Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:43

Айтматовго жолукканыма бактылуумун


Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

"Мен билген Айтматов" сынагына Мавлюда Маткасымовадан келген блогду сунуштайбыз.

1975-жылы жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин мен Араван райондук айыл чарба башкармалыгында эмгек жолумду баштап, аз убакыттан кийин эле Араван райондук аткаруу комитетинин жалпы бөлүм башчылыгына дайындалып иштеп калдым.

1975-жылдын ноябрь айында азыркы Бишкек, ошол кездеги Фрунзе шаарында республикабыздын бардык райондорунун аткаруу комитеттеринин төрагаларынын орун басарлары, жооптуу катчылары, бөлүм башчылары үчүн курстар уюштурулган. Ага Араван районунан мени жөнөтүшкөн.

Партиялык, советтик кызматкерлер үчүн курстар ошол мезгилде Биринчи май районунда, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Совети жайгашкан имараттын (азыркы эски аянттагы КР өкмөтүнүн имараты) артындагы Кыргызстан КП борбордук комитетинин курстары деп аталган имаратта өтүп жатты. Бул жерде “ФЗКШ – Фрунзенская зональная комсомольская школа” – комсомолдун зоналык мектеби да бар эле.

Күндөрдүн биринде, курстагы кызматкерлер “Россия” кинотеатрына “Ак кеме” тасмасынын премьерасына бардык. Залда көрүүчүлөр орундуктарга жайгашып бүткөн соң сахнага “Ак кемеде” ролдорду аткарган акторлорду Чыңгыз Төрөкулович Айтматов өзү баштап чыгып, кино кандай тартылганы жөнүндө айтып беришти. Анда актерлор бардыгы жаш эле, баланын ролун ойногон Нургазы Сыдыгалиевдин кичинекей кези болчу. Ошондо мен Чыңгыз Айтматовду биринчи жолу жакындан көрдүм.

1982-жылдын февраль айында Араван райондук партия комитетинин саясий-агартуу кабинетинин башчысы болуп иштеген мезгилимде мени Фрунзеге (Бишкекке) кезектеги Кыргызстан КП борбордук комитетинин курстарына жөнөтүшкөн. Курска райондук партия комитетинин пропаганда жана агитация бөлүмдөрүнүн башчылары жана башка идеология тармагында иштеген партиялык кызматкерлер чакырылган эле.

Партиялык курстар Кыргызстан КП Борбордук Комитетинин көзөмөлүндө болуп, аябай кызыктуу, таасирдүү өтчү. Биз бир ай окуп, көптөгөн өзүбүзгө пайдалуу нерселерди үйрөнгөнбүз. Республикабыздын бардык региондорунан келген партиялык, советтик кызматкерлер менен таанышып, өз ара тажрыйба алмашат элек.

Бизге атактуу окумуштуулар, белгилүү партиялык, советтик ишмерлер лекцияларды окуп берчү. Борбор калаабыздын завод, фабрикаларына, жакын жайгашкан райондорго тажрыйбага чыгып, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин бөлүмдөрүндө болуп, иш үйрөнөт элек.

Курстардын өзгөчөлүгү – бир гана өзүбүздүн ишибизди өздөштүрбөй, руханий жактан да тарбия алчубуз. Ошол мезгилдеги мен үчүн эң таасирдүү болгон окуяны айткым келет.

Ал - Чыңгыз Айтматов менен болгон жолугушуу. Күндөрдүн биринде, 1982-жылдын февралында, сабактардан кийин кураторубуз бизди Чыңгыз Айтматов менен жолуктуруу үчүн Кино үйүнө алып бармай болду. Баарыбыз бул кабарды сүйүнүп кабыл алып, чыдамсыздык менен сабактардын бүтүшүн күттүк. Кечинде, айтылгандай эле Кино үйүнө барып, анча чоң эмес залга жайгаштык. Биз отургандан кийин Чыңгыз Айтматов кирип келип, президиумга отурду. Анын жанында белгилүү кинорежиссер Геннадий Базаров да болчу. Эки залкар бизге чыгармачылык жолу жана чыгарган кинотасмалары жөнүндө айтып беришти. Чыңгыз Төрөкулович өзүнүн китептери жөнүндө баяндап, биздин берилген суроолорубузга жооп берип жатты. Биз бардыгыбыз улуу жазуучуну жакындан көрүп, сүйлөшкөнүбүзгө өзүбүздү бактылуу сездик.

Чыңгыз Төрөкулович ошол мезгилдеги эң таанымал жазуучу болгон, бирок анын жөнөкөйлүгү, кең көз караштары, элдин жашоо-турмушун билгендиги бизди таң калтырган. Жолугушуу аяктаганда, Чыңгыз Төрөкулович баарыбызга өзүнүн кол тамгасын берди. Менде анын сүрөтү менен “Кинематографисты Советской Киргизии” деген китеп бар эле. Чыңгыз Төрөкулович сүрөтүнө жана китептин биринчи бетине өзүнүн кол тамгасын коюп берген. Бул сүрөт жана китеп ушул күнгө чейин үйдө сакталып жүрөт. Чыңгыз Төрөкуловичтин биз менен болгон маегинде айткан сөздөрү дале жадымда. Бул сөздөрү биздин, өзгөчө кыргыздардын азыркы жашообузда актуалдуу деп ойлойм.

Жолугушуу орус тилинде болуп, Чыңгыз Төрөкулович мындай сөздөрдү айткан: “У нас на свадьбы приглашают много посторонних людей, к примеру председателя сельсовета, других должностных лиц. Но ведь они не имеют отношения к новой семье, это личное дело молодежнов, двух молодых людей..”. Кыргызчага которгондо, “Үйлөнүү тойлорго көпчүлүк чакырылат, алардын ичинде тиешеси жок адамдар да болот, мисалга сельсоветтин төрагасы, башка кызматтагы адамдар. Көп учурда булардын жаңы курулган үй-бүлөгө эч тиешеси жок, анан, үйлөнүү тою болгону эки жаштын жеке иши..”. Бирок биздин азыркы жашообузда улуу жазуучубуздун акылман сөздөрүн унутуп баратабыз.

Андан бир нече күндөрдөн кийин Сүймөнкул Чокморов менен да жолукканбыз, ал да мага өзүнүн сүрөтүнө “Мавлюдага!” деп кол тамгасын коюп берген.

Мен азыркы күнгө чейин Кыргызстандын улуу инсандары менен жолукканыма бактылуумун.

Маткасымова Мавлюда, Араван районунун мамлекеттик администрациясынын сектор башчысы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG