Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Кимсановдун сабалышы тергелүүдө


Эмилбек Кимсанов.
Эмилбек Кимсанов.

Мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун абакта сабалганы боюнча сотко чейинки тергөө жүрүп жатат. Жабык жайлардагы мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн прокуратура бул маалыматты иликтөөнү Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка тапшырган.

16-июнда мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун абакта сабалганы тууралуу маалыматты видеотасма менен кошо анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган. Сүйүнбаева тергөө башталганына карабастан иш жай жүрүп жатканын кабарлады.

«Бир жолу тергөөгө чакырышкан. Ал жерден иштин жагдайларын сурашты. Кимсанов толугу менен көрсөтмө берди. Эми күнөөлүү адамдарды аныктагандан кийин Кимсанов менен беттештириши керек. Биз азыр ошону күтүп жатабыз. Бирок дагы убакыт бар. Эгер тергөө узарып, жыйынтык болбосо, тиешелүү мекемелерге арыз менен кайрылабыз».

17-июнда Эмилбек Кимсанов 4-апрелге караган түнү саат 3-4 аралыгында аны №1 тергөө абагынын кызматкерлери денесин көгала кылып, себепсиз сабаганы тууралуу арыз жазып берген. Ал арызы ошол эле күнү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмыш кодексинин 321-беренеси («Бийлигинен аша чабуу») боюнча кылмыш иши козголуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кароосуна өткөрүлүп берилди. Учурда иш УКМКнын тергөө башкармалыгынын кароосунда.

Тергөө иштери УКМКда жүрүп жаткан чакта Жабык жайлардагы мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн прокуратура да кызматтык иликтөөнү Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка (ЖАМК) тапшырган.

ЖАМКтын басма сөз катчысы Самат Калыков учурда Эмилбек Кимсановду сабады деп шектелгендер кармала электигин билдирди.

«"Кимсанов таяк жеди" деген видео чыгары менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаганбыз. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Бул жерде кызматкерлердин «Бийлигинен аша чабуу» беренеси менен иш каралып жатпайбы. Ошондуктан ЖАМКтын тергөө кызматы тергей албайт экен. Иш УКМКга берилген. Мындан аркы кадам Кимсановдон көз каранды. Ал окуянын чоо-жайын айтып бериши керек. Учурда кайсы кызматкерлер суралып жатканын айта албайм».

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат алгач тараткан маалыматында «Кимсанов сабалды деп тартылган тасма фейк болушу ыктымал» деп билдирген жайы бар.

Кимсановдун абакта сабалышы боюнча тергөө иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат алуу үчүн УКМКнын басма сөз кызматы менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

18-июнда Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлери №50 тергөө абагында жаткан мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановго жолугуп чыккан. Борбордун кызматкерлерине Кимсанов Интернетте тараган видеодо таяк жеген адам өзү экенин айтып берген.

Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкери Гүлбарчын Ормонбекова 4-апрелде түнкү саат 3-4 чамасында уктап жатканда эшигин ачып кирип, башына баштык кийгизип, муунтуп, тепкилеп салганын, Кимсанов уктап жаткандыктан, алардын жүзүн тааныбай калганын билдирген. Ошондой эле Ормонбекова Кимсанов «мени сабагандар абактын кызматкерлери болушу мүмкүн» деп божомолдоп жатканын айткан.

Ош аймагындагы криминалдык абалга саресеп салып жүргөн эксперт Төлөгөн Келдибаев Кимсановдун камалышы, кайсы бир тараптар менен тиреши жөнөкөй окуя эмес экенин белгиледи:

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

«Кимсановго мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин баласы Автандил Конгантиевди сабады деп иш козголгон. Кимсанов Конгантиевдин денесине оор жаракат келтирбегендиктен, ал коркунучтуу кылмышкер болбогондон кийин аны үй камагына чыгарып койсо болмок. Ал сотко тергөөчүгө берген тилкат менен барып келип катышса болмок. Бирок анын ишин татаалдаштырып, эки айга камакка алышты. Эми камактагы мөөнөтүн дагы узартышты. Абакта сабалганы кабарланууда. Бул иш боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалышы керек эле. Ага катыштыгы бар абактын кызматкерлери тергөөнүн аягына чейин кызматынан четтетилип турушу керек болчу. Бирок мындай кадамдар болгон жок. Анткени Кимсановдун абакта отурушуна кызыкдар тараптар, саясий күчтөр бар. Кимсанов учурунда бажы тармагында жетекчилик кызматтарда иштеген. Ал бажыдагы коррупциялык схема боюнча кытай жараны Айеркен Саймаитиден кем эмес маалыматтарды билет. Керек болсо Саймаити миң жаңылыктын бирин гана билиши мүмкүн. Ал эми Кимсанов ошол коррупциялык схеманын ийне-жибине чейин билет. Бажыдагы фуралардан канча акча сол чөнтөккө кетет, аны ким алат, кандай бөлүштүрүлөт - Кимсанов мунун баарын билет. Эгер ал эркиндикте болсо башка бир саясий тараптар өз кызыкчылыгына пайдаланып кетиши мүмкүн. Ошондуктан абакта сабалышын аны сындыруу, кысым кылуу аракети деп бааласак болот. Анын иши азыркы бийликтин тушунда калыс иликтенбейт».

Кимсановдун абакта сабалышы боюнча маселени 17-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев да көтөрүп чыккан. Депутат абакта болгон бул окуяны уюшкан кылмыштуу топтун баш көтөрүшү катары сыпаттаган. Бекешев бул ишти иликтөөдө «кызыкчылыктардын кагылышы» болуп жатат деп эсептейт:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«Прокуратурада жабык жайлардагы кыйноого каршы иштеген бөлүм бар. Бул ишти ошолор карашы керек эле. Бирок ишти Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы иликтеп жатат. Менимче, бул өтө туура эмес».

Азыр №50 абакта отурган Эмилбек ​Кимсанов дагы бир бажы кызматкери Автандил Конгантиевдин арызынын негизинде быйыл февралда Орусиядан кармалып келген. Жубайы Мария Заворотняя күйөөсү 10-апрелде сабалганын билдирип, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аны кылмыштуу ишке түрткөнүн айткан видеосун Интернетке жарыялаган.

Райымбек Матраимов өз дарегине айтылгандарга комментарий бере элек. Агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов муну «ойдон чыгарылган фантазия» деп баалаган.

Ал эми Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн адвокаты Татьяна Карыжинская 16-июнда «Фейсбуктагы» баракчасына Эмилбек Кимсанов тергөө абагында сабалган деген видео тасма тууралуу билдирүүсүн жарыялап, «эгер видеодогу фактылар тастыкталса, андагы жабырлануучу ким гана болбосун, чындап эле анда Кимсановбу же башка адамбы - муну тартип коргоо органдары адамга карата зомбулук фактысы катары каттап, сабап жаткандарды кылмыш жоопкерчилигине тартышы керек»,-деп жазган.

Кимсановдун Ош облусуна караштуу Алай районунда жашаган туугандары буга чейин президент Сооронбай Жээнбековго эки жолу кайрылышкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG