Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:47

Укук коргоочу Рузиев үй камагында болот


Камил Рузиев сотто. 31-май, 2020-жыл.
Камил Рузиев сотто. 31-май, 2020-жыл.

Укук коргоочу Камил Рузиев эки айга үй камагына алынды. Аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 29-майда «Документтерди жасалмалоо» жана «Алдамчылык» беренелеринин негизинде кармаган.

Укук коргоочу Камил Рузиевдин бөгөт чарасын 31-май күнү Каракол шаардык сотунун судьясы Альгиз Шүкүралиев карап, аны 29-июлга чейин эки айга үй камагына алуу чечимин чыгарды.

Укук коргоочу, «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси, 57 жаштагы Камилжан Рузиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 29-майда кармаган. Укук коргоочу Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Атайын кызмат сотко чейинки өндүрүш материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Документтерди жасалмалоо» жана «Алдамчылык» беренелеринин негизинде катталганын маалымдаган. Бирок 31-майдагы сот отурумунда судья «Алдамчылык» беренесин иштен алып салып, мындай чечимдин себебин түшүндүргөн жок.

Рузиев өзүнүн камалышын күч кызматтары укук коргоочулук ишмердигине бут тосуу үчүн атайылап жасап жатат деп эсептейт. Мындан улам ал кармалган күндөн тарта ачкачылык жарыялаганын айтты:

«Мен буга чейин кыйноого кабылган жарандардын укугун коргоп, аларга колуман келишинче жардам көрсөтүүгө аракет көрүп келгем. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери мен алып барган иштер боюнча дайыма сот иштерине, суракка баруудан тажаганын айтып жүрүштү. Мен адам укуктарын коргоп, элге жардам берүүмдү токтотпойм. Мени колдогондорго ыраазычылыгымды билдирем. Каракол шаардык сотунун чечимине нааразы экенимди билдирип, эми облустук сотко кайрылам».


Укук коргоочу буга чейин ички иштер органдарындагы былык иштерди сындап келгени менен белгилүү. Ал Кыйноого каршы улуттук борбордун мүчөсү катары милиция тарабынан укугу бузулган же акыйкаттык таппаган адамдардын арыз-даттануулары менен да иштеген.

Камил Рузиевдин жактоочусу Асантур Молдогазиев “Азаттык” радиосуна соттун чечими боюнча буларды билдирди:

«Сот Камил Рузиевди камакка алуу боюнча прокуратуранын токтомун мыйзамдуу деп тапты, бирок ал эмненин негизинде мыйзамдуу деп табылганы түшүнүксүз. Биз ошол чечимге каршы пикирибизди билдирип, облустук сотко кайрылабыз. Ошондой эле прокуратура Камил Рузиевди күнүнө 24 саат бою үй камагында болсун деп сотко кайрылган, бирок сот кечки ондон таңкы алтыга чейин гана чыгууга болбойт деп чечип, облустун аймагында жүрүүгө уруксат берди. Негизи Камил Рузиев күбө катары бир иш боюнча өтүп жаткан, бирок аны жанында паспорту жок экен деген жүйө менен 48 саатка камакка алганы өзү мыйзамсыз аракет, мен мындайды биринчи жолу көрүп жатам».

Рузиевдин камалышын жарандык коом катуу сын менен кабыл алды. Маселен, «Саясий репрессияга каршылык комитетинин» атайын билдирүүсүндө коррупция менен күрөшкөн укук коргоочу - активисттерге чагым жасалып жатканы айтылды.

Уюм мында атайын кызмат тарабынан караколдук укук коргоочу жана активист Камил Рузиевдин кармалышын, Бишкектеги «Шаардагы парктар» ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиеванын суракка алынышын айыптаган.

Ал эми “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси, укук коргоочу Азиза Абдирасулова активисттин ишин көзөмөлгө ала турганын билдирген. Жарандык коомдун башка да өкүлдөрү Рузиевдин кылмыш жасаганынан күмөн санап, анын кармалышын сындап чыгышты.

Ошол эле кезде ар бир адамдын шектүү аракети үчүн укук коргоо органдарына иштөөгө толук мүмкүнчүлүк берилиши керек дегендер да бар. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Надира Нарматова ким экендигине карабастан мыйзам бузган ар бир адам жоопкерчиликке тартылышы керек деп эсептейт.

“Кыргыз мамлекети өз алдынча эгемендүү мамлекет. Өзүнүн Конституциясы, герби, туусу бар. Өзүнүн жарандарына кепилдик бере турган, мыйзам менен корголо турган Конституциябыз иш жүзүндө иштеп жатат. Ошондуктан Конституциянын негизинде, кабыл алынган мыйзамдардын негизинде ким экендигине карабастан Кыргызстандын жараны, укук коргоочубу, жөнөкөй катардагы жаранбы, улутуна, рассасына жана башкасына карбай, мыйзам алдында жооп бериши керек”, деди Надира Нарматова.

Жарандык активисттерди кармоо жана суракка алуу Жогорку Кеңеште өкмөттүк эмес уюмдардын (ӨЭУ) ишин көзөмөлдөө жана жарандардын Интернет аркылуу пикирин билдирүүсү боюнча талаштуу мыйзам долбоорлору иштелип чыгып, алар коомдо карама-каршы пикирлерди жаратып жаткан учурга туш келди.​

Ошурахунова: Жарандык коомду жаманатты кылуу аракети болууда

Демократияны коргоо жана жарандык коом коалициясынын жетекчиси, активист Динара Ошурахунова Камилжан Рузиевге, Калича Умуралиевага карата болуп жаткан соттук териштирүүлөрдү сынады. "Азаттыкка" берген маегинде Ошурахунова "президент, Жогорку Кеңеш УКМКнын бул жүргүзгөн ишмердүүлүгүнө унчукпай отурганы коркунучтуу көрүнүш" деп айтты.

Динара Ошурахунова: Албетте, бул абал өтө кооптуу. Себеби Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) чындыкты айтып чыккандардын оозун басыш үчүн токулган кылмыш иштерге кириптер кылып, камап коюп жатат. Парламентте бейөкмөт уюмдардын ишин чектөө боюнча мыйзам долбоору эми үчүнчү окууда каралганы жатпайбы. Ошого карата УКМК аракет кылып жатканын көрсө болот. Бул жерде коррупционерлер менен түздөн түз күрөшпөй, жемкорлор тууралуу ачык айткан, аларды сындаган активисттерди куугунтукка алууну социалдык медиада да жазып жатышпайбы, “чириген балык ыкмасы” деп коёт экен.

Учурда активисттерди айыптап, элге жаман көрсөтүп, элди ошого ынандырып, акыры чындыкты айткандарды бөлүп, обочолонтуп, жек көрүндү кылып туруп камап, бул конторанын ишине элди үгүттөп, ишендирүү аракети жүрүп жатат. Эмне үчүн мындай кылып жатат? Бул эми бийликтин түздөн-түз саясаты деп ойлобойм.

Биздин “контора” ар дайым Кремлдин саясатын тымызын жүргүзүп келген. Ошондуктан азыр президентти алсыздандырып, бийлик структуралары менен жарандык коомду тирештирип койгонго аракет жасап жатышат. Анткени биз тирешип турсак мамлекетибиз алсыз болуп, тышкы саясий күчтөр өз кызыкчылыгын оңой ишке ашыра алат.

“Азаттык”: Негизи эле азыр жарандык коом болобу, коомчулукпу, айтор элдин оюнда ушундай камоонун артында президент турат деген түшүнүк жайылган. Мындай шартта жарандык коом, эл камоого каршы чыгыш үчүн эмне кылышы керек? Эгер жаңы мыйзам кабыл алынса анда тоскоолдуктар да көбөйөт да.

Динара Ошурахунова: Жарандык коом тынбай эле бийликке кайрылып жатат. Бийлик эми аны угушу керек. Бирок унчукпай эле, мындай иштерге көңүл бурбай жатат, өз жайына койду. Ошондуктан жарандык коом нааразы болуп, бийликке да ишенбей калды. Азыр Жогорку Кеңеш, президент “конторанын” ишмердүүлүгүн карап, алардын азыркыдай туура эмес аракеттери боюнча бир тыянак чыгарып, чара көрүшү керек, же сөзсүз түрдө өзүнүн позициясын айтышы зарыл.

Азыр президент Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылып, алынган грант, насыяларды реструктуризация боюнча суранганы жатпайбы. БУУнун позициясын баарыбыз билебиз, кайсы бир өлкөдөгү адам укугун коргоо, мыйзамдуулук начарлап бара жатса, ошого өзгөчө көңүл бурат. Мындай шартта президентке жардам бериш керек эле да. Эгерде ошол “конторанын” ишин бийлик көзөмөлгө алып, мыйзамдуулук өкүм сүрсө БУУ да бизди жакшы баалап, "Кыргызстанда адам укугу сакталат экен, мыйзамдуулук бар" деп өздөрү да бизге жардам бергенге көбүрөк кызыкдар болот да.

Бирок бизде демократия ушинтип эле ыдырай берсе, бийлик унчукпай отурса, “контора” укук коргоочуларды кармай берсе эмне болот? Активисттерге болбогон бир кылмыш ишин ачып, камап, соттук иштерди да жабык өткөрүп жатканы эмне деген иш? Буга чейин абдан олуттуу кылмышкерлерди соттон бошотуп, абактан чыгарып кетип жатышат. Ошол эле бийлик менен тааныш, акчасы көп кылмышкерлер оңой эле эркиндикке чыгып жатат. Ал маалда бир укук коргоочу, адвокат же активисттин соту жабык болуп, тергөө абагынан чыга албай жатпайбы. Биз каякка баратабыз? Мунун баарын эл аралык коомчулук аябай тыкыр карап отурат, мониторинг кылып жатат. Албетте, биз эми кантип унчукпай отура алабыз? Бизди камап, куугунтуктап жатса кантип отуруп беребиз?

Биз азыр бийликке, президентке, Жогорку Кеңешке абал улам начарлап баратканын айтып кайрылып жатабыз, "карагылачы, ушул кантип болсун?" дедик. Бири-бирибизге каршы болбой, чогуу иштейли, “конторанын” мындай ыпылас иштерине жол бербейли деп жатабыз. Антпесек, карыздан башы чыкпаган, туруксуз, жакыр өлкө бойдон калабыз да.

“Азаттык”: Сиз айткан проблемаларды көтөрүп чыгып, бийик деңгээлде талкууга койчу Жогорку Кеңеште же бийликте дипломат, кесипкөй адистер барбы?

Динара Ошурахунова: Жок. Тилекке каршы, бизде кесипкөйлөр жетиштүү эмес, экинчиден, биздегилердин баары коркок. Анткени бизде азыр каалаган адамга кылмышты илип койсо болот. Ошондуктан саясатчылар, депутаттар унчуга алышпайт. Себеби, ар биринин артында бизнеси, топтогон байлыгы бар да. Алардын баарын биздин эч ким көзөмөлдөй албаган “контора” ажыдаардай үркүтүп, коркутуп алган. Керек болсо булар азыр президентке деле баш ийбейт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG