Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Саймаити боюнча маалыматтарды иликтеген депутаттык комиссия жыйынга чогулду


Айеркен Саймаити.
Айеркен Саймаити.

Жогорку Кеӊеште уйгур улутундагы кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге байланышкан маалыматтарды иликтеш үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын отуруму өтүп жатат. Жыйында Ички иштер министрлигинин жана башка күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү маалымат беришүүдө.

2019-жылы «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги жарыялаган Кыргызстандан көмүскө чыгарылган миллиондогон доллар тууралуу иликтөөлөрдө Саймаити бир канча билдирүү жасаган.

Саймаити 2020-жылы 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөнү кабарланган.

Кыргызстанда Саймаитиге 2017-жылы болгон кол салуу боюнча кылмыш иши козголгон. Парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.

Саймаити 2017-жылы мыйзамсыз алган жалпы жарандык паспортту колдонуп, Кыргызстандан чыгып кеткени белгилүү болгон. Ички иштер министрлиги эл аралык издөөдө жүргөн Саймаити Кыргызстандан Самятов Эркин Салимович деп жазылган паспортторду колдонуп жүргөнүн аныктаган.

2019-жылы ИИМ «Паспортту мыйзамсыз берүү» фактысы боюнча иликтөө иштерин баштап, кийин кылмыштын мөөнөтү өтүп кетти деген негиз менен жергиликтүү сот кыскарткан. Жогорку сот 2020-жылы 16-марттагы чечими менен буга чейинки соттук инстанциялардын чечимдерин күчүндө калтырган. (NT)

XS
SM
MD
LG