Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

Театр режиссеру Акелең Кускаков дүйнөдөн кайтты


Акелең Кускаков.
Акелең Кускаков.

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын режиссеру Акелең Кускаков 1-июлда катуу оорудан кийин каза болду.

Ал Ташкенттеги Н.Островский атындагы көркөм театр институтунун киноактёрлук бөлүмүн, Москвадагы Луначарский атындагы Мамлекеттик театр искусствосу институтунун режиссёрдук курсун бүтүргөн.

1991-2011-жылдары Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында режиссёр-коюучу, 2011-2016-жылдары Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси болгон. 2016-жылдан кайрадан эмгек жолун Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында уланткан.

Кускаков Ж. Кулманбетовдун «Манас, Манас болгону», М. Байжиевдин «Алтынчы күнү кечинде», А.Чекировдун «Кызыл профессор», Д.Сариевдин «Кайран эл» сыяктуу бир катар спектакдерди койгон.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген артист, Жалил Абдыкадыров атындагы сыйлыктын лауреаты болгон.

Акелең Кускаков 1951-жылы 20-декабрда Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылында туулган. (NT)

XS
SM
MD
LG