Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:20

Депутат Жамалдинов: Кимсановду өзүнчө камерага кармаш керек


Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Эмилбек Кимсанов сабалды деген сүрөт. Сүрөт Кимсановдун аялы Мария Заворотняянын «Фейсбук» баракчасынан алынды.
Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Эмилбек Кимсанов сабалды деген сүрөт. Сүрөт Кимсановдун аялы Мария Заворотняянын «Фейсбук» баракчасынан алынды.

Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун коопсуздугуна байланыштуу маселе көтөрдү. Эл өкүлү парламенттин 15-апрелдеги жыйынында Башкы прокуратура менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) кайрылды.

«Туугандары «Эмилбек Кимсановдун өмүрүнө коркунуч келип жатат» деп кайрылып жатышат. Аны өзүнчө камерага отургузуп, көзөмөлгө алып койсоңор. Ал Башкы прокуратурага да кат менен кайрылган. Силер аны карап жооп берип койсоңор», - деди Жамалдинов.

ЖАМКтын жетекчисинин орун басары Айваз Кадыров бул боюнча маалыматы жок экенин, кийин тактап жооп бере турганын айтты.

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов тергөө абагында сабалганын, анын өмүрүнө коркунуч туулуп жатканын анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева 13-апрелде маалымдаган. Кимсановдун аялы Мария Заворотняя да күйөөсү 10-апрелде сабалганын билдирип, анын каруусу көгала болгон сүрөтүн «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырып, тынчсыздануусун билдирген.

ЖАМК «Эмилбек Кимсанов камакта сабалды» деген дооматты кескин четке каккан.

Мария Заворотняя 10-апрелде Эмилбек Кимсанов Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аны кылмыштуу ишке түрткөнүн айткан видеосун Интернетке жарыялаган.

Анда Кимсановду Райымбек Матраимов эркине койбой жумушка тартканын, «Азаттык» радиосунун Прагадагы кеңсесинин кызматкери, иликтөөчү журналист Али Токтакуновдун үй даректерин жана башка жеке маалыматтарын бергени айтылат.

Райымбек Матраимов өзүнө карата дооматка комментарий бере элек. Агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов муну «ойдон чыгарылган фантазия» деп баалаган.

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат. Ал башка бажы кызматкери Автандил Конгантиевдин аны Эмилбек Кимсанов менен Төлөгөн Рахманберди уулу аттуу адам токмоктогону тууралуу жазган арызынын негизинде быйыл февралдын этегинде Орусиядан кармалып келген жана сот чечими менен үй камагына чыгарылган.

Эмилбек Кимсановдун бөгөт чарасы 31-мартта өзгөртүлүп, №1 тергөө абагына киргизилген. Мурдагы бажычынын камак мөөнөтү 16-июнга чейин узартылганын Бишкектин Биринчи май райондук соту 8-апрелде «Азаттыкка» кабарлаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG