Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:57

АКШ сенаторлору президент Жээнбековду саясий жүйө менен камалгандарды бошотууга чакырышты


АКШ Сенатынын жети мүчөсүнүн колу коюлган кат. 8-май, 2020
АКШ Сенатынын жети мүчөсүнүн колу коюлган кат. 8-май, 2020

АКШ Сенатынын бир нече мүчөсү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылып, саясий көз карашы үчүн абакта отургандарды бошотууну өтүндү.

«Өз көз карашын тынч жол менен билдирген студенттик топтордун мүчөлөрүн, активисттерди жана укук коргоочуларды эркиндикке чыгарууну өтүнөбүз. Жарандар тынч митингдерге чогулганы, биримдикке кошулганы жана өз ой-пикирин билдиргени үчүн камалбашы керек. Мындай мыйзамдуу аракеттеринен улам ушул тапта абактарда отурган өз жарандарыңарды токтоосуз эркиндикке чыгарууга чакырабыз», деп айтылат катта.

Сенаторлор глобалдык кризис саясий жүйө менен кармалган жарандардын ишин кайра кароого шарт түзүп жатканын белгилеп, тезинен аракет көрүү зарыл экенин эскертишет.

Вашингтондон жиберилген катта 2010-жылкы июнь окуясында «массалык башаламандык уюштурган жана бир милиционердин өлүмүнө күнөөлүү» деп өмүр бою кесилген, укук коргоочу Азимжан Аскаровго көңүл бурулат.

«Аскаровдун ишине эл аралык коомчулук, АКШ Конгрессинин мүчөлөрү, Мамлекеттик департамент, Бириккен Улуттар Уюму жана башка көз каранды эмес уюмдар кунт коюп көз салып турат» деп белгиленген катта.

Сенаторлор «коронавирус айрыкча жаш курагы 60тан өткөндөр үчүн кооптуу экенин эске алып, биз Аскаровду тезинен түрмөдөн чыгарууга чакырабыз» деп жазышкан. «Аскаров абакта кыйноого кабылып, медициналык жана адилет сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганы» белгиленген.

Президент Жээнбековго жиберилген катка АКШ Сенатынын мүчөлөрү Роберт Менендес, Патрик Лихи, Ричард Блюменталь, Бенжамин Гардин, Кирстен Гиллибранд, Ричард Дурбин, Крис ван Холлен кол коюшкан.

Азырынча кыргыз президентинин администрациясы бул катка реакция кыла элек.

XS
SM
MD
LG