Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Кинорежиссер Бакыт Карагулов дүйнө салды


Бакыт Карагулов.
Бакыт Карагулов.

Кыргыз эл артисти, белгилүү кинорежиссер, сценарист, "Кыргызфильм фондунун" директору Бакыт Карагулов 27-июнда 70 жаш курагында катуу оорудан каза болду. Мындай маалыматты маркумдун уулу Нурдин Карагулов "Азаттыкка" ырастады.

Нурдин Карагулов "режиссер коронавирустун кесепетинен көз жумду" деп буга чейин тараган маалыматты төгүндөп, атасынын COVID-19 инфекциясына тапшырган анализи таза чыкканын билдирди.

Анын айтымында, кинорежиссер пневмония илдети менен 26-июнда ооруканага жаткырылган.

Ушул эле күнү кино коомчулугу Бакыт Карагулов тууралуу некролог таратып, кыргыз киноискусствосу оор жоготууга учураганын белгиледи.

Бакыт Карагулов "Куш өмүр", "Найман эненин ыйы", "Саманчынын жолу", "Маңкурт", "Бороондуу бекет", “Бешик” өңдүү тасмаларды тарткан.

"Айтматовдун ааламы", апрель ыңкылабына арналган "Менин мекеним бар - ал жалгыз Кыргызстан" аттуу даректүү тасмалары акыркы таасирдүү эмгектеринен болуп калды.

Кинорежиссер менен коштошуу зыйнаты 28-июнда, саат 11:00до Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" кино студиясында жакындарынын жана туугандарынын катышуусунда өтөт.

Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Бакыт Карагулов 1950-жылы 12-августта Бишкек шаарында туулган.

Артында эки уул, бир кызы калды. (MSd)

XS
SM
MD
LG