Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-август, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 09:38

«Аскаровдун иши кыргыз бийлиги үчүн сабак болушу керек»


Азимжан Аскаров.

Эл аралык коомчулук өмүр бою кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровду эркиндикке чыгарууга кыргыз бийлигин он жылдан бери үндөп келген.

Лос-Анжелестеги Түштүк Калифорния университетинин адам укуктары боюнча профессору Стив Свердлоу «Азимжан Аскаровдун өлүмү Кыргызстандын эл аралык аренадагы беделине түшкөн кара так», - деген пикирин «Азаттыкка» билдирди. Маектешибиз бир топ жыл Борбор Азия өлкөлөрүндө жашап, адам укуктарынын абалына жеринен көз салып келген.

- Пандемия башталгандан тарта эле бир катар эл аралык уюмдар абактагылардын абалына көңүл буруп, анын ичинен Азимжан Аскаровду ден соолугуна жана жаш курагына байланыштуу эркиндикке чыгаруу зарыл экенин кыргыз бийлигине эскертип келишкен. Эмне үчүн расмий бийлик мындай билдирүүлөргө көңүл бурган жок?

Стив Свердлоу.
Стив Свердлоу.

Стив Свердлоу: - Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши көп жылдан бери Кыргызстандын аброюна шек келтирген кара так болуп калды. Кыргыз бийлиги он жыл ичинде бир да жолу эл аралык коомчулуктун, эл аралык уюмдардын сунуштарына, чакырыктарына кулак салып, эл аралык нормаларды сыйлап, бул күнөөсүз кишинин эркиндикке чыгышына жол берген жок.

Азимжан Аскаров ага тагылган айыптар үчүн эмес, өмүр бою адам укуктарын коргоп, өлкө түштүгүндөгү милиция кызматкерлеринин жана күч түзүмдөрүнүн мыйзам бузууларын көп жылдан бери документтештерип жүргөнү үчүн камалган. Ал бул үчүн өз өмүрүн берип, өтө кымбат кун төлөдү. Укук коргоочуну тайманбас ишмердүүлүгү үчүн өмүр бою эркинен ажыратып, кимдир бирөөлөр Аскаровдон өч алышты.

Өзүн канчалык демократиялуу мамлекет көрсөтсө да Кыргызстан адам укуктарынын корголушу жаатында артта калганын бул иш айгинеледи. Анткени бийликтин колунда эл аралык эрежелерди сактап, аны боштондукка чыгаруу үчүн көп мүмкүнчүлүктөр болду.

- Азимжан Аскаров 2010-жылы камалгандан бери эле эл аралык коомчулук кыргыз бийлигинен укук коргоочунун ишин кайра карап, сот адилеттигин орнотууну талап кылып келишти. Бирок кыргыз бийлиги андай өтүнүчтөрдү эмнеге аткарган жок деп ойлойсуз?

- Бардык эл аралык уюмдар, анын ичинде Улуттар Уюмунун механизмдери, ошондой эле Кыргызстандын Баш мыйзамынын бардык нормалары анын эркиндикке чыгышына жол бермек. Биз билгендей, ал кармалгандан тарта эле кыйноого кабылган. Мени эле эмес, көптөгөн башка укук коргоочуларды дагы Аскаровдун иши боюнча бийликтин агрессивдүү маанайы таң калтырчу. Аскаровдун ишине келгенде эле бийлик бардык эл аралык талаптарга, сунуштарга караманча каршы болуп туруп алды.

Учурда мен анын жакындарын, жубайын, балдарын да ойлоп жатам. Ошондой эле көптөгөн жыл бою анын укугун коргоп, таламын талашып келген укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова, Нурбек Токтакунов тууралуу да ойлондум. Жергиликтүү укук коргоочулар, эл аралык уюмдар биригип, Аскаровдун эркиндикке чыгышы үчүн күрөшүп келишти. Албетте, Аскаровдун жакындарына көңүл айтам.

- Кыргызстан эл аралык коомчулукка адам укуктарын коргогон, демократиялуу мамлекет деген имиджи менен сыймыктанып келет. Аскаровдун 10 жыл темир тор артында отуруп, түрмөдө көз жумганы өлкөнүн мындай беделине доо кетиреби?

- Албетте, Аскаровдун өлүмү Кыргызстандын беделине абдан эле чоң доо кетирет. Бул Кыргызстандын укук коргоо жаатындагы эң караңгы күн десек болот. Эл аралык коомчулук Кыргызстандын чыныгы демократиялуу мамлекетке айланышына толук потенциалы бар экенинен үмүт үзбөй келет. Жакшы жери өлкөдө жарандык коом күчтүү. Жогоруда айтып өткөндөй эле бийликтин бул өзбек улутундагы укук коргоочуга жасаган мамилеси абдан катаал болду.

Мен башында эмнеге экенин эч түшүнө алчу эмесмин. Андан кийин ал кантип адам укуктары үчүн күрөшкөнүн, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн арасындагы коррупциянын бетин ачып, мыйзам бузууларды каттап жүргөнүн эстегенде, бул өч алуу экенин аңдадым. Тилекке каршы, ал укук коргоочунун эркиндикке чыгышы менен эмес, ушундай кайгылуу аяктаганы өкүнүчтүү. Менимче президент, парламент Аскаровдун өлүмү боюнча билдирүү жасап, бул иштеги мамлекеттин жоопкерчилиги тууралуу ойлонушу керек.

- Кыргызстанда ушул тапта коронавирус жайылып, кырдаал кооптуу экени белгилүү. Мына ушундай шартта жабык жайлардагы коркунучту азайтуу үчүн эмне иштер аткарылышы керек?

Ал кантип адам укуктары үчүн күрөшкөнүн, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн арасындагы коррупциянын бетин ачып, мыйзам бузууларды каттап жүргөнүн эстегенде, бул өч алуу экенин аңдадым.
Стив Свердлоу.

- Түрмөлөрдөгү Аскаров сыяктуу жашы өтүп калгандарга, өзгөчө саясий туткундарга көңүл буруу керек эле. Кыргызстандагы коронавируска байланыштуу азыркы кырдаалды эске алуу менен жабык жайлардагылардын көбүн үй камагына чыгаруу зарыл. Биз Азимжан Аскаровдун абалына көңүлкош мамиле жасаган бийликтин реакциясына таң калдык.

Бирок түрмөлөрдө азыр дагы саясий жүйө менен камалгандар бар. Алардын бири – оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков. Ушул тапта үй камагында болсо да укук коргоочу Камил Рузиевге козголгон кылмыш иши уланып жатат. Аскаровдун окуясы кыргыз бийлиги үчүн сабак болушу керек. Саясий туткундар болбошу зарыл. Ушул тапта, өзгөчө пандемия маалында абактагылардын өлүмүнө жол берилбеши керек.

Атаева: «Азимжан Аскаров адилетсиздикке каршы күрөштүн символу»

Францияда жайгашкан "Борбор Азиядагы адам укуктары" деп аталган уюмдун жетекчиси Надежда Атаева "Азаттык" менен болгон маегинде 2010-жылы Аскаровдун камалышы «бийликтин саясий чечими» болуп калганын, укук коргоочунун түрмөдө көз жумганы «Кыргызстандын тарыхында кара так бойдон кала берерин» айтты.

Надежда Атаева.
Надежда Атаева.

Надежда Атаева: - Аскаровдун өлүмү менен адилеттүүлүккө болгон үмүт дагы кошо өлдү. Бул кишинин тагдырын бийлик ушунчалык саясатташтырып салган. Эгер башка бир айрым адамдардын иштерин кайра карап чыгууга, чатактын түйүнүн чечүүгө, адам укуктарынын корголушуна, кыйноолорду токтотууга, сот адилеттүүлүгүнө үмүт болсо, Аскаровго андай мүмкүнчүлүк берилген жок.

Азимжан Аскаров он жыл түрмөдө жөн эле отурган жок. Ал абактан дагы өмүрүнүн аягына чейин чыныгы укук коргоочудай күрөштү. Ал өз ишинин адилет каралышын, өз позициясын коргоду. Аскаров мен үчүн адилетсиздикке каршы турган символ катары кала берет. Адам темир эмес да, ал алсырап калды. Анын организми алсырады. Биз азырынча анын өлүмүнө эмне түрткү болгонун чындыгында билбейбиз. Мен он жыл бою анын 2010-жылдагы окуяларга катыштыгы тууралуу айыптар бир күнү жокко чыгат деп, аз да болсо үмүт менен жашап жүрдүм.

- Пандемия башталгандан тарта эле бир катар эл аралык уюмдар абактагылардын абалына көңүл буруп, анын ичинде Азимжан Аскаровду ден соолугуна жана жаш курагына байланыштуу эркиндикке чыгарууну кыргыз бийлигинен өтүнүшкөн. Эмне үчүн расмий бийлик мындай өтүнүчкө көңүл бурган жок?

Ал эч далилсиз камалып, адам укуктарын коргогон ишмердүүлүгү үчүн гана ушундай адилетсиздикке, дискриминацияга кабылды.

Надежда Атаева: - Анткени бул саясатташкан иш. Бийлик принципиалдуу чечим кабыл алган. Анын пандемияга деле эч тиешеси жок. Аскаров жөн гана абактагы адам эмес, ал жөн гана саясий мүдөө менен камалган адам эмес, ал 2010-жылдагы жаңжалдын туткуну болуп калды. Укук коргоочунун камалып, өмүр бою кесилгени Кыргызстандын тарыхындагы кара так болуп калды.

Бул кыргыз бийлигинин саясий көк беттиги. Бул иш эч ким диалогго, эл аралык комиссиянын сунуштарын аткарууга, позициясын өзгөртүүгө даяр эмес экенин көрсөттү. Аскаровдун иши азыркы бийликтин саясатын чагылдырат. Ага өзгөчө катаал мамиле жасалды. Ага медициналык жардам качан гана анын абалы оорлошуп кеткенде көрсөтүлө баштады. Алар Аскаровдун жашы өтүп калганын, кооптуу топто экенин билип турса да ушундай кадамга барышты. Ал эч далилсиз камалып, адам укуктарын коргогон ишмердүүлүгү үчүн гана ушундай адилетсиздикке, дискриминацияга кабылды.

- Азимжан Аскаров 2010-жылы камалгандан бери эле эл аралык коомчулук кыргыз бийлигинен укук коргоочунун ишин кайра карап, сот адилеттигин орнотууну талап кылып келишти. Бирок кыргыз бийлигинин өз жообу болду. Аскаровдун иши Кыргызстанды укуктук туңгуюкка такап койду десек болобу?

- Туура, так ошондой десек болот. Мен Июнь окуяларынын он жылдыгына байланыштуу жакында эле өзүм жакшы тааныган, сыйлаган белгилүү адамдарга чалдым. Аларга Аскаров тууралуу суроо бергенимде бир топко тунжурап турушуп, анан «бул жөнүндө айтуу аябай оор» деп жооп беришти.

Алар бул тема тууралуу ачык айта албай турганын, болбосо алардын туугандарына же карьерасына кедергиси тиерин айтышты. Өлкө ичиндеги активисттер, саясатчылар Аскаров тууралуу айтса да абдан этияттап айтышат. Кыргыз бийлигине бардык чакырык, талап негизинен чет жактан болуп жатпадыбы. Укуктук туңгуюк саясаты мына ушул адамдын айланасында болуп калды. Азимжан Аскаровдун көзү өткөндөн кийин дагы анын камалып, өмүр бою кесилгени тууралуу суроо өлкө ичинде, сыртында, саясатчылар менен укук коргоочулардын оозунда кала берет деген ишеничтемин. Ал адилеттүүлүк менен адилетсиздиктин ортосундагы карама-каршылыктын символу болуп калды.

Кыргызстан эл аралык коомчулукка адам укуктарын коргогон, демократиялуу мамлекет деген имиджи менен сыймыктанып келет. Таанымал укук коргоочунун 10 жыл темир тор артында отуруп, түрмөдө көз жумганы өлкөнүн мындай беделине кандай доо кетирет?

- Глобалдуу деңгээлде абдан чоң таасирин тийгизет. Билесизби, менде соңку жылдары “Кыргызстан демократия аралчасы” деген ой калбады. Аскаровдун өлүмү бул ишенимди дагы күчөттү. Атамбаевдин башкаруусунда саясат криминалдашканын байкадык.

Ал эми азыр Матраимов сыяктуу фигуралар чындыкты ачык айткандарга, реалдуу демократиялык өзгөрүүлөрдү жактагандарга кандай коркунуч жаратып жатканына күбө болуп турабыз. Ал баарын сатып алгысы келет экен. Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча айта турган болсок, бул бийликти эми эч кандай беткап коргой албайт деп ойлойм.

Адам укуктары боюнча эл аралык федерациясынын вице-президенти, «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова маркумдун 10 жылдан бери темир тор артында отурган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмүнө кыргыз өкмөтү жоопкер деген пикирин айтып, жактоочулар өз иликтөөлөрүн баштаганын маалым кылды.

Төлөкан Исмаилова: Абактарда өлүп жаткандарга кыргыз өкмөтү жоопкер

Аскаровдун өлүмү боюнча укук коргоочулар кыргыз өкмөтү менен соттошууга даярданып жатканын Адам укуктары боюнча эл аралык федерациясынын вице-президенти, «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирди.

Ал он жылдан бери темир тор артында отурган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмүнө кыргыз өкмөтү жоопкер экенин айтып, жактоочулар бул боюнча өз иликтөөлөрүн баштаганын маалымдады.

Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова жана маркум Азимжан Аскаров.
Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова жана маркум Азимжан Аскаров.

- Төлөкан айым, сиз Азимжан Аскаров менен акыркы жолу качан сүйлөштүңүз эле? Мен билгенден сиз абакка кирип, укук коргоочунун абалы менен да таанышып чыктыңыз эле?

- Ооба, Азимжан Аскаровду моралдык жактан колдоо максатында кесиптешим Аида Байжуманова менен май айында 19-абакка кирип, көрүшүп чыкканбыз. Пандемия башталгандан бери Аскаровдун абалына тынчсызданып бир нече жолугушууларды өткөрдүк. Соңку он күндөн бери акыйкатчы Токон Мамытов менен да бир нече жолу сүйлөштүк. Өкмөткө да жазып жатабыз.

- Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Аскаров соңку күндөрү пневмония менен ооруганын маалым кылды. Сиз бул тууралуу кандай пикирдесиз?

- Кыргыз өкмөтү 2016-жылдан бери "Аскаровду бошоткула" деген БУУ чечимин аткарбай келет. Эми бул боюнча жоопкерчиликти биринчи кезекте премьер-министр жана өкмөт алат. Мындай акыбалга алып келген ошол өкмөт жана ЖАМК. Биз бүгүн абактарда адамдардын өлүп жатканына кыргыз өкмөтү толук кандуу жоопкер деп айта алабыз.

Биз качантан бери буга акыйкатчы да күнөөлүү экенин айтып келе жатабыз. Ал “Дарыгерлердин чечимин күтүп отурам” дейт. Күтпөш керек болчу. Ошол акыйкатчы өкмөткө жана президентке кирип айтышы керек болчу. Президент беш маал намаз окугандан көрө, акыйкатсыз соттолгон беш кишини бошотсо, соопту көбүрөөк алмак. Биз Аскаров ушундай акыбалга келип, каза болгонуна кыргыз өкмөтү күнөөлүү деп ачык айтабыз. Буга чейинки президенттер, 2010-жылдагы убактылуу бийлик да күнөөлүү. Биз соттошконго да даярбыз. Акыйкаттык керек Кыргызстанга. Мындай мыйзамсыздыкта жашоо мүмкүн эмес. Аскаровдун ордунда кыргызбы, уйгурбу, өзбекпи ким болсо да абакка кирген соң кайра чыкпай калып жатат.

- Сиз Аскаровдун жакындары менен кабарлаштыңызбы? Маркумдун сөөгүн алууда маселе жаралган жокпу?

- Биз азыр адвокаттар менен иликтеп жатабыз, 47-колонияда дарыланууга алып келгенде кимдер, кайсыл дарыгерлер караган? Качан жана кандай жардамдар берилген? Эмне үчүн абакка баргандан кийин эле эртең менен каза болуп калганы табышмак. Медициналык корутундулар кандай берилгенин да азыр талдап жатабыз.

Сөөгүн алып кетүү боюнча Жазаларды аткаруу кызматына кайрылдык. Себеби, Аскаров аялына "эгер мен каза болуп калсам, сөөгүмдү туулган жериме бергиле" деген керээз калтырган экен. Учурда айылдагы үйүн укук коргоочу Абдумомун мырза даярдап жатат. Биз бул жактан сөөгүн күтүп жатабыз.

Вахитов: Азимжан Аскаров бийликтин тоңдугунан, абактын азабынан өлдү

Азимжан Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахитов «Азаттыкка» маркум менен акыркы кездешүүсү жөнүндө айтып берди.

- Азимжан Аскаров менен соңку ирет качан жолуктуңуз? Абалы ошондо кандай эле?

Сүйлөп атканда кыйналып кышылдап, араң дем алып жатты.  Ага чейин өткөн жылдын аягында, декабрда учурашканы баргам, ошондо эле абалы начар болчу.
Валерьян Вахитов.

Валерьян Вахитов: Азимжан Аскаровду акыркы ирет 22-июлда, № 19 колонияда көргөм. Баса албай калган аксакалды абактын эки кызматкери жөлөп-таяп көтөрүп келишти. Айнек тосмонун эки жагында телефон аркылуу сүйлөштүк. Оору биротоло шалдыратып, баса албай калган экен. Азимжан кыйналып отурганын айтты. Мен дарыгер эмесмин, бирок ал азып, эти менен сөөгү гана калган экен. Анын таажы вирустан же өпкө кагынынан жабыркаганын айта албайм, сүйлөп атканда кыйналып кышылдап, араң дем алып жатты. Ага чейин өткөн жылдын аягында декабрда учурашканы баргам, ошондо эле абалы начар болчу, кийинки барганымда абалы аябай оорлошуп калганын көрдүм.

Мен ошол жерден колония жетекчисине аны ыкчам медициналык текшерүүдөн өткөрүү тууралуу арыз жаздым. Мен билбейм, бирок да мага чейин чейин да аны менен жолугушканы барышыптыр, алар эмнеге абалы оорлошуп калганын айтышкан эмес? Бир көргөндө эле билинип турчу.

- Аны № 47 мекемеге медициналык текшерүүгө сиздин арызыңыздан кийин которуштубу?

- Ошентишти. Медициналык кароону жүргүзүш үчүн сөзсүз арыз жазылыш керекпи? Ал жердегилер баса албай калганын көрүшпөдүбү?

Азыр баары ал эмнеден каза болгонун сурап жатышат. Албетте, түрмөдөн өлдү! Бийликте отургандардын кайдыгерлигинен, кары кишинин абалына кызыкпагандыгынан өлдү. Таажы вирустан каза тапса да, түрмөдөн болуп жатпайбы. Он жылдан бери көз алдыбызда өчүп баратат, өлтүрүп албайлы деп какшап келаткам. Түрмөдөн чыгаруу керектигин айтып келдик. Аны аксакал деп сыйлашпай, эл душманы катары карашты.

- Соңку кездешүүңүздө Аскаров сизге эмне деп айтты?

- Ачык айтсам, мүмкүн ал жашоосу бүтүп баратканын сезди окшойт. Мен ага медициналык кароодон өтүп, жакшы тамактанып, алып барган жашылча-жемишти жешин сурандым. Анын кайраттуу болушун, үй-бүлөсү күтүп жатканын, урматтаган адамдар көптүгүн, баары кабатыр болуп жатканын айттым. Ал он күндөн бери тамак ичпей калганын билдирди, алы куруп, араң эле отуруп калыптыр. Анан ал ыйлап ийди.

- Азимжан Аскаров медициналык кароодон өтүш үчүн башка колонияга барууга макул болбой койгондугу тууралуу маалымат чыкты эле. Ушул чынбы?

Түрмөдө жатканда да укук коргоо ишин токтотподу, ал жерде да адамдарга жардам берип жүрдү.
Валерьян Вахитов.

- Туура, аны да айттык. Мен ага медициналык кароодон сөзсүз өтүшүн сурадым. Бирок ал абактын машинесинде узак жол жүрө албасын билдирди. Абактын машинеси эмес, “Тез жардамдын” унаасы болсо башка колонияга барууга макул болорун айтты.

Аскаровго баруудан мурда, 17-июлда мекеменин электрондук почтасы аркылуу анын медициналык китепчесинин көчүрмөсүн жөнөтүү өтүнүчүн жолдогом. Мен колонияга барганча андай көчүрмөнү жөнөтүшкөн жок. 22-июлда өтүнүчүмдү дагы бир жолу айттым, алар көчүрмөнү кийинчерээк салып жиберишерин билдиришкен. Бирок ал көчүрмөнү азыркыга чейин ала элекмин. Анын абалы кандай экенин мурдараак билип, эрте кабатырлансак, мүмкүн аны тирүү сактап калат белек?

Кечээ эле көргөн, сүйлөшкөн адам бүгүн жок болуп калса, аябай жаман болосуң. Ал абдан жакшы, боорукер адам эле, акыйкатсыздыкты көргөндө чыдабай кетчү. Түрмөдө жатканда да укук коргоо ишин токтотподу, ал жерде да адамдарга жардам берип жүрдү. Анын өтүнүчү менен өмүр бою соттолгон бир адамды абакта аябай токмоктошкону тууралуу Бириккен Улуттар уюмуна кат жазгам.

Азыркыдай кайдыгерлик болбосо Азимжан Аскаров өмүрдөн кетип аткан соңку күндөрүн үй-бүлөсүнүн кашында өткөрмөк. Эми ал жок.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG