Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 16:51

Аскаровдун ишин создуктурган жагдай


Азимжан Аскаров.

Район аралык сот жоюлуп кеткендиктен укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өкмөткө каршы берген арызы боюнча соттук отурум болбой калды.

Жараянга келген адвокаттар менен Аскаровдун жакындары мындан ары район аралык сот жок экенин 11-майда сот залынан гана билишти. Судья тиешелүү мыйзам 8-майдан тартып күчүнө киргенин, иш качан каралары азырынча белгисиз экенин айтты.

Азимжан Аскаровдун кыргыз өкмөтүнө каршы доо арызы боюнча соттук отурум Бишкектин район аралык сотунда 11-майга белгиленген. Жараянга укук коргоочунун жактоочулары жана жакындары келди. Алар качан сот залына киргенден кийин гана судья Чолпон Досмамбетова район аралык сот жоюлуп кеткенин, соттук процесс болбой турганын айтты.

Бишкектин район аралык соту.
Бишкектин район аралык соту.

«8-майда айрым мыйзам актыларына жана Жарандык-процессуалдык кодекске киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө киргендиктен мындан ары район аралык сот жок. Анын ордуна административдик соттор түзүлдү. Азырынча судьялар жумушка чыга элек. Биз район аралык соттун судьялары болчубуз. Ал жоюлуп кеткендиктен ишти карай албайбыз. Ал эми административдик соттун судьялары президенттин жарлыгы менен дайындалат. Ишти карай албай турганыбыз бизге бүгүн эле айтылды».

Чолпон Досмамбетованын сөзү боюнча, жаңы мыйзамга ылайык буга чейин район аралык соттун өндүрүшүндө турган иштер да каралбайт. Президент административдик сотторго судьяларды качан дайындап, алар качан иштеп баштары да белгисиз.

Буга Азимжан Аскаровдун жактоочулары менен жакындары нааразы болду. Аскаровдун байбичеси Хадича Аскарова сотко катышуу үчүн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунан бери келгенин айтып, эч ким сот болбой турганын алдын ала кабарлабаганын билдирди:

Хадича Аскарова.
Хадича Аскарова.

«Телевизордон, Интернеттен сот болбой турганын алдын-ала айтып, элге эскертип койгондо биз убара болуп келбейт элек. Орозонун убагында жолдун алыстыгынан кыйналып келсек сот болбой калды. Жолдошум Азимжан Аскаров эч кандай күнөөсү жок эле түрмөдө отурат. Ал чындыкты айтып элге жардам бергени үчүн камалды. Анын акыйкаттык үчүн күрөшкөнү сотко, милицияга жана прокуратурага жакпагандыктан 2010-жылдагы июнь окуясынын шылтоосу менен камап, азыркыга чейин кармап отурушат».

Азимжан Аскаровдун соту болбой калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:23 0:00


Бул окуядан кийин Жогорку сот район аралык соттордун жоюлушу тууралуу түшүндүрмө берди. Мекеменин маалыматына караганда судья Чолпон Досмамбетова район аралык соттор ишти карабай турганы боюнча 11-майда гана маалымат алганы чындыкка дал келбей тургандыгы айтылат. Президент жакын арада административдик соттордун судьяларын дайындаган кийин Аскаровдун иши качан каралары белгилүү болору белгиленген.

Укук коргоочу, «Бир дүйнө - Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова камакта отурган адамдын ишин карай турчу соттук инстанция жоюлуп кетип, ал качан иштеп баштай тургандыгы белгисиз болуп жатышын адам укуктарын одоно бузуу деп сындады:

Төлөкан Исмаилова.
Төлөкан Исмаилова.

«Биз сот болордун алдында Бишкектин район аралык сотуна чалып такташып турдук. Соттун катчылыгы «келе бергиле» деген. Сот системасы согуш убагында да иштеши керек. Азыр шок болуп отурабыз. Судья Чолпон Досмамбетова «Биз иштебей калдык. Район аралык сот жоюлганын бүгүн эле билдик. Президенттин жарлыгы чыгыптыр» деп айтты. Өз элин сыйлаган мамлекетте бийлик мындай кабарларды эрте айтып, «сотко келбегиле» деп радио, телеберүү аркылуу элге маалымат бериш керек».

Жогорку соттун расмий сайтындагы маалыматка караганда, президент Сооронбай Жээнбеков район аралык соттор тарабынан каралып келген экономикалык иштерди райондук сотторго өткөрүп берүү боюнча мыйзамга 30-апрелде кол койгон.

Негизинен район аралык сотторду жоюуну Жээнбеков 2018-жылы эле сунуш кылган. Эки жыл мурун өткөн соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында президент район аралык соттордун функцияларын жергиликтүү сотторго өткөрүп бериш керек экенин айткан. Ал район аралык соттор облустардын борборунда жайгашкандыктан айыл-аймактагы адамдар сотко катышуу үчүн убара болуп борборлорго барып жатышканын жүйө келтирген. Ошол учурда өлкөдө сегиз район аралык сотто 27 судья иштеп жатканы кабарланган. Бул соттор экономикалык жана административдик талаштарды карачу.

Кийин район аралык сотторду жоюу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Аталган жумушчу топтун мүчөсү, юрист Шамарал Майчиев бул чечим туура болгонун айтып, азыркы көрүнүштү утурумдук маселе катары баалады:

Шамарал Майчиев.
Шамарал Майчиев.

«Эми 4-5 ай ушундай маселе чыга берет. Бирок кийин элге жакшы болот. Мисалы, жер талаш боюнча ишти район аралык сот карайт. Ал үчүн айылда жашаган киши облустун борборуна барыш керек. Сотко доогер өзүнөн тышкары дагы 10 адамды күбө катары алып барат. Сот жылып кете турган болсо судья «эртең келгиле» деп коёт. Ал айылга кетейин десе жол алыс. Эми райондук соттордун судьялары экономикалык иштерди кароо боюнча кошумча окуудан өтүшөт».

Ал арада эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин укук коргоочу Азимжан Аскаровду бошотууга чакырууда. Жакында эле Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) атайын баяндамачысы Мэри Лолор Азимжан Аскаровдун ишин токтотууга байланышкан БУУнун көптөгөн кайрылууларын кыргыз бийлиги кулак сыртынан кетирип жатканын билдирген.

АКШ Сенатынын бир нече мүчөсү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылып, саясий көз карашы үчүн абакта отургандарды бошотууну өтүндү. Анда Аскаровдун ишине да көңүл бурулган.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда бир катар соттук иштер көз жаздымда калды деп эсептейт.

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

«Өзгөчө кырдаал качан бүтөрү азырынча белгисиз, - деди ал. - Эми административдик соттор качан дайындалып, качан иштей башташат? Азыр бийликке жакшы шарт түзүлүп калды. Карантинди созуп эле адам укуктарын чектеп коюшат. Аскаровдун иши мурда белгиленгенден кийин ал өз убагында каралыш керек. Сот реформасы чын эле жүрүп жатса ал адам үчүн болуп жатабы же саясат үчүнбү? Бийлик, Жогорку сот ушуну ойлонушу керек».

Ал эми Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, 2010-жылы апрель окуясынан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти башкарган Кеңешбек Дүйшөбаев Аскаров боюнча эл аралык уюмдардын кайрылуулары тууралуу мындай пикирде:

«Бул маселе бүгүн эле көтөрүлүп жаткан жери жок. Өкмөт, кыргыз бийлиги бир нече жолу жооп берди. Эл аралык уюмдар, укук коргоочулар эле саясат кылып жатышат. Бир эле иш боюнча 100 жолу кайрыла берген да болбойт. Аскаровдун иши Жогорку сотто, төмөнкү инстанцияларда көп жолу каралды. 10 жылдан бери чечимдер чыгып, мыйзам чегинде жооптор да берилген. Улам-улам кайталап Кыргызстандын бийлигине кайрыла берген туура эмес».

Укук коргоочу Азимжан Аскаров Кыргызстандын өкмөтүн быйыл февраль айында сотко берген. Ал жана анын жактоочулары кыргыз өкмөтү БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин сунуштарын, эл аралык милдеттенмелерин аткарбай жатат деп эсептейт.

69 жаштагы укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь окуясында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Мындан сырткары Аскаровдун кассациялык арызы да Жогорку сотто 25-февралдан бери каралып жатат. Жогорку сот келерки отурумду 13-майга белгилеген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG