Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 10:51

«Терип» камаган тергөө


Иллюстрациялык сүрөт

«Үмүт 2020» кыймылынын негиздөөчүсү Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаевдин алдамчылык боюнча шектүү катары камакка алынышы талкууланып жатат.

19-декабрда Алматы аэропортунда кармалып, Кыргызстанга алып келинген Сыргак Кенжебаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, экс-депутаттын күйөөсү алдамчылык боюнча шектүү катары каралууда.

Ширин Айтматова күйөөсүнүн камакка алынышын өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырууда. Ал билдирүү таратып, басымга карабай бийликтин осол иштерин ашкерелөөнү уланта берерин билдирди:

Ширин Айтматова
Ширин Айтматова

«Күйөөмдүн кармалышы «Үмүт 2020» кыймылынын ишмердигине түздөн-түз байланыштуу. Бул камакка алуу менен ууруларга каршы күрөшүбүздү токтоткусу келип жатат. Укук коргоо органдары коррупция менен күрөшүүнүн ордуна өлкөнү уурулардан арылтууну каалаган биз менен күрөшүп жатат. Күйөөмдүн кармалышына, тарапкерлерибизге карата куугунтукка карабай «Үмүт 2020» кыймылы өлкөдө адилеттүүлүктү орнотууга умтулуп, карапайым элдин нанын талашкан ууруларга каршы күрөштү улантат»,-деди Айтматова.

Укук коргоо органдары Кенжебаевдин кармалышы мыйзам чегинде болгонун жана ага карата кытайлык ишкерлердин 350 миң долларын алуудан башка да арыз бар экенин билдиришти. Бирок экс-депутаттын күйөөсүнүн Казакстанда аэропортто кармалып, тезинен өлкөгө кайтарылышы бир катар суроолорду жаратты.

Алгач болуп "«Алдамчылык» беренеси боюнча козголгон кылмыш иши менен УКМК кандай негизде алектенди?" деген суроо жаралды. Ошондой эле «Оор кылмыштарга айыпталып, из жашырып кеткен мурдагы аткаминерлерди да ушундай уюшкандык менен алып келүүгө болобу?» деп собол таштагандар чыгууда.

Кенжебаевди Казакстандан кармап келүү боюнча операцияны ишке ашырган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул операциянын кеңири жагдайын маалымдай элек. Комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов «кылмыш ишинин алкагында эле алып келингенин» түшүндүрдү:

Рахат Сулайманов
Рахат Сулайманов

- Ага козголгон кылмыш иши Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталыптыр. Ошол кылмыш ишинин алкагында эле кармалып келди.

Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кенжебаевдин мисалында укук коргоо органдары чындап кааласа четте жашырынып жүргөн шектүүлөрдү кармап келерин, бирок айрым адамдарга карата андай иш байкалбасын билдирди:

- Айта келсең абдан көп мисал бар. Маселен, ошол эле Аскар Шадиевди көрмөксөнгө салып, качканга жардам беришти. Алгач соттолуп, кийин эркиндикке мыйзамсыз коё берилген Мамкаттоонун кызматкери Насирбек Алмаматовду таппай жатышат. Мурдагы президент Бакиевдин жакындары коңшу Казакстанда ээн-эркин жүргөнү ачык эле айтылып келет. Менимче, бул жерде жөнөкөй кишилерди дароо эле кармап алышат, анан таасирдүү же акчасы бар адамдарга келгенде эле таппай калышат.

Эгемендик жылдарында эки жолу ыңкылапты баштан кечирген Кыргызстанда ар кыл кылмыштарга айыпталган мамлекеттик кызматкерлердин өлкөдөн из жашырып кеткен учурлары жаңылык эмес. Маселен, Апрел ыңкылабынан соң мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон бир нече адамга оор айыптар тагылып, алды сыртынан өмүр бою соттолгон. Алар учурда Беларус, Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдө ээн-эркин жашап жүргөнү маалым.


Буга кошумча акыркы эле жылдары мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев Баткен аркылуу Тажикстанга өтүп, кийин АКШга кеткени белгилүү болгон. Андан соң кылмыш иши козголгон УКМКнын мурдагы башчысы Бусурманкул Таабалдиев, Мамлекеттик каттоо кызматынын экс-төрайымы Алина Шаикованы укук коргоо органдары таппай калышкан.

Соңку учурда болсо соттун чечими менен 12,5 жылга кесилген Мамлекеттик каттоонун кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовду кайра камакка алуу аракетинен майнап чыкпай жатат. Бирок ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов укук коргоо органдары четке из жашырып кеткендерди кайтаруу боюнча бардык аракеттерди жасап жатканын билдирди:

Мирлан Каниметов
Мирлан Каниметов

- Издөөгө жарыялангандардын баары боюнча эле иш жүрүп жатат. Мисалы, акыркы эле айда Москвада 24 адам кармалды. Биздин кызматкерлер аларды Минск келишиминин негизинде өлкөгө алып келгени жатат. Ошол сыяктуу Минск, Ереван келишимдеринин негизинде КМШ өлкөлөрүндө жашырынып жүргөндөрдү кармап келүү боюнча иш жүрүп жатат. Бирок Британия, АКШ сыяктуу өлкөлөр менен тиешелүү келишим болбогондуктан, айрым адамдарды алып келүү кыйын болууда.

Адатта чет өлкөгө чыгып кеткен кылмышкерлерди кармоо боюнча эл аралык издөө жарыяланып, Интерполго маалымат берилет. Интерполдун линиясы боюнча 34 кыргызстандык изделип жатканы аталган органдын расмий сайтында көрсөтүлгөн. Алардын арасында Кыргызстанда оор кылмышка айыпталган же шектелген мурдагы чиновниктердин, саясатчылардын аты-жөнү көрүнбөйт. Буга чейин кыргыз бийлиги өлкөдөн чыгып кеткен бардык саясатчыларга эл аралык издөө жарыяланганын билдирип келишкен.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (8)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG