Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

Кой-Таш окуясы: күмөн санаткан бүтүм


Кой-Таш, 8-август, 2019-жыл. Архивдик сүрөт.
Кой-Таш, 8-август, 2019-жыл. Архивдик сүрөт.

Чуулгандуу Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын айланасындагы талкуу кайрадан күчөдү.

Буга комиссиянын мүчөсү, УКМКнын мурдагы төрагасынын орун басары Артур Медетбековдун иликтөө корутундусу менен баштапкы бүтүмдүн ортосунда айырма бар экенин ырастаганы себеп болду.

Артур Медетбеков "Азаттыкка" сүйлөп жатып, бул өзгөртүү корутундунун мазмунуна олуттуу таасирин тийгизбейт деп кошумчалады:

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

- Чындыгында эле башында баарыбыз кол койгон корутундуда Момбековдун аты жок болчу. Ошондой эле Равшан Жээнбековдун «Атамбаев коркуп качып, келбей койду» деген маалыматы да жок эле. Бул жерде бир аз туура эмес түшүнүктөр пайда болуп калыптыр. Ошондуктан Клара Сооронкулованын айтканы абдан туура, - деди генерал Медетбеков.

Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын мүчөсү, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова комиссиянын мүчөлөрү кол койгон корутунду менен Жогорку Кеңеште окулган бүтүмдө айырмачылык бар экенин айтып чыккан.

Клара Сооронкулова негизги айырмачылык катары мамлекеттик комиссиянын бүтүмүнөн соң камакка алынган мурдагы депутат Равшан Жээнбековдун көрсөтмөсү жана учурдагы депутат Рыскелди Момбековго байланыштуу экенин билдирген:

- Айрым нерселерди кошуп, бир топ жерин өзгөртүп жиберишкен. Бирок азыр мен аны далилдей албайм. Анткени корутундунун кол койгон бир варианты бизге берилген эмес, көчүрмөсүн да чыгартпай койгон. Алар «корутунду менен таанышкыңар келсе, өкмөткө келгиле» деп айтышкан.

Сооронкулова адеп бул тууралуу айтып чыкканда көп көңүл бурулган эмес. Бирок анын билдирүүсүн комиссиянын дагы бир мүчөсү ырастап чыкканы шек саноону күчөткөндөй болду.

Маселен, мамлекеттик комиссияда аты аталган Жогорку Кеңештин депутаты Ырыскелди Момбеков документтин мазмуну өзгөргөнү аныкталса, сотко кайрылууга даярданып жатат.

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

- Комиссиянын корутундусу өзгөртүлгөнүн генерал Артур Капарович жана Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова айтып жатса, мен ага толугу менен ишенем. Бул жерде эки текст болгон. Анын үстүнө комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине түшпөй, эмне үчүн көпкө чейин кармалган? Буга бийлик кийлигишип, комиссиянын эки корутундусу жасалган. Бирөөнө кол койдуруп алып, экинчисин жарыялап коюшканы билинип калды. Бул тастыкталса, комиссиянын корутундуну өзгөрткөн мүчөлөрү кылмыш жоопкерчилигине тартылып, кайра жаңы комиссия түзүлүшү керек. Комиссиянын баяндамасы жараксыз болгондон кийин анын мүчөлөрү да, бул боюнча Жогорку Кеңештин токтому да жараксыз болуп калат, - деди Момбеков.

20декабрда Кой-Таш окуялары боюнча камакка алынган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев адвокаттары аркылуу билдирүү таратып, комиссия бүтүмүндө бурмаланган жагдайлар көп экенин тизмектеген.

Анткен менен Кой-Таш окуясы боюнча иштеген комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү "иликтөөнүн бүтүмү өзгөртүлдү" деген маалыматтарды четке кагууда. Алар комиссиянын иши ашкере саясатташтырылып жатканын айтышууда.

Исмаил Исаков.
Исмаил Исаков.

- «Кол коюлган корутундуну оңдошту» деген туура эмес. Жогорку Кеңеште окулган корутунду менен биз койгон корутундунун айырмасы жок. Комиссиянын мүчөлөрү чогулуп кол коюп жатса кайдагы айырма?, -деп суроо салды комиссиянын мүчөсү, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков.

Комиссиянын дагы мүчөсү экс-депутат Алишер Мамасалиев да "Фейсбуктагы" баракчасына "бүтүм өзгөртүлдү" деген туура эмес экенин жазды.

Акыркы билдирүүлөрдөн соң материалдарды жакшылап окуп чыкканын жана бурмаланды деп айтууга негиз жок экенин билдирүүдө.

- Кой-Таш окуялары боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусунун тексти кол коюлган соң өзгөртүлгөн деп эсептейминби? Буга жок деген жоопту бермекмин. Мен 14-ноябрда ооруканада дарыланып жатканда бүтүм менен таанышып, кол коюп бергем, - деди Мамасалиев.

Дал ушундай жол менен Кой-Таш окуясына саясий баа берген комиссиянын бүтүмү боюнча эки ача пикирлер айтылып жатат.

Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай өлкөдөгү негизги күчтөр аралашкан, узак териштирүүнү талап кылган иш боюнча иликтөө бардык тараптар ишенгендей болушу керек эле деген пикирде:

Сейтек Качкынбай.
Сейтек Качкынбай.

- Мындай окуялар ар тараптуу, дыкат каралышы керек болчу. Эми бул жерде бийликтин Атамбаевге карата мындан аркы мамилесин аныктап, ага карата чара көрүү үчүн комиссиянын жыйынтыгы маанилүү экенин билип жатабыз. Бирок анын бүтүмүндөгү төп келбестик мындан аркы саясатка таасирин тийгизип калышы мүмкүн.

Быйыл 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка күч менен алып келүү операциясы маалында башаламандык орун алган. Анын жыйынтыгында УКМКнын "Альфа" атайын тобунун кызматкери Үсөн Ниязбеков каза болуп, бир нече адам жараат алган. Бул окуядан соң Атамбаев жана анын онго жакын тарапкери камакка алынды.

29-августта Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. 20 кишиден турган комиссияга вице-премьер-министр Жеңиш Разаков төрагалык кылды.

Комиссиянын корутундусу 12-декабрда парламентте талкууланып, токтом кабыл алынды.

Анда Кой-Таш окуясына Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары жооптуу деген тыянакка келген.

Мурдагы президент жана анын тарапкерлери мындай тыянакка макул болбой, саясий куугунтук катары сыпатташууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG