Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:17

Коомдук ишмерлер абактагы саясатчыга болушту


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Бир катар коомдук ишмерлер Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, алты айдан бери камакта отурган саясатчы Равшан Жээнбековду үй камагына чыгарууга көмөк көрсөтүүнү суранып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты.

Равшан Жээнбеков былтыр Кой-Таш окуясына байланыштуу кармалган. Атамбаевди камакка алуу менен аяктаган бул окуяда «Альфанын» атайын тобунун бир кызматкери көз жумган. Жабырлануучулар анын башка шектүү адамдар менен бирге жоопкерчиликке тартылышын талап кылууда.

Президентке кайрылуу

Коомдук-саясий жана маданий чөйрөнүн 40тай өкүлүнүн атынан президент Сооронбай Жээнбековго жиберилген кайрылууда Равшан Жээнбековго коюлуп жаткан айыптар негизсиз экени белгиленген.

«Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндө жана видеоматериалдарда анын күнөөсүздүгү далилденди, - деп айтылат кайрылууда. - Тескерисинче, ал жаалданган адамдарды мыйзамсыз аракеттерге барбоого чакырып, милиция кызматкерлерин коргоп, тараптарды чатакты тынч жол менен чечүүгө үндөгөн. Равшан Жээнбековдун аракети менен Атамбаевдин тарапкерлеринин колуна түшүп калган күч кызматкерлеринин өмүрү сакталып калганы фото жана видеоматериалдарда көрүнүп турат».

Кайрылуу ээлери Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясынан кийин бир нече жолу чет өлкөгө чыгып, кайра мекенине кайтып келгени, камалганга чейин да тергөөгө байланышкан сурактардын баарына өз убагында барып, көрсөтмө берип турганы белгиленген.

Ушул өңдүү негиздерге таянган кайрылуу ээлери аны үй камагына чыгарууга көмөк көрсөтүүнү президент Жээнбековдон өтүнүшкөн.

Абактагы саясатчынын абалы

Равшан Жээнбеков былтыр 12-декабрда Кой-Таш окуясына байланыштуу кармалып, ага Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») боюнча айып коюлган. 14-декабрда айыптоого 309-берене («Бийликти күч менен басып алуу») кошулган.

Ал буга чейин «тергөөдө жалган көрсөтмө берүү жөнүндө сунуш болгонун, бирок андан баш тартып түрмөнү тандаганын» билдирген. Ал эми анын адвокаты Замир Жоошев карантин учурунда Жээнбековдун укуктары чектелип жатканын айтып чыккан болчу.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) саясатчынын укугу чектелген жок деп эсептейт. Буга чейин мекеме коронавирустан улам жалпы өлкөдө жарыяланган өзгөчө абалга байланыштуу абактарда да убактылуу чектөөлөр киргизилгенин жарыялап, «туура түшүнүүнү» суранган. Ушундан улам адвокаттар абакка коронавируска карата тест тапшырып, анализинин көрсөткөндө гана кирүүгө болот.

Мекеменин басма сөз катчысы Самат Калыков мындай деди:

«Равшан Жээнбековдун укугу чектелген жок. Кой-Таш окуясы боюнча андан башка адамдар да жатпайбы. Алар деле даттанган жок да».

«​Жээнбеков демократияга салым кошкон саясатчы»

Коомдук ишмерлердин президентке багытталган кайрылуусунда «Равшан Жээнбеков калк арасында ар дайым демократиялык баалуулуктарды туу туткан кесипкөй саясатчы катары белгилүү. Ал саясий кырдаалдарга карап позициясын өзгөртүп турган оомо сапаттан алыс инсан. Ар качан мамлекеттик түзүлүштө системалуу реформаларды сунуш кылып, бийликке конструктивдүү оппонент кызматын аркалап келген туруктуу оппозициялык ишмер экенин баарыбыз жакшы билебиз» деп айтылат.

Саясат талдоочу Эмил Жороев аны мындайча сүрөттөдү:

Эмилбек Жороев.
Эмилбек Жороев.

«Саясатташтырбай айтканда, Равшан Жээнбеков күч колдонууга, кан төгүүгө жеткирбөөнүн аракетин кылып жүргөн киши болчу. Негизи эле саясий айдыңда сын-пикири менен белгилүү болуп жүргөн кишилердин камалышы демократияга урулган сокку деп эсептейм».

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2019-жылдын августунда Чүйдүн Кой-Таш айылында айрым кылмыш иштери боюнча суракка келген жок деген негизде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда болгон УКМКнын кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбековдун курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.

«​Равшан Жээнбековдун да күнөөсү бар»

Үсөнбек Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаева Кой-Таштагы башаламандык үчүн Равшан Жээнбековдун жоопкерчилигин эске салды:

Өктөм Мамаева.
Өктөм Мамаева.

«Кой-Таш окуясында жалаң сабатсыз саясатчылар Атамбаевдин башын айландырышты. Ушул жерде Равшан Жээнбековдун да чоң ролу бар. Кырдаалды тескери жакка бурууда ошолордун баарынын чоң күнөөсү бар. Алар «биринчи революцияны жасадык, экинчи революцияны жасадык» деп үйрөнүп калышкан. Алар укук коргоо органдарынын алсыздыгынан пайдаланып, төңкөрүш аркылуу дагы бийликке келебиз деген максаты болгон».

Кой-Таш окуясына байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишиге айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев тергөө абагында.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG