Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-июль, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:35

Аскаровдун иши: пандемия, эл аралык реакция эске алынган жок


Азимжан Аскаров сот залында. 2017-жыл.

Жогорку сот 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кассациялык арызын карап, мурдагы соттордун өкүмүн күчүндө калтырды.

Аскаровдун адвокаттары менен жакындары чечимге макул эмес экенин, укук коргоочу 10 жылдан бери түрмөдө мыйзамсыз отурганын айтып жатышат. Иш каралып жаткан маалда Аскаровдун мурдагы өкүмдөрүн өзгөртүүгө каршы болгон 20дай адам Жогорку соттун имаратынын алдына чогулушту.

Бир нече оор беренелер менен айыпталып өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишине Жогорку сот 13-майда чекит койду.

Болотбек Акматов, Кеңешбек Токтомамбетов жана Аскат Сыдыковдон түзүлгөн соттук коллегия Аскаров боюнча буга чейинки инстанциялардын өкүмүн күчүндө калтырды.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу деген жүйө менен журналисттер сот залына киргизилген жок.

Өкүм тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынын өкүлү Изати Шүкүралиева журналисттерге буларды билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиянын 2020-жылдын 13-майындагы токтому менен Азимжан Аскаровго карата Чүй облустук сотунун жазык иштер жана административдик укук бузуу жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 24-январындагы өкүмү күчүндө калтырылды. Соттолгон Азимжан Аскаровдун жана анын жактоочусу Валерьян Вахитовдун кошумча кассациялык даттануулары канааттандыруусуз калтырылды».

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук соту Азимжан Аскаровду 2010-жылы июнь окуясында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө күнөөлүү деп таап 2010-жылдын 15-сентябрында өмүрүнүн акырына чейин абакка кескен. Чүй облустук соту 2017-жылдын 24-январында өкүмдү күчүндө калтырган.

Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахитов Жогорку соттун чечимине макул эмес экенин, соттук коллегия туура эмес токтом чыгарганын айтты. Аскаровдун коомдук жактоочуcу, «Бир дүйнө - Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова түрмөдө жаткан укук коргоочуну бошотуу боюнча аракеттер токтобой турганын билдирип, мындай комментарий берди.

Төлөкан Исмаилова.
Төлөкан Исмаилова.

«Азимжан Аскаровдун ишинин артында Аскаровду мыйзамсыз кармаган милиция кызматкерлери, тергөөчүлөр бар. Бул ишке аралашкан прокурорлор Жогорку сотто, Башкы прокуратурада кызматта отурушат. Булардан башка да чиновниктер бар. Биз Кыргызстандын азыркы акыбалын жакшы түшүнүп турабыз. Кыргызстанда сот реформасы туңгуюкта жана эч кандай адилеттүүлүк жок экенин бүгүн дагы бир жолу көрдүк».

Азимжан Аскаров менен жактоочусунун кассациялык арызы Жогорку сотто 25-февралда эле каралмак. Арызга кошумча жүйөлөр киргизгендиктен прокурорлор иш менен таанышууга убакыт сурап сот апрель айына жылдырылган. Аскаровдун байбичеси Хадича Аскарова бул жолку соттук отурумда да жолдошунун күнөөсү жок экенин кайталады.

«Акыйкат сот болгон жок. Жолдошум Азимжан Аскаров күнөөлүү эмес. 2010-жылдагы июнь окуясына чыныгы күнөөлүүлөрдү таап, ошолорду жазага тартыш керек. Азимжан Аскаров элге жардам берип милиция, прокуратурага жаман көрүнгөндүктөн кармалган. Ошондон бери түрмөдө жатат. Мен сотторго ишенбейм».

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши эл аралык коомчулуктун көңүл борборунда турат. Жакында эле Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) атайын баяндамачысы Мэри Лолор Аскаровдун ишин токтотууга байланышкан БУУнун көптөгөн кайрылууларын кыргыз тарап кулак сыртынан кетирип жатканын билдирди. Ал «Азаттыктагы» маегинде Аскаров түрмөдөн чыкмайынча кыргыз бийлиги жоопкерчиликтен кутулбай турганын айтты.

Жогорку соттун алдында чогулгандар. 13-май, 2020-жыл.
Жогорку соттун алдында чогулгандар. 13-май, 2020-жыл.

Жогорку сотто Аскаровдун иши каралып жатканда ага карата мурдагы өкүмдөрдүн өзгөртүлүшүнө каршы болгон 20дай адам соттун имаратынын алдына чогулушту. Алар Аскаровга карата өкүм өзгөртүүсүз калышын талап кылып, бул иш боюнча эл аралык уюмдардын кайрылууларын сындашты. 2010-жылы июнь окуясында иниси каза болгонун айтып, өзүн жабырлануучу катары тааныштырган Кеңеш Калыбаев мындай деди.

«Жакында бул ишке 10 жыл болот. Ошондон бери эле укук коргоочулар муну улам-улам эле козгоп келе жатышат. Ушул маселе көтөрүлгөн сайын элде жаман сезимдер пайда болот. Ошондуктан ушуну менен бул ишке чекит коюп, токтотуш керек. Кесилген адам жазасын тарта берсин. Азыр эки улут ынтымакта жашап жатат».

8-майда АКШ Сенатынын бир нече мүчөсү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылып, саясий көз карашы үчүн абакта отургандарды бошотууну өтүнгөн. Анда Аскаровдун ишине да көңүл бурулган.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети АКШнын демократ сенаторлорунун тобуна жооп иретинде кайрылуу кат жиберди. Анда Аскаровдун саламаттыгы канааттандырарлык экени, медициналык жардам менен камсыз болгону, өлкөдө укук үстөмдүгүн бекемдөө иши жана сот реформасы жүрүп жатканы, сот органдарынын ишине кийлигишүүгө жол берилбей тургандыгы айтылат.

Азимжан Аскаровдун сотуна журналисттер киргизилген жок.
Азимжан Аскаровдун сотуна журналисттер киргизилген жок.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча бюросу укук коргоочу Азимжан Аскаровго карата чыгарган Жогорку соттун чечиминен кийин билдирүү таратты.

Бюронун "Твиттердеги" баракчасына “Апелляциялык арыз берүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланып болгондугуна байланыштуу президент Сооронбай Жээнбековдон анын (ред: Аскаровдун) улгайган жашына, ден соолугуна жана дүйнөдө жайылып жаткан COVID-19 илдетинин коркунучуна байланыштуу ырайым кылып, бошотууну суранабыз”, – деп жазылган.

Ал эми Европа Биримдигинин Европа сырткы байланыш кызматы укук коргоочуга чыгарылган акыркы инстанциянын чечими Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин 2016-жылы берген сунушуна туура келбесин билдирди.

Европанын сырткы байланыш мекемеси БУУнун Адам укуктары боюнча комитети укук коргоочу Аскаров кармалган учурда мыйзам бузууга, кыйноого кабылганын, ага адилет сот укугунан пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилбегени аныкталганын белгиледи.

Европа Биримдиги да өз билдирүүсүндө кыргыз бийлигинен Аскаровдун улгайган жашына, ден соолугуна жана дүйнөдө жайылып жаткан COVID-19 илдетинин коркунучуна байланыштуу бошотууну өтүнгөн.

Чүй облустук соту 2019-жылы да былтыр күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык Азимжан Аскаровдун ишин кайра карап, укук коргоочуну өмүрүнүн акырына чейин абакта калтырган.

Аскаровдун кыргыз өкмөтүнө карата Бишкектин район аралык сотуна жазган дагы бир доо арызын кароо 11-майга белгиленип, район аралык сот жоюлуп кеткендиктен каралбай калган. Азырынча арыз качан каралары белгисиз.

69 жаштагы Азимжан Аскаровго 2010-жылы июнь окуясында «милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан» деген да айып тагылган. Өлкөдөгү укук коргоочулар жана бир нече эл аралык уюмдар Аскаровго тагылган айыпка макул болбой, анын бейкүнөө абакта отурганын билдирип келишет.

Жогорку сот Аскаровду абакта калтырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG