Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Сопоков 2020-жылдын 28-январына чейин камакта болот


Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2020-жылдын 28-январына чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалганын "АКИпресс" агенттиги жазып чыкты.

28-ноябрда мурдагы консул Эркин Сопоков УКМКга суракка чакырылып, андан кийин камакка алынган.

УКМКнын түшүндүрмөсү боюнча, Эркин Сопоковго үч эпизод боюнча айып коюлууда.

Алардын бири - «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу». Сопоков дипломаттык номер тагылган өзүнө таандык «Рейнж Ровер» үлгүсүндөгү автоунаасын Стамбулда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге жана башкаларга мыйзамсыз берген деп шек саналууда.

Мындан сырткары мурдагы башкы консул Жазык кодексинин «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча 200 миң доллар тапкан, 47 миллион сомго кыймылсыз мүлк алган деп шек саналып жатат.

Буга кошумча катары Эркин Сопоков консул болуп турган кезинде жубайы Стамбулда жашабаганына карабай бюджеттен 30 пайыздык төлөмдү, медициналык жана башка чыгымдарга 31 миң доллардан ашык каражатты мыйзамсыз алып жүргөнү айтылууда.

Эркин Сопоков 11-ноябрда кызматтан бошотулган.

XS
SM
MD
LG