Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-ноябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 11:39

Жаза аткаруу кызматынын 75 кызматкери пневмонияга чалдыкты


ЖАМКнын бейтапканасы. 16-июль, 2020-жыл.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында (ЖАМК) май айынан бери пневмония менен ооруган 33 кызматкер сакайып чыкты. Учурда 42 адам дарыланып жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында учурда 250 медициналык кызматкер атайын түзүлгөн жадыбал менен иштеп жатышат. Медициналык кызматтын бейтапканасында жана госпиталында жети дарыгер, алты медайым күзөттө болушат. Имаратта обсервацияга 50 орун даярдалып, изоляцияга өзүнчө бөлмөлөр уюштурулган. Жасалма дем алдыруучу аппарат жана концентратор коюлганы айтылды.

Бирок ЖАМК канча кызматкерден коронавирус табылганын маалымдаган жок. Буга чейин республикалык штаб Кыргызстандагы түрмө кызматкерлеринин арасынан сегиз кишиден коронавирус чыкканын, төртөө айыгып, төртөө дарыланууну улантып жатканын билдирген.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандын түрмөлөрүндө бүгүнкү күндө 9 500 ашык адам кармалууда, алардын 300гө жакыны аял. Улгайгандардын саны 250нүн тегерегинде. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG