Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-июль, 2020 жума, Бишкек убактысы 18:57

Экс-депутат Каныбек Осмоналиев үй камагына чыгарылды


Каныбек Осмоналиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында отурган экс-депутат Каныбек Осмоналиев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов “Азаттык” радиосуна билдирди:

“Каныбек Осмоналиев 26-июнда Биринчи май райондук сотунун чечими менен ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды. Учурда ал үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө”.

Бир нече күн мурда Каныбек Осмоналиев коронавируска ПЧР-анализ тапшырган. Адвокаттын айтуусунда, азырынча анализдин жыйынтыгы чыга элек. Экс-депутат дене табы көтөрүлүп, абалы начарлаганына байланыштуу “Тез жардам” чакыртылган.

Парламенттин мурдагы депутаты Осмоналиев быйыл 2-мартта Бишкекте камактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо боюнча митингди алып барган. Жапаровду бошотууну талап кылган митингдин соңунда чогулгандар менен милиция кагылышкан. 170ке жакын адам кармалып, Осмоналиев менен кошо дагы үч кишини камакка алынган.

Каныбек Осмоналиевге Кылмыш кодексинин 309-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү”) боюнча айып тагылып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

27-майда акыйкатчы Токон Мамытов УКМКнын тергөө абагында жаткан айрым мурдагы жетекчилерден кабар алган. Осмоналиев ага ден соолугу начар болуп жатканын айтып, далил катары Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын медициналык аныктамасын көрсөткөнүн айткан. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG