Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Матраимовдор бир доосунан баш тартты


Райымбек Матраимов. Коллаж.
Райымбек Матраимов. Коллаж.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «24.kg» сайтына койгон 15 миллион сом доодон баш тартты. Бирок сайтка болгон арыз толугу менен алынган жок.

Доогер тараптын адвокаттары акчалай доону кайтарып алууга «24.kg» Матраимовдор тууралуу сайтына чыккан маалыматтарды төгүндөгөнүн негиз кылды. Ал эми маалымат агенттиктин юристи «төгүндөө» деген сөздү четке кагып, маалыматка тактоо гана киргизилгенин айтты.

Төгүндөөбү же тактообу?

29-январда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун «Азаттык» радиосуна, кабарчы Али Токтакуновго, «Kloop.kg» жана «24.kg» сайттарына каршы жазган доо арызы боюнча соттук отурум уланды.

Жараянда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн адвокаттары «24.kg» сайтына койгон 15 миллион сом доодон баш тартуу боюнча өтүнүч келтирип, аны судья Жылдыз Ибраимова канааттандырды. Доогер тараптын адвокаты Канатбек Азиз акчалай доодон баш тартуу боюнча өтүнүчкө мындай түшүндүрмө берди.

- «24.kg» «Матраимовдорго байланыштуу сайтка чыккан материалга коюлган тема боюнча бизде далилдер жок» деп жазгандыктан биз 15 миллион сом доодон баш тарттык. Биз буга чейин «төгүндөө болсо материалдык доодон баш тартабыз» дегенбиз. Ошол сөзүбүзгө туруп, акчалай доону кайтарып алдык, - деди Канатбек Азиз.

Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн адвокаттары.
Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн адвокаттары.

Матраимовдордун адвокаттары акчалай доодон баш тартканы менен «24.kg» жарыялаган маалыматка юридикалык баа берүүнү сурап жатат. Ошондуктан сайттын адвокаты «Азаттык» жана «Kloop.kgнин» юристтериндей эле жоопкер катары сот отурумдарына катышат.

«24.kg» агенттиги 27-январда сайтына «Бизде Матраимовдордун аткезчиликке тиешеси тууралуу далилдер жок» деген кабар чыгарган. Сайттын адвокаты Эмил Жандаев бул Матраимовдор тууралуу порталга буга чейин чыккан маалыматты төгүндөө эмес, тактоо экенин айтты.

Эмил Жандаев.
Эмил Жандаев.

- Доогерлер «сайт маалыматты төгүндөдү» деп айтып жатышат. Бирок сайтка чыккан маалыматты «төгүндөө» эмес, тактоо десе болот. Доогерлер «төгүндөө» деп эсептей берсин. Ал эми "24.kg" сайтына чыккан маалыматты карасаңар, ал жерде тактоо гана киргизилген.

Жоопкер тараптын өтүнүчтөрү четке кагылды

Сотто «Азаттыктын» кызыкчылыгын коргоп жаткан юрист Акмат Алагушев ишти Бишкектин Свердлов райондук сотунан Ленин райондук сотуна өткөрүп берүүнү өтүндү. Жактоочу буга сотко төрагалык кылуучу судья Жылдыз Ибраимова калыстык кыла албасы менен түшүндүрдү. Буга Матраимовдордун үй-бүлөсү үч медиага каршы арыздангандан кийин бир күн өтүп-өтпөй жалпыга маалымдоо каражаттарынын банктагы эсептерин камакка алуу боюнча чечим чыгарганын мисал кылды.

Жоопкер тараптан адвокаттары андан тышкары Матраимовдор эң көп материалдык доо, 22 миллион сомду «Азаттыкка» коюп жатканын жана аталган радионун кеңсеси Ленин районунда жайгашканын негиз кылышты. Акмат Алагушев сотко берилген өтүнүч тууралуу буларга токтолду.

Акмат Алагушев.
Акмат Алагушев.

- Доогерлер «24.kg» сайтына карата материалдык доодон баш тартышты. Демек, «24.kgге» карата формалдуу түрдө гана доо калды. Андан сырткары, биз «Доогерлер сотко берерде эмне себептен үч райондук соттон ушул сотту тандады?» деген суроону берип жатабыз. Ошондой эле бул иш кандай негизде Свердлов райондук сотунун төрайымынын кароосуна түшүп калды? Иште төрайымдын колу менен жазылган кагаз бар. Анда «автоматтык система ишти бөлүштүрүп, бул иш мага түштү» деп жазылган. Биз ага ишенген жокпуз.

Судья Жылдыз Ибраимова бул өтүнүчтү четке кагып, ишти Бишкектин Ленин райондук сотуна өткөрүүгө негиз жок деп тапты. Маалыматка караганда, тараптар сотко бир нече жолу ишенбестик көрсөтүп, бирок ал канааттандырылбаган учурда ишти башка сотко өткөрүү тууралуу өтүнүч берилет.

Ал эми жоопкер тараптын адвокаттары ишти карап жаткан Свердлов райондук сотунун төрайымына ишеним болбой жаткандыктан бул соттун башка да судьяларына ишенбей турганын айтып жатышат.

«Азаттык» радиосу, кабарчы Али Токтакунов, «Kloop.kg» жана «24.kg» сайттарынын адвокаттары.
«Азаттык» радиосу, кабарчы Али Токтакунов, «Kloop.kg» жана «24.kg» сайттарынын адвокаттары.

«Азаттык» радиосу жана «Kloop.kg» сайтынын жактоочулары Айеркен Саймаити жана анын жубайы «Ысмайыл Матраимов атындагы фондго» которгон акча боюнча банктан документтерди алууну сурады. Сот бул өтүнүчтү ачык калтырды.

Жыйынтыгында сот Матраимовдордун жактоочуларынын бир өтүнүчүн канааттандырып, үч медианын адвокаттарынын бир сунушун четке какты жана эки өтүнүчтү ачык калтырды. Кийинки соттук отурум 11-февралга дайындалды.

Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон акчалай доосунан баш тартты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:38 0:00


Былтыр 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору», (OCCRP) анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдү жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов жана анын агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианын үстүнөн сотко кайрылган. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG