Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-август, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 09:03

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Олег Запольский кайтыш болду


Олег Запольский.

27-июнь күнү 39 жаш курагында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Олег Запольский мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматта Запольскийдин өлүмүнө эмне себеп болгону тууралуу сөз жок.

Олег Запольскийдин милициядагы ишмердиги баңгизаттарга каршы күрөшүүгө арналган. ИИМдин маалыматында маркум кызмат өтөө учурунда, өзүн дайыма оң жагынан көрсөтө алганы, жоопкерчиликтүү, ыкчам-күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда уюштуруучулук жөндөмү бар мыкты адис катары сыпатталган.

Олег Запольский “Дело№” гезитинин негиздөөчүсү Виктор Запольскийдин уулу болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG