Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:11

Сопоков айып пул менен абактан бошотулду


Эркин Сопоков.
Эркин Сопоков.

Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы баш консулу Эркин Сопоковго акчалай айып пул салынып, сот залынан бошотулганы белгилүү болду.

Резонанстуу иштин фигуранты болгон Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурдагы баш консулу Эркин Сопоковдун абактан бошотулганын коомчулук эки жума өткөндөн кийин билди.

Көрсө, Бишкектин Биринчи май райондук соту 10-июлда Сопоковдун ишин карап 300 миң айып пул салып, сот залынан бошоткон экен. Аталган соттун маалымат катчысы Айзада Момунованын маалыматы боюнча экс-консул Кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган:

“Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 10-июлундагы өкүмүнө ылайык, С.Э.М. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен күнөөлүү деп табылды".

Момунова кошумчалагандай, Сопоков башка жакка кетпөө шарты менен сот залынан бошотулган. Маалыматка караганда бөгөт чара өкүм күчүнө киргенден кийин жокко чыгарылат. Өкүм отуз күндүн ичинде күчүнө кирет.

Соттун сайтка жарыяланган маалыматына караганда Сопоков коюлган күнөөнү мойнуна алып, анын негизинде мамлекеттик айыптоочу менен 2020-жылдын июнь айында келишим түзгөн. Эки тараптуу келишимдин негизинде Биринчи май райондук соту экс-баш консулду үч эпизод боюнча күнөөлүү деп таап, жазаны соттук териштирүү жүргүзбөй туруп чектеген.

Мындай жол менен былтыр эң резонанстуу иштин каарманына айланган Эркин Сопоков эркиндикке кое берилди.

Эркин Сопоков деген ким?

53 жаштагы Эркин Сопоков 2019-жылдын ноябрь айына чейин Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы башкы консулу болуп иштеп келген. Коомчулукка мурда көп деле таанымал эмес Сопоковдун аты ушул шаарда киши колдуу болгон кытайлык уйгур улутундагы ишкер Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн соң белгилүү болгон. Анткени Саймаити киши колдуу болгон учурда анын айдап жүргөн автоунаасына Кыргызстандын консулдугуна таандык дипломатиялык номер тагылганы аныкталган. Мындан соң териштирүү башталып, Сопоковдун Кыргызстанда издөөдө жүргөн уйгур ишкери менен жакын мамиледе болгону ачыкка чыккан.

Дал ушул иштен соң Эркин Сопоков кызматтан алынып, ага карата консулдукка таандык дипломатиялык номерди мыйзамсыз берген, мыйзамсыз жол менен акча тапкан жана жубайы Стамбулда жашабаганына карабай бюджеттен 30 пайыздык төлөмдү, медициналык жана башка чыгымдарга 31 миң доллардан ашык каражатты мыйзамсыз алып жүргөн деген айып тагылган.

Сопоков 2019-жылдын 28-ноябрында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылып, ошол эле күнү камакка алынган. Ошондон бери ал УКМКнын тергөө абагында болчу.

Эркин Сопоковдун ысымы экинчи ирет быйыл март жазында кайрадан талкууга түшкөн. Бул жолу аны УКМК баалуу күбө катары өз пайдасына колдонгон эле. Тагыраагы, Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссияга УКМКнын тергөөчүлөрү журналистке каршы көрсөтмө берген эки күбөнүн бири катары Эркин Сопоковдун тергөө учурундагы видеосун парламентте көрсөткөн.

Анда экс-консул Айеркен Саймаити «Азаттыктын» кабарчысы Али Токтакуновго Стамбул шаарында 50 миң доллар бергенин маркум ишкердин өзүнөн укканын айткан жайы бар.

Бирок журналист жана “Азаттык” радиосу бул көрсөтмөнүн чындыкка коошпой турганын билдирген.

Ошондуктан, Эркин Сопоковдун абактан бошотулганы жөнүндө маалымат белгилүү болору менен көпчүлүк анын дал ушул тергөө менен кызматташканын эстешти.

Атүгүл ага жеңил жазанын берилгенин да ушул бийлик жана укук коргоо органдары менен жакшы мамиледе болгону менен байланыштырышты.

“Үмүт 2020” кыймылынын мүчөсү Нурсултан Акылбектин айтымында, Сопоковдун иши өлкөдө бийликтин коррупцияга каршы күрөш, сот адилеттиги боюнча убадаларынын ишке ашпаганын белгиси:

“Биринчиден, мындай чечимдер өлкөбүздүн репутациясына сокку урат. Анткени, күч түзүмдөрү Саймаити менен Сопоковдун жакын мамиледе болгонун көрсөтүп берген. Дал ушул Саймаитинин өлүмү, ал чыгарган акча боюнча териштирүүнүн ордуна дал ушул кылмыштуу схеманы ачыкка чыгарган журналистике каршы көрсөтмө алып, бошотуп жибергени биздин өлкөбүзгө чоң сокку урду деп эсептейм. Башка өлкөлөрдө кылмыштуу аракеттерди ачыкка чыгарган резонанстуу иштердин бетин ачкан журналистке чабуул жасабай, ага катышы бар адамдарды жазаламак. Биздин күч түзүмдөрү чектен чыгып, мамлекеттин да абройуна шек келтирип жатышат”.

Бирок Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев Эркин Сопоковдун айып пул менен эркиндикке чыгууга мүмкүнчүлүгү бар экенин эскертүүдө:

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

“Сопоковго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” деген айып тагылган. Ал кыянаттык кылып мамлекетке зыян келтирген жок. Эгер кайсы бир материалдык зыян келтирсе балким башкача болмок. Бирок дипломатиялык номерди берүү чоң деле кылмыш эмес. Ошону эске алуу менен ушундай чечим чыгарышса керек”.

Ошол эле учурда Эркин Сопоковдун пандемия маалында көпчүлүк мамлекеттик органдар иштебей, элдин көңүлү дал ушул коронавируска бурулуп жаткан кезде тымызын эркиндикке бошотулушу көптөгөн суроолорду жаратты. Муну пандемияны өз пайдасына колдонуу катары сыпаттагандар да чыгууда.

Конституциялык палатанынын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова акыркы учурда соттор гумандаштыруу деген принципти өз максатына колдонууга өткөнүн айтууда:

“Жалаң эле коррупция боюнча беренени алдамчылык деп, “пара алууну” “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” деп өзгөртүп, көпчүлүк иштерди айып пул чектөө менен эле кыскартып атышат. Мен бир нече соттун чечимин талдап чыктым. Соттор каалагандай чечим чыгарууда. Ал эми Сопоковдун ишинде албетте кийлигишүү болду деген күмөн саноо бар. Сопоков көп нерсени билет, ошон үчүн сүйлөшүп чыгарышты. Илмияновдун иши деле ушул сыяктуу болду деп ойлойм".

Чынында эле Сопоковдун абактан чыкканы жөнүндө жөнүндө маалымат тараары менен эки күн мурун жатак абакка которулган Икрамжан Илмияновдун ишин эске салышты. Сопоков да Илмиянов сыяктуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бир кездеги айдоочусу болгон. Ошондой эле Атамбаев президент болуп турган кезде кызматтан кызматка көтөрүлүп, дипломатиялык тажрыйбасы жок экенине карабай Стамбулдагы баш консулдукка дайындалган. Экөө тең кылмышка шек саналып, камалып аз өтпөй пандемия учурунда табышмактуу жагдайда эркиндикке чыгып жатышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG