Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:10

ОшМУнун окутуучусу пневмониядан каза болду


Alikzhan Shermatov, dentist, Osh State University
Alikzhan Shermatov, dentist, Osh State University

Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин 54 жаштагы окутуучусу Аликжан Шерматов пневмониядан 7-июль күнү каза болду. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы кабарлады.

ОшМУнун медицина факультетинин ортопедиялык жана терапиялык стоматология кафедрасынын жетекчиси Маматжан Арстанбеков маркумдун тажрыйбалуу адис болгондугун эскерди:

«Окуу жайдагы ыймандуу, тажрыйбалуу, ар тараптуу кесиптештеримдин бири эле. Анын үй-бүлөөсү да бүт медицинага өздөрүн арнагандар. Тилекке каршы жубайы экөө коронавирус жуктуруп алып, Аликжан ооруканада каза болуп калды».

Жалпысынан 18-марттан 8-июлга чейин өлкөдө коронавирус 8486 адамдан табылды, алардын ичинен 112 бейтап кайтыш болду. Алардын 11и Ош шаарында, 19у Ош облусунда катталган.

Республика боюнча өпкөсү кагынып (пневмония) 268 киши каза болду. Саламаттык сактоо министрлиги пневмония менен коронавирустун статистикасын бириктирүү маселеси каралып жаткандыгын билдирди. (DU)

XS
SM
MD
LG