Арабай

Станбеков Арабай

экономика илимдеринин кандидаты, доцент · 92 жашта

2020-жылдын 10-июлунда эки өпкөсү кагынып (пневмония) каза болду. Көп жылдар бою Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетте, Айыл чарба институтунду иштеген. 87 жашка чыккыча Кыргыз-Орус Славян университетинде сабак берген илимпоз эле.

Станбеков Масалбек

Станбеков Масалбек

Ардагер · 61 жашта

Масалбек Станбеков 2020-жылдын 13-июлунда өпкө кагындан каза болду.
Масалбек Рыспекович Станбеков 1958-жылы 1-октябрда Талас облусунун Сатыкей айылында төрөлгөн.

Мамлекеттик автоинспекция кызматкери, 2005-жылдан райондук МАИнин жетекчи орунбасары болуп иштеген. Мамлекеттик бир катар орден-медалдар менен сыйланган.

Масалбек Станбековду жакындары үй-бүлөсүнө камкор, балдары менен неберелерин жанындай жакшы көргөн ата, чоң ата, достукка бекем адам эле деп эскеришти.

Субанов Акылбек

Субанов Акылбек

Жеке ишкер · 55 жашта

Акылбек Субанов Нарын облусунун Миң-Булак айылында 1965-жылы төрөлгөн. 3 баланын атасы. 10 күндөй ооруп, Бишкектеги “Семетей” обсервациясында 14-июлда каза болду.

Субанов Сарыкул

Субанов Сарыкул

Врач-эндоскопист · 68 жашта

Сарыкул Субанов 1952 жылы 23-январда Аксы районуна караштуу Коргон айылында туулган. 1975- жылдан тарта өмүрү өткүчө Аксы аймактык орууканасында врач онколог, эндоскопист, УЗИст болуп эмгектенип келген. Артында төрт баласы калды.

Балдары:

“43 жыл элдин саламаттыгы үчүн кызмат кылды. Мээримдүү, камкор ата, төрүбүздүн көркү эле. Иштеп жүрүп 30-июлда коронавирус жугузуп алды”.

Субанов Сарыкул 7-августта эки өпкөсү кагынып, 68 жашында каза болгон.

Субанова Шайымбүбү

Субанова Шайымбүбү

Баатыр эне · 92 жашта

Шайымбүбү Субанова 12-июлда өпкө кагындан каза болду.

Айылдын ардактуу, касиеттүү, дөөлөттүү энеси болчу. Аркасында отуздан ашуун небере-чөбөрөсү калды.

Сулайманов Жоро

Сулайманов Жоро

журналист · 64 жашта

Жоро Сулайманов “Ачык сөз” гезитинин негиздөөчүсү, башкы редактору болуп турган. Журналисттик кесипке кырк жылдык өмүрүн арнаган.

Иниси Максат: “Абдан боорукер, сезимтал, шайыр адам эле. 40 жылдан ашык жалпыга маалымдоо тармагында иштеди. Агабыз келечекте Кыргызстан гүлдөп өнүккөн мамлекет болуп, нускасы аябай көп гезиттерди чыгарсам деп кыялданчу.

“Медианын функциясы - агартуу, журналистиканын принциптерин бузбай, адилет иштеш керек” деп көп айтчу”, - деп эскерди.

Жоро Сулайманов 1956-жылы 17-февралда Токтогул районунда туулган. 2020-жылы “Манас” эл аралык аба майданынын карамагындагы госпиталдын (мурдагы “Ганси”) обсервациясында эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) жатып, 10-июлда каза болду. Артында жубайы, беш баласы калды.

Сулайманова Назгүл

Сулайманова Назгүл

Бишкек мэриясынын кызматкери · 40 жашта

Назгуль Жанышевна Сулайманова 1980-жылы 2-июлда төрөлгөн. 2002-жылдан 2016-жылга чейин Бишкек мэриясынын борбордук аппаратында иштеп, кийин Октябрь райондук акимчиликке которулган.

“Назгүл баш калаанын жашоо-турмушунун маанилүү бир бөлүгүнүн жаны менен жүрөгү болчу. Жалпы бөлүмгө келген канчалаган кайрылуу, арыз, өтүнүчтөрдү тийиштүү кызматтарга жеткирип, шаардык кызматтын ыраатынан жанбай иштеп турушуна салым кошчу.”

Бишкек мэриясы менен Октябрь районунун акимчилиги Назгүл Сулайманованын жакындарына, туугандарына, уулуна көңүл айтты. Назгүл Сулайманова 30-июлда өпкө кагындан көз жумду.

Сулейман Губеза

Сулейман Губеза

Айыл өкмөтүнүн башчысы · 62 жашта

Сулейман Губеза Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Милянфан айыл өкмөтүн төрт жыл башкарган. Ысык-Ата райондук аймактык ооруканасынын маалыматына караганда, маркум оор абалда түшкөн.

Сулейман Губеза 23-октябрда 62 жашында пневмониядан көз жумду.

Сулейманова Бахти

Сулейманова Бахти

Педагог · 66 жашта

Бахти Сулейманова Ош шаарында 1954-жылы төрөлгөн. Орус тили жана адабияты сабагынан берген мугалим эле.

Ноокат, Ош шаарларында иштеген. 2004-жылы Ош шаарындагы көрүүсү начар балдардын мектебинде иштеген. Тифлопедагог, Брайл арибин билген сейрек адис эле. 2009-жылдан бери менчик окутуу кабинетин ачып, иштетип жаткан. Педагогика, логопедия, тифлопедагогика жаатындагы сейрек адис. “Билим берүүнүн отличниги” наамына ээ.

Бахти Сулейманованын артында бир кыз, бир уулу калды.

2020-жылы 15-июлда Ош шаарында таажы вирустан оңоло албай каза болду.

Султанбеков Адылбек

Султанбеков Адылбек

Окумуштуу, экономика илимдеринин кандидаты · 54 жашта

Адылбек Султанбеков - окумуштуу, экономика илимдеринин кандидаты. 2005-2010-жылдары Президенттин алдындагы башкаруу Академиясын жетектеген.

1992-жылы Фрунзе Политехникалык институтун бүтүрүп, ошол эле окуу жайда катардагы мугалимдиктен проректорлук орунга чейинки кызматтарда иштеген.

Адылбек Султанбеков 1966-жылы 6-февралда Ош облусунун Мады айылында туулган. 2020-жылы 9-июлда пневмониянын кесепетинен каза болду. Артында аялы, үч баласы калды.

Султанмуратов Акматбек

Султанмуратов Акматбек

Пенсионер · 69 жашта

Султанмуратов Акматбек эмгек жолун Токтогул ГЭСинде курулушчу болуп баштаган. "Ак-Суу"совхозунда башкы бухгалтер, компартиянын райондук комитетинде инструктор, Ак-Жол айыл өкмөтүндө башкы бухгалтер болуп иштеп жүрүп эс алууга чыккан.

Уулдарынын бири атасына төмөнкүдөй ыр арнады:

“Мен үчүн тилек элең, аскам элең, Туу тутуп, бир өзүңдү сүйөр элем. Таштап бир кетип калдың бул өмүрдү, Тилинген жүрөгүмдү билер белең?”

Султанмуратов Акматбек Аксы районундагы Ак-Жол айлында туулган. 2020-жылы 16-июлда коронавирус илдетинен көз жумган. Артында алты баласы калды.

Султанов Руслан

Султанов Руслан

Жеке ишкер · 39 жашта

Руслан Султанов 1981-жылы 21-январда Нарын шаарында төрөлгөн. Бишкектеги Дене тарбия институтун аяктагандан кийин бир нече жыл мектепте мугалим болуп иштеген. 12-июлда эки өпкөсү кагынып кагаз болду.

Султанов Салмоорбек

Султанов Салмоорбек

Текшерүүчү · 60 жашта

Салмоорбек Султанов Кыргызстандын улуттук электр тармактары холдингдин кызматкери болчу. Бул тармакта ал 24 жыл иштеген.

Салмоорбек Султанов 1960-жылы Ысык- Ата районунун Тогуз-Булак айылында төрөлгөн.

Салмоорбек Султанов кош өпкө кагынынан каза болду.

Суслов Владимир

Суслов Владимир

Курулушчу · 70 жашта

1950-жылдын 16-февралында БАССРдын Стерлитамак шаарында төрөлгөн. Абдан жакшы киши эле.

Камкор жар жана ата болчу. Коңшулары: “Көп жылдан бери биздин үйдүн короо башчысы (домком) болуп жүрчү. Ар бир тургунга көңүл буруп, түйшүгүн чечүүгө жардам берчү. Кеңешин аячу эмес. Жубайы экөө биздин үйдү, короону гулдөтүп салышкан. Ал каза болуп, жетимсиреп отурабыз”, - деп эскеришти.

8-июлда пневмониядан көз жумду.

Сүйөркулов Күмүшбек

Сүйөркулов Күмүшбек

Жеке ишкер · 57 жашта

Күмүшбек Сүйөркуловдун артында сүйүктүү жары, уул кызы жана үч небереси калды.

Жээни Аида: “Биз өтө асыл, кымбат адамыбыздан айрылдык. Абдан эмгекчил, боорукер, күйүмдүү адам эле. Туугандарга колунан келген жардамын аячу эмес. Ал дайыма жүрөгүбүздө жашай берет”, - деп жазды.

Күмүшбек Сүйөркулов 28-июнда өпкө кагындан каза болду.

Сыдыков Абдыжапар

Сыдыков Абдыжапар

Инженер-курулушчу · 60 жашта

Абдыжапар Сыдыков 1960-жылы 2-сентябрда Ош облусунун Терек айылында төрөлгөн. Эмгек жолун 1988-жылы СССР Мамлекеттик агрардык өнөр-жайынын “Кой чарбасын илимий изилдөө” долбоорлоо институтунун бөлүмүндө инженер-конструктор болуп иштөөдөн баштаган.

Кыргызстандын өнөр-жай курулуш министрлигинде бир катар кызматтарда, Орусиянын Омск шаарында курулуш ишканасынын жетекчиси болуп иштеген.

Абдыжапар Сыдыков 2020-жылдын 12-июлга караган түнү өпкө кагындан каза болду.

Сыдыков Азамат

Сыдыков Азамат

милиция кызматкери · 31 жашта

Азамат Сыдыков Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери эле. Ал 1989-жылы Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндө, Кызыл-Жар айылында туулган. Милицияда 2010-жылдан бери иштеп келе жаткан. 1 уул 1 кыздын атасы.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Жеңиш Аширбаев:

“Ички иштер орагандарынын катарына 2010-жылы ноябрь айында кабыл алынып, кызматын Ош ОИИБдин Кайгуул-күзөт кызмат батальонунун милиционерлигинен баштаган. Андан соӊ Ноокат, Кара-Суу РИИБдеринде жашы жете электер менен иштөө инспектору, милициянын айылдык тескөөчүсү кызматтарында иштеген. Иш билги, билимдүү кызматкер эле. Куйкум сүйлөгөн сатирага жакын, созолонто ырдай алчу. Балдарга жакын болгондуктан балдар инспектору катары да иштеп калды. Азыркыга чейин мектеп директорлору, ата-энелердин көңүл айтуу жана аны мактаган каттар келип жатат”.

Азамат Сыдыков 2020-жылы 9-августта өпкө кагындан каза болду.

Сыдыков Асейин

Сыдыков Асейин

уста · 49 жашта

Асейин Сыдыков Бишкектеги Айкөл жаңы конушунда үй-бүлөсү менен жашап жаткан. Электрик, уста катары буюртмаларды алып иштечү. Артында үч уул, бир кызы калды.

Кошунасы Саматтын эскерүүсү: “Балдарынын кичүүсү эки жашта. Үй-бүлөсүн, балдарын багам деп тынбай иштечү. Конуштун көйгөйлөрүн чечүүгө салым кошкон. Берешен, жардамын аябаган адам эле.”

Асейин Сыдыков 22-июлда өпкө кагындан Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болду.

Сыдыков Таалайбек

Сыдыков Таалайбек

Финансист · 64 жашта

Таалайбек Сыдыков “Манас Менежмент компаниясы” жабык акционердик коомунун (ЖАК) бухгалтердик эсеп жана каржы бөлүмүнүн башчысы болчу.

1956-жылы 10-декабрда Ысык-Көл областынын Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган. 2004-жылдан тартып ушул мезгилге чейин “Манас Менежмент компаниясы” жабык акционердик коомунда бухгалтердик эсеп жана каржы бөлүмүнүн башчысы кызматында иштеп келген.

Таалайбек Сыдыковдун артында 1 уул 3 кызы калды.

Уулу Мырзабек: «Атам абдан боорукер, жаркылдаган, адамгерчиликтүү, бардык бир туугандарына кам көргөн, өз ишин мыкты билген адам эле. “Неберелеримдин жакшылыктарын көрсөм экен” деп кыялданчу. Күтүүсүз оору жүрөктү сыздатып алып кетти. Аска зообуздан айрылдык. Аллахым Атабызга бейиштен орун берсин»

Таалайбек Сыдыков 2020-жылы 17-июлда 64 жаш курагында “Манас” аба бекетинин жанындагы “Семетей” обсервациясында өпкө кагындан каза болду.

Сыргаев Раушанбек

Сыргаев Раушанбек

Милициянын отставкадагы полковниги · 58 жашта

Сыргаев Раушанбек көп жылдар бою Ички иштер министрлигинин Өзгөн, Алай, Ноокат райондук бөлүмдөрүн башкарып турган, милициянын отставкадагы полковниги.

Сыргаев Раушанбек 19-июлда өтүшүп кеткен пневмониядан улам каза болгонун "Турмуш" порталы жазды. Артында жубайы, төрт кызы, эки уулу калды.

Сыргаков Бактыбек

Сыргаков Бактыбек

прокурор · 57 жашта

Бактыбек Сыргаков 1963-жылы 28-январда Таластагы Бакай-Ата районунун Боо-ерек айылында туулган. Ал Кемин райондук, Ош шаардык, Ош облустук, Өзгөн райондук, Талас облустук прокуратурасында эмгектенген.

Баткен облусунун прокурору, Талас, Ош облусунун прокурорунун орун басары кызматтарын аркалаган. 2019-жылдын февраль айынан тарта Сокулук районунун прокурору болуп иштеп жаткан.

Бактыбек Сыргаков 9-августта өпкө кагындан каза болду.

Сыргакова Бермет

Сыргакова Бермет

басма кызматкери · 50 жашта

Бермет Сыргакова 1970-жылы 9-июнда Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Орловка айылында туулган. 1992-жылы В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун дефектология-сурдопедагогика жана орус тили, адабияты боюнча адистикте окуган. 23 жыл Бишкек шаарындагы «Учкун» ААК басмаканасында корректор болуп иштеп келген.

Бир туугандарынын эскерүүсү:

“Төрт бир туугандардын улуусу эле. Биздин элесибизде жаркыраган ай чырайлуу жүзү, жүрөгүнүн тазалыгы, боорукердиги, чынчылдыгы, дайыма позитивдүүлүгү, адабий дүйнөсү бай, жаратылыштын сулуулугун көрө билген, жашоонун баалуулугун түшүнгөн, билими, ой жүгүртүүсү өтө терең адам эле. Келбетинин сулуулугуна үнү дагы жарашыктуу болуп сүйлөчү. Жан дүйнөсү терең адам эле”.

Бермет Сыргакова 21-июлда өпкө кагындан Бишкектеги ооруканалардын биринде көз жумду.

Т

Табалдиева Айгүл

Табалдиева Айгүл

Фармацевт · 57 жашта

Айгүл Табалдиева 1962-жылы 17-октябрда Сокулук районунун Асылбаш айылында туулган. 30 жыл провизор-фармацевт болуп иштеген. 5 баланын мээримдүү энеси, 8 неберинин сүйүктүү таенеси, чоң энеси.

Балдарынын атынан:

Эмгенде ак сүтүңүздү таанып билгем, Энелик мээримиңизди табам кимден?! Эртелеп алып кеттиң арабыздан, Аллахым дуба кылып суранарым, Энеме орун берчи бейишиңден!

Айгүл Табалдиева таажы вирус апаатына кабылып, өпкө кагындан 57 жаш курагында, 2020-жылдын 10-июлунда жарык дүйнө менен кош айтышты.

Тазабекова Жамал

Тазабекова Жамал

Дарыгер · 71 жашта

Жамал Тазабекова ИИМдин медицина борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча бейтапканасынын ординатор дарыгери болуп эмгектенип келген.

«Апам катардагы аскерден тартып генералга чейин дарылаган, медицинадагы абдан тажрыйбалуу дарыгер болчу. Жардамын эч кимден аянчу эмес», - деп эскерет кызы Үмүт.

«Ооруп жатканда өтүп кетерин сезгендей болду. Улуу эжем ооруканада, жанында эле. Бизге видео менен телефон чалып, баарыбызды бир карап алды. Ошол бойдон 30-июнда саат 12ден өтүп жүрөгү токтоп калды...», - дейт кызы.

Жамал Тазабекова 1949-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган.

Талканбаева Аманбүбү

Талканбаева Аманбүбү

Үй кожойкеси · 61 жашта

Талканбаева Аманбүбү Фрунзе шаарындагы Кооперативдик техникумду бүтүрүп, кесиби боюнча 6 жыл эмгектенген.

Сиңдиси Зейне: «Кара Балта шаарында жашап жаткан. Эжекебиз акылдуу, боорукер, эч кимге жамандыгы жок ачык мүнөз эле. Уул-кыздарын жакшынакай тарбиялап, билим берип чоңойтту. Бүгүнкү күндө алардын сыйын көрүп турган убагы эле», - деп эскерди.

Талканбаева Аманбүбү Ат-Башы районундагы Кызыл-Туу айылында 1959-жылы 1-апрелде төрөлгөн. 2020-жылы 14-июлда пневмониядан көз жумду. Артында төрт кызы, бир уулу калды.

Талыбов Мазахир

Талыбов Мазахир

ардактуу куруучу · 75 жашта

Мазахир Талыбов Азербайжанда төрөлгөн. Фрунзе шаарына келип, бүт өмүрүн шаар курулушуна арнаган. Кесиби боюнча куруучу.

Шаардагы көп маанилүү курулуштарга: Бишкектеги Өкмөт үйүн, филармония, курулушчулар поликлиникасын дагы башка имараттарды курууга катышкан. Артында үч баласы 5 небереси калды.

Келини Аида: “Абдан боорукер, чарбачыл, жоопкер, токтоо, сабырдуу адам эле. Анын жоктугу бизге оор болот. Кенже небересин көрбөй кетти.”

Мазахир Талыбов 2020-жылы 12-июлда кош өпкө кагынынан каза болду.

Ташибаева Асина

Ташибаева Асина

Мугалим · 79 жашта

Асина Ташибаева физика мугалими болгон, өмүрүн мектепке арнаган, “Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген мугалими” мамлекеттик наамы ыйгарылган. 2015-жылга чейин Чүй районунун Кошой айылындагы орто мектебинде физика мугалими болуп эмгектенген.

“Анын окуучулары ар дайым райондук, облустук олимпиадаларда байгелүү орундарга ээ болуп келген. Өз кесибин абдан сүйгөн адам эле. Советтер Союзу тарагандан кийин ал мектептеги физика лабораториясын сактап калууга чоң салымын кошкон. Өз каражатына физика кабинетин жабдыган” деп жазылган министр Каныбек Исаков баштаган билим берүү тармагынын жетекчилери кол койгон көңүл айтуу катында.

Асина Ташибаева 1941-жылы азыркы Нарын (Тянь-Шань) районунда туулган. 2020-жылы 6-июлда каза болду. 7 баласы, 20 небереси бар.

Ташполотов Патта

Ташполотов Патта

Айдоочу · 61 жашта

Ташполотов Патта айдоочу эле, он жылдан бери Бишкек шаарындагы №202 маршруттук каттамда эмгектенип келаткан. Акча топтоп, 2019-жылы Меккеге барып, ажылык зыяратын кылып келген.

Ташполотов Паттаны адегенде “Манас” аба майданындагы обсервацияга алып барышса албай койгонун, андан кийин Интергельпо көчөсүндөгү ооруканага жаткырып, айыга албай койгондо үйгө чыгарып кетишкенин кызы “Азаттыкка” билдирди.

Ташполотов Патта эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) 7-июлда үйүндө каза болду. Артында эки уул, эки кызы, 12 небереси калды.

Таштабекова Гүлшант

Таштабекова Гүлшант

жеке ишкер · 47 жашта

Гүлшант Таштанбекова 1973-жылы 19-январда Талас районунун Арал айылында туулган. Жыйырма жылга жакын Орусияда соода тармагында иштеп келген. Акыркы жылдары Бишкекте дүкөн иштетип жүргөн. 4 баланын энеси. Кичүү уулу 2 жашта.

Жакындарынын эскерүүсү: “Ырдаганды, конок тосконду жакшы көрчү. Мүнөзү жумшак, бирөнүн көңүлүн оорутпаган адам эле. Тууганчыл болгон. Эжеси экөө бир убакта эки башка ооруканага жатып, эжеси бир күн мурда каза болду. Ага чейин бир тууган агасы Казакстанда каза болгон. Алар туурауу укпай-билбей калды”.

Гүлшант Таштанбекова 15-июлда Бишкектеги республикалык ооруканада өпкө кагындан каза болду.

Таштанбекова Бакын

Таштанбекова Бакын

57 жашта

Бакын Таштанбекова 1962-жылы 2-августта Талас районунун Арал айылында туулган. Беш баласы менен үйдө болчу.

Кызы Мээрим: “Апам каза болгондон бир күндөн кийин сиңдиси каза болду. Кайдан ооруп калганын билбей деле калдык. Шайыр, жайдары, жашоону сүйгөн адам эле. Буга чейин ооруган деле эмес. Чыйрак эле. Ошондуктан апамды жоготуп, нес болуп калдык”.

Бакын Таштанбекова 14-июлда Бишкектеги ооруканалардын биринде өпкө кагындан каза болду. Бир тууган сиңдиси Таштанбекова Гулшант 15-июлда ушул өпкө кагындан Бишкекте көз жумду.

Тезекбаев Кушбак

Тезекбаев Кушбак

Коомдук ишмер · 68 жашта

Кушбак Тезекбаев - коомдук жана мамлекеттик ишмер, Апрель революциясынын баатыры. Эмгек жолунда Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу «Кыргыз турак жай коммуналдык бирикме» мамлекеттик ишканасынын башкы директору кызматтарын аркалаган.

Кушбак Тезекбаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков баштаган мамлекеттик ишмерлер көңүл айтуу жарыялады. Анда Тезекбаев 2010-жылы апрель окуясында жеңишке жетүүгө түздөн-түз катышканы, ошол жылдын июнь окуяларында коомдук-саясий туруктуулукту, улут аралык достукту, ынтымакты чыңдоого салым кошкону белгиленген.

Кушбак Тезекбаев пневмония илдетинен Ош шаарында кайтыш болду.

Тезекбаев Эркинбек

Тезекбаев Эркинбек

Спорт калысы · 58 жашта

Эркинбек Тезекбаев Кыргызстандагы таяк тартыш спортунун негиздөөчүсү, ушул спорт боюнча эл аралык категориядагы калыс болчу. Ал 2013-жылы Кыргызстанда мас-рестлинг федерациясын негиздеп, анын алкагында таяк тартыш спортун өнүктүрө баштаган.

Эл аралык мас-рестлинг федерациясынын “Биз аны адилет калыс катары билебиз. Андайлар сейрек. Анын ноюбаган эмгегинин натыйжасында Кыргызстанда мас-рестлинг боюнча татыктуу курама команда чогулуп, мыкты спорттук көрсөткүчү жана биримдиги менен бүтүндөй дүйнөнү таң калтырууда” деп эскергенин prosports.kg сайты жазды.

Эркинбек Тезекбаев 6-июлда каза болду.

Темиров Сагынбек

Темиров Сагынбек

милициянын полковниги · 62 жашта

Өмүрүнүн 35 жылын ички иштер тармагына арнаган. Бишкек шаарындагы оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча башкармалыктын жетекчиси болуп иштеген. Андан соң Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгынын «А» бөлүмүн башкарган. Медалдар, ардак грамоталар менен сыйланган. Чынчыл, ак ниет офицер эле.

Жубайы Бактыгүл: «39 жыл чогуу жашаганбыз. Баарыбыз сыздап калдык. Жашоого топук кылган, шайыр адам болчу. Жаш балдардын баары менен ойноп, күлүп жайнап журчү.

Тууганчыл адам эле. Балдарын дайыма ынтымакта болгула деп тарбиялачу. Кенже уулбузду бир ай мурун үйлөнттүк эле. Ошонун балдарын, неберелерин көрбөй кетип калбадыбы. Небелерин жетелеп жүрсөк деп көп кыялданчу. Дене табы ысып эле ооруп калганынан Гансиге алып барганбыз. Үч күн ичинде эле көзү өтүп кетти», - деп эскерди.
Темиров Сагынбек 1958-жылы Фрунзе шаарында туулган. 2020-жылы 6-июлда пневмониядан көз жумду. Артында жубайы, төрт баласы калды.

Терекбаева Заида

Терекбаева Заида

Акушер · 52 жашта

Заида Терекбаева Бишкектеги №2 төрөт үйүнүн акушери болуп иштечү. Кесиптештеринин айтымында, пандемия башталганы төрөтканадан чыкпай, бейтаптарга жардам берип келген.

Заида Терекбаеваны кесиптештери: “Көптөгөн ымыркайлардын жарык дүйнөгө келишине өбөлгө болгон тажрыйбалуу адис дүйнөдөн өттү”, - деп эскеришти.

"Фейсбуктагы" “Медсестры Кыргызстана” тайпасындагылар көңүл айтуулардын биринде: “Covid Заида эжени да кыйгап өткөн жок. Жаткан жериниз жайлуу болсун! Бейиштен кудайым орун берсин!”, - деп жазылды. Заида Терекбаева 6-июлда пневмониядан каза болду.

Тилекматова Чынара

Тилекматова Чынара

Дарыгер · 73 жашта

Чынара Тилекматова 1947-жылы Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Кызыл- Дыйкан айылында туулган. Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жетекчи кызматта эмгектенген. Өмүрүнүн акыркы күндөрү Свердлов районундагы Аскер комиссарлыгында медициналык кызматкер катары иштеп жаткан. Эки уул, эки кыздын энеси.

Жакындары:
“Мүнөзү токтоо, чечкиндүү бардык нерсеге алдын-ала көзү жеткен көрөгөч адам болчу”,- деп эскеришти.

Чынара Тилекматова 30-июнда өпкө кагындан каза болду.

Тогузаков Бейшембек

Тогузаков Бейшембек

Жеке ишкер · 55 жашта

Бейшембек Тогузаков Тоң районунун Эшперов айылынын ардактуу атуулу, активисти болчу. Көп жылдан бери соода тармагында иштеген.

4 баланын атасы. Уулу Азамат атасын эскерди: “Бир уруунун адилеттүү башчыларынын бири, чынчыл адам эле. Атам ушунчалык кичипейил, боорукер, эч бир адамдын көңүлүн калтырбаган элпек, эч кимден жардамын аябай өзүнүн жумушун таштап коюп, кичүү-улуу дебей чуркап, чын жүрөктөн кызмат кылган, элдин батасын алган адам эле. Бир тууган, кайын журт, бажаларынын, тели-теңтуш, айыл-апага сый-урматы сиңген, кадыр-баркы тоодой адам эле. Кыздарына кыздай, уулдарына уулдай жумшак мамиле кылган, келиндерин кызындай көргөн, өмүрлүк жубайына сый-урматы чексиз болчу. Атамдын колунан келбеген иш жок болчу, бардык жумуштун майын чыгарып сапаттуу кылчу. Неберелери үчүн мындай чоң ата жок эле. Мына эми ошол эмгектеринин үзүрүн көрүп, сый-урматтын үстүндө, төрдүн көркүн ачып неберелердин кылыктарына тоюп, жубайы экөө ээрчишип кудалардын арасында жүрө турган маалда баарыбыздын ичибизди ачыштырып, жүрөгүбүздү тилип ыйлатып кетип калды”.

Бейшембек Тогузаков 19-июлда Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталда өпкө кагындан оңоло албай көз жумду.

Ушул эле күнү Тоң районундагы аймактык ооруканада анын бир тууган иниси Ишембек Тогузаков өпкө кагындан кайтыш болду.

Тогузаков Ишембек

Тогузаков Ишембек

Бухгалтер · 51 жашта

Ишембек Тогузаков Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Эшперов айылынын тургуну. Эшперов айылындагы "Жайыт" чарбасында бугалтер болуп иштеп келген.

Төрт баланын атасы. Ишембек Тогузаковдун кызы: “Атам эң боорукер , күйүмдүү, жөнөкөй адам болгон. Эми куда-сөөк күтүп, төрүбүздө отурарда сыйыбызды көрбөй кетип калды. Иним жакында аскерден келмек, аны күтүп жатты эле, көрбөй кетип калды. Өзү биринчи топтогу майып, балдакчан басчу. А бирок, аябай эмгекчил эле. Үйүндө чакан устаканасы бар болчу. Айылдагы балдарды шахматка даярдачу. Эрки күчтүү, баарыбызга үлгү эле. Биз аны “Азаттык” келип тартса, башкаларга анын ишин көргөзсө деп кыялданар элек. Силерге мына эми кайрылам деп жүргөндө атам ооруп калды. Азыр эми ал сюжеттин ордуна атам “Азаттыктын” тизмесине кирип калды”.

Ишембек Тогузаков 19-июлда Тоң районунда аймактык ооруканада өпкө кагындан кайтыш болду.

Ушул эле күнү анын бир тууган агасы Бейшембек Тогузаков Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталда өпкө кагындан оңоло албай көз жумду.

Токобаев Даир

Токобаев Даир

«Манас» аэропортунун экс-вице-президенти · 34 жашта

Даир Токобаев жаш саясий технолог катары белгилүү болчу. Эл аралык «Манас» аэропортунун вице-президенти, Өкмөткө караштуу Стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары кызматтарында иштеген.

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов Даир Токобаевди «Кыргызстанды чын дилинен сүйгөн, келечеги үчүн күрөшкөн, бизнестин кайсы гана тармагы болбосун башкарып, ийгиликке жеткире алган» адам катары сыпаттап, коронавирустун кесепетинен өмүрү кыйылганын "Фейсбук" барагына жазды.

Даир Токобаев 1986-жылы 23-июнда Бишкекте туулган, 2020-жылы 7-июлда өпкөсү кагынып (пневмония) каза болду.

Токоева Жибек

Токоева Жибек

ардагер · 65 жашта

Жибек Токоева Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айылынын тургуну. Артында алты баласы, 21 небереси калды.

Келини Элмиранын эскерүүсү:

“Жаш кезинде жолдошу каза болуп калып, алты уул-кызды бутуна тургузуп, үйлөп- жайлаш үчүн жанын аябай бардык жерде иштеп жүрдү. Кичүү уулуна үй салып, жакында бүтүрүп той беребиз деп турган эле. Ден-соолугу жакшы болчу, өмүр бою бир калыпта, карылыкка алдырбай чыйрак, келбеттүү жан эле. Мээримдүү жеңе, колунан баары келген алпейим аял эле. Кайындары менен туугандарынан колунан келген жардамын аяган жок”

Жибек Токоева 3-августта Түп райондук ооруканасында таажы вирустан каза болду.

Токсунбаев Нурлан

Токсунбаев Нурлан

Куткаруучу, майор · 44 жашта

Нурлан Токсунбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин бөлүм башчысы болуп турган. Өрткө каршы кызмат тармагында 1998-жылдан бери иштеп келаткан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тажрыйбалуу кызматкерин жоготконун расмий баракчасына жазды.

Токсонбаевдин карындашы: “Жумушуна өтө так, тыкан эле. Күнү-түнү, дем алыш күндөрү да иш дегенде баарын таштап, баш-оту менен кирип кетчү. Ушундай кыйын күндөрү кыйналып, үйгө келбей иштеп атканын көрүп, “ушул ишиңди таштачы” деп айткан күндөрүбүз да болгон. Анда байкуш байкем “Мекенчил болгулачы, Ата Мекенди сүйүп жашаш керек” деп койчу эле. Алты бир туугандын улуусу болчу. Бизге күйүмдүү ага, балдарына камкор ата, сүйүктүү жубай эле. Иштеген акчасын топтоп, ата-энебизди саякатка чыгарам деп кыялданып жаткан эле,”-деп эскерди агасын.

Токтобеков Азамат

Токтобеков Азамат

жеке ишкер · 54 жашта

1990-жылдары Бишкекке келип, соода тармагында иштеп жүргөн.

Балдары: «Атам өмүрүнүн аягына чейин оору менен күрөштү. Биздин тирегибиз, жөлөгүбүз аска зообуз урады. Сүйүктүү жар, камкор ата, неберелериңизге мээримдүү чоң ата элеңиз. Биз ар дайым сизди эстеп, насааттарыңызды аткарабыз, сагынабыз», - деп эскеришти.

Токтобеков Азамат Токтогул шаарчасында туулган. 2020-жылы 11-июлда “Манас” аба майданынын карамагындагы госпиталдын обсервациясында (мурдагы “Ганси”) каза болду. 13 күн мурда атасы Токтобек уулу Аскербайды жерге берген эле. Артында жубайы, үч баласы, үч небереси калды.

Токтогулова Сайракан

Токтогулова Сайракан

Пенсионер · 62 жашта

Сайракан Токтогулова Кочкор районунун тургуну, ал жаңы ооруй баштаганда райондук ооруканадан орун таппай, Чолпон айылындагы күндүзгү стационарга барып, ал жерде 2-3 күн дарыланган.

Күндөн-күнгө абалы оорлошуп, жылыш болбогондо мобилдик бригаданы чакырышып, ооруканага жаткырылган. 2020-жылы 13-июлда өпкө кагындан каза болду.

Анын бир тууган инилери Кулукеев Обозбек 3-июлда, Кулукеев Асан 24-июлда Кочкордун райондук ооруканасында өпкө кагындан оңоло албай көз жумушту.

Токтоналиева Жаңыл

Токтоналиева Жаңыл

Кесиптик кошуундун жетекчиси · 70 жашта

Жаңыл Токтоналиева 1995-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Токмок шаарындагы Соода тармагынынын кесиптик кошуундар бирикмесинин жетекчиси болуп турду. 18-июлда пневмониядан көз жумганын анын кесиптештери “Фейсбук” аркылуу билдиришти.

«Биз үчүн орду толгус жоготуу болду, ал устат, курбу, эже, апа эле. Жан дүйнөсү жаркын бул адам кең пейилдиги, акыйкаттыкка умтулганы менен жарык чачып турчу. Жакындарына чын дилден көңүл айтабыз», - деп билдирди кесиптеши Чолпон Сыдыкова.

Жаңыл Токтоналиева эки уул, бир кыздын мээримдүү энеси эле. Эки баласы Орусияда иштеп жүргөн.

Токторалиев Алмаз

Токторалиев Алмаз

Инженер · 70 жашта

Алмаз Токторалиев курулуш тармагында газ менен камсыздоочу инженер болуп иштеп келген. Анын кызы Айгүл атасы өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин сүйгөн жумушун токтотпогонун “Фейсбукка” жазды.

“Акырына чейин күрөштүк... Бирок оору жеңип кетти. Атаке, тынч уктаңыз. Сиздин кызыңыз болгонума сыймыктанам. Жүрөгүм тилинип турат”, - деди Айгүл.

Алмаз Токторалиев 6-июлда Бишкекте каза болгон.

Токтосунов Байышбек

Токтосунов Байышбек

Ардагер · 65 жашта

Байышбек Токтосунов 1955-жылы 2-майда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылында туулган. 2008-2012-жылдары Нарын шаардык кеңешинин депутаты болгон. Нарын шаарынын ардактуу атуулу.

Бир кыз, бир уулдун атасы. Уулунун эскерүүсү: “Атам ак көңүл, абдан боорукер жана даанышман инсан катары эсимде калды. Баскан-турганы, сүйлөгөн сөзү мен үчүн үлгү болчу. Иштеген ишине ар дайым жоопкерчиликтүү мамиле жасап, бардык нерсеге калыс мамиле жасачу. Элесиңиз, эмгегиңиз эч качан унутулбайт! Сиз ар дайым жүрөгүмдөсүз!”

Байышбек Токтосунов Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталдын урология борборунда өпкө кагындан 29-июнда каза болду.

Токтосунова Джамиля

Токтосунова Джамиля

Бала бакча директору · 63 жашта

Токтосунова Джамиля Бишкектеги №148-бала бакчанын директору болчу. Ал 1957-жылы 28-январда Ысык-Кѳлдүн Михайловка айылында туулган.

Эмгек жолун 1981-жылы бала бакчада тарбиячылыктан баштап, орто мектепте башталгыч класс мугалими, бала бакчада директор болуп иштеп келаткан. Билим берүү министрлиги маркумдун жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Токтосунова Джамиля 13-июлда мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Токтошев Кылычбек

Токтошев Кылычбек

Запастагы полковник, акын · 61 жашта

Токтошев Кылычбек УКМКнын ардагери, запастагы полковник Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү, жазуучу жана акын, «Өткүн», «Бабалар баяны» китептеринин автору. Фрунзедеги политехникалык институтту , СССР КГБсынынын Минск шаарындагы мектебин бүтүргөн.

Адегенде комсомолдук кызматтарда иштеп жүрүп, 1987-2013-жылдары Улуттук коопсуздук кызматынын Кызыл-Кыя, Өзгөн, Кара-Суу, Лейлек, Баткен бөлүмдөрүндө кызматкер, жетекчи орун басары, жетекчи кызматтарын аркалаган.

Токтошев Кылычбек Кара-Кулжа районунун Алайку айылында 1959-жыл 1-октябрда төрөлгөн. Коронавирус илдетине чалдыгып, 2020-жылы 19-июлда каза болду. Артында эки уул, эки кызы калды.

Токтошева Дилдекан

Токтошева Дилдекан

Үй кожойкеси · 59 жашта

Дилдекан Токтошева таажы вирустан күчөп кеткен өпкөнүн кош тараптуу кагынынан 2020-жылдын 4-июлунда көз жумду.

Төрт баланын энеси. Анын ичинен майып болуп калган уулун 20 жыл бою баккан. Анын билим алуусуна шарт түзүп, эки бутуна тургузуп, өз алдынча болуусуна жетишкен. Балдары аны: “Апабыз жан-дүйнөсү таза, ар бир адам менен тил табышкан, даанышман, күчтүү эне эле. Апабыздан ар дайым жакшы энергия жаркырап турар эле. Айттырбай келген ылаңдан канчалык сактансак дагы эки тараптуу пневмония болуп атабызды жана уул-кыздарын таштап кете берди”, - деп эскеришти.

Дилдекан Токтошеванын бөлөсү аны төмөндөгүчө эскерет:

Тагдырдын ушул жазганы экен, Тайжемден алтын айрылдым, ботом. Мынчалык оор ызаланбагам, Бул күнгө чейин кайгырдым нечен.

Жан элең таңдай, маңдайы жарык, Акылман элең апче сен анык. Айткан сөздөрүң, элесиң калды, Чын жайга кеттиң жалганды чанып.

Сөздөрүң жылуу, нур эле көзүң, Боордош тунук бар эле сезим. Арада жүрсө билбеппиз баркын, Алыстап бүгүн жүрөктү эздиң.

Жаткан жериңдин жайлуусун тилейм, Канча кайгырсак келбейсиз билем, Кудайым сизге бейишин берсин, Куран окусам багыштап жүрөм!

Токушев Эр-Табылды

Токушев Эр-Табылды

Фото сүрөтчү · 60 жашта

Эр-Табылды Токушев 1960-жылы Бишкекте төрөлгөн. Фото сүрөтчү.

Жакындары: “Фото сүрөт тартканды жанынан жакшы көрчү. Башкалаадагы ар бир үйдө той-тамаша, жакшылыктарда үй-бүлөсү менен сүрөткө түшкөндөр бар. Дайым кабагы ачык, акылдуу, боорукер, элпек эле. Адамдардын баарын жакшы көрчү. Кыргызстан акыры оңолот, келечегибиз сонун болот деген үмүттө жашачу…”

Эр-Табылды Токушев 20-июлда өпкө кагындан көз жумду.

Толонбаев Шамансур

Толонбаев Шамансур

Полковник · 53 жашта

Шамансур Толонбаев Кыргыз өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик агенттигинин полковниги болчу.

“Эмне мынча шаштың, досум? Шамансур өз мекенинин чынчыл уулу, чыныгы офицер, боорукер, эмгекчил инсан эле. Анын жаркын элеси баарыбыздын жүрөгүбүздө ар дайым сакталат”, - деп жазды досу Алай Буркан социалдык баракчасына.

Толонбаев Шамансур эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) Бишкекте19-июлда каза тапты. Аны жакындары мыкты ата, бир тууган, жар катары эскеришти.

Толукбаев Карыбек

Толукбаев Карыбек

Ардагер мугалим · 67 жашта

Карыбек Толукбаев 1953-жылы 3-январда Жети-Өгүз районуна караштуу Даркан айылында жарык дүйнөгө келген. Жарым кылымга жакын билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип, “Эл агартуунун отличниги” наамына татыган. Беш баланын атасы.

Жакындары “Өмүрүнүн 44 жылын эл агартууга арнаган мугалим, устат. Ар бир баласын тууруна кондурган камкор ата, колунан көөрү төгүлгөн, жоктон барды кылган уста, нускалуу кеби менен элдин сыйына татыган кадырлуу инсан эле”- деп эскеришет.

Карыбек Толукбаев 21-июлда өпкө кагындан көз жумган.

Төлөбаев Абдыкайым

Төлөбаев Абдыкайым

Айыл башчы · 61 жашта

Абдыкайым Төлөбаев Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Нарын айылында жашачу. Айыл башчынын кызматына киришкенине бир жылдан ашып калган.

Кесиптеши: «10 күн мурдараак кош өпкөсү кагынып райондук ооруканага түшүп, ошол жерден каза болду. Сөөгүн коюуга атайын медициналык топ катышты. Үй-бүлөсү карантинге алынып, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери анализ тапшырышты» - деди.

Абдыкайым Төлөбаев 2020-жылы 2-августта өпкө кагындан каза болду.

Төрөкулов Эрмек

Төрөкулов Эрмек

Прокурор · 50 жашта

Эрмек Төрөкулов Бишкек шаардык прокуратурасынын улук прокурору, юстициянын 2-класстагы кеӊешчиси кызматында болчу. Төрөкулов прокуратура тармагында 1996-жылдан тартып кызмат өтөй баштаган.

“Эрмек Эржанович сезимтал жана сабаттуу, өз өмүрүн Мекенге кызмат өтөөгө арнаган, ишенимдүү жана ийкемдүү жолдош болгон”, - деп кесиптештери эскеришти.

Мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон жеке салымы, кызматтык милдеттерин үлгүлүү жана кынтыксыз аткаргандыгы үчүн ал бир канча ирет ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

Эрмек Төрөкулов пневмониядан каза болгондугу тууралуу маалыматты башкы прокуратуранын маалымат кызматы 13-июлда таратты.

Трукмен уулу Тилек

Трукмен уулу Тилек

Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты · 55 жашта

Трукмен уулу Тилек Кара-Балта шаарындагы Ибрагимов атындагы техникалык-экономикалык коллеждин директору болчу. Кара-Балта шаардык кеңешине депутат болгон.

1990-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин энергетика факультетине ишке чакырылып, анда 2004-жылга чейин жөнөкөй окутуучудан баштап, ага окутуучу, декандын орун басары, аталган университеттин Кара-Балта жалпы техникалык факультетинин директору кызматтарын аркалап келген.

Трукмен уулу Тилек 8-июлда кайтыш болду. Андан төрт күн мурда 55 жашын белгилеген болчу. Ал Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылында 1965-жылы туулган.

Туйтеев Бактыбек

Туйтеев Бактыбек

Отставкадагы полковник · 58 жашта

Бактыбек Түйтеев өмүрүнүн көп жылын ички иштер органдарында иштөөгө арнаган. Жооптуу кызматтарда иштеген, биртоп мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон. Абдан мээримдүү, күйүмдүү адам эле. Мамлекеттик бир топ сыйлыктардын ээси. 13-июлда эки өпкөсү кагынып каза болду.

Туйтуев Шүкүрбек

Туйтуев Шүкүрбек

айдоочу · 61 жашта

Шүкүрбек Туйтуев 1959-жылы 17-июлда Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Кабак айылында туулган. Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы, он эки неберенин тай ата жана чоң атасы болгон. 1979-жылдан баштап Каракол шаарында айдоочулук кесипте иштеп келген.

Учурда Бишкек шаарына келип 2001-жылдан бери №166-каттамда өмүрүнүн аягына чейин эмгектенди.

Жакындары: “Атабыз жөнөкөй, сулуу, келбеттүү, сабырдуу, ак-ниет, чынчыл адам болчу. Үй-бүлөсүн өзүнүн ак эмгеги менен багып келген жана тарбиялаган эле. Алдыдагы көп максаттарына жетпей кете берди... Баарыбыздын жүрөгүбүз сыздап, көкүрөгүбүз күйөт, биз үчүн орду толгус жоготуу болду. Күн өткөн сайын ый басылбай күчөп келет”.

Шүкүрбек Туйтуев кош тараптуу өпкө кагындан жабыркап, 21-июлда каза болду.

Турганбаев Иркамил

Турганбаев Иркамил

Маданият бөлүмүнүн башчысы · 61 жашта

Иркамил Турганбаев Ош облусунун Кара-Кулжа районунун маданият бөлүмүнүн башчысы. Жакындарынын айтымында, Турганбаев акын, обончу жана аткаруучу болгон. Ошондой эле анын калемине таандык бир нече китеп жарык көргөн. Ал буга чейин райондогу Качыгай айыл өкмөтүндө жетекчи болуп, алты жылдан бери маданият бөлүмүндө эмгектенип келаткан. Артында жубайы, бир уулу жана төрт кызы калды.

Кесиптеши Самара Саадалова минтип эскерди: «Бул адамды билген, тааныган ар бир киши кабыргасы кайышпай, көзүнө жаш албай койгон жок. Бир туугандай урматтаган, дайыма колдоп турган, жакшы сөзүн аябаган агам, кеңешчим эле».

Иркамил Турганбаев 20-октябрда эки тараптуу пневмониядан улам 61 жашында каза болду.

Тургунбаев Жусуп

Тургунбаев Жусуп

профессор · 64 жашта

“Радиацияга каршы күрөшүү боюнча республикалык атайын комбинат” мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп иштеген. Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук жана Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университеттердин профессору. 2020-жылдын 1-октябрында эки өпкөсү кагынып каза болду. 1956-жылы 22-мартта Ош облусунун Ноокат районунан караштуу Тескей-Кожоке айылында төрөлгөн.

Турдакунова Жанара

Турдакунова Жанара

Филолог · 46 жашта

Жанара Турдакунова үч уул, бир кыздын энеси, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алманбет Шыкмаматовдун жубайы эле. “Кош жаным, жарым асылым, Жоготту жүрөк жакынын. Бүдөмүк болуп алды жак, Жетпей бир турат акылым…» деген жоктоо саптарын Алмамбет Шыкмаматов Фейсбуктагы барагына жазды. Жанара Турдакунова 6-июлда коронавирустун кесепетинен дүйнө салды.

Турдиев Даут

Турдиев Даут

Пенсионер · 82 жашта

Даут Турдиев бир топ жыл Куршаб айылында совхоздо, кийин айдоочу болуп иштеген. Пенсияда ат багып жаткан эле. Жети баласы бар.

Балдарынын эскерүүсү:

“Апабыздын өтүп кеткенине 31 жыл болду, атабыз апа да, ата да болду, карапайым, камкор, үлгүлүү ата болуп жүрөгүбүздө калат, өлүмдөн коркподу, кайдан жуктурганы белгисиз, карантинде дарбазадан ары чыкпады, чыйрак, өз буту менен басып ооруканага барган болчу. Ошол жактан жуктубу, билбей калдык. Интеллигент адам эле аябай. “Өзүмдү текшертип коеюн” деп эле барган, балким ошол жактан жугуп калдыбы? Өзүн тыкыйтып караган койкойгон адам эле. Өлөрүнө бир күн калганда “ооруканадан чыгам”, деп чыр салганда макул болбой койдук эле. Кийимдерин алып, кетем деп даярданып алган экен. Ал “өлсөм да үйдөн өлөйүн” деп айткан эле. Бир күн өтпөй каза болуп калды. Ошондо эле алып келип албаптырбыз деп өкүнүп жатабыз эми. Атамды өлөт деп эч ойлогон эмеспиз ”.

Даут Турдиев Ош облусунун Өзгөн райондук ооруканада 2020-жылы 14-июлда өпкө кагындан каза болду.

Турдуматов Самидин

Турдуматов Самидин

Ардагер · 67 жашта

“Атам Турдуматов Самидин өтө боорукер, өтө жөнөкөй адам эле, чоң-кичине дебей баарына бирдей мамиле кылган, жолдо баратса астынан кичине бала чыкса да ийилип салам берген башкача бир боорукер адам эле. Неберелеринин тоюн көрөм деген апам экөөнүн тилеги чоң эле. Айрыкча эки эгиз небересин кыйын жакшы көрчү, аттиң арман. Кош өпкө кагынынан кетип калды. Жандандырууда беш күн жатып абалы жакшырганда жөнөкөй палатага которулган, ал жакта 5 күндөй жатып айыгып “эртең чыгам буюрса” деп атканда 2020-жылдын 29-июнунда жүрөгү токтоп каза болду. Атабыз 67 жашта эле”, - деп эскеришти Самидин Турдуматовду балдары.

Турсунбеков Чыныбай

Турсунбеков Чыныбай

Жогорку Кеңештин экс-спикери · 60 жашта

Чыныбай Турсунбеков - Жогорку Кеңештин бешинчи, алтынчы чакырылышынын депутаты, ишкер жана акын болгон. 2016—2017-жылдары Жогорку Кеңештин төрагалыгын аркалаган. “Даңк” медалынын ээси.

Чыныбай Турсунбековдун ыр жыйнактары, орус, түрк тилдериндеги адабий, тарыхый чыгармаларынын кыргыз тилине котормолору жарык көргөн.

Чыныбай Турсунбеков 1960-жылы 15-октябрда Нарын районунун Жан-Булак айылында туулган, 2020-жылдын 6-июлунда пневмониянын өөрчүп кетишинен каза болду.

Турумбекова Венера

Турумбекова Венера

Фармацевт · 69 жашта

Турумбекова Венера Жалал-Абадда фармацевт болуп 35 жыл иштеди. Акыркы жылдар ардактуу эс алууда эле.

«Бийлегенди жакшы көрчү, саякаттайм деп эңсеп, чет өлкөгө барууну пландап жүргөн, жетишпей калды. Неберелерин аябай сүйчү. Тоого, жаратылышка жакын эле. Гүлдү өтө аздектеп өстүрчү. Короосу гүлгө оронгон», - деп эскерди кызы Зуура.

Турумбекова Венера 9-июлда пневмониядан көз жумду. Артында үч кыз, бир уулу калды.

Турусбекова Нургүл

Турусбекова Нургүл

53 жашта

Турусбекова Нургүл Ысык-Көл мамлекеттик университетинин чарба тармагында 15 жылдан ашык иштеген. Жети баланын энеси.

Күйөөсү: “жаркылдаган, адамга жамандык каалабаган, эч качан “жок” деп айтпаган адам эле. Экөөбүз уулдарыбызды үйлөнтүп, той беребиз деп кыялданчубуз. Якутияда бир балабыз иштейт. Ал апасы менен коштошкону келе албай калды”, - деп эскерди.

Турусбекова Нургүл 18-июндан баштап ооруган. Эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония), өнөкөт пневмониясы да күчөп кеткен. 3-июлда Ысык-Көлдө каза болгон.

Турускелдиева Чынар

Турускелдиева Чынар

Медайым · 54 жашта

Чынар Турускелдиева 33 жылдан бери Түп районунун Арал айыл аймагынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштеп келаткан. Беш айылдын жалгыз фельдшери болчу. Бейтаптар чакырганда фельдшерди күйөөсү Асан Мааданбеков машинеси менен жеткирип турган.

Аны айылдаштары кесибин сүйгөн, адискөй мээрман айым эле деп эскеришет. Чынар ооруканадан таңкы саат 4.48де кесиптештерине төмөнкүдөй үнкат жөнөткөн экен: “Ай кыздар, кесиптештер, мен такыр өлгүм келбей жатбайбы. Дагы бир беш жыл жашасам болот беле.. Ушинтип эле кетип баратам...”

Жакындарына “Жакшы жүргүлө, туугандарыңар менен эсен болгула” деп дагы бир кат жөнөткөн.
Чынар Турускелдиева 5-июлда ооруканада каза болду. Анын үч баласы, неберелери калды. Бир уул, бир кызы - медицина кызматкерлери.

Туташева Гүлнара

Туташева Гүлнара

Педагог, мектеп директору · 61 жашта

Гүлнара Туташева Ош шаарынын Сергей Киров атындагы №4 орто мектебинин директору эле. Бул мектепте 2010-жылдан бери эмгектенип келаткан. Ал Ош шаардык кеңешинин депутаты Камчыбек Мамбетовдун жубайы эле деп жазат Клооп маалымат порталы.

Гүлнара Туташева эки тараптуу пневмониядан улам 14-июлда каза болду.

Тутуев Канат

Тутуев Канат

Аскер кызматкери · 40 жашта

Канат Тутуев Кыргыз өкмөтүнө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана күзөт департаментинин 4-өзүнчө батальонунун саркеринин өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары болчу.

Канат Тутуев 1979-жылы 28-декабрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Өтөгөн айылында төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин 2003-жылы КМДжС академиясын, милициянын генерал-майору Э. Алиев атындагы ИИМ академиясын бүтүргөн.

“Майор Тутуев Канат Евгеньевич берилген антка бекем туруу деген ыйык милдетти туу тутуп, өмүрүнүн урунттуу учурларын Ата Мекенди коргоого арнап, эл-жерине болгон сүйүүсүн ак ниет аткарган кызматы менен айгинелей алды. Кызматташтарынын арасында өзүнүн жөнөкөй жана чынчыл мамилеси менен кадыр-барк, урмат-сыйга татыктуу болчу”, - деп эскерет анын кесипештери.

Канат Тутуев 29-июнда өпкө кагындан каза болду.

Түмөнбаев Ишембек

Түмөнбаев Ишембек

Фермер · 51 жашта

Ишембек Түмөнбаев 1969-жылы 28-апрелде Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылында төрөлгөн. Кара-Кужур өрөөнүндө фермер болчу.

Ишембек Түмөнбаев 2020-жылы 10-июлда Нарын областтык ооруканада өпкө кагындан каза болду.

Бир туугандары: “Ишембек ак көңүл, боорукер, адамкерчилиги бийик инсан эле. Балдарына сүйүктүү ата, бир туугандарына арка-бел, жөлөк болчу. Уулдарын күздө үйлөнтөйүн деген кыялына жетпей калды. Бир туугандары, үй-бүлөсү үчүн орду толгус оор жоготуу болду”, - деп эскеришти. Ишембек эки уул, бир кыздын атасы эле.

Тынаев Сапарбек

Тынаев Сапарбек

Легендарлуу парламенттин депутаты · 72 жашта

Тынаев Сапарбек 1990-1995-жылдары легендарлуу парламенттин депутаты, 2011-2012-жылдары Айыл чарба министри болгон. Эмгек жолун 1970-жылы айыл чарба адиси катары Ош, Чүй, Талас облустарында жетекчи кызматтарда иштеген. Тынаев Сапарбек СССРдин асыл тукум кой баккан Баатыр чабандары, СССР мамлекеттик сыйлыктардын ээлери Мамбет Тынаевдин уулу, Жамаке Тынаевдин иниси.

Тынаев Сапарбектин небереси: “Атам өз учурунда мекендин, айыл чарба тармагынын өсүп-өнүгүшү үчүн абдан чоң эмгек кылды. Аны улуу-кичүү баары урматтап, сыйлап турчу. Үч баланы татыктуу тарбиялаган. Азыркыга чейин атакемден айрылып калганыбызга ишене албай турам. Биз үчүн азаптуу күндөр болуп жатат. Мындай азапты эч кимге каалабайм. Биздин өлкөнүн келечеги жаркын болушуна ишенем”, - деп жазды.

Тынаев Сапарбек 1948-жылы 11-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылында туулган. 2020-жылы 7-июлда катуу оорудан улам каза болду. Бул тууралуу Кыргыз өкмөтү тараткан некрологдо жазылды.

Тыналиева Гүлиза

Тыналиева Гүлиза

Дарыгер · 68 жашта

Гүлиза Тыналиева 1952-жылы 15-февралда төрөлгөн. Өпкө илдеттерине каршы күрөшүү боюнча Чүй облустук борбордун дарыгери болчу.

Кесиптештери: “Мыкты кесиптешибизден айрылдык, өтө кайгылуу иш болду, өпкө кагын канча мыкты устаттарды алып кетти. Сиздердин жоктугуңуздар дайым билинип, эстеген сайын кабыргабызды кайыштырат. Өпкө илдеттерине каршы күрөшүү боюнча Чүй облустук борбор маркумдун жакындарына көңүл айтат” - деп жазышты.

Гүлиза Тыналиева 2020-жылы 11-июлда кош өпкө кагындан каза болду.

Тыныбеков Кубан

Тыныбеков Кубан

Электрик · 54 жашта

Кубан Тыныбеков Бишкек шаарындагы Ленин заводунда электрик болуп иштеген. Артында үч баласы калды.

Келинчеги Гульнуранын эскерүүсү: “Ал балдарына камкор ата, неберелерине мээримдүү чоң ата, мыкты жолдош эле. Бир дагы адамга жамандыгы жок, боорукер, эң асыл адам эле.”

Кубан Тыныбеков 7-июлда өпкө кагындан Кант шаардык ооруканасында көз жумган.

У

Укуев Бейшенбек

Укуев Бейшенбек

Техника илимдеринин доктору · 69 жашта

Бейшенбек Укуев - техника илимдеринин доктору, профессор. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин (КМКТАУ) Жаңы маалымат технологиялары институтун башкарган.

Информатика жана маалыматтык технологиялар тармагында Кыргызстандын алдыңкы адистеринин бири болгон. Илимий жана илимий-методикалык 125 эмгектин, алардын ичинен үч монографиянын, 12 окуу китептин жана программалардын, 15 автордук күбөлөндүрмөнүн автору.

Бейшенбек Укуев 1951-жылы 9-июлда Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылында туулган. 70 жашка чыгар алдында, 4-июлда капилет баскан илдеттен каза болду.

Кызынын эскерүүсү:

Оор күндө тике туруп милдетте,

Элиң менен бирге болдуң илдетте.

Арабыздан алып кетти шум ажал,

Тилээрибиз, ордуң болсун бейиште!

Умаров Улукбек

Умаров Улукбек

Милициянын капитаны · 43 жашта

Улукбек Умаров Ош шаарынын Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ага инспектору, милициянын капитаны болчу.

ИИМдин Ош шаардык башкармалыгы маркумдун жакындарына жолдогон көңүл айтуусунда "Улукбек Умаров биздин ишенимдүү, жүктөлгөн милдетин так аткарган кесиптешибиз, камкор ата, сүйүктүү жар эле” деп эскерди.

«Улук экөөбүз жолдо таанышканбыз. Аны көргөндө оозуман сөзүм түшүп калды. Узун бойлуу, келишимдүү инспектор болчу…», - деди жубайы, журналист Хулькар Исамова. "Фейсбуктагы" барагында экөө таанышкандан тартып чогуу өмүр сүргөн күндөрүн эскерди.

Улукбек Умаров 9-июлда коронавирустун кесепетинен көз жумду.

Уматалиев Рустамбек

Уматалиев Рустамбек

Нейрохирург · 57 жашта

Рустамбек Уматалиев 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна тапшырып, «Дарылоо» факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1988-жылы Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыгер-анестезиолог-реаниматолог болуп баштап, кийин Республикалык травматология-ортопедия борборунун Ош шаардык пунктунда дарыгер нейрохирург болуп эмгектенген.

Маркум иштеген клиниканын башкы дарыгери Талант Арстанкулов Рустамбек Уматалиевди мыкты адис эле деп эскерди:

“Ооруканада жети нейрохирург болсо анын мыктысы Рустам эле. Биз үчүн оор жоготуу болду. Бир айдан бери коронавирус илдетине чалдыгып, ооруп жаткан. Оорудан айыга албай каза болуп калды. Кесиптештери, бейтаптарынын эсинде ишин мыкты билген адис катары калат”.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын дарыгери,медицина илимдеринин кандидаты, нейрохирург Рустамбек Уматалиев 18-ноябрда пневмониядан көз жумду.

Усупкожоев Культур

Усупкожоев Культур

инженер · 81 жашта

Культур Усупкожоев Фрунзедеги политехникалык институттун механика факультетин бүтүргөн. Автоунаа тармагында иштөөчү инженер-механик кесибине ээ болгон. Фрунзе шаарындагы № 2-таксопарктын жететкчиси болуп 10 жыл иштеген. 1972-жылдан 1983-жылга чейин Фрунзе шаарындагы № 9-жүк ташуучу автобазанын жетекчиси болгон.Культур Усупкожоевдин артында 3 баласы, 7 небереси калды.

Небереси Айсалкын:

“Өлөрүнө жакын күндөлүк жазып жүргөн. Күн сайын кудайга жалынып бу балакеттүү вирус тезирээк жоголсо экен, балдарым менен неберелериме зыяны тийбесе экен деп тиленчү…а бирок ажал жакын адамыбызды алып кетти. Балдарым деген боорукер ата, неберелерим деген чоң ата, жакын, сырдаш адамыбыз. Керек жерде катаал, а бирок боорукер, адилет киши эле”.

Культур Усупкожоев 20-июлда өпкө кагындан Бишкектеги үйүнөн каза болду.

Утирова Бүбүкан

Утирова Бүбүкан

Экономист · 71 жашта

Бүбүкан Утирова 1949-жылы 7-июлда Тоң районунун Бөкөнбаев айылында төрөлгөн. Эмгек жолун сатуучулуктан баштаган, кийин жергиликтүү комитет жетекчиси, Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборунун товарчысы болгон.

1972-жылы Москвадагы советтик соода институтун сырттан окуп бүтүргөн. 1973-1974-жылдары “Люкс” дүкөнүнүн директорунан баштап соода тармагындагы жооптуу кызматтарда иштеген. 1992-жылдан бери “Бермет” акционердик коомун жетектеп келе жаткан. Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген экономист, “Лениндин 100 жылдыгы” медалы менен сыйланган. “Датка айым - акылман” фондун түзүп, жетектеп келген.

Бүбүкан Утирова 2020-жылы 17-июлда өпкө кагындан каза болду.

Ү

Үмөталиева Сабира

Үмөталиева Сабира

Программачы · 54 жашта

Балдарынын эскерүүсү: “Апам барда үй өзгөчө болчу. 3 баланы кандай мээнет менен өстүрдү. Ушунчалык боорукер апабыз бар эле, айрылып калдык!”

Сабира Үмөталиева өпкө кагындан каза болду.

Үмөталиева Турганбүбү

Үмөталиева Турганбүбү

социалдык кызматкер · 62 жашта

Бишкектеги кары-картаңдар үйүндө карыяларды багып иштечү. Туугандары аны “абдан сулуу, мээримдүү, шайыр, адамгерчиликтүү, иштерман болчу” деп эскеришти.

Турганбүбү Үмөталиева 1958-жылы Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында туулган. 2020-жылы 4-июлда пневмониядан каза болду. Артында бир уул, бир кызы, неберелери калды.

Үсөнбаева Нарынкүл

Үсөнбаева Нарынкүл

Коомдук ишмер · 70 жашта

Нарынкүл Үсөнбаева 2003-жылдан бери Ак-Суу айылында жайгашкан психоневрологиялык үй-интернатын жетектеп келген.

Нарынкүл Үсөнбаева эгемендиктин алгачкы жылдарынан тартып коомдук-саясий турмушка активдүү катышкан, калктын көйгөйүн мыкты билген, өмүрүн социалдык коргоо тармагына арнаган. Аламүдүн, Ак-Суу райондук кеңештеринде депутат, Аламүдүн, Сокулук райондорунда социалдык коргоо башкармалыгынын жетекчи, Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинде башкы адис болуп эмгектенген. Беш баланы тарбиялап чоңойткон.

Нарынкүл Үсөнбаева 13-июлда пневмониянын кесепетинен дүйнө салды.

Үсөнов Данияр

Үсөнов Данияр

Ишкер · 44 жашта

Данияр Үсөнов “Альфа экспресс сервис” учактарды техникалык жактан тейлеген компаниянын башчысы эле. Өзү учкучтардын үй-бүлөсүндө төрөлүп өскөн. Эки баланын атасы.

“Данияр эч качан ооруган эмес. Туура тамактанып, ден-соолугун карап жүрчү. Жаман адаттары деле жок эле. Ал туугандарынын жана жакындарынын ден-соолугуна да кам көрчү. Бул орду толгус жоготуу. Биз аны абдан жакшы көрөбүз. Ансыз абдан оор. Данияр биздин ишенимдүү таянычыбыз эле”, - деп билдирди жубайы Назгүл.

Анын айтуусунда, Данияр Үсөнов 14-июлда Бишкектеги Улуттук госпиталда өпкө кагындан көз жумду.

Ф

Филонова Светлана

Филонова Светлана

фармацевт · 61 жашта

Светлана Филонова 1976 - 1878-жылдары Фрунзедеги Эмгек Кызыл туу ордендүү медициналык окуу жайда окуган. Окуп жүргөндө эле 1976-жылдан тарта Фрунзедеги инфекциялык клиникалык ооруканада санитарка болуп иштеген. 1977-жылы 10-бөлүмдүн санитаркасы.

1978-жылдан 1997-жылга чейин Жайыл районундагы №10- борбордук райондук дарыканада иштеген. 1997-жылдан тарта өмүрүнүн аягына чейин "Мазаль" дарыканасында иштеди.

Жакындары: “Ишке аябай берилген, чогуу иштегендерге кеп-кеңешин аябаган устат эле. Ишин эч таштаган жок, эки баласын жогорку окуу жайларга окутуп, билимдүү кылды. Үйүндө мээримдүү эне, балдарын аябай сүйгөн аял, неберелерин эркелеткен мээримдүү чоң эне болчу”.

Светлана Филонова 12-июлда өпкө кагындан каза болгон. Анын таажывируска тапшырган тести вирусту жугузуп алганын көрсөткөн.

Фунлоэр Исхар

Фунлоэр Исхар

Дарыгер, хирург · 80 жашта

Профессор Исхар Фунлоэр медицина тармагынын хирургия жаатында 40 жылдан ашуун эмектенди. Бул аралыкта 3 миңден ашуун оор операцияларды жасаган. Академик Иса Ахунбаевдин алгачкы студенттеринин бири эле.

Профессорду жакындан билгендер аны Кыргызстан эле эмес, дүйнө илимине чоң салым кошкон күчтүү адам катары эскеришти.

“Атамдын бир эле кыялы – өлгөндөн кийин да адамзатка пайда алып келген улуу дарыгер катары элдин эсинде калуу болчу”, - дейт уулу Эдик.

Жакындарынын айтымында, ал 2-июлда эртең менен Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалагына караштуу клиниканын астанасында эстен танып, көз жумду.

Ч

Чекилов Эркинбек

Чекилов Эркинбек

58 жашта

Эркинбек Чекилов Эмгек жолун ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун сактоо кызматында инспекторлук кызматтан баштаган. Акыркы он эки жылдан ашык мезгилде “Kaz Minirals Bozumchak” кен компаниясында иштеген.

“Жайдары мүнөзү, тамашакөйлүгү менен айланасындагылардын маанайын көтөрүп жүрөр эле. Атабыз адамгерчиликтүү, жоопкерчиликтүү болууга үйрөтүп кетти. Сүйүктүү жолдош, бир тууганга жөлөк, аталык касиети бийик, эң боорукер чоң ата эле...”, - деп эскеришти балдары.

Эркинбек Чекилов 1962-жылдын 23-февралында Сокулуктун Белек айылында туулган. 2020-жылы 9-июлда пневмониядан каза болгонун туугандары кабарлашты.

Чодоева Барчагүл

Чодоева Барчагүл

Пенсионер · 64 жашта

Чодоева Барчагүл Бишкекте курулуш тармагында маляр болуп иштеп ардактуу эс алууга чыккан. “Жакында эле кызы көз жарган. Небересин көрбөй кетти. Өзүнүн жети небереси бар. Алардын ар бирин эркелетип, көзүнүн карегинен айланып турчу. Аябай ак көңүл, шайыр, тырышчаак эле эжем. Ар бир жанга адилеттүүлүк менен мамиле кылчу.

Чындыкты бетке айтып, чыркырап жүрүп үзүлүп кетти эжем”, - деп эскерди сиңдиси. Күйөөсү тогуз жыл мурда каза болуп, Тогуз жыл мурун жолдошунан ажырап, үч баласын жалгыз багып чоңойткон. Синдиси эжеси Барчагүлдү минтип эскерди:

Чодоева Барчагүл пневмония дартына чалдыгып, “Манас” аба майданыны карамагындагы госпиталдагы (мурдагы “Ганси”) обсервациянын жандандыруу бөлүмүндө 14-июлда каза болду. Артында үч баласы, неберелери калды. Күйөөсү тогуз жыл мурда каза болгон.

Чолпонбаев Мукар

Чолпонбаев Мукар

Мамлекеттик ишмер · 70 жашта

Мукар Чолпонбаев, мамлекеттик ишмер, Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи. Ал 1995-1996-жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы, 1993-жылкы Конституциянын авторлорунун бири, Юстициянын 3-даражадагы мамлекеттик кеңешчиси, кесипкөй юрист болгон.

“Чолпонбаев кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралышына жана бекемделишине, өлкөнүн парламенттик системасынын, укуктук негизинин калыптанышына зор салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер катары анын ысымы Кыргызстандын тарыхында калат...” деп жазылат өлкө президенти баштаган мамлекеттик жетекчилердин көңүл айтуу билдирүүсүндө.

Мукар Чолпонбаев коронавирус илдетинен 24-майда көз жумду.

Чолпонкулов Ринат

Чолпонкулов Ринат

Тейлөө кызматкери · 39 жашта

Ринат Чолпонкулов Бишкектеги май куючу ишканалардын биринде иштечү. Биринчи топтогу майып. Төрт баласы бар.

Аялы Толкун: “Бөйрөгүнө көп жылдан бери гемодиализ алчу. Дене табы такыр түшпөй койду. Тест тапшырсак вирус жок деп көрсөттү. Беш күндөй үйдө дарыладык. Мен өзүм медикмин, капельница куюп карап жаттым. Дем алуусу начарлап, кыйналганда Кантка алып бардык. Эки күндөн кийин комага түшүп, ошол бойдон ойгонгон жок. Балдарынын баары кичинекей. Мектеп курагында үчөө, кичүүсү экиде”.

Ринат Чолпонкулов 2020-жылы 1-июлда кош өпкө кагынынан Кант шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Чопиев Эсенгул

Чопиев Эсенгул

Акын, журналист · 83 жашта

Эсенгул Чопиев кыргыз окурмандарына белгилүү сатирик акын катары белгилүү болчу. 1937-жылы Кемин районундагы Кызык-Байрак айылында төрөлгөн. 1961-жылы Кыргыз мамлекектик университетин аяктагандан кийин биртоп жыл Алай, Аламүдүн, Кемин райондорунда мугалим, кийинчерээк райондук “Эмгек жарчысы” гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы болуп иштеген.

Адабий чыгармачылыгы 1958-жылдан башталган. Эсенгул Чопиев көбүнесе сатира, юмор, пародияларды жазчу, жарым кылым ашуун чыгармачылык өмүрүндо ал онго жакын китептерди чыгарган. 1985-жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчө болуп өткөн.

Акындын “Тамсилдер”, “Чыйрыктармалар”, “Дарылоо” сындуу жыйнактары окурмандарга белгилүү. Эсенгул Чопиевге Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери наамы ыйгарылган, артында куйкум сөздүү мыкты сатиралык чыгармалары калды.

22-июлда өз үйүндө каза болду.

Чотонов Бекмолдо

Чотонов Бекмолдо

Илимий кызматкер · 57 жашта

Бекмолдо Чотонов 1963-жылы 17-октябрда Аксы районуна караштуу Сыны айылында жарык дүйнөгө келген. Жалал-Абад илимий борборунун “Альтернативдик энергия булактарын изилдөө” ларбораториясынын башчысы. 5-августта өпкө кагындан каза болгон. Анын сөөгү 6-августта өзү туулган айылда жерге берилди.

Чыманова Ажаркүл

Чыманова Ажаркүл

Мугалим · 69 жашта

Ажаркүл Чыманова, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун мыктысы. Эмгек жолун 1974-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз айылындагы Д. Иманов атындагы мектепте , химия-биология мугалими болуп иштөөдөн баштаган. Ал окуткан, тарбиялаган окуучулардын көбү республикага, чет өлкөлөргө белгилүү инсандар.

1992-жылдан 2015-жылга чейин жетекчиликтин өтүнүчү менен Ысык-Кол облусунун эң алыскы кыргыз-кытай чек арасына жакын, деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан Ак-Шыйрак айылына үй-бүлөсү менен көчүп барып иштеп келген. Билим берүү ишине 41 жылын арнаган. Эл агартуунун мыктысы, Ак-Шыйрак айылынын ардактуу инсаны. 2015-жылы эс алууга чыккан.

Ажаркүл Чыманова 7 мая 1951-жылы 7-майда Көл кылаасындагы Жети-Өгүз айылында төрөлгөн. 3 кызда, бир уулду тарбиялап өстүргөн. Неберелеринин сүйүктүү чон энеси болчу. «Апабыз ачык, боорукер, акылдуу аял болчу, балдарын өзгөчо жакшы көрчү. Адамдарга жакшылыкты гана ойлогон берешен эле. Балдарынын өмүрүн тилеп, жакындарына үйрүлүп турчу. Жараткандан жакшылык тилеп, кыргыз жеринде тынчтык өкүм сүрүп, дүйнө тынч болсо экен деп тилек кылчу. Бул апаат башталгандан кийин апамдын тилектеринин терең маанисин түшүндүк, адам дүйнөнүн бир бөлүгү экенин, баарыбыздын тагдырыбыз бир экенин, жамандык келсе баарыбыз жабыркай турганыбызды аңдадык. Апама көп кишилер келишчү, тарбия-таалим берген мугалиминен кеңеш сурашчу. Апам эч кимдин көңүлүн калтырчу эмес, өмүрү өткөнчө мугалим деген бийик атты таза кармады”, - деп эскеришти балдары.

Ажаркул Чыманова 2020-жылдын 19-июлунда кош өпкөнүн сезгенишинен күчөп кетип, жүрөккө кан айланбай калып каза болду.

Ш

Шайнаева Бегимжан

Шайнаева Бегимжан

Пенсионер · 75 жашта

Бегимжан Шайнаева өмүрүнүн кыйла жылын Жумгалдын Чаек айылында соода тармагында иштеп, соңку кездери Бишкекте жашап жаткан. Совет заманында “Кирпотребсоюздун” жетекчилигинин бир нече жолку сыйлыктарына татыган.

Алты баланы тарбиялап өстүргөн. Аны балдары боорукер, жумшак, неберелерине өзгөчө көңүл бурган адам катары сыпатташты.

“Атам көз жумгандан 50 күндөн кийин өтүп кетти. Бизди кечир, апа, сизди сактап кала албадык. 28-июндан бери өлкөдө башаламандык өкүм сүрдү. Эч бир жер кабыл албай, “Тез жардам” жооп бербей жатты. Аны машина менен бир нече ооруканага алып бардык. Эч ким кабыл алган жок. Саламаттыкты сактоо министрлигинен апамды кабыл алып коюусун суранып жалбардык. Алар баш тартышты, эмне кылышты өздөрү билбей жатышканын айтышты. 1-июлда гана апамды жеке менчик клиниканын реанимация бөлүмүнө пневмония диагнозу менен жаткырдык. Апам өзү тамак деп, сүйлөп жаткан. Бизди киргизишкен жок. Тоскоол болбоого чакырышты. Экинчи суткада чалышып, реактивдер жок болгондуктан анализди “Аквада” жасоо керектигин айтышты. Биз чоң үмүт менен күтүп жаттык. Күндө клиникага барабыз. Эч кимдин унчукпаганы жаныбызга батып кетти. Катуу талап койгондо гана эжемди реанимацияга киргизишти. Андан апамдын абалы мурдагыдан начарлаганын билдик. Апамдын өпкөсүнүн 70 пайызы жабыркаганда реанимациянын интенсивдүү терапиясына алып бардык. Тилекке каршы, кеч болуп калыптыр”, - деп билдиришти балдары.

Бегимжан Шайнаева 1945-жылы 15-январда Тогуз-Торо районунда жарык дүйнөгө келген. Ал 11-июлда көз жумду.

Шайымбекова Кундуз

Шайымбекова Кундуз

Тамак-аш технологу · 26 жашта

Кундуз Шайымбекова 1994-жылы 7-июнда туулган. Беш бир туугандын кенжеси. Тамак-аш технологу кесибине окуган. Андан тышкары дизайнер болууну кыялданчу. Коронавируска тапшырган тестинин жыйынтыгын билүүгө үлгүргөн жок…

Кундуз Шайымбекованын абалы 24-июндун кечинде начарлай баштаган. Эртеси Бишкектеги поликлиникалардын бирине кайрылганда «дене табы нормалдуу экенин» айтышып, үйдөн дарыланууга кеңеш беришкенин агасы Таалайбек Шайымбеков «Азаттыкка» маегинде билдирди.

Агасынын айтымында, карындашын улам бир ооруканага жаткырууга мүмкүн болбой, Кантка алып барышкан. «30-июнь күнү Канттагы ооруканага баратканымда мага белгисиз номерден телефон чалып суук кабар угузушту!», деп Таалайбек "Фейсбуктагы" барагына жазды.

Шайыпов Качкынбек

Шайыпов Качкынбек

Экономист · 63 жашта

Качкынбек Шайыпов 1957-жылы 21-январда Ат-Башы районундагы Кара-Булуң айылында туулган. Кесиби экономист, Нарындагы биртоп мекемелерде иштеген. Акыркы жылдары ардактуу эс алууда болчу. Эки уул, бир кызы бар.

“Аябагандай билимдүү, колунан баары келген адам эле. Үй-бүлөөсүнө мээримдүү, камкор ата эле. Неберелери аябай жакшы көрүшчү. Ооруканада орун жок болуп, үйдө дарыланып калды. Үйдөн ооруп жатып каза болду”, - деп эскеришти балдары.

Качкынбек Шайыпов 3-июлда өпкө кагындан Бишкек шаарындагы үйүнөн каза тапты.

Шамбетова Зейнеп

Шамбетова Зейнеп

Мугалим · 56 жашта

Зейнеп Аблабековна Шамбетова 1964-жылы 12-декабрда Чүй облусунун Чүй районундагы Кегети айылында төрөлгөн.

Эмгек жолун 1984-жылы Чүй районундагы Кош-Коргон айылындагы мектепте башталгыч класстардын мугалими болуп баштаган. Эл аралык билим берүү долбоорлору менен иштешкен. Артында үч баласы, 8 небереси калды.

Зейнеп Шамбетова 1-августта өпкө кагындан каза болду.

Шамеева Жийдегүл

Шамеева Жийдегүл

медайым · 65 жашта

Качан каза болгону белгисиз. Бир өпкөсү кагынып, оорунун курмандыгы болду. Өмүр бою медайым болуп иштеген.

Шамканова Аида

Шамканова Аида

Адвокат · 49 жашта

Аида Шамканова Чүй облустук адвокатурасынын жактоочусу, Сокулук айылдык кеңешинин депутаты болгон. Артында эки уулу калды.

Кесиптештери маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуусунда «Аида жайдары, мыкты айым эле. Өз кесибин дурус билген, активдүү социалдык кызматкер болчу» деп эскеришет. Эскерүүнү «Турмуш» басылмасы жазды. Аида Шамканова 7-июлда пневмониядан каза тапты.

Шамшидов Осмонали

Шамшидов Осмонали

Дарыгер · 62 жашта

Осмонали Шамшидов 13 жылдан бери Ош облустук кан борборун жетектеп турган. Ал жогорку категориядагы дарыгер, тажрыйбалуу анестезиолог катары таанымал. Медицина тармагында иштегенине отуз жылга чамалаган.

“Kaktus.Media” жазгандай, Ош облусунда коронавирус эпидемиясынан улам плазмага суроо-талап күчөгөндүктөн, Шамшидов жетектеген кан борбору вахталык режимде иштеп жаткан.

Осмонали Шамшидов 10-июлда пневмониядан көз жумганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусундагы өкүлү “24.kg” басылмасына билдирди. Артында жубайы, эки уул, бир кызы калды.

Шамырканова Гүлжамал

Шамырканова Гүлжамал

Мугалим, баатыр эне · 79 жашта

Гүлжамал Шамырканова физика-математика мугалими болчу. Мугалимдик эмгек жолун Нарын (мурдагы Тянь-Шань) районундагы мектептердин биринде иштөөдөн баштап, дээрлик 31 жыл билим берүүгө арнаган.

Музейдин, балдар лагеринин директору болгон. 1997-жылы пенсияга чыккан. “Эл агартуунун отличниги”.

Гүлжамал Шамырканова 1942-жылы 8-мартта Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында туулган. 2020-жылы 9-июлда эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) каза болду. Артында беш уул, үч кызы, 31 небереси калды.

Шаршембиева Гүлжан

Шаршембиева Гүлжан

Жеке ишкер · 56 жашта

Гүлжан Шаршембиева “Дордой” базарында жеке ишкер эле. 2008-2009-жылдары Бишкектин чекесиндеги Келечек конушунда айыл башчы болуп иштеген.

Мектепти алтын медаль, Ленинград институтутун кызыл диплом менен аяктаган. “Үйдүн улуусу, бир туугандарына жардамын аябай, баарына жардам берген адам эле. Алдыга койгон максаттары күчтүү болчу”, - деп эскерди үй-бүлөсү.

Гүлжан Шаршембиева 30-июнда пнемония менен ооруканага түшүп, 7-июлда көз жумду. Артында күйөөсү, кызы жана небереси калды.

Шаршеналиев Жаныбек

Шаршеналиев Жаныбек

академик · 79 жашта

Мурдагы Билим берүү министри, экс-ректор, ири окумуштуу 2020-жылдын 20-ноябрында коронавирус оорусунан көз жумду. Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Улуттук илимдер академиясынын академиги, техникалык илимдердин доктору, профессор, соңку жылдары Улуттук илимдер академиясынын машине таануу жана автоматика институтунун лабораториясынын жетекчиси эле. 1941-жылы 1-февралда Талас облусундагы Арал кыштагында төрөлгөн. Чоң-Коргон балдар үйүндө тарбияланган. 1966-жылы Саратов политехникалык институтун бүтүргөн. Кесиптештеринин айтымында, ал өмүрүнүн аягына чейин сүйүктүү кесибин, илимди таштаган эмес. Техникалык кибернетика тармагындагы белгилүү окумуштуулардын бири эле. 3-даражадагы “Манас”, “Даңк” ордендеринин ээси.

Шаршенбек уулу Зиаул Хак Мусави

Шаршенбек уулу Зиаул Хак Мусави

Мугалим · 37 жашта

Зиаул Хак Мусави Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылында 1983-жылы кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Үй-бүлөдөгү төрт бир туугандын улуусу. Бишкектеги Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. Акыркы үч жылдан бери Бишкектеги № 95 мектеп-гимназиясында тарых, адам жана коом сабактарын окутчу.

Окуучуларынын эскерүүсү: “Адамдар менен бат тил табышып кетүүсү менен башкалардан айырмаланып турган. Өзгөчө мүнөзгө ээ, жөнөкөй, кең пейил, боорукер, коомдогу жашап жаткан адамдарга эч бир жамандыгы жок мыкты мугалим эле. Окуучуларынын жүрөгүнөн бир башкача орун алып калган. Окуучулары аны "экинчи атабыз" деп айтчу. Азыркы кырдаалга байланыштуу өзүнүн туулуп өскөн жеринде атасын карап жаткан. Буга чейин ооруган эмес. Аты жаман илдет менен ооруп, бул дүйнөдөн 37 жаш курагында өттү. Күйүткө чыдабай атасы Шаршенбек дагы 1-августта өпкө кагындан көз жумду”.

Зиаул Хак Мусави 29-июлда өпкө кагындан каза болуп, 1-августта туулуп өскөн жери Чаекте жерге берилди.

Шаршенова Элмира

Шаршенова Элмира

Педагог · 55 жашта

Элмира Шаршенова социалдык педагог адистиги боюнча иштеп жаткан. Ага чейин Гроздь айыл өкмөтүнүн мектебинде орус тилинен 26 жыл сабак берген, тажрыйбалуу педагог катары таанылган.

Кесиптештери маркумду “Турмуш” басылмасында минтип эскеришти: “Өз ишин мыкты билген, шайыр мүнөз адам эле. Ал дайыма кесиптик чеберчилигин жогорулатуу үчүн изденүүдө болду. Терең кайгыруу менен апасына, жалгыз уулу Алайбекке жана кичүү инисине көңүл айтабыз”.

Элмира Шаршенова 1965-жылдын 30-апрелинде Аламүдүн районунун Бирлик айылында туулган. 2020-жылы 8-июлда пневмония кеселинен көз жумду.

Шералиева Калыйбүбү

Шералиева Калыйбүбү

пенсионер · 77 жашта

Калыйбүбү Шералиева Нарын шаарында жашап, кассир болуп иштеп жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан. Бир күн мурда каза болгон сиңдиси Шералиева Маржанбүбү тууралуу билбей калганын кызы Венера айтты.

Калыйбүбү Шералиева эки өпкөсүнөн кагынып, Токмок шаарындагы ооруканада 27-июнда кайтыш болду. беш кызы, бир уулу, 21 небереси калды. Сөөгү Нарында жерге берилди.

Шералиева Маржанбүбү

Шералиева Маржанбүбү

пенсионер · 73 жашта

Шералиева Маржанбүбү жалгыз эжеси Шералиева Калыйбүбүдөн бир күн мурда кайтыш болду. Жээни Венера аны: “Кичүү уулу 35ке чыккыча үйлөнбөй жүрүп, кеч үйлөндү.Ошонун баласын көрсөм деп кыялданчу. Келини кош бойлуу эле, көрбөй кетти”, - деп эскерди.

Шералиева Маржанбүбү эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония), Бишкек шаарындагы Тынчтык жаңы конушунда өз үйүндө 26-июнда каза болду. Артында үч уул, беш кызы, 21 небереси калды.

Шералиева Ырыскан

Шералиева Ырыскан

Пенсионер · 58 жашта

Ырыскан Шералиева Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттин илимий кызматкери болуп иштеген. Акыркы күндөрү ардактуу эс алууда эле.

Кызы Мээрим апасын: “Ал аябай жашоону сүйчү, бир тууган, дос, кошуна, дегеле баары үчүн күйүп-бышып, кам көрүп, көйгөйлөрүн чечүүгө чуркап турчу. Ушунчалык нарктуу, акылман адам эле. Азыр кайын журту биздин тукумга эми апамдай адам туш келбейт деп ыйлап жатат. Биздин баарыбызды билимге үгүттөп, өзү да илимге, билимге аябай умтулган, алдыга сүрөп “жашоо керемет” деп көп айтчу” , - деп эскерди.

Шералиева Ырыскан 3-июлда Бишкекте коронавирус инфекциясынан каза болгон. Артында бир кыз, бир уулу, неберелери калды.

Шерматов Аликжан

Шерматов Аликжан

Окутуучу · 54 жашта

Аликжан Шерматов Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде окутуучу эле. Кесиптештери маркумду тажрыйбалуу адис катары баалашты.

«Окуу жайдагы ыймандуу, тажрыйбалуу, ар тараптуу кесиптештеримдин бири эле. Анын үй-бүлөсү да бүт өздөрүн медицина тармагына арнагандар», - деп эскерди маркумду кесиптеши, ортопедиялык жана терапиялык стоматология кафедрасынын жетекчиси Маматжан Арстанбеков.

Аликжан Шерматов 7-июлда пневмониядан каза болгонун ОшМУнун маалымат кызматы кабарлады.

Ширдакова Анна

Ширдакова Анна

Финансист · 38 жашта

Анна Ширдакова Борбор Азиядагы Америка университетинин (АУЦА) экономика факультетин бүтүргөн. Консалтинг компаниясында финансы кеңешчиси болуп эмгектенип келаткан.

Анна Ширдакова - белгилүү советтик кыргыз футболчусу Алмаз Чокморовдун кызы.

Ал 10-июлда пневмониядан көз жумду. Артында өмүрлүк жары, үч баласы калды.

Шоңкоев Үрүстөмбек

Шоңкоев Үрүстөмбек

Уюштуруучу · 41 жашта

Үрүстөмбек Шоңкоев “АЮ холдинг” ишканасында менежер болуп иштеген. Артында жубайы, 2 уул 1 кызы калды. Бишкектеги Ак-Ордо конушунда жашачу.

Үрүстөмбек Шоңкоев Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында 1979-жылы туулган.

2020-жылдын 5-июлунда Кант шаарынын ооруканасында эки өпкөсүнөн кагынып каза болду.

Шүкүралиев Рыспек

Шүкүралиев Рыспек

Юрист · 64 жашта

Рыспек Шүкүралиев Сотторду тандоо кеңешинин мурдагы мүчөсү, Кыргызстандын юристтер биримдигинин мүчөсү, шахматтын зор күйөрманы болгон. Шахмат боюнча Кыргызстандын эки жолку чемпиону Альгис Шүкүралиевдин атасы жана устаты эле.

Рыспек Шүкүралиев 1956-жылы 1-январда Сокулуктун Шалта айылында туулган. 1989-жылы Кыргыз мамлекеттик университетини юридика факультетин бүтүргөн. 2020-жылы 9-июлда пневмония илдетинен каза болду.

Ы

Ырсалиев Назар

Ырсалиев Назар

Мамлекеттик кызматкер · 55 жашта

Назар Ырсалиев соңку беш жылдан бери Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттигинин Этностор аралык мамилелер боюнча башкармалыгын жетектеп келген.

“Назар Ырсалиев өз жумушуна так, иш билги жетекчи, ардактуу кесиптеш, мээримдүү ата, асыл жар, мекени үчүн жаны күйгөн инсан эле”, - деп билдирди аталган агенттиктин жамааты.

Назар Ырсалиев 1965-жылы 12-сентябрда Жумгал районунда төрөлгөн. Кесиби боюнча юрист. Эмгек жолун 1986-жылы Фрунзедеги «Оор электр машиналары» заводунда катардагы жумушчу кызматынан баштап, 1987-1992 жылдары “Кыргызбытрадиотехника”, ”Орбита сервис” мекемелеринде радиомеханик, участок башчысы болуп эмгектенген.

1992-1997-жылдары бир нече коммерциялык мекемелерде директордун орун басары, директор болуп иштеген. 1998-2004-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде ыкчам бөлүмүнүн адиси, ага офицери, Нарын облусунун Жумгал, Бишкек шаарынын Свердлов райондорунун жарандык коргонуу штабын жетектеген. 2004-2015-жылдары Бишкек шаарынын мэриясына караштуу мекемелеринде жетекчилик кызматтарында эмгектенген.

Э

Эгембердиев Кубатбек

Эгембердиев Кубатбек

Спорт мектебинин директору · 59 жашта

Эгембердиев Кубатбек, Чүй райондук Балдар жана жеткинчектердин спорт мектебинин директору. Мыкты жетекчи болгон.

Өзү жетектеген мектепте чыгаан спортчуларды тарбиялап, өлкөнүн дене тарбия жана спорт тармагына бараандуу салымын кошкон.

Эгембердиев Кубатбек 1961-жылы 8-февралда Жалал-Абадда туулган. 2020-жылы 17-июлда дүйнө салды. Мурдараак ага пневмония диагнозу коюлган.

Элакунов Бердибай

Элакунов Бердибай

Милициянын лейтенанты · 37 жашта

Элакунов Бердибай 2019-жылдын 29-майынан баштап Ички иштер министрлигинин Ленин райондук бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкери болуп иштеп жаткан. Ички иштер органдарындагы эмгек жолу 2010-жылы башталган. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияны 2015-жылы окуп бүтүргөн.

Элакунов Бердибай коомчулукка “Абайлагыла, беткап тагынгыла, бул оору коркунучтуу экен”, - деген видео кайрылуусу менен таанымал болгон.

“18-июндан баштап эле ооруп жаткан. “Тез жардам” кызматын чакырып тест тапшырсак таза чыккан. Бирок, абалы жакшы эмес болчу. Ошентсе да ишке чык деп чакыртып алышты. Абалы ошол эле күнү оорлошуп, Ички иштер министрлигинин бейтапканасына алып барсак карантин деп албай коюшту. Ар кайсы жактан асма дары сайдырып жүрдүк. Өлөрүнө үч күн калганда ооруканага эптеп жаткырганбыз. Дарыгерлер кычкылтек концентраторун, дары дармектерди алып кел дешти. Баарын алып барып бердим. Бирок, үч күндөн кийин каза болуп калды, - деп кайгысын бөлүштү жубайы Мээрим, - Ишин аябай жакшы көрчү. Интернетке тараган видеосун кесиптештерине салган. Мен ооруканага жаткыра албай кыйналганыма ушунчалык ызаландым. Күйөөм пандемия башталгандан бери кызматта эле. Эмне үчүн аларга шарт түзүп беришпейт?”

Элакунов Бердибай пневмония дартына кабылып, 28-июнда каза болду. Артында жубайы, үч баласы калды.

Эмирканов Канат

Эмирканов Канат

жыгач уста · 67 жашта

Канат Эмирканов Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек совхозунда кампа башчысы болуп иштеген. Курулушту мыкты билген, колунан көөрү төгүлгөн жыгач уста эле. Артында алты баласы, тогуз небереси калды. Канат Эмирканов өпкө кагындан каза болду.

Эралиев Артыкбай

Эралиев Артыкбай

Дарыгер · 62 жашта

Артыкбай Эралиев Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары болуп иштеп турган. Өмүрүнүн аягына чейин ооруну аныктоо боюнча иш алып барган.

“Кыргыз Республикасынын медицинасына эмгек сиңирген ишмер” мамлекеттик наамы ыйгарылган. Маркумдун жакындарынын айтымында дарыгер коронавируска кабылгандан кийин 6-июлда көз жумган.

Эркинбаева Умсунай

Эркинбаева Умсунай

Жеке ишкер · 55 жашта

Умсунай Эркинбаева 1965-жылы төрөлгөн.

Умсунай Эркинбаева белгилүү ишкер болчу. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты маркум Баяман Эркинбаевдин бир тууган эжеси, 6 баланын сүйүктүү энеси эле. Социалдык аялуу катмарга жардам көрсөткөн, Базар-Коргон районундагы, Баткен облусундагы 2 кабатуу эки үйүн бала бакча кылып, аларга керектүү эмеректерди 2 миллион сомдон ашуун акчага сатып берген, карантин башталгандан тарта турмушу оор адамдарга каралашып келаткан.

“Маркум апабыз ар майрамда жетим-жесир, майып, муктаж үй-бүлөлөргө жардамын аябай кийим-кечек, азык-түлүк жана акчалай жардам берип келген. Пандемия башталганда көптөгөн үй-бүлөлөргө жардам көрсөткөн. Ооруканада жатып Ош облустук ооруканага жана балдардын жугуштуу оорулары ооруканасына 400 000 сом көмөк көрсөтүп, 80 кишиге кычкылтек баллон орнотуп, дары-дармекти бекер берген. Аз өтпөй өзү каза тапты”, деп балдары жазышты.

Апасынын абалы оорлошуп, медициналык жардамга кайрылышканда кандай кыйынчылыктарга туш келгенин алар минтип белгилешкен:

“Бизди дарыгерлердин иш билбестиги жайлады! Бүтүндөй Ош шаары боюнча өпкөнү жасалма дем алдырчу аппаратка кошчу даярдалган реаниматолог жок экен, андайды даярдашпаптыр. Ооруканада андай аппарат жок дешти. Чуркап жүрүп аппаратты өзүбүз таап, сатып алып келсек аны иштетчү киши жок экен. Акыры өпкөнүн абалын текшерчү, аппаратты кошкондо кычкылтек деңгээли өпкөнү үзбөгөндөй кармап турчу дарыгерлерди таап келсек, аларга уруксат бербей коюшту. Оор абалда жаткан апабызды сактап калууга мүмкүнчүлүк беришпеди. Ош шаардык ооруканасында өпкөнү жасалма дем алдырчу аппаратты кошчу дарыгер жок. Аппаратты бейтаптардын жанына коюп коюшуптур. Аппарат турат, а бирок аны кантип иштетип, адамдарды кантип сактап калышты билишпейт… мобилдик рентгендер жок! Аны менен өпкөнүн канча жери жабыркаганын аныкташат. Текшерүүчүлөр келгенде мобилдүү рентген бар дешет, анысы менен бейтаптарды тартышпайт. 2 палатада сегиз бейтап жатты, алардын ичинен бир гана аял аман калды”.

Умсунай Эркинбаева 2020-жылдын 12-июлунда өпкөнүн кош тарап кагынынан каза болду.

Эсенбаев Асил

Эсенбаев Асил

Прокуратура кызматкери · 78 жашта

Асил Эсенбаев прокуратура органдарында көп жыл иштеген. 1942-жылдын 5-январында Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеӊеш айылында төрөлгөн.

1968-жылдын май айында прокуратура кызматына алынып, өмүр бою ушул системада иштеген.

Асил Эсенбаев ишине жоопкер, кесипкөйлүктүн мыкты үлгүсүн көрсөткөн адам болгон.
Мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон жеке салымы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн бир канча ирет ведомстук сыйлыктарга ээ болгон, “Прокуратуранын ардактуу кызматкери” (2003) төш белгиси менен сыйланган. 2004-жылдын 5-январынан тартып эс алууга чыгып, Ош облусунун прокуратура органдарынын ардагерлер катарында эле. А. Эсенбаев Советтик Армиянын курамында Куба Республикасында кызмат өтөгөндүгү үчүн «Кызыл жылдыз» ордени менен сыйланган.

Асил Эсенбаев өпкө кагындан Бишкек шаарында 27-июлда каза болгон.

Этекбаева Атырбүбү

Этекбаева Атырбүбү

Баатыр эне · 70 жашта

Атырбүбү Этекбаева - баатыр эне, колунан көөрү төгүлгөн уз болгон. "Кээде эмчи да болчу. Колунан баары келчү. Каза болгонго чейин эле кара жумуш жасап, бизден тың оокат кылчу”, - деп эскерди небереси.

Маркумдун небереси “Азаттыктын” кабарчысына ошондой эле: “Чоң энебизди каза болот деп ойлогон эмеспиз. Бирок ооруп жүргөн. Кээде демим кысылып кетет дечү. Ооруканага жетпей эле каза болуп калды. Пневмония деп эле ойлоп калдык”, - деп билдирди.

Атырбүбү Этекбаева 1-июлда Жумгул районунун Чоң-Таалга айылында каза тапты.

Эшбергенов Кубанычбек

Эшбергенов Кубанычбек

Мугалим · 57 жашта

Кубанычбек Эшбергенов 57 жаш курагында дүйнө салды. Эки уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн. 23 жыл мектепте мугалим, анын 17 жылын мектеп директору болуп иштеген. Кубанычбек Эшбергенов өпкө кагыны менен Гансидеги күндүзгү стационарга, андан кийин ооруканага жаткырылып, ошол жерден каза болду.

Балдарынын эскерүүсү: “Спорт менен машыккан, сергек жашоо образын жактырган атабыз ооруну жеңет деген ишеничибиз таш-талкан болуп, 2 уулу, 2 кызы, небере, жээндери жана бир туугандары, көкүрөгү муңга толуп, сүйүктүү атабыздын элесин көп ичинен издеп таппай, заманабыз куруп турган кезибиз, эки жуманын ичинде эле жоготуп жибердик…

23 жыл мектепте иштеген, анын 17 жылын мектеп директору, Тогуз-Булак , Узун-Кыр, Четинди айылдарынын балдарына татыктуу билим берген мугалим. Райондук билим берүү бөлүмүнө чуркап жүрүп, 8 жылдык мектепти 10 жылдык кылып ачып, кийин 2007- жылы "Арис" фондусунун жана айыл тургундарынын жардамы менен кошумча 4 класстык комплекс салдырды.

Айыл тургундары атама ишеним артып, бир нече жыл айылдык кеңешке депутаттыкка шайлап, ал ишти дагы билим берүүдөн кем калтырбай айыл тургундарынын көйгөйүн чечип келген. Окуучулары райондук, областык олимпиаданын жеңүүчүлөрү болуп келишкен. Иш десе ичкен ашын кое калган, өз эмгегин элинен, жеринен аябаган адам эле. Атамдын эмгегин эл баалап райондук, министрлик, президенттик грамоталардын ээси жана "Эл агартуунун отличниги" болучу. 2008-жылы турмуш-шартка байланыштуу башка жумушка кеткен. Кышкы спортко кызыгып жана бизди да кызыктырып, лыжа, сноуборд тепкенди үйрөткөн, өзү дагы аябай лыжа, сноубордду жакшы тепчү.

Атабыз бизге мээримдүү ата, айылдаштарына жакындан кенешчи, жардамын аябаган боорукер адам эле.”

Эшенкулова Умсунай

Эшенкулова Умсунай

Пенсионер · 82 жашта

Умсунай Эшенкулова 10 баланын энеси, 1938-жылы төрөлгөн. Жалал-Абад облусунда жашап келген. 23-июлда таажы вирустан Жалал-Абад облустук ооруканада каза болду.

Эшматов Каныбек

Эшматов Каныбек

Педагог · 64 жашта

Эшматов Каныбек “Билим берүү демилгелерин колдоо” фондунун Оштогу координатору болчу. Ага чейин А.Таңатаров атындагы мектептин директору, Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген. “Эл агартуунун мыктысы” төш белгиси ыйгарылган.

Эшматов Каныбек коронавирустун кесепетинен 17-июлда дүйнө салды. Артында жубайы, эки уул, үч кызы калды.

Я

Якубов Рашитбек

Якубов Рашитбек

Жеке ишкер · 53 жашта

Көп жылдан бери Бишкекте жеке ишкерлик менен алектенчү. Артында жубайы, эки уул, эки кызы жана беш небереси калды.

Балдарынын эскерүүсү:

“Үй-бүлөдө бир туугандардын кичүүсү эле. Ачык мүнөз, жоомарт, жардамын эч кимден аябаган жан эле. Сөздү орундуу сүйлөгөн, дилгир, шайыр, баарына кеп-кеңешин берип турчу. Азыркы учурда бизге атамдын акыл-насааты жетишпейт. Атам 25-июндан бери үйдө дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланып жаткан. 29-июнда Улуттук госпиталга жаткырдык. Ошол эле күнү кечки саат алтыда бизге суук кабар келди. Сүйүктүү атабыз биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө жашайт”.

Рашитбек Якубов 29-июнда Улуттук госпиталда өпкө кагындан каза болду.

А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О Ө П Р С Т У Ү Ф Ч Ш Ы Э Я