Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 12:38

Саакашвили: КГБ жоголгондо Грузия өнүктү


Саакашвилинин Украинада тарапташтары кубаттап тосуп алууда.

Азиядагы өлкөлөрдүн бийлиги журналисттердин оозун басууда. Саакашвили Грузияны кантип өзгөрткөнү тууралуу блог жазды. Борбор Азиянын өнөрпоздору онлайн базар ачышты. Дүйнөлүк басылмалардагы 8-15-июнда чыккан макалаларга сереп.

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили “Foreign Policy” журналына Америка Кошмо Штаттарынын полиция кызматын кантип реформалоо керектигин сунуштады.

Грузияда дүйнө суктанган полиция кызматын кыска мөөнөт ичинде кантип түзгөнүн баяндап блог жазды.

«2004-жылкы ыңкылаптан кийин мен талкаланган өлкөнүн башына келдим. Күч түзүмдөрү кылмышкерлерге окшош эле. Офицерлер паракор, баңгизат, курал-жарак сатып, коррупциялашкан саясатчылар менен бизнес элитаны калкалап турчу. Полиция өзүнүн негизги милдети болгон элдин коопсуздугун камсыз кылбай, элге каршы иштеп жаткан.

2003-жылдагы сурамжылоодо грузиялыктардын 2,3% гана полицияны колдогон. Коррупциялашкан күч түзүмдөрүн Советтер Союзунан калган “мыйзамдагы уурулар” башкарып турган. Алар саясатты, сот системасын, жаза аткаруу кызматын чеңгелинен чыгарышкан эмес. Полиция алардын кол баласы эле.

Ал тургай 90-жылдары грузин окуучулары чоңойгондо “мыйзамдагы ууру болом” деген түшүнүк менен жашачу. Биз бийликке келгенде полицияны уюшкан кылмыш тобунун торунан бошоттук. Ошол кездеги Ички иштер министри Вано Мерабишвили “Мыйзамдагы уурулардын болгон мүлкүн, кир акчасын тартып алып, полицияга беребиз” деген ураан чакырып, миллиарддаган долларды мамлекеттик бюджетке кайтардык, Грузиянын бардык аймагында бул акчага тактайынан шыбына чейин айнектен турган жаңы полиция участокторун курдук.

Советтик системадан калган күч түзүмдөрүнүн саясатташуусун токтоттук. Мамлекеттик коопсуздук министрлигин - КГБны жойдук. Айдоочуларды мыйзамсыз тоноп, паракорлордун сап башында турган Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматын жойдук. Бул кызматтардын ордуна Патрулдук полиция пайда болду. Саны бар, сапаты жок Ички иштер министрлигиндеги кызматкерлерди бошоттук. Полицияга колунан иш келген, билимдүү, ийкемдүү, элди сыйлаган, чет тилдерде сүйлөй алган, жигердүү кадрларды сынак менен алдык.

Күч түзүмдөрүндө 56 миң киши иштесе, реформадан кийин 33 миң жогорку билимдүү, кесипкөй кызматкерлер калышты. Мурда полициянын айлыгы 44 доллар болсо, аны 15 эсеге көбөйтүү менен пара алуу, күнкорлук сыяктуу факторлор жоюлду. Полиция коррупциялашкан элитанын душманына айланды.

Кылмыштын саны 66% азайып, Грузия дүйнөдөгү коопсуз өлкөлөрдүн башкы сабына чыкты. 2013-жылы бардык мамлекеттик органдардын ичинен Ички иштер министрлиги алдыга озуп, элдин 87% ишенимине ээ болгон орган катары таанылды. Бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч. Күч түзүмдөрүндөгү мындай жаңылануулардан улам Дүйнөлүк банк бизди “дүйнөнүн мыкты реформатору” деп атады. Албетте, Грузиянын калкы АКШнын Миннеаополисинин жашоочуларынан да аз, 3,7 миллион эле элибиз бар. Ошентсе да Америка биз басып өткөн жолго саресеп салуу менен полициясын жаңылоого муктаж”, - деп жазды Саакашвили.

Азиянын бийлиги журналисттердин оозун басууда

“Economist” журналы ансыз да басма сөз эркиндигин туш-туштан кыскан азиялык бийлик, коронавирустун шылтоосу менен сынчыл журналистиканы таптакыр “муунтуп” жатканын жазды.

“Филиппиндеги ABC-CBN каналдарынын 5-майда лицензиясы бүтүп калды деп токтотулганы президент Родриго Дутерте менен анын тарапташтары үчүн эркин медианы тумчуктурууга шарт түздү. Бул окуя Азиядагы көз карандысыз медианы таң калтырган деле жок.

Бүтүндөй бир континентте эркин медианын салыгын күтүүсүз текшерүү, мамлекеттик жарнамалардан куржалак калтыруу, негизсиз кылмыш иштерге тартуу, “фейк жаңылыктар”, онлайн жана оозеки чабуулдар байма-бай уланууда.

“Чек арасыз кабарчылар” уюму 2018-жылдан бери Азияда сөз эркиндиги улам арка кетенчиктеп баратканын белгилеп келет. Бангладеш, Кытай, Индия, Пакистан, Сингапур, Филиппинде бул көрүнүш өзгөчө байкалууда. Журналисттерди аёосуз жазалаган репрессиялык режимдин башында дал ушул Азиядагы Түндүк Корея, Түркмөнстан, Кытай жана Вьетнам турат. Ал тургай айрым өлкөлөрдө “сөз эркиндиги” деген түшүнүк эгерим болбогон”, – деген журнал Камбоджа, Пакистан, Мьянмадагы бийлик алмашуу жана азыркы учурдагы журналисттердин абалын талдаган.

Журнал 2013-2019-жылдары Пакистанда 33 журналист киши колдуу болгонун мисал келтирген. Ошондой эле, акыркы учурда Индияда 2014-жылы Нарендра Моди бийликке келгени медиага кысым күчөп баратканын кошумчалайт.

“COVID-19 пандемиясы Азиядагы бийликтин журналисттерге басымын болушунча кызытты. Оору тууралуу жалган маалымат таратты деп Индонезияда 51 киши камалды. Малайзияда 29 адамга кылмыш ишин козгошту. Кытайда “South China Morning Post” гезитинин кабарчысы жоопко тартылууда. Тилекке каршы, маалыматты жаап-жашыруу оорунун алдын-алуу жана пандемиянын токтоосуна тоскоол болчу факторлордон”, - деп тыянак чыгарат басылма.

Борбор Азиянын онлайнга көчкөн маданияты

Апрелдин ортосунан бери Борбор Азиянын өнөрпоздору “Фейсбукта” онлайн “Арт базар” уюштуруп, ага жүздөгөн сүрөтчү жана башка өнөрпоздор өз чыгармаларын коюп жатканын “Eurasinet” басылмасына Снежана Атанова жазды.

Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Орусиянын жүздөй өнөрпозу карантин маалында онлайн базарга көчүштү. Бул кызыктуу платформаны кыргызстандык архитектор Медер Ахмедов, сүрөтчү Дарина Манасбек жана германиялык Филипп Реймуз ачты.

Топко киргендер сүрөт же башка өнөрдү талкуулап отурбай эле, чыгармаларды дароо аукционго коюп сатышат. Күнү-түнү тынбай иштеген бул базарга мурда-кийин аты таанылбаган өнөрпоздор чыгууда. Сатуудан түшкөн каражаттын 10% карантин бүткөндө уюштурабыз деген өнөрпоздордун көргөзмөсүнө бөлүнүшү керек. Бул “Арт базар” Борбор Азиянын өнөрпоздору үчүн кызматташуунун мыкты жолуна айланып, алардын мындан ары бирге иштөөсүнө шарт түзүп жатканы маалым болду.

“Гарри Поттердин” автору күйөөсүнөн кордук көргөнүн жазып чыкты

“Evening Standard” гезити дүйнөгө белгилүү 54 жаштагы британиялык жазуучу Жоанна Роуллинг биринчи күйөөсү Жорж Арантес аны сабап, сексуалдык ыдык көргөзүп жүргөнүн социалдык медиага ачык жазып чыкканын маалымдады.

Жазуучу “Жыйырма жылдан бери муну жашырып келгем, бардык жакта аялдарды оозун жаап, чыдап отурууга чакырышат”, – деп “Твиттерге” жазган.

Жазуучунун мурдагы жолдошу аялын бир кезде жаакка чапканын моюнуна алып “бул кордук эмес, чапканым үчүн өкүнбөйм” деп жооп берген.

Жазуучунун айланасындагы бул окуя “Твиттерде” өтө кызуу талкууланып жатат. Британ депутаты Жесс Филипс “аялды кордогондор жаакка чапканды аз көрсө керек. Бул да зомбулук, эркектерге ишеним кетти”, - деген пикирин билдирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (8)

XS
SM
MD
LG