Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 16:07

“Саманчынын жолу” сахнаны дүңгүрөткөндө


“Саманчынын жолу” даярдалып жаткан күндөр. Солдон онго карай: режиссер М.Назаралиев, театрдын директору З.Тургунбаев, жазуучу Чыңгыз Айтматов жана режиссер Жалил Абдыкадыров.

“Мен билген Айтматов” сынагына сунушталып жаткан журналист Нарынкүл Назаралиеванын бул макаласында өткөн кылымдын окуялары баяндалат.

“Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы” демекчи, ал замандын 104-үлгүсүндөгү, “распошонка” аталган батирлери азыркы “элиткалардан” сонун көрүнчү. Отуз жаштагы атам Медербек Назаралиевдин режиссерлук ишиндеги ийгиликтери артып, чыгармачыл интеллигенциянын алдыңкы сабында болуп калганда мамлекет берген үй эле.

Ошол үйүбүздүн меймандар бөлмөсүндө үч эркек көпкө чейин сүйлөшүп отурушту. Алар кээде Толгонай, Алиман деген аялдардын, анан кайсы бир эркектердин аттарын атап, олуттуу бир нерселерди талкуулап, кээде каткырык-күлкү аралаштырып сүйлөшүп жатышты.

Биз удаа төрөлгөн кичинекей кыздар болчубуз. Бирде “Украина” деген кара пианинону ачып калдыратып, бирде меймандар отурган үстөлдүн алдына кирип алып, алардын байпактарын тарткылап оюнга кирдик. Анткен сайын тигилердин улам бирөө эңкейип, ал жылдары дасторконго көп коюла турган “Снежинка” момпосуйун бизге берип коюп жатышты.

Бир топ убакыт отурушкандан кийин тиги эки киши коштошуп сыртка чыгышты. Кирип бара жатканда көрүп калган кошуналарыбыз: “Медербектикине Чыңгыз келиптир, жакындан көрүп алалы”, - деп, подъезддеги скамейкага тизилип отуруп алышыптыр. Кийин эс тартып, атамдан сураганымда экинчи киши Токтоболот Абдумомунов экенин билдим.

“Саманчынын жолу” даярдалып жаткан күндөр. Солдон онго режиссер М.Назаралиев, театрдын директору З.Тургунбаев, жазуучу Чыңгыз Айтматов жана режиссер Жалил Абдыкадыров.
“Саманчынын жолу” даярдалып жаткан күндөр. Солдон онго режиссер М.Назаралиев, театрдын директору З.Тургунбаев, жазуучу Чыңгыз Айтматов жана режиссер Жалил Абдыкадыров.

1964-жылы кыргыз драма театрында Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” повести боюнча спектакль даярдала баштайт. Спектакль 9-май - Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңишинин 20 жылдыгына карата чыгарылышы керек болгон. 53 жыл мурдагы окуялар тууралуу Алимандын ролун спектаклдин экинчи курамында ойногон КРнын эл артисти Мираида Далбаева, мени менен болгон маегинде буларды эскерет:

“Медербек «Саманчынын жолу» спектаклинин экинчи курамы менен иштеп жаткан Толгонай – Гүлшара Дулатованы, Алиман – мени чакырып: «Буфеттен тамак ичип алып, кайра келгиле, репетицияны улантабыз» - дечү. Актерлордун баары үйүнө кайтып, театрда биз үчөөбүз эле калган күндөр арбын болду. Медербек залда, Гүлшара экөөбүз сахнада. Режиссер чыгармадагы окуя өзүнүн турмушунда болуп жаткандай, бир укмуштуудай темперамент менен репетиция өтчү. Гүлшара экөөбүздүн ички эмоциябызды, ой-туюмубузду козгоп коюп, залда отуруп алып, «Эми баштагыла!» - дечү. Медербек кайсы эпизод туура болбой жатса айтып турат же болбосо жаккан жерин: «Дагы, дагы!» - деп сүрөйт.

Толгонайдын ролунда СССРдин Эл артисти Даркүл Күйүкова.
Толгонайдын ролунда СССРдин Эл артисти Даркүл Күйүкова.

Субанкул менен Касым ата-баланын кан майдандан каза болгонун жыйылган эл чогулуп келип, Толгонай менен Алиманга угузат. Жер термелип, аалам карайган ошол трагедияны дүңгүрөгөн аянычтуу музыка коштойт. Театрда кеч калып иштеп жатканда, мына ушунун баарын шарттуу түрдө элестетип алып репетициялайбыз. «Эне, мен да Касымдан ажырадым, эми экөөбүз тең жесирбиз» - деп, Толгонай кайненемди кучактайм. Бир жолу залда режиссер үчөөбүздөн башка жан киши жок экенине карабай Гүлшара экөөбүз шолоктоп ыйлап, кыйлага чейин тура бериптирбиз. Режиссер биздин ички көркөм дүйнөбүздү сыртка аңтарып чыгарган абалга жеткирип салчу. Ким билет, мүмкүн ошол учурда Медербек өзү деле ыйлап жаткандыр… Кучакташып шолоктогон эки актриса сахнада канча убакыт турганыбыз азыр эсимде жок. Бир жылдары «Саманчынын жолу» спектакли менен түштүк жергесин эки жарым ай бою түрө кыдырдык. Ошондой күндөрдүн биринде колхоз башкармалары эки айылдын элин автобустар менен ташып келишип, оюнду бир айылдын бөксө тоосуна койдурушмак болушту. Эл тоо бооруна тизилип отурду. Тоонун өзү - жаратылыштын амфитеатры, партери сыяктанып калды. Тоонун этек жагына жүк ташыгыч машиненин капталдарын түшүрүп таштап, “сахна” жасап алдык. А.Торопов деген сүрөтчүбүз темир тирөөчтөрдү орнотуп, ага ак чүпүрөктөрдү тартып, боз үйдүн элесин берген декорация жасады.

Темир жол бекетине барып репетиция жасашчу экен. Сүрөттө: режиссер М.Назаралиев жана актриса Д.Күйүкова.
Темир жол бекетине барып репетиция жасашчу экен. Сүрөттө: режиссер М.Назаралиев жана актриса Д.Күйүкова.

Спектакль ортолоп калган. Бир маалда асмандан токумдай булут көчүп келип, жамгыр шатыратып төгүп кирди. Нөшөрлөгөн жамгыр эл отурган тоодон ылдый бөлүк-бөлүк тартып агып жатты. Биз "эми эл тарап кетет экен" деп корктук. Бир саамга оюнду токтотуп да койдук. Жамгыр бир саатка жетпеген убакыт токтобой жаап, кайра тып басылды. Ошентсе да ак сакалдуу карыдан ойноок балага чейин спектаклди аягына чейин көрүштү. Бул спектакль Айтматовдун кыргындуу согушту адамзатка жек көрсөтүүгө болгон аракетинин орундалышы эле. Режиссердун зор талантынын, эң мыкты актердук ансамблдин эмгегинин жемиши ошол болчу.

Ушул эле гастролдо жүргөнүбүздө ”Саманчынын жолу” спектаклинин биринчи курамында Толгонайдын ролун эң мыкты аткарган Даркүл Күйүковага СССРдин Эл артисти наамы берилгенин гезиттен окуп кубанганыбызды айтпа! Москвадан келген бул кабар баарыбызды дарбытты. Даркүл эже башка бригада менен түштүктүн бир айылында гастролдо болчу. Биз алардын бригадасын издеп таап, Даркүл эженин мойнуна асылып, жабалактап өөп, кучактап коё бербей жаттык”.

“Саманчынын жолу” спектаклинен кийинки көрүнүш.
“Саманчынын жолу” спектаклинен кийинки көрүнүш.

1965-жылы «Саманчынын жолу» спектакли Москвадагы Кремль театрында коюлган. Союздук республикалардын театрлар сынагында ал жактагы театралдык чоң мегаполистердин оюндарын артка калтырып, 2-орунду жеңип келгенине тарых күбө. Албетте, Даркүл эже ага чейин нечен ролдорду ойноп, Кыргыз ССРинин Эл артисти наамына ээ болуп калган кези эле. Бирок атактуу актрисанын эбегейсиз ийгиликтерге ээ болушуна, СССРдин Эл артисти наамынын алышына Назаралиев берген Толгонайдын ролу зор түрткү болгонун азыр деле замандаштары айтып келишет.

Антракт учурунда: Солдон онго Толгонай - Г.Дулатова, автор Ч.Айтматов жана Жер эне – С.Балкыбекова.
Антракт учурунда: Солдон онго Толгонай - Г.Дулатова, автор Ч.Айтматов жана Жер эне – С.Балкыбекова.

Бул спектаклдин өмүрү да алда канча узак болду. “Саманчынын жолу” кыргыз драма театрынын репертуарынан 30 жылга жакын түшкөн жок. Театр өнөрүн аркалаган кийинки муундар үчүн мындай спектаклдер уламышка айланып айтылып калары чындык. Ошол бүткүл союздук сынакта москвалык көрүүчүлөр «Саманчынын жолу» спектаклин көргөндөн кийин актерлорду көпкө чейин коё бербей алакан чаап турушкан. Көшөгө жети-сегиз жолу жабылып, кайра ачылган күндөр болгон. Европа үлгүсүндөгү театр искусствосу москвалык көрүүчүлөр үчүн жаңы нерсе эмес. Ал эми кыргыздар үчүн бул ийгилик театр өнөрү телчигүү мезгилин тез эле басып өтүп, алар менен теңтайлаша баштаганынан кабар берген. Улуттук театр өнөрүнүн гүлдөгөн доору андан кийинки жетимишинчи жылдары уланып, сексенинчи жылдардын аягына чейин жүрүп отурду.

1965-жыл, “Саманчынын жолу” Москвада өткөн бүткүл союздук конкурста 2-орунду алган. Фестивалдын катышуучулары, солдон онго: Н.Кытаев, Д.Күйүкова, Р.Абдубачаева, М.Назаралиев, О.Эркинбаева, З.Молдобаева.
1965-жыл, “Саманчынын жолу” Москвада өткөн бүткүл союздук конкурста 2-орунду алган. Фестивалдын катышуучулары, солдон онго: Н.Кытаев, Д.Күйүкова, Р.Абдубачаева, М.Назаралиев, О.Эркинбаева, З.Молдобаева.

Бир жылдары КРнын эл артисти, раматылык Гүлшара Дулатова эженин үйүндө маектешип отурганымда ал “Саманчынын жолу” спектакли тууралуу: “Эки жарым саат бою Толгонайдын образы сахнадагы окуянын бүтүндөй өзөгүн түзүп турат эмеспи. Театрда спектакль жүрүп жатканда почточу фронттон кара кагазды кудум бүгүн алып келгенсип, үңүлдөп, солкулдап ыйлашчу. Фронтко кетип, кайтпай калган далай эр-азаматтарынан айрылып, зарлаган элдин үнү залдан чыгып турар эле. Ал түгүл ыйлап жатып эси ооп калгандары болду. Андай учурда театрга «Тез жардам» чакыртылып, көрүүчүнү алып кеткен окуялар катталган. Ошол жылдары «Саманчынын жолу» спектаклине көрүүчүлөр таңында келип, билеттин кезегине турар эле. Айрым бир эбин тапкан кызыл кулактар ошол доордо деле бар болчу. Айрыкча студенттер күндүз билетти кассадан сатып алып, кечинде кайра сатып жүрүштү», - деп айтып берген.

Ошол 60-жылдары “Саманчынын жолун” бир катар союздук республикалардын театрлары сахналаштырган. Ошолордун арасынан Медербек Назаралиев койгон «Саманчынын жолу» атамекендик театр искусствосунун гүлдөп өнүгүшүнө зор салым кошкон этаптуу спектакль болгон. Ал боюнча өз учурунда союздук театр таануучулар жана кыргызстандык театр сынчылары борбордук жана республикалык гезиттерге түрдүү макалаларды жазышкан.

"Кыргыздын улуттук театр өнүрүнүн бурулушу болду" деген баа беришкен, айрымдары сындашкан. Ооба, сын да айтылган. Анткени, ал доордо көркөм адабий китептин сыясы кургай электе кесипкөй адабиятчылар талкууга алышкан. Даярдалып жаткан спектаклди Маданият министрлигинен, Театр ишмерлер коомунан жана профессионал театр сынчыларынан турган абройлуу комиссия келип кабыл алчу. Мамлекеттик наамдардын, сыйлыктардын да кадыр-баркы, зоболосу бийик жылдар эле. Айтор, көркөм дөөлөткө жөн салды мамиле жасалчу эмес.

“Биз Д.Күйүкованы көп ролдордо көргөнбүз. Толгонайдын ролунда ал өзгөчө бир чыгармачыл бийиктикке көтөрүлө алды. Кыргыз сахнасында гана эмес, кесипкөй маданияты алда канча кылымдарды аралаган башка элдердин сахнасында Толгонайдай образды аткаруу жана көп жактуулугун жеткирүү өтө кыйын. Спектаклдин түйүнүн Толгонай эне кармап турат. Кыскасы, мындай роль кара күчтү да, ички дүйнөнүн байлыгын да талап кылат. Дал ошол күч, ошол байлык Д.Күйүкованын жүрөгүнөн, тулку боюнан орун алган”, деп жазган белгилүү театр сынчысы С.Асанбеков ("Ленинчил жаш” гезити 1964-жыл).

Атам сүйлөп отуруп, кеп Айтматовго келгенде минтип калар эле: “Кимге болсо да Чыкемдин чыгармаларын сахнага алып чыгуу оңой эмес. Анткени ал Ала-Тоодой бийик философиялык ойдун, Ысык-Көлдөй толкуган идеянын кишиси. Каармандары үн чыгарып сүйлөгөнгө караганда, лирикалык мотивдеги “ичинен сүйлөгөнү” көп. Айтматовдук көркөм дүйнөнүн башаты ошондо. Мен спектаклди чыгаруудан корккон жокмун. "Автор кийлигишсе кантем?" деп кооптонгом. Чыкем менден алты жаш улуу болгондуктан талашып-тартышып калабызбы дегем. Тилекке жараша, ушул жагдай тууралуу астыртадан сөз баштаганымда ал: “Кандай иштесеңер өз эркиңер” деп салды. Мен ошондо “өх” деп алып, актерлор менен ишти баштаган болчубуз.

Ал мага улуулук, агалык сөзүн айтчу. “Медеке, чыгармачыл адамдын иши коомчулуктун көз алдында болгон соң мактоону да, сынды да угасың. Ошондо бирөө сени мактап келе жатып, “бирок” деп кемчиликтериңди айта баштайт. Ошондо сен анын “бирогунан” баштаган сөзүн көкүрөккө жакшылап түй. Анткени адам өз мүчүлүштүгүн жоюш үчүн ошондой сындоону да угушу керек”, - деп, Чыңгыз ага айтып калчу”.

Чыңгыз Айтматов кайсы бир жыйында атам тууралуу: “Наконец-то родился режиссер в Киргизии!” деп айткан экен. Атамдын көзү өткөнүнө 20 жылга чукулдап бара жатат. Бирок ушул азыр да атамдын көзү тирүү кесиптештери Назаралиевге жогоруда Айтматов берген бааны ооздорунан түшүрүшпөйт. Орусча айтылганына караганда жыйын орусча өтсө керек.

Айтматовдун адабий көркөм мурасы дүйнө элдеринин театр, кинематография, живопись, музыка жана илимий адабияты сыяктуу тармактарына баа жеткис салым кошту. Башкасын жөн коёлу. Театрларда айтматовдук каармандарды ойногон нечендеген актерлор өз бактысын табышты. Ошол эле “Саманчынын жолун” койгон режиссердун эмгеги жарым кылымдан ашык убакыт өтсө да театр дүйнөсүндөгүлөрдүн оозунан түшө элек. Толгонай – Күйүкова СССР Эл артисттигин алып, зоболосу аска-зоого жеткен. Башкасын санап отурбайлы, спектаклдин сүрөтчү-сценографы А.Торопов тууралуу театровед С.Асанбеков: “Мурдагыга караганда образдуу ойлонууга жетишкени көрүнүп турат. Мында Тороповдун чыгармачылыгы кыйла бийиктикке көтөрүлүптүр” деп баа берген. Субанкулду Насыр Кытаев, Касымды Арсен Өмүралиев, Жайнакты Сатыбалды Далбаев ойноп, ж.б. каармандардын ролдору өз максатына жеткен.

Биз бир эле спектаклдин алкагында сөз кылдык. Планетардык жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнө маданиятына калтырган көркөм мурасы - чакан макалага батырып койчу иш эмес... Эми мындан 53 жыл мурдагы тарыхый сүрөттөрдү “сүйлөтөлү”.

Сүрөттөр Кыргыз Республикасынын Эл артисти, режиссер Медербек Назаралиевдин кызы Нарынкүл Назаралиеванын үй-бүлөлүк архивинен алынды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG