Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-август, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 05:10

Ошто милиция кызматкери коронавирустан каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.

ИИМдин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Ош шаары боюнча улук инспектору Улукбек Умаров 9-июль күнү ооруканада көз жумду. Маркум COVID-19 илдетин жугузганы аныкталып, ооруканада дарыланып жаткан.

Улукбек Умаров - коронавирус жугуп каза тапкан саналуу милиция кызматкерлеринин бири. Буга чейин Бишкекте үч милиция кызматкери коронавирус жугуп каза болгон.

ИИМдин Оштогу дарылоо борборунун ординатор дарыгери Жамал Тазабекова да коронавирус жуккандан кийин көз жумган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Умаровдун жакындарына көңүл айтуусун жарыялашты.(ZKo)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG