Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

«Бир дүйнө - Кыргызстан» адам укуктары боюнча президентке кайрылды


Төлөкан Исмаилова.
Төлөкан Исмаилова.

«Бир дүйнө - Кыргызстан» уюму коронавирус пандемиясы учурунда өлкөдө адам укуктарынын абалы начарлап кеткенин билдирип, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

Аталган уюмдун кайрылуусунда карантинде үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, өспүрүмдөрдүн суициди көбөйгөнү, социалдык тармактарда пикирлерин айтканы үчүн адамдар күч түзүмдөрү тарабынан куугунтукка кабылып жатканы айтылат. Азыркы абал укук коргоо органдарын реформалоо зарылдыгын көрсөткөнүн, ал тез арада башталбаса кесепети жаман болушу мүмкүн экени жазылган.

«Бир дүйнө Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова «Азаттыкка» президентке жиберилген кайрылуу туурасында буларды айтты:

«Өзгөчө абалда журналисттерге аккредитация берилбей калганынан эл да жапа чекти. Себеби, аймактардагы адамдар маселесин айтып чыгайын десе аларды жеткирчү эч ким жок. Пандемия деп жатып уран калдыктары жайгашкан жерде жашагандардын маселеси көз жаздымда калды. Түрмөдөгү адамдар, атайын жайларда жаткандар да жакшы каралган жок. «Коронавирус, коронавирус» дегенибиз менен алар боюнча да иш-аракеттер болуш керек».

Исмаилова өзгөчө абал шартында Кыйноого каршы борборго жана Акыйкатчы институтуна жабык жайларда иш алып барууга тыюу салынышы абакта отурган адамдардын укуктарын коргоону кыйындатканын кошумчалады.

«Бир дүйнө - Кыргызстан» уюму өкмөткө эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жабык жайлардагы аялуу адамдарды - 60 жаштан улууларды, аялдарды, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды жана жашы жете электерди бошотууга чакырган.

Кыргызстандын коронавирус көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Нарын, Ош шаарларында, Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда 30-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. Бул аймактарда 21:00дөн таңкы 6:00гө чейин көчөгө машине жана адамдар чыкпашы керек. (BTo)

XS
SM
MD
LG