Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:02

Атамбаевдин ден соолугу кескин начарлаганы айтылды, УКМК бул маалыматты төгүндөдү


Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.
Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек атасынын ден соолугу бүгүн, 22-майда кескин начарлап кеткенин билдирди. Ал «Фейсбуктагы» жеке баракчасына «абалы кескин начарлап, аябай жаман болду» деп жазып, буга аялы жана балдары менен бүгүнкү жолугушуу айнек тосмо аркылуу уюштурулганы себеп болгонун билдирди.

Сейитбек Атамбаев «эмне үчүн Алмазбек Шаршеновичке коронавирус жоктугу тууралуу аныктамасы бар жакындары менен көрүшүү кооптуу, ал эми Кой-Таш окуясы боюнча сотто коронавируска текшерилгени тууралуу аныктамасы жок ондогон адамдардын арасында болуу кооптуу эмес экени түшүнүксүз» деп жазды.

Ошону менен катар ал атасына «өтө чоң моралдык басым жасалып жатканын, бирок ал даттангысы келбей турганын» кошумчалады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Сейитбек Атамбаевдин айткандарын дароо төгүндөдү.

Атайын кызмат тараткан маалыматта «азыркы учурда Алмазбек Атамбаевдин абалы туруктуу. Эч кандай даттануусу жок. Ал күнү-түнү дарыгерлердин байкоосунда» деп айтылат.

Атамбаев баштаган бир топ адам 2019-жылдын август айындагы Кой-Таш окуясы үчүн соттолууда. Башкы прокуратура анын офицерди өлтүрүүгө тиешеси бар экени аныкталганын 19-майда билдирген.

Атамбаевдин жакындары анын кан басымы төмөндүгүнө байланыштуу кооптонуп келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG