Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

«Кой-Таш окуясына аралашканыма өкүнбөйм»


Равшан Жээнбеков сот залында.
Равшан Жээнбеков сот залында.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.

Ал былтыр 7-8-августта болуп өткөн Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Барымтага алуу», «Массалык башаламандык уюштуруу» жана «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери боюнча айыпталууда. «Азаттык» Жээнбековдун адвокатынын жардамы менен суроолорду жөнөтүп, андан жооп алды.

- Равшан мырза, убактылуу кармоо жайындагы шартыңыз кандай болуп жатат? Басым, кысым болгон жокпу? Кимдер менен отурасыз?

- №1 тергөө абагы Кыргызстандагы эң катаал режимдеги мекеме болуп саналат. Түрмөнүн эрежелери жана басымы күчтүү. 15 чарчы метрлик камерада алты киши жашайбыз. Негизинен жаштар. Көпчүлүгү болбогон күнөөлөр менен камакка алынган. Тилекке каршы, бийлик жаза институтуна гуманизация жүргүзө албаганын мен түрмөдөн көрдүм. Түрмөдө бейкүнөө кармалган адамдар өтө эле көп. Мага эч кандай кысым болгон жок. Ал эми өткөн түнкү тинтүүнү системалык кемчилик деп эсептейм.

- Буга чейин сиз тергөө абагында түн ичинде текшерүүгө алынып, психологиялык басымга кабылганыңызды айтып чыктыңыз. Бирок Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы сиз отурган камерада телефон колдонулганын билдирди. Башкача айтканда кармоо режимин бузганыңыз себеп болгонун айтышты. Абактын режимин бузган жоксузбу?

- Түрмөдө отурган адамдын түрмөнүн эрежелерин, тартибин бузушу өтө оор жана мүмкүн эмес. Биз системага толугу менен көз карандыбыз. 24 саат, 7 күн бою мамлекеттин кайтаруусунда жана көзөмөлүндө турган адамдарбыз. Ошондуктан мен кармоо режимин буза албайм.

- Сизге Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулардын бири катары айрым оор айыптар коюлууда. Ошол күндөрү окуяларга катышканыңызга өкүнгөн жоксузбу? Окуяны башкача чечүүгө мүмкүнчүлүк бар беле?

- Кой-Таш окуясына аралашканыма өкүнбөйм. Эгер мен барбаганымда жабыр тарткан адамдар мындан бир топ эсе көп болмок. Менин таанымал адам, кесипкөй саясатчы катары атайын кызматтын кызматкерлерин коргоодогу жана «Тез жардамга» жеткирүүдөгү, милиция кызматкерлери менен жаштарды ар кандай чагымчылдыктан сактоодогу ролум бардык ЖМКлардын видеотасмаларында жазылып турат.

Эгер УКМКнын төрагасы Опумбаев мыйзамсыз жана ойлонулбаган операциясын жүргүзбөгөндө албетте, Кой-Таш маселесин чечүүнүн көптөгөн жолдору бар болчу.

- Сиз буга чейин сындап, элдешкис оппозиция болуп келген Атамбаевдин оппозиция лидери болоруна ишендиңиз беле?

- Өлкөдө саясий атаандаштыктын болушу аябай маанилүү. Экс-президент Атамбаевдин оппозиция лидери болбосо да күчтүү, бийлик сестенген оппозиция болуудан башка жолу жок болчу. Себеби, бийлик Атамбаевди ошондой кырдаалга такап койгон. Мен да 20 жылга жакын демократиялык оппозицияда жүргөн, беш президентке каршы турган саясатчы катары Атамбаевдин оппозиция болушун каалагам.

- Кандай болгон күндө да бийликке баш ийбей, аскерлерди барымтага алуу аракети болду. Бир жоокер каза болду. Бул үчүн күнөөлүүлөр мыйзам алдында жазага тартылышы керек. Бул окуяларда Атамбаев менен анын командасынын жоопкерчилигин четке кагуу туура эмес пикир болуп калбайбы?

- Экс-президент Атамбаев тарап, мен да «барымтага алган жокпуз» деп айтып жатабыз. Авторитардык-кландык бийлик жана аларга көз каранды тергөө «алгансыңар» деп жатат. Калыс, мыйзамдуу, биздин жана эл аралык коомчулук ишенген чечим чыгара ала турган сот системасы бизде барбы? Соттук-укуктук система толугу менен президент Жээнбековго көз каранды. Ал эми Кой-Таш окуясы боюнча Жээнбеков негизги кызыкчылыгы бар тарап болуп эсептелет. Ошондуктан азыркы президент жана анын командасы өздөрүнө көз каранды мамлекеттик институттарды пайдаланып, мени жана Атамбаевди толугу менен саясий аренадан жок кылууга аракет кылып жатат деп айта алам.

- Сиз бул бийликтин тушунда калыс чечим чыгарына ишенбесиңизди азыртан айтып жатасыз. Саясий келечегиңизди кандай көрөсүз?

- Мен бүтүндөй саясий өмүрүмдү соттук-укуктук, административдик реформалар, өкмөттүк жана жергиликтүү бийликтин реформалары үчүн арнадым. Тилекке каршы, бардык авторитардык президенттерге жеңилип келе жатам. Бирок мен көп окуган, дүйнө тааныган, демократиялык саясатчы катары биздин өлкөдөгү келе жаткан маанилүү өзгөрүүлөрдү, ири процесстерди, демократиянын өнүгүшүн көрүп, сезип келатам. Кыргызстанга чоң өзгөрүүлөр келатат. Ал өзгөрүүлөрдүн туруктуу, өлкөгө маанилүү реформаларга түрткү болушуна салым кошчу демократиялык саясатчылардын бири мен болорума ишенем. Авторитардык бийлик мени түрмөнүн түбүнө тыкса да демократиялык реформалар, адилеттик үчүн күрөшүмдү уланта берем.

- Бүгүнкү күндө бийлик мурдагы бийликтердин катасын кайталабашы үчүн эмне кылыш керек?

- Азыркы бийлик мурдагы президенттердин бардык каталарын кайталап жатат. Бардык бийлик бутактарын жокко чыгарды. Жогорку Кеңеш, өкмөт жана сот толугу менен ага көз каранды. Сөз эркиндигин, саясий оппозицияны жок кылууда. Шайлоого жолотпош үчүн мени жалган көрсөтмөлөр менен каматты. Өмүрбек Текебаевдин сотун шылтоолоп созуп жатышат. Өмүрбек Бабановду болсо коркутуп саясаттан кетиришти. Бийлик учурда барса келбес жолго түштү. Оңолуу мүмкүнчүлүгү жокко эсе.

- Сиз АКШнын саясатын жакшы билесиз. Вашингтондун акыркы иммиграциялык чектөө боюнча чечимин кандай бааладыңыз?

- Президент Дональд Трамптын авторитардык бийликке, натыйжасыз өкмөткө, адам укуктарын бузган мамлекеттик кызматкерлерге эмес, кыргыз жарандарына чектөө киргизгени мен үчүн түшүнүксүз болуп калды.

- Буга чейин башка соттук териштирүүлөрдө тергөө менен кызматташууга макул болуп, үй камагына чыккан аткаминерлер болгон. Сизге да кандайдыр бир сунуштар болгон жокпу?

- Тергөөдөн «Атамбаевге каршы көрсөтмө бериңиз, үй камагына чыгаралы» деген сунуш болду. Мен саясий компромисске бара аларымды, бирок жалган көрсөтмө берип, ар-намысымды сата албай турганымды айтып, баш тарттым.

Негизи тергөө менен кызматташуу дүйнөлүк практикада чындыкка жетүү жана объективдүү тергөө жүргүзүш үчүн пайдаланылат. Тилекке каршы, биздин укук коргоо органдарыбыз бул жакшы идеяны жаманатты кылып, бийликке жакпаган адамдарга, саясий атаандаштарды камоодо жалган көргөзмө алууга, кылмыш иштерин бурмалоого жана коррупциялык максатта пайдалана башташты.

- Кой-Таш окуясы үчүн Атамбаевдин, Жээнбековдун жоопкерчилигин кандай баалайсыз? Болтурбай коюуга болот беле?

- Кой-Таш окуясында эки тараптын тең күнөөсү бар. Бирок бийликтин күнөөсү ат көтөргүс деп ойлойм. Себеби, ойлонулбаган, мыйзамсыз жана арсыз операцияны ошол тарап жүргүздү. Бул адам өмүрүнө алып келди, адамдар жабыркашты. Кой-Таш окуясы, Батукаев маселеси сыяктуу бул бийликтин убагында аягына чыкпайт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG