Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-июль, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:07

Мыйзамсыз баюу: тандалма иштеген мыйзам


Иллюстрация

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аскарбек Шадиев Жазык кодексинин «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен сыртынан соттолду. Бул Кыргызстанда аталган берене боюнча сот чечими чыккан алгачкы иштердин бири.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Аскарбек Шадиевди Жазык кодексинин «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 10-июнда беш жылга абакка кести. Андан тышкары эки жылга чейинки мөөнөткө мамлекеттик кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратып, 60 миң сом айып салды.

Ушул эле райондук сот Шадиевди 2018-жылы «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери менен 10 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен өзүнө издөө жарыяланган.

Ошентип, мурдагы Кылмыш-жаза кодексинин «Бир нече кылмыш жасаганы үчүн жаза белгилөө» беренесинин негизинде буга чейинки чечимдерди кошкондо сот Шадиевди баш-аягы 13 жылга кести.

Аскарбек Шадиев.
Аскарбек Шадиев.

Бул - Кыргызстанда «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча сот чечими чыккан алгачкы иштердин бири болуп калды. Шадиевдин жактоочусу Учкун Каримов Биринчи май райондук сотунун чечимине макул эмес экенин жана кийинки инстанцияга арыздана турганын билдирди.

Экс-депутат, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев 2018-жылы 27-апрелде Баткен облусунун аймагындагы көзөмөл өткөрмө бекетинен өтүп, дипломатиялык паспортун пайдаланып, Тажикстан, Орусия аркылуу Кошмо Штаттарга качып кеткени белгилүү болгон. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы ага издөө жарыялаган. Бирок ушул күнгө чейин кармала элек.

Жумалиевдин үйүндө тинтүү жүрдү

Шадиевге чыккан сот чечими «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча козголгон иштер жана анын кимдерге колдонулуп жатканы тууралуу маселени козгоду. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун 21-майда парламентте берген маалыматына караганда, 2019-жылы «Мыйзамсыз баюу» беренесине байланыштуу 19 материал Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Жамшитов алардын чоо-жайы тууралуу толук айткан жок.

Ушул тапта Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевге карата «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде териштирүү жүрүп жатат. Ишти иликтеп жаткан Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Жумалиевге жана анын жакындарына таандык көп сандагы мүлк табылганын кабарлаган. Бирок аны жарыялай элек. Иликтөө иштеринин алкагында май айынын аяк ченинде депутаттын үйү тинтүүгө алынганын адвокаты Бакытбек Жумашев билдирди.

«Мыйзамсыз эч нерсе табылган жок. Болгону, Жумалиевдин кызына таандык 20 миң доллардан ашык акчаны алып кетишти. Аны эмненин негизинде алып кетишти, түшүнүксүз. Биринчи май райондук сотунун токтомдоруна апелляциялык даттануу киргиздим. Себеби тергөөнүн тинтүүгө берген уруксаты «Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө» мыйзамга каршы келет. Бул мыйзамдын 24-беренесинде «Жогорку Кеңештин депутатынын үйү, мүлкү тинтүүгө жатпайт» деп жазылып турат. Бул боюнча Жазык-процесстик кодексте атайын эрежелер бар».

Финансы полициясы бул тууралуу маалымат бере элек. Комментарий алыш үчүн телефон чалып байланыша алган жокпуз.

Негизи Кубанычбек Жумалиевге жана анын жакындарына таандык мүлк салыштырмалуу тез убакытта аныкталды. Финполиция мыйзамсыз баюу боюнча 12-майда териштирүү башталганын кабарлап, 26-майда депутатка жана анын жакындарына таандык көп сандагы мүлк табылганын жарыялады.

Бирөөгө иштеп, экинчисине иштебеген мыйзам

Ошол эле кезде ушул берене боюнча шек саналган айрым адамдардын иши жылдап иликтенип жатканы менен азыркыга чейин жыйынтык жок. Жарандык активист Азият Жекшеев муну мүлк териштирүүдө бийликтин кош стандарттуулугу катары баалады:

Азият Жекшеев.
Азият Жекшеев.

«Качып кеткен кишинин артынан сот чечимин чыгарып жазалап коюш оңой. Ошол эле Бакиевдерге деле сот чечими чыкпады беле. Чиновниктин колунда бийлиги турганда ага эч ким эч нерсе дей албайт. Кызматтан кеткенде эле ушундай чара колдонулат. Ал эми бийликте турганда эң чоң жаза – кызматтан кетүү гана болуп калды. Мыйзамсыз байып, бирок бийликтин сөзүн сүйлөгөн киши болсо аны эч ким камабайт, иш козгобойт. Мисалы, Райымбек Матраимовдун окуясы. Эмне үчүн анын мүлкүн мамлекетке алып коё алышпайт? Бул жерде бардыгы жасалма, тандалма экени көрүнүп турат».

2018-жылы декабрда жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү аты аталган Райымбек Матраимов жана анын байлыгы тууралуу фактылар териштириле турганын убада кылган.

Финансы полициясы президенттин сөзүнөн кийин Матраимовдун мүлкүн текшерип жатканын айтып келет, бирок жыйынтыгы тууралуу маалымат жок. Күч органдары буга чейин мүлк текшерүү оңой иш эмес экенин, ал үчүн чет өлкөгө да суроо-талаптарды жиберип, жооп күтүүгө туура келерин жүйө кылышкан. Матраимовдор болсо алардын дарегине айтылган дооматтарды четке каккан.

Коррупцияга каршы «Таза Кол» аттуу фонддун жетекчиси Расул Умбеталиев кимдин эмне байлыгы бар экенин текшерүү анчалык да оор эмес экенин айтып жатат:

Расул Умбеталиев.
Расул Умбеталиев.

«Бийлик коррупция менен чындап күрөшөм десе кайсы гана адамдын болбосун мүлкүн жарым саатта аныктап койсо болот. Жашаган хан сарайын, айдап жүргөн машинесин текшерсин. Тууган-уругуна жазылган завод-фабрикаларды карасын. «Бул акчаны кайдан алдың?» деген эле суроого өмүр бою мамлекеттик кызматта иштегендердин бири да жооп берип, түшүндүрө албайт. Буга убакыт деле кетпейт да. Болгону бийликтин саясий эрки керек».

«Мыйзамсыз баюу» деген берене 2019-жылдын башынан тартып иштей баштаган. Маалымат боюнча, бул берене менен биринчи жолу мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге айып коюлган. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат.

Ушул берене менен иш козголгондордун арасында Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков да бар. Ал 200 миң доллар тапкан, бирок 47 миллион сомго кыймылсыз мүлк алган деп шек саналып жатат. Ушуну менен «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча айып коюлган төрт кишинин аты белгилүү болду.

Саясатчы Кубанычбек Кадыров мүлккө байланышкан акыркы окуялар тууралуу комментарий берип жатып, бийликтин коррупция менен күрөш боюнча ишин мактады:

«30 жылдын ичинде мыйзамсыз байыгандар боюнча бир да иш козголгон эмес. Азыр болсо иштер ачылып, сот жүрүп, кээ бири жазасын алып жатат. Бул - коррупция менен күрөштүн бирден-бир белгиси. Себеби, чиновниктер бир да күн бизнесте жүрбөй ушунча байлыкты тапканы шек жаратат. Мамлекеттик кызматта отуруп чоң-чоң тендерлерге катышып утуп жаткандары да бар. Мен акыркы соттук иштерди туура деп эсептейм».

«Мыйзамсыз баюу беренесин баарына колдонсо болот»

Дагы бир маселе, мыйзамсыз баюуга шек саналган адамдардын камакка алынган мүлкүнүн тагдыры боюнча так маалымат жок. Мисалы, Аскарбек Шадиевдин жалпы суммасы 1 миллиард 852 миллион сомдук мүлкү камакка алынганы айтылган. Анын канчасы мамлекетке өткөнү, кайсы мүлкү камактан чыгарылганы тууралуу күч органдары маалымат бере элек.

Коррупция менен күрөш боюнча эксперт Эркайым Мамбеталиева «элге отчёт берилбесе, бийликке болгон ишеним төмөндөй берет» деп, мыйзамсыз боюу боюнча иштерде декларация маанилүү экенин белгиледи:

«Чындап келгенде «Мыйзамсыз баюу» беренесин азыр мамлекеттик кызматта турган жана мурда иштеп кеткен адамдардын баарына колдонсо болот. Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер канча жылдан бери декларация толтурушканы менен аны кайра текшерүү механизми иштебей келатат. Адамдын тапкан кирешесин жана чыгашасын бат эле аныктап койсо болот. Азыр санариптештирүү деп айтып жатабыз, санариптештирүүнү ушуга колдонолу да. Кыргызстанда бийликке керек учурда декларацияны алып чыгышат. Ал эми кереги жок болсо, жашырып коюшат».

Президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы президенттик шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө мыйзамсыз байыган адамдардын тизмесин билерин айтып, катуу чара көрөрүн билдирген. Бирок ал тизмеде кимдер бар экени коомчулукка ушул күнгө чейин белгисиз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (13)

XS
SM
MD
LG