Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-август, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:48

Абактагылардын түпөйүл кылган абалы


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыйноого каршы коалиция Жогорку сотко кат жолдоп, COVID-19 вирусуна байланыштуу тергөө абагында жаткандардын бөгөт чарасын өзгөртө турууну сунуштады.

Аталган уюм Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчилигине кайрылып, жыл башынан бери абакта өлгөндөр тууралуу кенен маалымат берүүнү сурады.

Кыйноого каршы коалиция уюму коронавирус инфекциясын жуктургандар кескин көбөйүп жаткан учурда Кыргызстандын жабык жайлары кабатырлануу жаратып жатканын белгилейт.

Уюм Бишкектеги 1 325 орундуу 21-тергөө абагында кармалгандар 1200гө жетип калганын белгиледи. Ошондуктан коркунучу аздарды, шарттуу түрдө бошотсо боло тургандарды абактан мөөнөтүнөн мурда чыгаруу керек экенин билдирди.

Коалициянын Жогорку сотко жолдогон кайрылуусунда Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештке караштуу Өндүрүштү жана ишкерчиликти өнүктүрүү комитетинин экинчи отурумунда президент Сооронбай Жээнбековдун «экономикалык мүнөздөгү кылмыш жасагандарды сөзсүз камакка албай, чыгымдын ордун толтуруу керек» деген сөзүн келтирип, сотторду түрмөдөн сырт жаза чегерүүгө чакырды.

Уюмдун өкүлү Нагима Озокеева соттолуучулардын арасында камак менен байланышпагандарга альтернативдүү чечимдерди чыгарып турууну сунуштады.

«Камакта отурган адамдардын абактан COVID-19 илдетин жугузуп алуу коркунучу күч. Себеби түрмөдөгү шарттын начардыгы жана ыкчам медициналык тейлөө кызматынын жоктугу ал жактагы адамдардын жана кызматкерлердин ден соолугу үчүн «катастрофалык кесепетке» алып келиши ыктымал. Ушундан улам алардын баш коргоо чарасы өзгөрүшү керек. Мындан сырткары Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтан 2020-жылдын 1-январынан ушул күнгө чейин абакта каза болгон адамдар тууралуу ачык маалымат беришин сурандык. Азырынча жооп келе элек».

Аталган уюм ушундай эле кайрылууну март айында да өкмөткө жолдогон. Мындан тышкары “Бир Дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылы жана “Саясий репрессияга каршы комитети” да өлкө бийлигине кайрылып, пандемия учурунда абактардын абалына көңүл бурууга чакырган. Бул кайрылууга президенттик аппарат расмий жооп бере элек.

Жаза аткаруу кызматы Кыргызстандын “абактарында абал туруктуу экенин, камалгандар арасында коронавирус жугузду деп шек саналгандар жок экенин” билдирип келет. Өлкөдө жарыяланган өзгөчө абал режиминде абактагылар менен жолугушуулар убактылуу токтогон. Учурда жабык жайда кармалып жаткандар менен жактоочулардын айнек терезе аркылуу байланышуу мүмкүнчүлүгү бар. Мекеменин басма сөз катчысы Самат Калыков буларга токтолду:

«Абал туруктуу. Эпидемиологиялык абал курч эмес. Санитардык эрежелер сакталууда. Дары-дармек жетиштүү. Соттолгондор менен соттолуучулардын арасында COVID-19 менен ооругандар каттала элек. Бул тууралуу биз күн сайын Саламаттык сактоо министрлигине жана коронавируска каршы республикалык ыкчам штабга билдирип турабыз».

16-июлда ЖАМКнын 75 кызматкери "пневмонияга чалдыкты" деген маалымат чыккан. Май айынан бери аталган дарттан 33 кызматкер сакайып, 42 адам дарыланып жатканы кабарланган. Бирок абакта кармалгандар арасында илдетке чалдыккандар тууралуу маалымат так айтыла элек.

УКМКнын тергөө абагында жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 30-июнда эки тараптуу пневмонияга кабылып, абактан президенттин иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасына которулуп дарыланып чыкты. Ал тергөө абагына кайра 9-июлда которулган.

Мындан сырткары Кой-Таш окуясы боюнча шек саналып абакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбековдун да ден соолугу жакшы эместигин адвокат Замир Жоошев билдирди.

«Равшан Жээнбеков гепатит жана кант диабети менен ооруп жатат. Абакта ага жетиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөн жок. Эгер ага коронавирус жуга турган болсо абалы оорлоп, өмүрүнө коркунуч келет. Ошондуктан ал абактан чыгып, өзүнүн каражаты менен дарыланып алышына ЖАМК мүмкүнчүлүк түзүп бериши керек. Эгерде сот отурумдары болсо, Равшан Жээнбековдун ден соолугуна байланыштуу соттон аны үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтиребиз».

2010-жылы июнь окуяларында "массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан" деп айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин абакка кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун да ден соолугу кескин начарлап кеткени айтылууда. Анын адвокаты Валерьян Вахитов кардары ооруга чалдыкканына байланыштуу абактан чыгарууну Жаза аткаруу кызматынан талап кылган.

Эл аралык «Фергана» басылмасынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Даниил Кислов 20-июлда “Фейсбуктагы” баракчасына “Азимжан Аскаров катуу ооруп жатат жана өзүн абдан начар сезүүдө. Менин жеке булагым кабарлагандай, анын дене табы он күндөн бери көтөрүлүп жатат, ал өтө оор дем алып, төшөгүнөн дээрлик тура албай калды. Ал эч кандай медициналык жардам ала албай жатат, диагнозу да белгисиз" деп жазган.

Ал эми ЖАМКтын басма сөз катчысы Самат Калыков Азимжан Аскаровдун саламаттыгы тууралуу айтылгандарды төгүнгө чыгарып, анын ден соолугу жайында экенин билдирди. Ал укук коргоочуну дарыгерлер күнү-түнү көзөмөлгө алып жатканын, дене табы көтөрүлбөгөнүн, дем алуусу талаптагыдай экенин кошумчалаган.

Бирок Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Азимжан Аскаровдун абалына байкоо салган мезгилде анын дене табы бир нече күн бою өйдө-ылдый болуп, 38,5 градуска чейин жеткенин, кан басымы нормадан бир аз төмөн болуп жатканын кабарлады. Жолугушуу учурунда Азимжан Аскаров муундары ооруп, табити жоголуп, көңүлү айланганын айткан.

Акыйкатчы Токон Мамытов учурда жабык жайларда жаткандардын ден соолугун текшерип, абалды билүү үчүн мониторинг жасап жатканын анын, жыйынтыгы кийинки аптада белгилүү болорун билдирди.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова да буга чейин бийликти коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында камакта отурган айрым категориядагы адамдарды бошотууга да чакырган. Ал абакта коронавирус жайылса, кесепети өтө оор болот деген пикирде.

«Бириккен Улуттар Уюмунун Кыйноого каршы комитети пандемия башталганда “абактагы адамдардын акыбалын жеңилдеткиле” деп, бүт мамлекеттерге кайрылып үч жолу резолюция чыгарды. Мунун негизинде көптөгөн өлкөлөрдөгү абактагы адамдар бошоду. Бирок аны Кыргызстан аткарган жок. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев пневмонияга кабылды. Демек, жабык жайлардын ичинде вирус таркап жатат. Биздин абактардагы шарттар эл аралык стандарттарга туура келбейт. Бир кичинекей бөлмөдө бир нече киши отурат. Эгер вирус бир эле адамга жукса, бүтүндөй абактагыларга тарап кетиши мүмкүн».

Укук коргоочулар дүйнөдө коронавирус эпидемиясы башталганы Иранда 85 миң, Англияда 4 миңден ашуун, Францияда 8 миң адам түрмөдөн бошотулганы, Түркияда 90 миң адам убактылуу эркиндикке чыгарылганын белгилешет.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын маалыматына ылайык, 1-апрелге карата Кыргызстандагы жабык жайларда 9511 киши жазасын өтөп жаткан. Алардын 1832си тергөө абактарында кармалгандар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG