Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-август, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 03:17

Жанып турган жарыгыбыз өчкөнүнө ишенбейм...


Педагогика илимдеринин доктору, коомдук ишмер Жанкороз Каниметовдун уулу Эмил Каниметовдун эскерүүсү.

Кечээ атамды кайтпас жайга узаттык. Өзөгүбүз өрттөнүп, кабыргабыз кайышып турганда анын кандай оорудан, кандайча, кантип кеткени тууралуу эч нерсе айткым келбейт.

Болгону бүт өмүрүн жаш муундарга, мектепке, билим берүүгө, илимге арнаган, ушул багытта жөнөкөй адамдардын тагдырынан тартып мамлекеттик деӊгээлге чейин таасир тийгизген атам Жанкороз Каниметовдун актык, адамгерчилик, бийик этикалык принциптен тайбай жашаган өмүрү жөнүндө эки ооз сөз айтып, эскергим келди.

Топурагы сууй электе, караанын бир көргөнгө зар болуп турганда ал тууралуу эскерүү жазуу мен үчүн абдан оор. Бирок Элге, эл ичиндеги ак пейил, калыс, чынчыл адамдарга жетээр бекен деген үмүт менен сөздү азыр айтып калбаса, кийин оор боло тургандай.

Бишкектен сөөгүн Көлгө алып чыгарып кеткенге чейин телефон чалып, «узатуу иши республикалык жетекчиликтин көзөмөлүндө, расмий узатуу иш-чара өкмөттүн чечими чыгып, уюштурулганы турат, Ала-Арчага коюлат», - деп ниетин билдирип турган мамлекеттик расмий кызматтагы туугандарыбызга ыракмат.

Бирок Кудайдын буйругу менен атамды касиеттүү Көл кылаасындагы туу казыгы Түптүн Токтоянында жерге бердик. Далай даанышмандардын, мүйүздүү энедей касиеттүү олуя адамдардын, манасчылардын, окумуштуулардын, жазуучулардын мекени болгон, көптөгөн кыргынды, согушту, ачарчылыкты баштан өткөргөн, акыркы 40-50 жыл ичинде гана тороло баштаган Түптүн эли түп көтөрүлө келип узатты. Тартип, аралыкты сактоо, маска тагынуу, келген адамдардын саны - баары ордунда, эсептелди - мындай учурда андан саясат жасоо - жакшылыкка алып барбастыр.

Каран күн түшүп турганда келген каны-жаны бир туугандарыбыз, силерге, эл-журтка ыраазыбыз…

Келгендердин арасында «Каркырадан, 3-фермадан келдик. Агайдын эң алгачкы окуучулары биз элек, айылыбызга тал-терек тигип гүлдөтүп, мектепти түптөп кеткен», - деген агаларыбыз да жүрдү.

Мындан туура 50 жыл мурда, тоо арасындагы 20-30 үйлүү, малчылар менен жолчулар байырлаган айылга Караколдогу педогогикалык институтту бүтүп барган 20 жаштагы жигиттин эмгек жолу Айтматов жазган Дүйшөн мугалимдин жашоосундай эле абдан кыйын шартта өткөн.

Жайы кыска, кышында эки метр кар түшкөн атактуу Каркыра жайлоосунун өзүндө, Кан-Теңири тоосуна карай кеткен жакта жайгашкан бул айылдан райондун борборуна аска-зоолуу жолдор менен жетүү керек. Атам ошол жолдон көп баскан, атургай бир өлүмдөн калган экен.

«Айылга көмүр ташыган машина менен районго жөнөп калдым, кандай болуп кеткенин билбейм. Бир убакта машина жолдон эки жолу ала салып кетти. Калдыр-шалдыр, калдыр-күлдүр, тарса-турса болуп айлананын баары карга батып, аралашып эле жатып калдык. Эс-учумду жоготконумду же жоготпогонумду билбейм. Кулагым тунуп, үнүм чыкпай калды. Эсимди жыйып, айланамды карасам, жанымдагы шофёр катуу кырылдап жатыптыр ... Ошол учурдун бирин эстесем, бирин эстей албайм. 21деги жапжаш баламын. Кар калың жааган маалда карышкырлар ачкалыгынан жакага жакындай түшөт эмеспи. Дал ошол кезде карышкыр күч алып турган эле. Ага карабай, 5-6 чакырым жолду жөө басып, жатакка жалгыз келгеним эсимде. Чыңгыз Айтматовдун чыгармасындагы кадимки Момун аксакалды Сары-Тологойдун четиндеги үйүнөн ойготуп, кайра барып жардам берейин деп ойлодум. Ошол кырсыкта айдоочу каза болуп, мен тирүү калган элем», - деп айтып калчу.

Атам ошол чакан мектепте жанын жанга уруп иштеген. Катардагы мугалим, мектеп башчысынын орун басары, директоруна чейинки алгачкы жолду ошол касиеттүү Каркырада басып өтүп, инсан катары калыптанган. Алыскы тоо арасындагы чакан айылда 1971-1979-жылга чейин сегиз жылдык өмүрү калган.

Ошол шарты катаал аймакта үй-бүлөлүү, жаш балалуу экенине карабай иштеп, мугалимдик шык-жөндөмүн, мыкты адис экенин көрсөтө алган.

Ошол жылдары жоопкерчиликтүү, мыкты уюштуруучу, иштерман, тыкан, түз, мүнөзү туруктуу, бекем, так, таза, келбети келишкен, сымбаттуу жигитке район жетекчилиги тарабынан комсомолдук комитетке иштөөгө сунуш түшүп, карьера жасоого мүмкүнчүлүк ачылат.

«23 жашымда мага райондо комсомолдун 2-катчысы болууну сунуш кылышкан. Бирок мен мектеп директору болууну тандап алгам. Кийинчерээк КГБга чакырышкан. Ал кезде Түп районунда КГБнын Иманалиев деген абдан күчтүү башчысы бар эле. “Каркырадан Москвага Академияга кетесиң, сен КГБнын кызматкерине ылайыктуусуң” деп документтеримди Москвага жөнөттү. Ал жактан катуу текшерилип, туугандар арасында партия кызматкерлери жок болгонуна, мурда иш козголгондору бар болгонуна байланыштуу КГБга алынбай калдым» деп айтып калчу.

Анан калса коммунист же мамлекеттик кызматта иштеген, жөлөк-таяк боло турган тууганыбыз деле жок экен. Балким ошондо окууга өтүп кетсе, атам генерал Ж.Асанкуловдой мамлекеттик коопсуздук кызматкери болмок. Бирок атамдын тагдыры ага андан да жоопкерчиликтүү жүктү камдап, актык, аруулуктан турган билим чөйрөсүнүн эшигин ачып койгон турбайбы...

Ошентип, мектеп, билим берүү атамдын өмүрүнүн ажырагыс бөлүгүнө айланды.

Чоң энем Мусаева Калыйкан «Жакем таятасын, тайларын тартты. Чоң таяталарынын баары арык-белек сыйлаган бий болушкан. Атакем Муса Көл тарапта алгачкы мектептерди салып, түптөгөндөрдүн бири» деп айтып отурчу.

Чынында эле таятабыз Муса Ордобаев алгачкы мектептерди уюштуруп, билим берүү тармагын жетектеп турган кезинде кыргыздын далай ак сөөк, мыкты адамдарын жок кылган 30-жылдардагы кандуу репрессияга туш келип, Мурманскиге айдалып кеткен экен. Ал жерден КГБ кайра алдырып, ошол кездеги Кытайдагы генерал Исакбек Мониевдин армиясынын финансы-чарба-курал-жарак бөлүмүн жетектетип, ал жактан кайра келе жатканда каза тааптыр.

Ыбрай Туманов, Саякбай Каралаевдей адамдар менен сырдаш, ошолордой эле таланттуу Муса таятабызды энем өмүр бою «атакем» деп сагынып жашады.

Кандуу жылдар, атадан эрте ажырап коркуп калганы үчүн окшойт энем бир жолу радиого берген интервьюмду угуп алып «Эмке жакшы сүйлөйсүң, бирок өкмөттү сындабасаңчы. Бир күнү эле машинеге салып алып кетишет. Анан экинчи көрбөй калабыз» деп күйпөлөктөдү эле.

Өзү да өмүр бою мектепте мугалим болуп иштеген энекем үчүн анын жалгыз улуу болгон биздин атабыз улуу учукту улаган, чачылганды жыйнаган адам болду.

Атамдын эмгек жолу көз алдыбызда өттү. Көлдүн Арал айылындагы орто мектепке 1979-жылы директор болуп бекитилип, белин бууп, кара жанын карч уруп иштей баштады. Мектептин чарба системасы, жаш мугалимдерди тартуу, билим-тарбия берүү сыяктуу күнү-түнү түйшүктү талап кылган иштерди аркалап алып кетти.

Мектеп республикадагы алдыңкы мектептердин катарына кирди. Атамдын татаал шарттарда калыптанган бекем, күчтүү, катаал мүнөзү, өзүнө да, башкаларга да талап кое билгени, айырмаланган уюштуруучулук таланты, ташкындаган энергиясы, жаратылышынан зээндүүлүгү 1984-жылы Түп районунун борборундагы Кайкин атындагы орус-кыргыз класстары аралаш орто мектепти жетектеп турганда айрыкча көрүндү.

Кайкин мектебинде коллективдин ынтымагы бекемделип, мектеп саналуу жылдар ичинде билим-тарбия, материалдык-техникалык ишти уюштуруу, жабдылышы жагынан жогорку деңгээлге чыкты. Принципиалдуулук, чынчылдык, калыстык менен айкалышкан катаал мүнөз анын кылган ишинин бардык тарабынан көрүнүп турчу. Башка тааныгандар белгилеген бул өзгөчөлүктү мектепти аяктап жаткан жылдары чогуу жашап калып мен да көрдүм. Окууда жетишкендиги үчүн ала турган күмүш медалды берүү учурунда, атайын мугалимдик комиссия 9-класста алган бир «4» деген бааны «5ке» оӊдоп, алтын медаль кыла турганда каршы чыгып, токтотуп койгонун кийин билдим. Биздин, бир туугандарымдын жашоосуна кийлигишкен жок. Ак эмгек менен иштеп, элдин кенедей да ырыскысына кол салбай жашоо керек деген принципти өзү үлгү болуп, ар бирибиздин көкүрөгүбүзгө сиӊирди. Бирок, ар бир жетишкендигибизге билгизбей сыймыктанып, балдарынын, неберелеринин жакшылыгына көөдөн толо кубанып турганын кантип унутам...

Тагдырдын жылдызы улам жанып, ошол жылдары билим берүү министри болуп турган, эң мыкты жетекчилердин бири, ал кездеги республикадагы ар бир мектептин абалын мыкты билген Мукаш Базаркулов атамды байкап, баа берип билим берүү тармагында жетекчилик кызматтарга көтөрүлүшүнө жол ачат. Кайкинден, 1987-жылдан кийин Ак-Суу районунда Элге билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп иштеп, элге алынып, ишинин ийгилиги артып турган кезде Мукаш Базаркулов Кыргыз ССРинин Элге билим берүү министрлигинде мектептер тармагындагы башкармалыктын бөлүм башчысы кылып бекитет. Бүтүн республикадагы мектептердин абалы менен таанышып, аларды сапаттык жаңы денгээлге алып чыгууга аракеттер башталат.

Ошол иштер 1991-жылы Ысык-Көл облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп бектилген учурда да улантылат. Республикадагы мектептерди реформалоо; жаӊы типтердеги мектептерди ачуу, гимназия, лицейлерди уюштуруу иштеринин башында турат. Каракол шаарындагы Токтогул мектебин жаңы типтеги мектеп катары уюштуруп, облустагы эӊ талантуу окуучуларды, алдыңкы мугалимдерди жыйып, билим берүүнү жаӊы сапаттык деңгээлге көтөрүүнү көздөйт. А.Салиев, М.Мамакеев ж.б. академиктердин автордук мектептери ачылып, алардын, Улуттук илимдер академиясынын илим тармагында жетишкендиктерин мектептерге сиңирүү иштери башталат.

Мурдагыдай эле ийгилик коштоп, Ысык-Көлдүн ошол атайын мектептериндеги окуучулар ошол жылдары республикалык олимпиадаларда Бишке шаарынын мектептерин артка калтырып, бардык тармактар боюнча алдыңкы орунга чыгышат.

Бирок ошол жылдары заман кескин өзгөрдү. Каатчылыктын, тартыштыктын арааны жүрө баштады. Айрым мугалимдер бир тыйынга зар болуп, соода-сатык тармагына өтүүгө аргасыз болду.

Ошол кездеги облустук теле берүүлөрдөн губернатордун «Жанкороз, акча жок, “мугалимдер кыйналып жатат” деп ыйлап эле жатасыңар», - деген сөздөрү тарыхта калаар. Балким мамилени өзгөртүп, мектептердин деңгээлин, мыкты мугалимдерди, тартип, жоопкерчиликти сактап калганда массалык түркөйлүктүн уусу мынчалык тарабайт беле?

Атам колунан келгенин баарын кылды. Ошол учурда пайда болгон түрк туугандар менен лицей, гимназияларды Кыргызстанда биринчилерден болуп ачышып. ишин жолго коюшту. Анан эң талантуу балдар буларга окуучу болуп киришти, атамдын ошол жылдары “эгер бизде каражат болгондо...” деген маанай менен айтканы эсте калыптыр.

Эл ичиндеги кадыр-баркы, мамлекеттик деӊгээлдеги иши дагы бир тепкичке көтөрүлүп, 1995-жылкы шайлоодо көлдүк мугалимдердин күчү, колдоосу аны Жогорку Кеңештин депутаттыгына алып чыкты. Каршы атаандаш болгондордун айрымдары «Эл, мугалимдер жакшы көрөт экен» деп талапкерлигин алып салышты.

Атамдын депутат болгондогу башкы иштери талкаланып бара жаткан билим жана илим мекемелерин, мугалимдерди, элдин тилин, маданиятын сактоого тыгыз байланыштуу болду. Кажынып иштеп даярдаткан мыйзамдары, тыным албаган эмгеги ошого багытталды. Баарын аралаштырып, талкалап бара жаткан замандын агымын өзгөртө албаса да колунан келишинче аракет кылды. Ал даярдатып, сунуштаган «Мугалимдердин статусу», «Улуттук тил», «Ысык-Көл» ж.б. мыйзамдар талкалоочу агымга жик салып, мугалимдерди, мамлекеттик маданиятты ж.б. мамлекеттик системаны пайдаланып, биртоло жок кылынуудан сактап, коргоп калуунун, акырындап жолго коюнун алгачкы аракеттеринен болду.

Атам депутат болуп турганда Караколдогу облустук кеңеште жаӊы келген губернатордун Чолпон-Ата-Алматы жолун салам деген демилгесин сындап чыкты. Ошондон кийин бир заматта мамлекеттик аппараттын маанайы өзгөрдү. Сындалган губернатор мамлекеттик органдарды пайдаланып, кийинки парламенттик шайлоого Акаевдин балдызын алып чыкты. Күрөш болду, Түптүн эли ал жолу да мурдагыдай эле атамды колдоп, депутаттыкка сүрөдү. Бирок бул жолу мурдагыдай кайнап турган энергиясы азайып, кыйналып калганын байкадым.

Кайраттуу адам болобу, адатынча жанын таштап ишке киришти. Мектептерди карап, айылдагы жашоого анча-мынча болсо да өбөлгө болоюн деген аракет менен жүрдү. 2005-жылы акаевдердин мурдагыдан да шылуун, базардын, жаңы доордун мектебинен өткөндөрдүн тобунан турган жаӊы саясый элитаны даярдап, ЖКга алып өткөнү кийин белгилүү болду. 2005-жылкы революция Курманбек Бакиев баштаган жаңы топту бийлике түрттү.

Ошол учурда мен кокустан Бакиевдердин штабына барып калсам, Жусуп Бакиев “Атаӊды сыйлайм” деп айтып, анын илгери эле Билим берүү министрлигинде иштеп жүргөндө чоң таасир калтырганын эскерип, телефонун сурап, байланышты. Тагдыр ошентип атамды бир заматта кайра саясатка алып келди.

Алгач, Ысык-Көл облусу боюнча Курманбек Бакиевдин президенттик шайлоо штабынын, кийин алардын жаӊы түзүлгөн “Ак жол” партиясынын исполкомунун башчысына бектишти. Ал өмүрүнүн ушул үзүмү тууралуу жазып калтырганы жери да бар: «Андан (К.Бакиев) шайлоо штабдарына башка адамдарды эмес, мени баш кылып коюп жатканын сурасам: «Жаке, сени органдар аркылуу да, башка жолдор менен да текшерттик, сенин аппак кагаздай өмүр жолуң бар. Бир кири же тагы жок. Сен ошон үчүн ушул иште бизге керексиң» деген экен.

Бирок ал жерде ким депутат болорун башка адам чечип, соодалады. Атам өзүн билим жана илим министрине бекитип, өкмөт чечимин радиодон уктуруп, аны кайра буздурткан адамдарга да жамандык каалабады, каршы чыккандарга кек сактап, жооп берген жок.

Анын өкүнгөнү билим берүү структураларына таандык байлыкты (пионер лагерлерди, «Юный техник» сыяктуу уюмдардын техникаларын, көлдө сүзүүчү кемелер ж.б.) прихватташтырып алгандары болду. Ушундай нерселерди, Акаев, Бакиев кезинде басылмаларга ачык жазып, жарыялап турган мага да бир ооз сөз айтпады.

Бир гана жолу эл К.Бакиевдерди кууй турган кезге жакындап калганда оппозициячыларга таратылган «Эл биримдиги жана курултай» (Эмил Каниметов, http://www.presskg.com/kqk/10/0302_5.htm) деген макаламдагы “Бакиев Максимди падыша кылганы турат” дегендей сүйлөм үчүн президенттик администрациянын уюштуруу бөлүмүн башчысы атама чалган экен. Атам ага “Анын өзүнүн ой-пикири бар, калыптанган инсан, тыюу сала албайм” деп жооп бериптир.

Акаев доорунан тарта министрликте ЖОЖдор башкармалыгын башкарган Шейшен Жусубалиев сыяктуу адамдар эбак даяр министр, анын потенциалын, ташкындаган энергиясын мамлекет пайдаланса деген ниеттерине карабастан андай такшалган, адис, компетенттүү адамдарды жолотушкан жок. Депутат кезинде көп адамдар жабыр тартканын көрүп, «казинолорду жаптыруу боюнча» атайын мыйзам даярдаган. Аны өткөрө турган күнү Чолпон-Атадан чоочун машине менен чыгып, авария болуп, колу-буту, арка сөөктөрү сынып, бир жылдай жатып калды.

Энебиз айылдан коюн сойдуруп алып таң атпай келип «Жакеним» деп оорукананын астында чырылдап турду. Кийин “дарылап, айыктырды” деп Сабырбек Жумабековго ыраазы болуп жүрдү. Күчтүү эрк, өзгөчө энергия атамды кайрадан бутуна тургузуп, турмушка аралаштырды.

2010-жылы революциялык толкундардан кийин дагы мурдагыдай сунуш түштү. Балыкчыда эл менен жолугуп жатканда Алмазбек Атамбаев ага кайрылып: «Классташым, Жогорку Кеңеште он жыл бир партада отурдук. Чогуу иштейлик, кызматташалык», - дегенде, «Саясат сасык иш. Мындан ары саясатка аралашпайм», - деп көңүлүн суутканын, ошол чогулушка катышкан көлдүк туугандар да муну жактырбаганын айтып жүрүшөт.

Бирок убакыт анын бул чечими туура болгонун көргөздү. Илим, интеллектуалдык иш жолуна түшүп, кандидаттык, докторлук иштерин жактап, билим берүү мекемелерине кирип иштеп, саясаттан четтеп кетти. Тээ илгери алгачкы түрк лицейлерин ачканда кызматташ болгон адамдар кайра кол сунушуп, жеке менчик жогорку окуу жайын жетектеп берүүнү сунушташты.

Кутман куракка барып калганда адам үчүн эң башкы багыт, башкы жол болгон – руханий-интеллектуалдык өнүгүү жолун аркалашы, - бул анын дагы бир эрдиги. Кудайдын мээри, элдин колдоосу түшүп, ошондой тагдыр буюрган адамдар менен тууган, жолдош болду. Эң бийик деңгээлдеги таасирин өмүр соңуна чейин жоготкон жок.

Ак пейил, ак жүрөк менен жашаган анын өмүр жолу жаштарга үлгү. 20 жылдай мурун «Вечерний Бишкек» гезитинин кабарчысы андан интервью алып: «Сиздин алгачкы сүйүүңүз ким болгон?» деп суроо берген. Анын «Менин алгачкы сүйүүм менин жубайым» деп жооп бергенине кабарчынын таң калып жазганы архивде сакталып турса керек. Быйыл атабыз менен мамабыздын чогуу өмүр сүргөнүнө 50 жыл болду.

Ошол эң алгачкы, эң таза, аппак сүйүүсү өмүр бою сакталды. Бир кезде министрликте чогуу иштешкен, кийин белгилүү акын болгон В.И. Шаповаловдун бир жерден кезигип калып, «Атаңыз абдан жарык, таза адам» (Он очень светлый человек. Передайте ему привет!) салам айтсаңыз» дегенинде чындык бар болчу.

Өмүр бою айлык менен жашап, ар бир сомун эсептеп келсе да, болгон акчасын чогултуп, карантин учурунда мал сойдуруп элге таратып берип, каражатын башкалар менен катар Түпкө үй-бүлөсүнүн атынан жиберип, ушундай учурда болбосо качан деп бөлүшүп турду. 70 жылдык юбилейине карай өмүр баян кылып даярдаган китебин, юбилейлик иш-чараларды токтотту. Өз тагдырын өзү аркалап, өз жолун өзү чапкан «self-made man» деген түшүнүккө жакын өмүр жолун баскан анын ошол юбилейлик китебинин кол жазмасында «мен» деген бир ооз сөз жок.

Анда жазыптыр: «Улуу максаттарга карай изденип, эмгектенип ак жана так жүрсөң, башкаларга жакшылык каалап, аны аткара билсең, Жараткан өзү колдойт экен, муну өз турмушумдан көп жолу өткөрдүм. Мени өмүрүмдө адамдык сапаты бийик, билимдүү, асыл адамдар дайыма коштоп жүргөнүнө кубанам жана сыймыктанам. Ошол адамдардын колдоосунда турмушта чоң ийгиликтерге жетиштим, бул менин бактым, аларга ыраазымын!».

Ошол асыл адамдардын элесин эскерип, элге жеткирип, ата-бабалардын арбагын көтөрүп аракетин жасады. Көл кылаасында эл бийлеген, акылман адамдардын бири Боромбайдын Текестеги айылын Кытай мамлектинен таап, байланышып, таланттуу балдардын Бишкекке келишине, окушуна жардамдашты. Алар азыр эл кызматында. Ушул күндөрү алар айылда аза күтүп, айылдагы Жанкороз чоку аттуу тоонун бөксөрүп турганын айтып, кабар жиберишти.

Ушундай... Азыр ЖМКда таратып жаткан анын кыскача өмүр жолуна караганда, бул жазганым кенен, атамдын чыныгы образын ачканга, "Жанкороз Каниметов ким болгон?" деген суроого жооп табууга жардам берет деп ойлойм.

Ушул некрологго окшогон бир нерсе жазам деп эч ойлогон жок элем. Азыр да атамдын мээримге толгон көз карашын эч качан көрбөй турганыма, “Эмке” деген үнүн укпай каларыма ишенгим келбей турат. Ата, атакебайым ай! Бир көргөнгө зар кылып кеттиң го! Бир жолу, жок дегенде бир жолу карааныңды көрүп, болгон ой-санаамды айтып калганга бүт өмүрдү бергенге даяр элем.

Мен өзүм да мындан ары кандай тагдыр күтүп турганын билбейм. Атама койгон диагнозду мага да коюшту, белди бекем буусам да оору желкелеп кетпей турат. Дартты жеңгенге күч жетээр. Көкүрөктө актык, элим деп күйүп турган от, кичинекей балдарыма деген аталык сезим, жоопкерчилик бутка тургузаар.

Бирок... Билем, эми биздин үй-бүлөбүздө мурдагыдай жашоо болбойт. Билем. Азыркы эпидемия, анын артында турган глобалдык өзгөрүүлөр кыргыз элинин дагы жашоосун кайрылгыс кылып өзгөртөт. Ишенем, жашоо кандай өзгөрсө да, жаш муундарда атама таандык асыл сапаттарсыз: “өз тагдыры үчүн жоопкерчилик, өз жашоосу үчүн күрөшүү; темирдей ички тартип, тактык, туруктуулук, өзүн инсан катары, интеллектуалдык-руханий жактан өстүрүп-өнүктүрүүгө өмүр бою умтулуп, аракет кылуу” сыяктуу касиеттерсиз ийгилик болбойт, ар бир адам ушундай сапаттарды аркалап, өз жолун чапмайынча жашоо жакшы жагына өзгөрбөйт. Жалындай жанып жашаган өмүрү, аткан октой түз кеткен тагдыры бар. Атамдын кайрылбай кеткенине, жанып турган жарыгыбыз өчкөнүнө ишенбейм.

Ооба, бир күн келет, ошондо кыла тургандарды кылып бүтүп, боло тургандар болуп, бул дүйнөдөн узаган кезде айтып бере алгыс, өзгөчө бир дүйнөдө атам экөөбүз жолугабыз.

Мээримге толгон бешенеси менен жылуулукка толгон колдорун сермеп тосуп чыгаар. Ага чейин, элесиң эстен кетпес, көкүрөккө уюган муң эми эрибес! Каралдым ай, канчалык күйүткө салып кеткениңди билдиң бекен?! Үшкүргөн сайын көкүрөктөн уу чыгарын сездиң бекен?!

Каниметов Эмил Жангорозович

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин илимий проректору, философия илимдеринин кандидаты

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (27)

XS
SM
MD
LG