Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

FIDH: Абактагы укук коргоочулар бошотулсун


Косоводогу түрмө кызматкери. 24-март, 2020-жыл.
Косоводогу түрмө кызматкери. 24-март, 2020-жыл.

Адам укуктары үчүн эл аралык федерация (FIDH) 8-апрелде дүйнө өлкөлөрүнүн бийлик өкүлдөрүн укук коргоочуларды абактан чыгарууга чакырды. Уюм коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө аялуу топтогулардын, анын ичинде улгайгандардын коопсуздугун жана саламаттыгын камсыз кылуу зарыл деп эсептейт.

«Дүйнөдө жүздөгөн адам кылмыш кылганы үчүн эмес, укук коргоочулук ишмердигинен улам абакка киргизилген» деп билдирет баш кеңсеси Парижде жайгашкан уюмдун төрагасы Элис Могве.

Удаа эле FIDH жана анын мүчөлөрү #ForFreedom (Эркиндик үчүн) өнгөктүгүн башташты. Анын сайтында бошотулууга тийиш дегендердин арасында Кыргызстандан Азимжан Аскаров да бар.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген сыяктуу бир нече оор беренелер менен айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу бир катар өлкөлөр, анын ичинде Иран, Түркия, Бахрейн, Азербайжан абактагылардын айрымдарын бошоторун жарыялаган.

XS
SM
MD
LG