Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-июль, 2020 жума, Бишкек убактысы 02:18

Кыргызстандын куулган, камалган ажолору


Бишкектеги калпак майрамы. (Архивдик сүрөт).

Экс-президентин камап, медианын оозун баскан кыргыз бийлиги. Пандемия маалында Борбор Азияда элди кечирим сураткан көрүнүш күч алды. Быйылкы ажылык онлайн өтүшү мүмкүн. Коронавирустун ден соолукка залалы оор. Жума ичинде дүйнөлүк басылмаларга чыккан макалаларга баяндама.

Британияда чыккан “The Economist” журналы Кыргызстандын президенти болуу машакаттуу кызмат экенин жазды.

“Мурдагы эки ажосун эл ыңкылап менен алып түшүп, алар качып жүрсө, дагы бирөө 11 жылга кесилди.

Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевди 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз чыгарган деген айып менен соттолду. 2017-жылы ордун баскан досу Сооронбай Жээнбеков экөөнүн эрегиши ушинтип аяктады.

Экс-президент убагында оппоненттерин темир тор артына салгандай, Жээнбеков “устатынын" сабагын мыкты өздөштүрүп, Атамбаевдин жакын шериктеринин дээрлик баарын каматты. Алардын катарында 18 жылга соттолгон өкмөт башчы Сапар Исаков да бар.

Атамбаевди камаган учурга удаа эле 1 миллиард долларга чукул каражатты бийликтин колдоосуна жамынып алып, сыртка алып чыгып адалдаган фактынын бетин ачкан журналисттик иликтөөгө да баа берилди.

Депутаттык комиссия чукул чогулуп, каражаттардын “Кыргызстанга эч кандай тиешеси жок, коңшу Өзбекстандагы соода-сатыктан табылган акча” деп бүтүм чыгарып койду.

Тергөөчүлөр "иликтөөгө катышкан “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун журналисти ага маалымат берип жүрүп киши колдуу болгон башкы каармандан пара алган" дешип, башкы көңүлдү ушул жаңы багытка бурууга аракет кылышты.

Медиа уюмдун жетекчиси мындай айыптоону четке кагып, бул аракет мыйзамсыз иштерди казган кабарчылардан өч алуу, коррупциялашкан адамдардын байлыгы менен таасирин калкалоо далалаты экенин белгиледи”, - деп жыйынтыкталат макала.

Борбор Азиянын элди кечирим сураткан бийлиги

“Eurasinet” басылмасы Борбор Азиядагы онлайн цензурага талдоо жасады.

Макалада Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстандагы социалдык медианын колдонуучуларынын жарыялаган видеолору, жазган посттору үчүн кечирим сураган учурлары топтолуп, анализденген.

Кытайдын мурунку лидери Мао Цзэдун элдин үшүн алып, өз идеологиясын бекемдеш үчүн ага каяша айткандарды эл алдына чыгарып, чөгөлөтүп кечирим суратчу.

Азыркы Борбор Азияда Интернеттен өздөрү кечирим сураган, балким бирөөлөр кыйнап, ырайым сураткан учурлар көбөйдү.

Маселен, Казакстанда кимдир бирөө бийликке сын айтса, артынан кечирим сураган видеосу дароо чыгууда. Февралда социалдык медиадагы блогерлер, эстрада ырчысы Айкын Төлепберген баш болуп, финансы пирамидасы менен элди алдаганы үчүн кечирим сурашкан. Кечирим суратып, жазалоо чөлкөмдө коронавирус пандемиясы маалында аябай күчөдү.

Маселен, Кыргызстанда март айынан бери дарыгерлердин, коронавирус тууралуу жалган маалымат таратканы айтылган адамдардын кечирим суроо парады өкүм сүрдү.

11-апрелде кыргыздарды жаман сөз менен тилдеп, милицияга каршылык көрсөткөн жаш кыз камакка алынды. Дагы бирөө онлайн кечирим сурады.

Өзбекстанда Юлдуз Усманова милициянын кызматына нааразы болуп чыгарган видеосу үчүн кечирим суроо эстафетасын баштап берди. Бийлик алмашып, азын-оолак либералдашканы менен бул өлкөдө баары бир оюн ачык айтуу мүмкүн эмес.

Түркмөнстандын мурдагы президенти Сапармурад Ниязов Маонун саясатын улай “айыптууларды” ачык кечирим суратуу менен таанымал эле.

Бирок кийинки президент Бердымухамедов анын бул ишин токтотуп койгон. Ошентсе да 2019-жылы унутулган салтты кайра улантты.

Мурдагы ички иштер министри Искендер Муликовдун колуна кишен салынып, элден кечирим сураган видеосу телеканалдардан көргөзүлдү.

Ал эми Тажикстанда элден видео менен кечирим суроо көбүнесе саясий мүнөзгө ээ. Жакында эле бул өлкөнүн улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ислам кайра жаралуу партиясынын бир нече мүчөсүнүн терең өкүнүп, кечирим сураган видеосун чыгарганын “Eurasinet” басылмасы сүрөт, видео жана социалдык медиадагы постторду тизмектеп чагылдырган.

Виртуалдык ажылык – заман талабы

“Newsweek” журналына саудиялык блогер Мохаммед ал Шеребинин быйылкы ажылык тууралуу пикири жарыяланды.

Анда автор мусулмандардын парзы болгон ажылык сапар чектелгенин, аны саналуу гана адамдар аткара аларын, ошентсе да бийлик “виртуалдык ажылыкты” уюштурса, ага катышкан мусулмандардын саны 2 миллиарддан ашарын жазды.

Меке
Меке

“Жылына ажылыкка 2 миллионго чукул киши барчу. Жакыр өлкөлөрдөгү мусулмандар анын кымбаттыгынан улам өмүр бою каражат топтоого мажбур эле.

Мисалы, Бангладеште ажылык сапардын баасы - 3700 АКШ долларына барабар. Бул - орто жашаган бангладештик бир үй-бүлөнүн эки жылдык кирешеси. Азыркы тапта диний жөрөлгөлөрдү онлайн дүйнөгө көчүрүү менен алардын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылса болот.

Быйыл Меккеге барууну даярдангандар көп жылдан бери каражат топтоп, эңсеп келишкен. Ажылыкка уруксат берип, бирок ооруну ооздуктай албаса, жалпы мусулмандарга чоң трагедия болот.

Сауд Арабиясы пандемия башталганда эле Мекке, Мединага барган жолдорду тосмолоп, оорунун күчөшүн токтоткон. Ажылык Сауд Арабиясына 12 миллиард АКШ долларына барабар киреше алып келчү. Мындан ары виртуалдык ажылык ислам дүйнөсүнө кадыресе салтка айланып, “Куран” китебин окугандай эле Интернеттен миллиарддаган адамдардын ажылык сапарга катышуусу кадимки көрүнүш болот”, - деген ойдо Шереби.

Вирустун организмге зыяны чоң

Британиянын окумуштуулары 40-50 жаштардагы коронавирус менен ооруп айыккан ар бир үч адамдын биринин саламаттыгы начарлап, жабыр тартарын аныкташты.

Илимий изилдөө тууралуу “The Telegraph” гезити жазып, өткөн жумада эң көп окулуп, талкууланган макала болду.

COVID-19га чалдыгып айыгып чыккан бейтаптардын 30% өпкөсүндө жаранын калдыгы калат.

Сербиядагы оорукана
Сербиядагы оорукана

Ошондой эле психикалык саламаттыгы начарлап, ишке жөндөмү азаят.

Байкоого Британиядагы 300 миңге чукул бейтап алынган. Пандемия маалында элдин баарын тесттен өткөрүү мүмкүн болбогондуктан, болжол менен Британиянын 1 миллиондой жараны коронавирустун кесепетинен ден соолугу жабыркайт.

Оорудан кийин калыбына келтирүүчү “Seacole” борборунун дарыгери Хиллари Флойд гезитке курган маегинде 40-50 жаштагы адамдар вирустун кесепетинен кыйналарын аныкташканын айтты.

“Аябай активдүү, кара күчкө толуп турган, ишкерлик кылып, тынымсыз иштегендердин бир бөлүгү азыр төшөктөн турбай калышты. Алар бул оор абалдан чыга албай калышы да мүмкүн”, - дейт дарыгер. Ошондой эле Британияда вирустун айынан акыл-эси жабыр тарткан 13 миңдей бейтап азыр дарыланып жатканы маалым болду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (9)

XS
SM
MD
LG