Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:12

Атамбаевди айыптаган жана актаган митингдер


Атамбаевди колдогон митинг. 1-июнь, 2020-жыл.
Атамбаевди колдогон митинг. 1-июнь, 2020-жыл.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эми Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши каралып бүткөнгө чейин сот отурумдарына катыша албайт. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун мындай чечим чыгарышына 1-июнда Атамбаев сот залындагы тосулган жерге отурууга макул болбой койгону себеп болду.

1-июнда сот жүрүп жаткан учурда имараттын сыртында мурдагы президентти колдогон жана ага каршы болгон ондогон адамдар митингге чыгышты.

«Атамбаевдин паракор командасы камалсын!» деп жазылган баракчаларды кармап турган ондон ашык киши сот имаратынын алдында «Атамбаев камалсын!» деп кыйкырып турушту.

Митингди уюштургандардын бири, «Мээр жазы» уюмунун төрайымы Ыргалай Бекмуратова Атамбаевдин жоопко тартылышын талап кылып чыгышканын билдирди:

Ыргалай Бекмуратова.
Ыргалай Бекмуратова.

«Атамбаев өзүнүн командасы менен камалышын талап кылып келдик. Кыргызстандагы коррупциянын ана башы Атамбаев болду. Ошондуктан Атамбаев, Ниязов, Сапар Исаков, Албек, Икрам - баары жазасын алсын. Кыргызстанда эбегейсиз бийлиги менен тайраңдап байлык топтогон. Булар азыр мыйзам чегинде жоопко тартылып жатат».

Көп убакыт өтпөй сот имаратынын алдына Атамбаевдин 50дөй тарапташы КСДПнын желегин көтөрүп топтолуп келди. Алар Атамбаевди камактан бошотууну, соттун ачык өтүшүн талап кылышты.

Раиса Атамбаева.
Раиса Атамбаева.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон акцияда анын аялы Раиса Атамбаева, балдары Кадырбек жана Сейитбек Атамбаев да жүрдү. Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаева акцияда «Азыркы бийликке - уят! Атамбаевге - боштондук!» деп чакырык таштады.

Кадырбек Атамбаев күч түзүмдөрү акцияга келүүнү каалагандарга жолтоо болгонун, Чүйдүн жогорку тарабында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин автоунаалары аркылуу үйдө отурууга чакырыктар айтылганын журналисттерге билдирди:

«Эми мунун баары эмнени билдирет? Сооронбай Жээнбековду колдош үчүн бийликтин төлөп берип чыгарган митинги. Биздин тарапташтар бул жакка кантип жеткенин айтып берейин. Аскер автоунаалары элди коркутуш үчүн Чүйдүн жогору жагында жүрүштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин машинеси үн күчөткүч менен үйдө отурууга чакырып жүрдү. МАИлер менен блокпосттор коюлуп, бул жакка келүүгө жардам бергендерди тосуп атышты. Андыктан менде уюштурулган чагым дегенден шегим жок».

Эки тарап кайым айтышып, бирок милиция алардын кагылышуусуна жол берген жок. Өзүн Балыкчы шаарынын депутатымын деп тааныштырган Сайракан Муканбетова Атамбаевди колдоп келген экен. Муканбетова эки тараптын кагылышып кетиши мүмкүн экенине тынчсызданып, журналисттер аркылуу бийликке кайрылды:

Сайракан Муканбетова.
Сайракан Муканбетова.

«Эгер кокустан ушул жерде жүздөн киши чыгып бири-бири менен кармашып, тытышып кетсе, ошол бийликке абийир алып келеби? Эң уят жери - башка жер болсо мейли, сот өтүп жаткан жерде пастыкка барбай койсо болмок».

Атамбаевдин тарапташтары «митингди атайын уюштурган» деп бийликти айыптап жатышат. Президенттик аппарат Атамбаевдин тарапташтарынын дооматы боюнча үн каткан жок.

Ал ортодо сот залынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев чыгарылып салганы белгилүү болду. Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесаревдин айтканына караганда, Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Атамбаев эми Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши каралып бүткөнгө чейин сот отурумдарына катышпайт деген чечим чыгарды. Мындай чечимдин кабыл алынышына сот отурумунун учурунда Атамбаевдин сот залындагы тосулган жерде отурууга макул болбогону себеп болгон. Адвокат аны Кой-Таш иши боюнча тосмонун ичинде отургузууга да, сотко катыштырбай коюуга да негиз жок болчу деп эсептейт.

«Жактоочу менен айыпталуучу бирге отуруп иштеши керек. Жактоочуну бөлүп салуу кылмыш процессинин принциптерин бузуу болуп саналат, - деди Слесарев. - Айнек менен тосулган бөлмө, мурдагы тор бөлмө да мыйзамда жазылган эмес. Ал сот бийлигинин ыңгайы үчүн жасалган. Ал бийликтин басымына кабылган жарандардын ыңгайына жасалган эмес. Тилекке каршы, судья Алмазбек Шаршеновичти сотко териштирүү бүткүчөктү катыштырбоо боюнча чечим чыгарды».

Атамбаевди жактаган жана жектеген митингдер
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:12 0:00

11-майдагы жараянда прокурорлор мындан ары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев башка соттолуучулар менен катар тосмонун ичинде отурушу керек деген өтүнүч келтирип, сот аны канааттандырган. Ага чейин Атамбаев ачык жерде, адвокаттардын жанында отурчу.

Сотто жабырлануучу катары өтүп жаткан, Кой-Таш окуясында каза болгон Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаева соттун Атамбаевсиз өтө беришин колдоду. Ал Атамбаевдин тарапташтарын «сот жараянын атайын создуктуруп жатат» деп айыптады:

Өктөм Мамаева.
Өктөм Мамаева.

«Кимиси атканы, кимиси өлтүргөнү мага белгисиз. Мен эми аны кайра тирилте албайм. Эмнеси болсо да ошонун башында уюштурган Атамбаев турат. Ошонун хан сарайы дешет. Ошол жерге 500 кишиге жумуш ордун түзүп берип койбойт беле? Кундуз Жолдубаева, Карамушкина, Кодуранова сабатсыз саясатчы болгону ушуга алып келди».

Түштөн кийин Кой-Таш окуясы боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы жараянга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышкан жок.


Укук коргоочу Турсунбек Акундун пикиринде, коомчулукта күмөндүү ойлор жаралбашы үчүн Атамбаевдин сотунда бардык мыйзамдар кынтыксыз аткарылышы керек.

«Керкисинде да бар, кемтигинде да бар. Атамбаевдин «белгиленген жерде отурбайм» дегени туура эмес. Күнөөсү жок болсо отуруп, акталып кетсин. Ал эми сот да аны таптакыр катыштырбай салганы болбойт. Башкы айыпталуучулардын бири жок сот өткөнү анын укугун коргоодо кемчилик катары кабыл алынат. Андыктан бул иште мыйзамдар кынтыксыз аткарылышы керек».

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 8-августтагы Кой-Таш операциясында кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Атайын операцияда бир офицер курман болуп, 200дөй киши жабыркаган. Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Массалык баш аламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» өңдүү беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Айып коюлган 19 кишиден тергөө менен кызматташкан бешөөнүн иши өзүнчө тергелүүдө.

Атамбаев, азыркы жана мурдагы депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Равшан Жээнбеков баштаган 14 кишинин иши февралда сотко өтүп, ишти Биринчи май райондук соту 3-марттан бери карап жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG