Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:16

Ноокатта дарыгер Айчүрөк Келдибекова каза болду


Айчүрөк Келдибекова.
Айчүрөк Келдибекова.

Ноокат райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси Айчүрөк Келдибекова 55 жашында көз жумду. Ал Ноокат райондук ооруканасында COVID-19 илдетине чалдыккан адамдарды дарылап, иштеген. Бул тууралуу анын кесиптештери “Азаттыкка” билдиришти.

Азырынча дарыгердин өлүмүнүн себеби аныктала элек.

СПИД менен күрөшүү боюнча Ош облустук борборунда башкы дарыгердин орун басары болуп иштеген Айчүрөк Келдибекова быйыл март айында Ноокатка санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборун жетектөөгө дайындалган.

Кесиптештери маркум коронавирус илдетинин жайылышына жол бербөө үчүн жан үрөп иштеп жүрүп, кете бергенин эскеришти.

Акыркы расмий маалыматка караганда коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкөдө бул илдет 1875 медицина кызматкерине жукту, алардын 570и айыгып чыкты, бешөө каза тапты. Бейрасмий эсептер каза болгон медицина кызматкерлеринин саны кыйла көп экенин көрсөтүүдө.

Өкмөт коронавируска чалдыгып, каза болгон медицина кызматкерлерине 1 млн сом, ал эми бул илдетти жугузуп алган медицина кызматкерлерге 200 миң сом компенсация төлөнөрүн убада кылган. Азырынча канчасына акча төлөнүп берилгени расмий айтыла элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG