Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:15

Атамбаев абактан ооруканага которулду


Алмазбек Атамбаев. Июнь, 2019-жыл. Архивдик сүрөт.
Алмазбек Атамбаев. Июнь, 2019-жыл. Архивдик сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев пневмония диагнозу менен ооруканага которулду. Атайын кызмат Атамбаев ооруну жактоочусунан жуктуруп алышы ыктымал деп билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тараткан маалыматка ылайык, Алмазбек Атамбаев 29-июнда өзүн начар сезип жатканын айткан.

Ушундан улам андан COVID-19га анализ алынып, жыйынтыгы таза чыккан. Ошол эле күнү онлайн консилиумдан кийин эки өпкөсү тең кагынганы (пневмония) аныкталган.

Натыйжада 30-июнда Атамбаев стационарга которулган. Бирок ал кайсы ооруканага жаткырылганы тууралуу так маалымат берилген жок.

“Коронавирустун жайылышынын алдын-алуу максатында УКМКнын тергөө абагында жолугушууларды айнек тосмо аркылуу өткөрүү сунушталган. Соңку аптада Атамбаевге бир нече жолу жолуккан жактоочулар жана анын жакындары ага кагаздарды жана башка буюмдарды колмо-кол беришкен. Адвокат Замир Жоошевде вирустук инфекциянын айрым белгилери байкалууда. Ал учурда Ысык-Ата районунда коронавирустан дарыланып жаткан жакын тууганы менен байланышта болгон”, - деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

Атамбаевдин жактоочуларынын бири Сергей Слесарев мурдагы президентке жолуга албай жатканын кабарлады.

Сергей Слесарев.
Сергей Слесарев.

“Атамбаев азыр президенттин иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасында жатат. Мени ага жолуктурбай коюшту. “Ооруканага медициналык каражаттарды колдонуп, оорудан сактоочу шарттарды толук аткарып кирейин”, - десем да макул болушкан жок. Бул жерде Атамбаевдин конституциялык укугу бузулууда”.

Бирок Алмазбек Атамбаевдин жакындары ага тергөө абагында “ооруну атайлап жуктурушкан” деп эсептешет.

Мындай билдирүүнү анын уулу Кадырбек Атамбаев “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кадыр Атамбаевдин мындай билдирүүсүнө дароо жооп кайтарды.

“Атамбаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн "УКМКнын тергөө абагынын кызматкерлери кызмат абалдарын туура эмес аткарганына байланыштуу вирустук инфекция жуккан" деген билдирүүсү чындыкка дал келбестигин билдирет. Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн бул кайрылуусу аны саясий туткун катары көрсөтүп, кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында, атайылап коомчулуктун көңүлүн башка нукка буруп, кылмыш ишин саясий өңүткө бурууга аракет кылуу катары эсептейбиз”.

Атамбаевдин тарапташтары анын ден соолугу начарлап жатканын буга чейин да билдирип келишкен. Бирок атайын кызмат “Алмазбек Атамбаевдин абалы туруктуу. Эч кандай даттануусу жок. Күнү-түнү дарыгерлердин байкоосунда” деген маалымат таратышкан.

Атамбаевдин тарапташтарынын бири Кундуз Жолдубаева буларга токтолду.

Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

“Тергөө абагынын талаптары күчтүү. Ал жерге COVID-19га анализ тапшырып, ал таза болгондо гана киргизет да. Ал эми адвокат Замир Жоошев Алмазбек Атамбаев менен айнек аркылуу сүйлөшкөн. "Атамбаевге оору анын жактоочусу Замир Жоошевден жукту" деген маалыматты УКМКнын жоопкерчиликтен качып, күнөөнү башка бирөөгө оодарып салуу аракети катары баалайбыз. Биз буга чейин эле “Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы начар, ал комплекстүү дарылануудан өтүшү керек” деп айтып келебиз. Бирок УКМК “Атамбаевдин саламаттыгы жакшы” деп айтууда. Эми анын ооруканага жатып калганы суроо жаратууда. Бул жерден биз Атамбаевдин ден соолугу жана коопсуздугу толугу менен азыркы бийликтин колунда экенин айтат элек”.

Май айынын этегинде акыйкатчы Токон Мамытов УКМКнын тергөө абагында кармалып жаткан айрым мурдагы жетекчилер менен жолугуп чыкканын кабарлаган.

Акыйкатчы менен жолуккандардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев, Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов, “Энергохолдингдин” мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, экс-депутат Каныбек Осмоналиев болгон. Акыйкатчынын маалыматында камакта жаткан Атамбаев менен Осмоналиевдин саламаттыгы начар экени айтылган.

Каныбек Осмоналиев 26-июнда Биринчи май райондук сотунун чечими менен ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды. Анын жактоочусу Шарабидин Токтосуновдун айтымында, экс-депутаттын дене табы көтөрүлүп, абалы начарлап кеткен.

Мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов камакта жаткандардын саламаттыгы дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө болушу керек деп эсептейт.

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

“Атамбаевдин саламаттыгы чындап начарласа, ал сөзсүз түрдө ооруканага жатышы керек. Керектүү шарттар менен камсыз болушу абзел. Анын үстүнө ал мурдагы президент болгондон кийин ден соолугу көзөмөлдө болууга тийиш. Эгер зарыл болсо үй камагына деле чыкса болот. Эч жакка качып кетпейт. Бирок мындай кырдаалда дарыгерлердин кеңеши керек болот”.

Кыргызстандагы түрмө кызматкерлеринин арасынан сегиз кишиден коронавирус аныкталган. Учурда илдет жуккан кызматкерлер айыгып, жумушун улантып жатканы айтылды.

Буга чейин Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 колонияда отургандардын жакындары «Азаттыктын» социалдык түйүндөгү баракчалары аркылуу кайрылып, абакта коронавирус менен ооругандарга көңүл бурулбай жатканына даттанышкан.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Самат Калыков жабык жайларда илдеттин алдын-алыш үчүн медициналык даярдык жетиштүү экенин билдирди.

“Бардык санитардык нормалар сакталып жатат. Абактар күнүгө эки маал дезинфекцияланат. Азыр абакта вируска чалдыккандар жок. Камактагылардын ар биринде антисептик сыяктуу оорудан сактоочу каражаттар бар”.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев былтыр Кой-Таштагы операцияда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Массалык башаламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

23-июнда райондук сот Алмазбек Атамбаевди "Батукаевдин иши" боюнча өзүн жана жакындарын мүлктөрүнөн ажыратуу менен 11 жыл, эки айга кескен.

Мурдагы президент жана анын тарапкерлери бул айыптоолордун бардыгын саясий буюртма катары баалап келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG