Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 16:08

Айтматов - мугалим дүйнөсүн ачкан сүрөткер


"Биринчи мугалим" тасмасынан кадр. Башкы ролдо Болот Бейшеналиев.

Дүйнөлүк адабиятта болсун, кыргыз адабиятында болсун, эч ким Айтматовдой мугалимдин коомдогу агартуучулук ролун бийик көркөмдүк менен ачып бере алган эмес. Залкар жазуучунун мугалим тууралуу баяны “Биринчи мугалим” повестинен башталып, андан кийинки бир катар чыгармаларында улантылып отурат.

Дүйшөн – биринчи мугалимдердин типтүү өкүлү

"Ар бир доор өз каарманын жаратат" демекчи, Ленин алып келген Октябрь революциясы элибизге Айтматовдун “Биринчи мугалиминдеги” Дүйшөндү тартуу кылды. Дүйшөн өзү ким? Чыгармадагы элдин айтуусунда ал “…темир жолго тентип кеткен Таштанбектин уулу…өкүмөт аны солдаттан бошотуп, мугалим кылып жиберген имиш…”. “Биздин айылга мен башта көрбөгөн, аскер шинел кийген чоочун жигит келди”, - дейт эмеспи чыгарманын башталышында тирикарак Алтынай.

Көрүнүп тургандай, Айтматов жаңы замандын орношун тоо арасындагы айылга биринчи мугалимдин келиши менен байланыштырат. Дүйшөн өзү да чогулган элге: “Мен молдо эмесмин. Мен комсомолмун. Азыркы убакытта кат тааныгандарды мугалим дешет. Мен аскерде жүрүп кат таанып келдим. Менин молдолук жайым ошондой”,- деп тааныштырат.

Дүйшөн – 20-жылдардын, совет бийлиги орноп жаткан туштагы биринчи мугалимдердин типтүү өкүлү. Анын солдат шинелинин ички чөнтөгүндө комсомол берген, мөөр басылган кагазы бар. Элдин корккону - ошол кагаз. Дүйшөн байдын эски тамын саман ташып, отун алып, балдардын окуусуна ылайыктап даярдайт. Анын убаракерчилигин көрүп эл: “А, бечара, мугалим деген кызматың деле жыргаган жумуш эмес экен го”, - дейт.

Чындыгында билген кишиге, Дүйшөндүн мектеп ачышы - бул бери дегенде адам баласы отту багынтканга тете окуя! Адам баласына жарыкты, жылуулукту алып келген от жер бетине кандай бат тараса, Дүйшөндөй биринчи мугалимдердин Ала-Тоо арасына жаккан билим очоктору ошондой тездик менен тарады. Бирок кийин көбүнүн аты аталбай, эскерилбей, чыгармадагы биринчи мугалим Дүйшөндөй эмгектери бааланбай калды. “Ой, Дүйшөндүн жоругу курусун! Ушуну да мугалим деп, окутуучу деп жүргөн экенбиз да”, - дешет чыгармада убагында Дүйшөндүн колунан билим алгандар. Ошондой аянычтуу болду. Бир жагы алардын“… колунда карманган алиппеси жок”, “окутуунун тартиби, жол-жобосу жөнүндө эч кандай кабары да болгон эмес”. Бирок алардын жашоону өзгөрткүсү келген каалоосу ченемсиз эле!

Айтматовдун генийлиги ушунда - ал баарынан ушуну туя билди. Биринчи мугалимдердин ак пейилдигин жүрөгү менен сезе билди. Чыгармада Дүйшөн өзүн ойлобой, Алтынайды билим жолуна узатып: “Бактылуу бол. Канатыңды жазып талпынгын, Алтынай. Эчтемеден тайманба, чабыттап учкун, окуй бер...” , - дейт.

Эмне деген ак жүрөктүк! Ушул ойду улантып, Айтматов: “... кээ бир азыркы жогорку билимдүү, маданияттуу мугалимдер Дүйшөн сыяктуу өз кесибин сүйүп, жүрөк жалыны менен ошого берилсе болор эле…” деп жазат. Ошондон улам Дүйшөн биздин мугалимдер үчүн тазалыктын, аруулуктун, өз кесибине берилгендиктин, баланын келечегине карата чексиз ишенимдин, педагогикалык оптимизмдин нукура үлгүсү дээр элем.

Иңкамал апай, Майсалбек жана согуш апааты

Адам жашоосун капилет ойрон кылар эки апаат бар. Ошонун бири – согуш апааты. Батышта немистик фашисттер баштаган согуш дүйнөдөгү эң ак пейил кесиптин ээлери болгон мугалимдердин да жашоосуна бүлүк салды. “Эрте жаздагы турналардагы” Иңкамал апай менен “Саманчынын жолундагы” Майсалбек - өмүр тагдыры согуш апаатына туш келген мугалимдер. Биринчиси ооруктагы, экинчиси кан майдандагы мугалимдердин образын эске салат.

Чынында уруш маалында мугалимдердин оорукта калганы Иңкамал апайдай бала окутту. “ Үшүп отурган балдарын ичинен бирөө ыкшып жөтөлсө сөзүн токтото калып, өзү далысын күүшөп коюп, суук класста Цейлон жөнүндөгү сабагын өтүп жатыры”, - деп уруш маалындагы мугалимдин образын Айтматов таасын сүрөттөйт.

Башкасы, Толгонайдын ортончу уулу Майсалбектей колуна курал кармап, тээ Батышта фашисттер менен баатырларча кармашты. “Биринчи мугалимдеги” Дүйшөн кандай ак пейилдик менен бала окутса, жаңы заман үчүн күрөшсө, Майсалбек да мекендин боштондугу, эркиндиги, тынчтыгы үчүн өз жанын берүүгө даяр турду.

“Бир сааттан кийин мен Мекеним тапшырган ишке барып, кайра тартпаймын. Душмандын талуу жерине барып, аны кыйратып, өзүм да жок болом... Мени жоктобо, апа. Менин артымда туягы калган жок дебе. Дүйнөдө мындан ары согуш болбосо, жаңыдан төрөлгөн баланын ыңаалаганы – ошол мен, мугалимдин биринчи үйрөткөн “А” тамгасы – ошол мен, ошонун баары мен, ошонун баарын мен деп билип жүргүн, апа! Сенин мугалим уулуң – лейтанант Майсалбек Субанкулов”, - деп жазат апасына кан майдандан Толгонайдын мугалим уулу.

Бул кат азыркы жаштар үчүн мекенчилдиктин бийик үлгүсү эмеспи! Дегеле, Айтматовдун мугалимдеринин кимисин албайлы, биринчи мугалим Дүйшөнбү, кышкы ызгаарда сабак өтүп жаткан Иңкамал апайбы же кан майдандагы кармашка аттанып жаткан Майсалбекпи - айтор кимиси болбосун өз кызыкчылыгынан мекендин кызыкчылыгын жогору коёт. Эртеңки жашоого, балдардын келечегине ишенет. Алар ушунусу менен баалуу.

“Ак кемедеги” “жетим” мектептин мугалими

Ошентип, Айтматовдун мугалими өз дооруна, өз заманына жараша улам татаалданып, чиеленишип, анын коомдогу орду да көз көрүнө өзгөрүп жүрүп отурат. Эгерде “Биринчи мугалимде”, “Саманчынын жолунда”, “Эрте келген турналарда” мугалим эртеңки келечекке зор ишеним артса, жазуучунун кийинки чыгармасы “Ак кемеде” мындай педагогдук оптимизмди көрө албайбыз.

Бул чыгармасында Айтматов 70-жылдардагы мектептин, дегеле коомдун алга кетпей, сазга бата баштаганын баланын көзү менен берет. “...Эми ушул мектебин кадала карап жатты. Кара-күрөң калдыркан жабылган, жалгыз мору кыйшайып, мектеп там ээн турат... Дүрбүдөн дубалдагы жаракаларга чейин көрдү. Бир жерине балдар көө менен бирдеме жазыптыр, терезенин бир көзү сынып, ордуна гезит чаптап коюшуптур, верандасынын такталары да кажып калыптыр, эшигине чоң кара кулпу салынуу турат... Бала күзүндө китеп кабын кармап, ушул эшиктен кирерин элестетти. Эшиктен ичкери эмне бар, эмнелер болор экен?”

Мектептин сырткы көрүнүшү - ал кездеги көйгөйлөрдүн чети гана. Эң башкысы – мугалимдин коомдогу орду уламдан-улам түшүп баратканы болчу. Өткөн кылымдын 70-жылдары, өнүккөн социализмдин тушунда, чындыгында жалаң айлык менен күн көргөн мугалимдердин турмуш абалы көбүнөн ылдый болду. Мугалимге караганда колхоз-совхоздогу звеновой-бригадирлердин, кордондогу токойчу Орозкулдун жашоосу өйдө экени талашсыз.

Ошон үчүн чыгармада Орозкул: “Уялаар кишинин тапканын! Алжыган акмак! Уялаары жанагы куу жамбаш келинби, беш жылдан бери ийининен бир пальто түшпөйт. Качан көрсөң, кол көтөрүп райондун жолунда турганы. Эмне керек эле? – Мектепке көмүр керек эле, айнек керек эле, бор керек эле... Жөндүү мугалим ушу мектепке келмекпи? "Кенже мектеп" деп койгон атын. А көрө, "жетим мектеп" деп койсо туура болмок. Ушундан окуп чыккандар кайсы киши болуп жарытар дейсиң?...”, - деп мугалимди шылдыңдайт.

Айша апа тарбияда танапис жоктугуна кантип ишенди?

Айтматовдун мугалим тууралуу баяны казак драматургу Калтай Мухамеджанов менен авторлош жазылган “Фудзиямадагы кадыр түн” драмасында андан ары татаалдашып, чиеленишип отурат. Чыгармада Айтматов адам үчүн күн сайын адам болуу баарынан маанилүү экенин адамзатка жар салгандай. Адамдын тарбиялангандыгы анын коомдогу абалы, кызматы, илимий даражасы менен өлчөнбөй турганын айтып жаткандай. Айтматов ириде ушул ойду окурманга жеткиргиси келет.

Ооба! Адам ичтен тазарышы керек. Бул өтө узак процесс. Балким өмүр бою жүрөөр. Бизде азыр мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 10 жылдык, 20 жылдык, 30 жылдык жолугушуулары адатка айланып баратат. Жашырганда эмне, айрымдарында уруш-жаңжал, таарыныч деген болбой койбойт. Драмадагы классташтардын бийик тоодогу жолугушуусу ушундай трагедия менен аяктайт. Классташынын алдындагы күнөөсү алардын уятын козгоп, эски жараны ырбатат. Классташтар күнөөнү бири-бирине оодарышат. Чыгарманын аягында тоодон кулаткан таштары бир жигиттин өлүмүнө себепкер болот.

Бул драматизмге жык толгон чыгарманы ар бирибиз окуп чыгууга тийишпиз.

Алимжан Алибеков, “Кут билим”, АКСЕЛСтин “Жамааттар байланышы” программасынын бүтүрүүчүсү (АКШ, Түндүк Каролина, 2010)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG