Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 04:38

Мэри Лолор: Аскаров түрмөдөн чыкмайынча кыргыз бийлиги жоопкерчиликтен кутулбайт


Мэри Лолор, Улуттар Уюмунун укук коргоочулардын абалы тууралуу атайын баяндамачысы.

Ирландиялык коомдук ишмер Мэри Лолор 1-майдан тартып Бириккен Улуттар Уюмунун укук коргоочулардын абалы тууралуу атайын баяндамачысынын кызматына киришти. Эл аралык уюмдун өкүлү биринчи расмий билдирүүсүндө укук коргоочу, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун ишине кайрылды.

Атайын баяндамачы «Кыргыз бийлиги Бириккен Улуттар Уюмуна берген убадаларын аткарбай жатат» деп сындап, 10 жыл «күнөөсүз абакта отурган укук коргоочуну» түрмөдөн чыгарууга үндөдү:

Мэри Лолор: - Азимжан Аскаров түрмөдө отурганына 10 жыл болду. Ал адилетсиз сот чечиминин негизинде соттолгон. Абакта кыйноого кабылган. COVID-19 дүйнөнү каптап жатканда, анын түрмөдө отурганынын өзү кооптуу. Ал аярлуу топко кирет. Анын эч бир негизсиз 10 жыл абакта отурганы – сот системасына карата мамлекеттин мамилеси.

«Азаттык»: - Аскаров камалып, ага өкүм чыккандан бери эле эл аралык коомчулук аны бошотууну кыргыз бийлигинен өтүнүп келет. Улуттар Уюмунун Адам укуктары комитети Кыргызстанга атайын сунуштама да берген. Бирок кыргыз бийлиги андай өтүнүч-сунуштарды аткара элек. Эл аралык коомчулук дагы кандай аракет көрөт?

Мэри Лолор: - Акыр аягында кыргыз өкмөтү адилеттик тарапта болобу же аны көз жаздымда калтырабы – ушуну чечиши керек. Ал - саясий чечим. Мен өзүм жактан айтсам, Аскаровдун ишин биз жөн калтырып койбойбуз. Бул баарыбыздын кызыкчылыгыбыздагы иш – муну оболу кыргыз өкмөтү түшүнүп, укук коргоочуну бошотушу керек. Бириккен Улуттар Уюмунун комитети – эч кимден көз каранды болбогон уюм. Адам укуктары комитетинин материалдарын карап чыксаңар, анда Аскаровдун жана башка бардык тараптардын аргументтери менен далилдери кылдат иликтенип, так берилген. Материал «Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө» пакттын негизинде даярдалып, тиешелүү тараптарга аны аткарууга милдеттенмелер белгиленген.

Андан башка Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму, Евробиримдик да Аскаровдун маселесин такай көтөрүп жүрөт. Бул иш жөнүндө канчалаган бейөкмөт уюмдар үн катып, кыргыз бийлигине кайрылып жатышат. Демек, бул барып туруп, Кыргызстандын эл аралык коомчулуктун алдында өзүнө алган милдеттенмелерин аткарабы же жокпу – деген суроого такалат.

Жакынкы келечекте Аскаров баары бир эркиндикке чыгышы керек. Ал ансыз дагы сот адилетсиздигинин курмандыгына айланды.

«Азаттык»: - Жаңы кызматты аркалаган биринчи билдирүүңүздө «Кыргыз бийлиги Улуттар Уюмуна берген убадаларын аткарбай жатат» деп айттыңыз. Кыргыз бийлиги менен кызматташуу эми кандай нукта болмокчу?

Мэри Лолор: - Эл аралык коомчулук эмне жасай алат? Азимжан Аскаровду эркиндикке чыгарууга аракет токтобойт. Бир катар өлкөлөр Аскаровдун ишин көтөрүшкөн.

Өлкөнүн ички саясий жүйөлөрү бар, биз аларга кулак салышыбыз керек. Ошол эле маалда кыргыз өкмөтү кыраакы болуп, бул маселеге чекит коюунун жолун табышы зарыл. Анан дагы бир жолу баса белгилеп атай турган нерсе – COVID-19 жайылып турган маалда өкмөт өтө кылдат болууга милдеттүү. Айрыкча аярлуу топко киргендердин абакта отурганы опурталдуу. Бул Аскаровду эркиндикке чыгаруунун жөнөкөй жолу болмок.

Кыргызстанда саясий жүйө менен камалып, түрмөдө отургандардын көбү эркиндикке чыкты. Анын Аскаровду абакта кармап отуруунун эч кандай кажети жок. Убакыт өтүп кетти. 10 жыл өттү. 10 жыл мурун туулгандар сүйлөгөндү, окуганды, жазганды үйрөнүп, мектепке барып калышты. Ал эми бул адамдын эч себепсиз 10 жыл темир тор артында отурганы – тагдырдын катаал катасы.

«Азаттык»: - Сиз кызматка жаңы эле кириштиңиз. Чукул арада Кыргызстанга барып, саясий жүйө менен абакта отурган башка активисттерге да жолугуу планыңыз барбы?

Мэри Лолор: - Тактап айтып коё турган нерсе – менин мандатым укук коргоочулардын гана ишине кийлигишүүгө жол берет. Жалпы саясий жүйө менен отургандардын ишин карай албайм. Укук коргоочулар – башкаларды коргоо үчүн зордук-зомбулуксуз жол менен күрөшкөн адамдар. Аскаров түрмөгө түшкөнгө чейин 10 жыл башкалардын укугун коргоп жүргөн. Сүрөт тартканды, живописти сүйгөн адам эми жер төлөдө күн нуруна зарыгып отурганы – көңүл чөгөрүп, жүрөк оорутат.

«Азаттык»: - 2012-жылы Бишкекке барып, түрмөдө Аскаров менен жолугуп чыгыптырсыз. Сөз эмне тууралуу болгон эле, укук коргоочу эмнени өтүндү эле?

Мэри Лолор: - 2012-жылдын кычыраган кышта Бишкектеги эски абакта укук коргоочу менен кездештим. Бишкекке Евробиримдиктин жыйынына катышканы баргам. Анан абактагы Азимжан Аскровго жолукмай болдук.

Ал күнү эртен менен Бишкектеги жакшынакай, мелмилдеген мейманканада кофе ичип отуруп, терезеден сыртка көз салдым. Эшикте кар, көчөдө көк жалтаң муз. Анан эле перидей болуп, кулпуруп кийинген колукту көрүндү. Ал бийик така бут кийимчен айнектей муздун үстүндө ары-бери айланып, видеого түшүп жатты. Бир нече жолу тайгаланып жыгылып да кетти. Бирок эч нерсе болбогондой, кайра каткырып туруп, бакытка батканы азыр да эсимде. Бул адамдын жашоосундагы теңдешсиз көз ирмем эмеспи.

Анан абакта өмүр бою кесилип, жазасын өтөп отурган Аскаровго бардык. Мен аны бир топ жылдан бери билчүмүн. Машинени токтотуп коюп, көргөн кишини сестенткен эски түрмөгө келдик. Бизди анын ичине ээрчитип киришип, атайын бөлмөгө отургузушту. Анан Аскаровду алып келишти. Ал алсыз, кыйналганы сезилди. Үстүнө чоң тон кийиптир. Бирок тондун ичинде чүкөдөй эле болуп көрүндү. Бул анын түрмөдөгү шарты кандай экенин кабар берип турду.

Мен түрмөгө барганда эмне болгонун билесизби? Жер титиреди, анчалык катуу болбосо да сезилди. Биз отурган жерде да силкинди, мен дароо коопсуздук жагын ойлодум.

«Азаттык»: - Аскаров өзү эмне деди? Кандайдыр бир өтүнүч келтирдиби?

Мэри Лолор: - Ал бөлмөгө кирип, бизди көргөндө күлүп учурашты. Башында унчукпай отурду. Анан сот кандай адилетсиз өткөнүн, камакта аны уруп-сабашканын, адвокатын ага коё беришпегенин, кыйноого кабылганын айтып берди. 2010-жылы уруш чыкканда Аскаров ызы-чуу болгон жерге барган да эмес, ал үйүндө болгон. Ал өз башынан өткөргөндү улам эстеген сайын, маанайы чөгүп, муңайым тартып турду. Албетте, Аскаров иши кайра каралып, эркиндикке чыгарын күтөт. Анын күнөөсүз экени – жетиштүү факт. Сот адилет чечим чыгарган эмес. Мына ошондуктан ал эркиндикке чыгышы керек.

«Азаттык»: - Кыргызстан тышкы дүйнөгө демократиялык жолду тандаган, адам укуктарын урматтаган өлкө катары өзүн көрсөтүп, ошону менен сыймыктанат. Анан Аскаровго окшогон укук коргоочусу жана башка активисттери камакта отурганда өлкөнүн эл аралык бедели кандай болот?

Мэри Лолор: - Бул иш – Кыргызстанга жабышкан бир жарааттай эле. Аскаров түрмөдөн чыкмайынча ал айыкпайт. Ансыз кыргыз бийлиги бул жоопкерчиликтен кутулбайт. Бул иш Кыргызстанда элдин сот системасына болгон ишенимине таасир этет. Мен өзүм Кыргызстандын элчилигинде билимдүү, акылдуу, ой жоруму кенен, сыйчыл кыргыздын уул-кыздарын жолуктурдум. Алар менен баарлашкандан рахат аласың. Анан Аскаровдун түрмөдө отурганы ушундай уул-кыздары бар өлкөнүн беделине доо кетирип жатпайбы. Азимжандын эркиндикке чыкканы - Кыргызстандын кызыкчылыгындагы иш. Анткени оболу кыргыз эли өз өлкөсүндө демократиялык баалуулуктар менен мыйзам үстөмдүгү, адилеттик өкүм сүргөнүн көргүсү келери шексиз.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG