Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:13

Кимсановдун абак которушуна жакындары кабатыр


Эмилбек Кимсанов.
Эмилбек Кимсанов.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду айыптап чыккан, учурда камакта отурган Эмилбек Кимсановдун айланасында чыр уланууда.

Кимсановдун №50 тергөө абагына которулганын адвокаты шектүүгө басым катары баалады.

Ал ортодо Кимсановдун абактан бошотулушун талап кылып флешмоб өткөргөндөр карантин чараларын бузду деген жүйө менен милицияга кармалып чыгышты.

Интернетте тараган видеодо «Эмилбек Кимсановго боштондук» деп кыйкырып жаткан элүү чакты адамдын арасында Кимсановдун иниси Эмирбек Кимсанов да турганын көрүүгө болот. Ал агасынын достору өлкө башчысынан абактагы Эмилбек Кимсановдун ишин жеке көзөмөлгө алууну суранып жатканын айтууда.

Президентке кайрылуу кылган видеодон алынган сүрөт.
Президентке кайрылуу кылган видеодон алынган сүрөт.

«Президенттен Кимсановдун ишин өз көзөмөлүнө алып, мыйзам талаасында чечип берүүсүн суранабыз. Акыйкатсыздык болуп жатат».

Мамлекет башчыга кайрылуу үчүн чогулгандардын бири Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкер кезинде ушул жерде тургандардын көпчүлүгү Ош шаарынан үгүт иштерине активдүү катышканын белгилейт.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев Кимсановду бошотуу талабы менен чыккандардын уюштуруучулары кармалып, коё берилгенин ырастады. Аширбаевдин айтымында, алар карантин эрежелерин бузганы үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Жеңиш Аширбаев
Жеңиш Аширбаев

«Санитардык эрежелерди бузуп, жүзгө жакын адамды эмнеге топтогонун аныктоо максатында чакырдык. Топтун жетекчилерине мындан ары эрежени сактоону түшүндүрүп, коё бердик», - деди Аширбаев.

Милициянын маалыматы боюнча, чогулгандардын көпчүлүгү Ош шаарынын тургундары. Видео 26-майда Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн аймагында тартылган.

Буга чейин Кимсановдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева президентке кайрылуу үчүн Ош шаарынын жаштары өткөргөн флешмобдо эки бала кармалганын адам укугун бузуу катары баалаган.

Сүйүнбаева Бишкектин Биринчи май райондук соту Кимсановдун бөгөт чарасын 16-августка чейин узартып, аны борбор калаадагы №1 тергөө абагынан Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө абагына которуу тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Адвокат муну шектүүгө кысым көрсөтүү үчүн жасалган аракет деп жатат:

«Эки ай ичинде бир эле жолу сурак болду. Андан бери жөн эле жатат. Экинчиден, №50 абакка эмненин негизинде алып кетип жатат? Ал жерде уюшкан кылмыштуу топтун лидерлери, мүчөлөрү, оор кылмыш кылгандар отурат. Мыйзамдык жактан Кимсановду ал жакка эмнеге алып барганы түшүнүксүз. Бирок ал жакка которгонунун төркүнүн түшүнүп турабыз».

Азырынча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан, Ички иштер министрлигинен шектүү Эмилбек Кимсановдун №50 тергөө абагына которулганынын себебин билүү мүмкүн болбой жатат. Бул мекемелердин басма сөз кызматы телефонун көтөрбөй жатат. Президенттик аппарат да Кимсановдун жакындарынын кайрылуусу боюнча үн ката элек.

Киши токмоктоого шек саналып камакта жаткан Кимсановдун жакындарынын бул алгачкы кайрылуусу эмес. Буга чейин аялы Мария Заворотняя күйөөсү абакта сабалганын айтып чыккан.

Кимсановдун Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аны кылмыштуу ишке түрткөнүн айткан видеосу Интернетке жарыяланган.

Бирок Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) «Эмилбек Кимсанов камакта сабалды» деген сөздөрдү четке каккан. Ал эми Райымбек Матраимов өзүнө карата дооматка комментарий берген эмес. Агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов муну «ойдон чыгарылган фантазия» деп баалаган.

Кимсановдун камалышы чуу жараткан, коомчулуктун көз кырындагы окуялардын бири болуп калды.

Ош аймагындагы криминалдык абалга саресеп салып жүргөн эксперт Төлөгөн Келдибаев Кимсановдун камалышы, кайсы бир тараптар менен тиреши жөнөкөй окуя эмес экенин белгиледи.

Төлөгөн Келдибаев
Төлөгөн Келдибаев

«Мен "Кимсановдун артында ким турат?" деп иликтеп көрдүм. Менин маалыматым боюнча, анын артында эч ким жок. Кимсанов бажы кызматында көп маалыматтарды билген, ошол кызматтагы «кара жашиктердин» бири. Бул ошол жактагы иштерди көргөн, кошо аралашып жүргөн. Саймаитиден да көп маалыматы бар. Анын камалышына Ак үйдүн жетинчи кабатында отурган айрым кишилер да кызыкдар», - деди Келдибаев.

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов башка бажы кызматкери Автандил Конгантиевдин аны Кимсанов менен Төлөгөн Рахманберди уулу аттуу адам токмоктогону тууралуу жазган арызынын негизинде быйыл февралдын этегинде Орусиядан кармалып келген жана сот чечими менен үй камагына чыгарылган.

Эмилбек Кимсановдун бөгөт чарасы 31-мартта өзгөртүлүп, №1 тергөө абагына киргизилген. Анын тергөө иши боюнча Ички иштер министрлигинен эч кандай маалымат бериле элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG