Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

Башкы прокуратура: Офицердин өлүмүнө Атамбаевдин катышы бар экени аныкталган


Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.
Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.

Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча адвокат Замир Жоошевдин билдирүүсүн төгүндөгөн маалымат таратты.

Анда адвокат элди адаштырып жатканы, «Альфанын» кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн толук жеткирбегени, тергөөдө офицер Үсөнбек Ниязбековду өлтүрүүгө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын жансакчысы Канат Сагымбаевдин тиешеси бар экени аныкталганы айтылат:

«Тергөө учурунда Ниязбековго кайсы куралдан ок тийгени так аныкталды. Экспертиза ок кирген жана чыккан жерде 7.62 мм калибрдеги октун орду калганын, Ниязбековдун кийиминде калган коргошун ошол ок Атамбаевге таандык СВД куралынан атылганын көрсөтүп турарын далилдеди».

Башкы прокуратура адвокат Жоошев сотко чейинки териштирүү учурундагы маалыматты жарыялоого укугу жок болгонун, ал соттук изилдөөгө алына элек маалыттарды жайылтканын да эскертти.

18-майда Kaktus.media агенттиги Кой-Таш окуясына катышкан аскерлердин көрсөтмөсүн Жоошевге таянып жарыялаган.

Адвокат тергөөдөгү көрсөтмөнү агенттикке өзү бергенин «Азаттыкка» тастыктап, «мыйзамга ылайык, иш сотко өткөндөн кийин жактоочулар материалдарды өзү жактаган кишини коргоо максатында ачыкка чыгарса болот» деп айткан.

Жарыяланган көрсөтмөлөргө караганда, тергөөдө «Ниязбеков кандай кырдаалда жарадар болгон?» деген суроого айрым жоокерлер Атамбаевдин үйүнүн биринчи кабатында АК-74 куралынан ок тийгенин айтып беришкен. Ал куралды жаалданып тургандар «Альфанын» жоокерлеринен тартып алганын билдиришкен.

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия Атамбаевдин тарапкерлери анын үйүнүн үчүнчү кабатынан аткан октон үч жоокер жарадар болуп, «Альфанын» офицери Үсөн Ниязбеков ооруканадан каза болгонун билдирген.

Бул иш боюнча Атамбаев баштаган 14 адамга айып коюлган. Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG