Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:02

Аскарбек Шадиевге өкүм чыкты


Аскарбек Шадиев.
Аскарбек Шадиев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиевди 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияда эркинен ажыратуу жана мүлкүн мамлекетке чегерүү жөнүндө өкүм чыгарды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Прокуратура аны 11 жылга түрмөгө кесүүнү соттон өтүнгөн.

Шадиевге Башкы прокуратура алгач "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон. Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда жүргөнү кабарланып, Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренесинде каралган белгилер боюнча иш козголгон.

Бүгүнкү өкүм жогорудагы эки айып боюнча чыкты. Мындан тышкары, ага "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо" беренеси боюнча да айып коюлган. ​Шадиевге издөө жарыяланган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2-ноябрда Шадиевди депутаттык мандаттан ажыраткан. Буга парламенттеги "Бир Бол" фракциясы жазган арыз негиз болгонун БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов 5-ноябрдагы брифингде билдирип, Шадиевдин фракцияга жазган арызынын нускасын көрсөткөн. Ага Шадиевдин колу коюлган. Шадиев болсо өзү кийин билдирүү таратып, өз каалоосу менен арыз жазганын четке каккан.

XS
SM
MD
LG