Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:31

Белгилүү актриса Жыргал Көбөгөнова дүйнө салды


Жыргал Көбөгөнова.
Жыргал Көбөгөнова.

Белгилүү актриса, Кыргыз Республикасынын эл артисти Жыргал Көбөгөнова 72 жаш курагында пневмония илдетинен 13-июлда каза болду. Бул тууралуу актрисанын кесиптештери маалымдашты.

Жыргал Көбөгөнова 1948-жылы 1-январда Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында төрөлгөн. 8-класстан баштап цирк өнөрүнүн аба гимнастикасы боюнча машыгып, 1964-жылы ачылган кыргыз циркинин алгачкы карлыгачтарынын бири болгон.

1971-жылы “Бий ансамбли” аттуу топтун солисти, 1972-жылдан баштап Ош областтык драма театрында, 1974-жылдан баштап Кыргыз академиялык драма театрында актриса болуп иштеген.

Сахнада жыйырмадан ашык спектаклде ойноп, түрдүү образдарды жараткан.

1997-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген мамлекеттик наам алган.

Жыргал Көбөгөнова кыргыз сахнасынын залкарлары, Кыргыз эл артисти Абдыашым Көбөгөнов менен белгилүү актриса Сайрагүл Балкыбекованын кызы, белгилүү актер, Кыргыз эл артисти Күнболот Досумбаевдин жубайы болгон.

XS
SM
MD
LG