Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:48

Кой-Таш окуясы: «Альфанын» жоокерлери Ниязбековго автоматтын огу тийгенин айтышкан


Кой-Таштан келаткан «Тез жардам» кызматынын автоунаалары. 2019-жыл. 8-август.
Кой-Таштан келаткан «Тез жардам» кызматынын автоунаалары. 2019-жыл. 8-август.

Жергиликтүү Kaktus.media агенттиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев берген, Кой-Таш окуясына катышкан «Альфа» атайын бөлүгүнүн аскерлердин көрсөтмөсүн жарыялады.

Адвокат тергөөдөгү көрсөтмөнү агенттикке өзү бергенин «Азаттыкка» тастыктады.

«Мен бергем. «Альфанын» кызматкерлеринин көрсөтмөлөрү иштин материалдарынын ачык томдорунан алынган. Мыйзамга ылайык иш сотко өткөндөн кийин жактоочулар материалдарды өзү жактаган кишини коргоо максатында ачыкка чыгарса болот», - деди Жоошев.

Басылма ондон ашуун жоокердин көрсөтмөсүн жарыялады. Көрсөтмөлөрдө негизинен «Альфанын» командиринин орун басары Үсөн Ниязбековго ок тийген жагдай баяндалат. Агенттик жоокерлердин аты- жөнүн өзгөртүп берген.

Жарыяланган көрсөтмөлөргө караганда, тергөөдө «Ниязбеков кандай кырдаалда жараат алган?» деген суроого, айрым жоокерлер Атамбаевдин үйүнүн 1-кабатында АК-74 куралынан ок тийгенин айтып беришкен. Ал куралды жаалданып тургандар «Альфанын» жоокерлеринен тартып алышканын билдиришкен. Көрсөтмө бергендердин бири АК-74 куралынан ок аткан кишини тааный аларын айткан. Ошондой эле айрым жоокерлер Ниязбековго кандайча ок тийгенин көргөн эмес.

Жоокерлердин көрсөтмөсүнө ылайык, Атамбаевдин үйүндө алардын айрымдарынын өздөрүнө да ок тийген. Ошондой эле алардын бардыгы тең аёосуз ур-тепкиге кабылганын айтып беришкен.

Тергөөнүн версиясы боюнча былтыр 7-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын даярдыктагы тобу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө барганда анын тарапташтарынын катуу каршылыгына дуушар болгон.

Атайын топтун мүчөлөрү үйдүн короосунан сүрүлүп, айрымдары барымтага алынган. Кагылышууда «Альфанын» командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков атылган октон каза таап, күч түзүмүнүн бир нече кызматкери ар кандай деңгээлде жарадар болгон.

Басылмага жарыяланган материал боюнча азырынча УКМК жана башка күч түзүмдөрү өз реакциясын билдире элек.

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия Атамбаевдин тарапкерлери анын үйүнүн үчүнчү кабатынан аткан октон үч жоокер жарадар болуп, алардын ичиндеги Үсөн Ниязбеков ооруканадан каза болгонун билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG