Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 23:28

Жогорку сот "Азаттыктын" өтүнүчүн четке какты


Жогорку сот «Азаттыктын» өтүнүчүн четке каккан эки инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Буга “өтүнүч келтиргендер даттануунун жол-жобосун сактаган эмес” деген жүйө келтирди.

Бишкектин Свердлов райондук соту Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосуна, кабарчы Али Токтакуновго, «Kloop.kg» жана «24.kg» сайттарына каршы жазган доо арызы боюнча иштин мазмунун кароону 2019-жылдын декабрь айында баштаган.

Бирок иш карала баштаганда эле “Азаттык” радиосунун жактоочусу Акмат Алагушев судьяга жана жалпы Свердлов райондук сотуна ишенбестик көрсөтүп чыккан. Ал соттон бул ишти Ленин же Октябрь райондук сотуна өткөрүп берүүнү суранган.

Ишти карап жаткан судья Жылдыз Ибраимова Матраимовдор арыз берери менен медиа каражаттарынын банктагы эсептерин камакка койгону себеп болгон. Ушундан улам жактоочулар судья мындан кийин ишти калыс карашына ишенбей, Ибраимова бул өтүнүчтү четке каккан эле.

Жактоочу кийин шаардык сотко арызданып, ал инстанция да райондук соттун чечимин күчүндө калтыргандыктан, Жогорку сотко кайрылган.

Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Чынара Мамытканова Жогорку сот Свердлов райондук жана Бишкек шаардык сотторунун аныктамаларын күчүндө калтырганын билдирди.

Жогорку сот бул даттанууну канааттандырууга мүмкүн эмес деп тапты.

«Азаттык Медиа” мекемеси ишти Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунан Ленин райондук сотуна өткөрүп берүүнү өтүнүп, Жогорку сотко кайрылган. Бирок Жогорку сот бул даттанууну канааттандырууга мүмкүн эмес деп тапты. Анткени, Жарандык-процессуалдык кодекстин 35-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде “эгер бир же бир канча судьяны алмаштырганга карабастан, ага ишенбестик көрсөтүлгөндө гана иш башка сотко өткөрүлөт” деп жазылган. “Азаттык Медиа” мекемеси жана бул ишке катышып жаткан башка тараптар дагы ишенбестик көрсөтүүнүн мындай жол-жобосун аткарган эмес».

Деген менен “Азаттык” радиосунун кызыкчылыгын коргоп жаткан юрист Акмат Алагушев ишти караган судья Жылдыз Ибраимова Свердлов райондук сотунда төрайым болгондуктан, дароо эле жалпы райондук соттун ишине арыз жазылганын билдирди.

Акмат Алагушев.
Акмат Алагушев.

«Биз Свердлов райондук сотунун төрайыма ишенбестик көрсөттүк. Ал ишти ошол райондук соттун башка судьясына өткөрүп бергенде деле ошол көрүнүш уланат да. Көңүл бура турчу эң негизги жагдай, бул ишти төрайым Жылдыз Ибраимова өзү карап жатпайбы. Свердлов райондук сотунда Ибраимовадан башка ондогон судьялар бар. Алар эмнеге ишти карабайт дагы Ибраимова өзү карашы керек? Бул жерде шек бар. Биз Ибраимованы алмаштыргыла дегенде деле ал башка судьяга өткөрүп бермек. Өзү төрайымдык кылып жаткандан кийин башка судьянын иши андан айырмаланмак эмес. Ошондуктан, биз жалпы соттун жамаатына ишенбестик көрсөттүк. Эми мындан аркы кадамыбыз иш Свердлов районуна баргандан кийин чечилет. Мен бул иште жалгыз эмесмин. Башка да тараптар бар».

Алагушев сотко ишенбестик көрсөтүп чыкканда эле ага Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн жактоочулары каршы болушкан. Матраимовдордун жактоочулары башынан эле ишти башка сотко которууга макул болбой келишет. Ошол эле учурда кайсы гана сотто болбосун өз чындыгын далилдей аларын айтышкан.

Доогер тараптын жактоочусу Татьяна Карыжинская сотту алмаштыруу боюнча юристтердин өтүнүчүн “ишти создуктуруу аракети” деп баалаган эле.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова буларга токтолду.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

«Бул жерде Жогорку соттун чечими мыйзамдуу. Алар соттун процедуралык жагын карашат. Ал эми ишенбестик боюнча чоң маселе бар. Анткени, “биз сага ишенбейбиз” деген соттун ишин ошол сот өзү карап жатат. Ушул маселе биздин мыйзамдарда туура эмес каралган. Эл аралык стандарта “эч бир сот өзүнүн ишинде сот боло албайт” деген түшүнүк бар. Бирок бизде андай эмес. Ал сот өзүнүн ишин карап жаткандан кийин сөзсүз өзүнүн пайдасына чечим чыгарат да».

Медиа каражаттардын адвокаттары Матраимовдордун үй-бүлө мүчөлөрүнүн аты аталган журналисттик иликтөөлөрдө айтылган маалыматтар боюнча жетиштүү фактылар бар экенин белгилеп жатышат. Авторлор да иликтөөдөгү маалыматтар кылдат текшерилип, бир нече булактардан такталганын билдиришүүдө.

Ошол эле кезде коомчулукта соттун чечимине болгон пикирлер бир кылка эмес. Укук коргоочу Динара Ошурахунова Жогорку сот саясий чечим чыгарган деп эсептейт.

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

«Жол-жобо сыяктуу формалдуу себептерди таап алышып эле чыныгы чечимден алыс болушууда. Бул жерде эң негизги жагдай, соттун Матраимовдорго каршы бир дагы чечим чыгарганга эрки да, каалоосу да, даярдыгы да жок. Ички иштер министрлиги, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жана башка мамлекеттик органдар коррупция тууралуу "Азаттыктын" иликтөөсүн көрмөксөнгө салып жаткандан кийин сот деле ошону кылат да. Мына иликтөө боюнча прокуратура, УКМК унчукпай койду. Ал жерде Матраимовдун кишилери отурат деп айтып жатышат. Ушундай шартта Жогорку сот жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырбай жатканы жаңылык деле эмес. Бул көрүнүш Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө коркунуч туудуруда. Анткени, мамлекеттик органдар Конституцияны бузуп, бир адамга дейбизби же анын кланынабы, кыскасы, кимдир бирөөнүн кызыкчылыгына иштеп жатат”.

Былтыр күздө Стамбулда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин корутундусу парламент каникулга кетер алдындагы соңку пленардык жыйындарда каралган эле. Анда комиссия “журналисттик иликтөөдө айтылган каражаттардын Кыргызстанга тиешеси жок” деген бүтүм чыгарган.

Ошол эле учурда комиссия өзүнүн иликтөөсүндө бажыдагы коррупциялык көрүнүштөр жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдуку деген мүлк боюнча маалыматтарга көңүл бурган эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев “депутаттык комиссиянын жыйынтыгына баа берүү эрте” деп эсептейт.

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

“Бизге көрсөткөн видеолордо Улуттук банктын, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү жооп берип жатышты. Ал жерде мамлекеттик мекемелер жумушун толук бүтө электиги көрүндү. Алар аткарган жумуштарды депутаттык комиссия алып бара албайт. Депутаттар саясий жагын гана карайт. Алар жалпылап гана айтып беришет. Ал эми чекитти мамлекеттик мекемелер коюшу керек. Мына ушул иштер бүткөндөн кийин баа берүү туура болот го”.

Былтыр 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору», (OCCRP) анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу адамдын үй-бүлөсүнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар болушу ыктымалдыгы айтылган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпы 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон 15 миллиондук материалдык доосунан баш тартып, сот аны канааттандырган.

"Азаттыктын" архиви. «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо»

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (7)

XS
SM
MD
LG