Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-июль, 2020 жума, Бишкек убактысы 00:31

Кой-Таш иши: алгачкы айыптоолор айтылды


Кой-Таш окуясы. 2019-жылдын 9-августу

Кой-Таш окуясы боюнча соттук иште шектүүлөрдүн үчтөн бирине айыптары угузулду. Негизги өндүрүштүн алкагында прокурорлор дагы он чакты кишинин күнөөсүн жарыялашы керек.

Соттолуучулар коюлган айыптар акылга сыйбай турганын айтып, аны бийликтин куугунтугу катары баалап жатышат.

Айып угузуу этабы

15-июндагы сот отурумунда башталган айыптоо актысы менен тааныштыруу 22-июндагы жараянда да бүткөн жок. Эки күндүн жыйынтыгы менен прокурорлор төрт адамдын гана айыбын угузушканы маалым болду.

Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы соңку отурумдун жыйынтыгы тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Айзада Момунова буларды билдирди.

Биринчи май райондук соту.
Биринчи май райондук соту.

«Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө А.Ш.Атамбаев, Ф.А.Ниязов, И.Ю.Карамушкина, А.С.Кодуранова, Р.Б.Жээнбеков, М.Ж.Мискенбаев, К.А.Жолдубаева, К.Р.Сагымбаев, М.Т.Шаменов, Р.Карыпбек уулу, Ф.Ж.Баабиев, К.А.Осмоналиев жана Н.Капарбек уулун айыптоо боюнча жазык иши каралууда. 22-июнь күнкү сот отурумунда мамлекеттик айыптоочулар айыпталуучулар А.С.Кодуранова, К.А.Жолдубаева, К.Р.Сагымбаев жана М.Ж.Мискенбаевге карата айыптоо актысын угузушту. Иш убактысы аяктагандыгына байланыштуу соттук териштирүү 2020-жылдын 29-июнуна саат 10:00гө жылдырылды», - деди ал.

Биринчи май райондук соту төрт кишиге - парламент депутаты Асел Кодурановага, мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаевге жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, атайын кызматтын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевге, кеңешчиси Кундуз Жолдубаевага коюлган беренелерди деталдуу тактаган жок. Башкы прокуратура да бул жөнүндө маалымат бере элек.

Соттолуучулардын адвокаттарынан гана айыпталуучуларга жалпы жонунан "Бийликти күч менен басып алуу", "Барымтага алууну жана массалык башаламандыктарды уюштуруу" сыяктуу оор беренелер коюлганын биле алдык. Маселен, Сагымбаевге 11 берене, Жолдубаевага жети берене менен айып тагылган.

Равшан Жээнбековдун, Канат Сагымбаевдин жана Кундуз Жолдубаеванын адвокаты Замир Жоошев «Азаттыкка» буларды айтты:

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

«Жалпылап айтсак, айыптар негизсиз коюлган деп эсептейбиз. Алар тараптан 7-8-августта же ага чейинки убакытта коомго коркунуч келтирген, мыйзамсыз аракеттер болгон эмес. Мисалы, Канат Сагымбаев кызматтык милдетин гана аткарып турган. Кундуз Жолдубаева КСДП партиясынын төрагасынын орун басары катары, жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштеген киши катары өз функциясын гана аткарып жүргөн. Равшан Жээнбеков мурда «Форумдун» алдында өткөн митингдерге катышкан, бирок бийликти басып алууга жана башаламандык уюштурууга байланыштуу чакырык жасаган эмес. Алар 7-августта эки тарапты элдештирүүгө, үйдүн ичинде камалып калган адамдарды жаалданган топтун ур-токмогунан сактап калууга аракет кылышкан. Үчөө тең бул үчүн мамлекеттен сыйлык алышы керек эле. Бирок аларга ушундай айыптар коюлуп жатат. Айыпталуучулар өздөрү мунун баарын саясий куугунтук катары баалашууда», - деди Жоошев.

22-июнда Кундуз Жолдубаева өзүнө коюлган айыптоолорду "абсурд" деп атаган. Атамбаевди колдогон КСДПнын басма сөз кызматы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевдин билдирүүсүн тараткан. Анда Сагымбаев өзүнө 11 берене менен айып коюлуп жатканын айткан. Бийлик «тергөө менен кызматташууга барсаң, эркиндикке чыгасың» деп сунуштап жатканын, бирок ал Атамбаевди сатпай турганын билдирген.

Парламенттин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев да Атамбаевди колдогон КСДПнын басма сөз кызматы аркылуу билдирүү таратты.

Мээрбек Мискенбаев.
Мээрбек Мискенбаев.

«Ал окуя, менин жарадар болгонумдун баары Интернет булактарында айдан ачык эле турат. Мен жабырлануучу болушум керек эле, бирок силер мени айыпталуучу кылып салдыңар. Мындай окуя бир эле Кыргызстанда болсо керек. Мага болгон беренелерди коюпсуңар», - деген Мискенбаев Атамбаевди сатпаганы үчүн абакта отурганын айткан.

Бул билдирүүлөргө укук коргоо органдары, президенттик аппарат комментарий бере элек.

«Азыркы бийликтин тушунда калыс чечим чыгышы күмөн»

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашуун адам жабыркаган.

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишти тергеген ИИМдин Тергөө кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев ИИМдин убактылуу кармоочу жайларында камакта отурушат.

Парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева - үй камагында.

Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Массалык башаламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгогон Башкы прокуратура айыпталуучулардын көбүн аталган фактыларга күнөөлүү деп эсептеп келет. Атамбаев баштаган айыпталуучулар болсо аны төгүндөп жүрөт.

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын бир кездеги мүчөсү, мурдагы прокурор Кубатбек Кожоналиев буларга токтолду:

Кубатбек Кожоналиев.
Кубатбек Кожоналиев.

«Биз жараянга баштан-аяк катышкан жокпуз. Бир жактуу чечим чыгарыш үчүн негизи тергөөнүн бардык материалдары менен таанышып чыгуу керек болот. Ошондо дагы бир адисте башкача, экинчисинде андан башкача ой калат. Бирок ошентсе да, комиссияда иликтөөгө катышкан киши катары Кой-Таштагы башаламандыктарга байланыштуу айыпталуучулардын күнөөсү бар деп эсептейм. Айыпты моюнуна алуу же албоо - соттолуучулардын укугу. Калганына сот чекит коёт. Бирок окуяны терең карасак, кезинде Атамбаев тергөөгө жөн эле басып барганда, калгандары ага шыкак бербеген, ушундай нерселер болмок эмес. Таш чогултуп, куралдарды топтоонун канчалык зарылдыгы бар эле? Элди козутуш зарыл беле?».

Кеп болуп жаткан окуяга байланыштуу кылмыш иши февраль айында сотко өткөн. Баштапкы соттук жыйын 3-мартта башталды. Жараян андан бери бир нече жолу жылды. Айрым отурумдар айыпталуучуларды жактаган да, каралаган да митингдер менен коштолуп турду.

Жараян жабык өткөндүктөн, соттолуучулардын жакындары, коомчулук да териштирүү жөнүндө соттордун, айыпталуучулардын жана алардын адвокаттарынын кыска билдирүүлөрү аркылуу гана кабар алып жатат.

Саясий серепчи Айнура Арзыматова мына ушунун өзү жана соттолуучуларга коюлуп жаткан беренелердин оордугу ишти кароонун артында бийлик турарынан кабар берет деп эсептейт.

Айнура Арзыматова.
Айнура Арзыматова.

«Айыпталуучуларга өтө оор беренелер коюлуп калыптыр. Булар өздөрү демилгелеп, анан биринчи чабуул жасагандай эле күнөө тагылып жатат. Тескерисинче, булар жөн эле отурса, биринчи атайын кызмат чабуул жасабадыбы. Булар коргонду, жабыркагандарга жардам берип жүрүштү. Окуя коомчулуктун, биздин көз алдыбызда эле турбадыбы. Эгер жоопкерчилик каралса, анда ошол эле ИИМ менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилеринин жоопкерчилиги каралышы керек эле. Жыйынтыгында аларда күнөө жок, бардык күнөө Атамбаевдин тарапташтарында болуп калды. Ошондуктан менин оюмча, бул жерде таза саясий мотив менен гана айып тагылып, саясий өңүт менен, буюртма менен гана өкүм чыкканы жатат. Бул иш жабык каралып жатканы да мына ушуга далил. Менимче азыркы бийлик турганда бул иш боюнча калыс чечим күтүүнүн кереги жок», - деди ал.

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, кийин тергөө менен кызматташууга барган беш кишинин тергөө иштери жана соттук иштери боюнча маалыматтар кенен айтыла элек.

Окуя боюнча мындан сырткары ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго байланыштуу соттук өндүрүш да өзүнчө өтүп жатат.

Ал эми Кой-Таш окуясы боюнча негизги айыпталуучу, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу ишке да күнөөлөнүп жаткан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 23-июнда Атамбаевди күнөөлүү деп тапты жана аны 11 жыл эки айга кесип, сыйлыктарынан, өзүнө жана жакындарына таандык мүлкүнөн да ажыратуу тууралуу өкүм чыгарды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG