Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:58

Ош шаарында дагы бир милиция кызматкери коронавирустан каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) кызматкери, улук лейтенант Чыңгыз Оморов 19-июль күнү коронавирустан каза болду. Бул маалыматты ЖКККБнын басма сөз катчысы Тилек Оторов “Азаттыкка” ырастады. Анын айтуусунда, каза болгон милиция кызматкери 32 жашта болчу.

ЖКККБнын Ош шаар башкармалыгынын дагы бир кызматкери Улукбек Умаров 9-июлда коронавирустан көз жумган. Ага чейин Бишкекте үч милиция кызматкери коронавирус жугуп каза болгон. ИИМдин Оштогу дарылоо борборунун ординатор дарыгери Жамал Тазабекова да коронавирус жуккандан кийин көз жумган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы, Ош облустук ички иштер башкармалыгы жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Оморовдун жакындарына көңүл айтуусун жарыялашты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG