Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-май, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 08:27

COVID-19: Айылга көчкөндөр көбөйөт


Париждин көчөсүндөгү өрдөктөр.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (18-25-май)

Париждеги Сорбонна университетинин саясат таануучусу Кристоф Гальен “Le Figaro” басылмасына COVID-19дан элет жашоосу бир топ утканын жазды.

«Вирус күн сайын адамдын алсыздыгын далилдеп, өндүрүш, технология, финансы системаларынын ийкемдүү болушун талап кылууда. Франциянын айрым активдүү атуулдары карантин маалында өлкөнү агрардык багытта өнүктүрүүгө бел байлашты. Ушундан улам "элеттин доору" башталды десек болот. Коронавирус дүйнөдө мурда өкүм сүргөн "бактылуу жашоону шаардан гана тапса болот" деген түшүнүктөрдү жокко чыгарды. Пандемиядан улам шаардыктар айылга кача баштады. Себеби, жашоо кымбаттап, иштөө шарттары өзгөрдү. Адамдар мурдагыдай кеңседе отурбай эле ишин бүтүрө алышарын көргөздү.

Азыр Парижден үй сатып алууну ким пландайт? Эч ким! Карантин – толугу менен шаардын жашоосуна гана тиешелүү нерсе. Вирус жайылат, эл көп деген коркунуч калаада эле болот. Айылда эркиндик бар, саламаттыкты калыбына келтирүүгө, сергек жашоого да шарттар жетиштүү.

Санариптешкен жашоо, бийик технологиялар азыр Францияда элеттин баркын көтөрдү. Өлкөнүн айылдарындагы агрардык мүмкүнчүлүк эски континенттеги башка өлкөлөргө да өз жемишин берет, буга кошумча жумушчу орундар жаралып, туризм өнүгөт, андыктан элетке маани берүүгө убакыт жетти», - деген бүтүм жасайт париждик серепчи.

Вирус диний жайларды каражатсыз калтырды

“Financial Times” гезитинин аналитиги Генри Менс болсо пандемия маалындагы диний жайлар жана алардагы жөрөлгөлөрдү талдаган.

Бош калган Меке
Бош калган Меке

«Миңдеген жылдардан бери диний сыйынуулар, ишенимдер адамдарды бир жерде көп санда топтоого багытталып келген. Сыйынгандар канча көп болсо, ынанымдын күчү ошончо күчтүү деген түшүнүк өкүм сүргөн. Капилет жайылган коронавирус пандемиясы христиандардын Пасхасына, мусулмандардын Орозо айына дал келип, карантиндин айынан миңдеген жылдык тарыхы бар майрамдар мурдагыдай белгиленбей калды. Мындай болору эч кимдин оюна келбесе керек», - деген автор пандемия талап кылган обочолонуунун айынан жамааттык диний сыйынуулар эми онлайнга көчкөнүн, Интернеттен дуба окугандардын саны чиркөөгө баргандардан кыйла көбөйгөнүн кошумчалайт.

Италияда бош калган чиркөө
Италияда бош калган чиркөө

«Маселен, 1990-жылдан бери англикан чиркөөсүндөгү “Альфа” сыйынуу бутагын жетектеген Никки Гамбел жети апталык нике курсуна чиркөөдө 80ден 100гө чейин эле түгөй келсе, карантин маалында Интернеттен 5500 түгөй катышканын айткан.

"Пью" изилдөө борбору америкалыктардын төрттөн бир бөлүгүнүн диний ишеними карантин маалында өзгөчө бекемделгенин аныктаган. Католик чиркөөсүнүн кечили Мэтт Уильямс пандемия аны Кудайга өзгөчө жакындатканын, мурдагыдан да көп дуба окула баштаганын белгилеген.

1918-жылы "кара тумоо” каптаган учурда католик чиркөөсү вирусту Кудайдын жазасы катары кабылдап, ооруканадан эмес, чиркөөдөн даба издөөгө үгүттөгөн. Мындай учурлар азыр да Бразилия, Африка өлкөлөрүндө кайталанды. Түштүк Кореяда коронавирусту элге ооруга ишенбеген секта мүчөлөрү таратты.

Мурда-кийин смартфон колдонбогон кечилдер, диниятчылар маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатын, сыйынууларды онлайн өткөрүп жатышат. Башында кыйналганы менен азыр алардын көбү бул жөрөлгөнү пандемия бүткөндө да улантарын айтышууда, себеби Интернет аркылуу сыйынууга адамдар мурдагыдан да көбүрөөк катышып, географиялык аралык эч кандай таасир этпей турганын көргөзгөн. Анан калса, үйдө отуруп алып сыйынуу мечитке же чиркөөгө барганга караганда алда канча ыңгайлуу, коопсуз экенин көрсөттү.

Карантин мусулмандарды да өзгөрттү. Жыл сайын 2 миллиондой адам зыяратка барган Мекке шаары жабылып, ажылык сапары кайра качан башталары белгисиз.

Быйылкы Рамазан айындагы ооз ачууларга да эл мурдагыдай топурап барган жок.

Лондондо жашаган мусулман студенттер ооз ачарда кыйналышканы менен андан кийин Куранды онлайн окууга ондогон адамдар катышканын, убакыт үнөмдөлүп, ынтаа коюп сыйынышканын айтышууда.

Диндин эң башкы жөрөлгөлөрүнүн бири – маркумду акыркы сапарга узатуу. Коронавирус аны да жокко чыгарды. Мусулманчылыкта көп жерде каза болгон адамды кадыр-барктуу кишилер жууп, кепинге ороп, жерге коет. Улгайган кишилер вирусту көтөрө албайт деген коркунучтан улам Британияда жаштарга сөөк жууганды үйрөтүшкөн. Анткен менен алардын 60% коронавирус жуккан.

Испаниядагы маркумду акыркы сапарга узатуу учуру.
Испаниядагы маркумду акыркы сапарга узатуу учуру.

Маркумду акыркы сапарга узатууга адатта топтошкон адамдар барса, бул ирет жакындары да катыша албай калды.

COVID-19 ошондой эле диний кирешенин да жолун бууду. Чиркөө, мечит, синагогалар эл берген битир-садага, зекет, жаназадан түшкөн акча менен жан багышчу. Британиядагы чиркөөлөрдүн бири ал тургай акыркы эки айда светке, ижара акысына акча калбай калганын жарыялады.

Анткен менен диниятчылар пандемия аларга чоң сабак болгонун, баалуулуктар өзгөргөнүн айтышууда. Рим Папасы Францисктин атактуу чиркөөдө жалгыз отуруп сыйынганын сыналгы жана Интернет аркылуу миллиондогон киши көрдү», - деген автор азыр адамзаттын алдуусу алсызына жардам берчү учур келгенин белгилеген.

Трамп айткан вакцина пайдасыз болуп чыкты

“The Washington Post” гезити “The Lancet” медициналык журналынын акыркы санына чыккан дата анализге таянуу менен АКШ президенти Дональд Трамп үгүттөгөн, коронавируска каршы безгектин вакцинасы адамдын жүрөк, кан тамыр органдарына зыяндуу экенин, вирусту дарылабай турганын маалымдады.

АКШ президенти Дональд Трамп
АКШ президенти Дональд Трамп

Америкадагы COVID-19 оорусу жуккан 96 миң киши байкоого алынып, аларга учурунда Трамп сунуштаган хлорин дарысы менен тыгыз байланышы бар гидроксихлорохин вакцинасы антибиотиктер менен чогуу сайылган.

Дал ушул дарыларды алган бейтаптардын арасында каза болгондор көп чыкты. Стенфорд университетинин медицина факультетинин кардиология бөлүмүнүн жетекчиси Дэвид Мэрун “журналга чыккан дата анализден улам гидроксихлорохиндин коронавирусту дарылоого эч кандай пайдасы жок деп айта алабыз. Тескерисинче, жүрөк - кан тамыр оорусунан жапа чеккен бейтаптарга өтө зыяндуу” деген жыйынтыгын жарыялады.

Гарвард университети, Брайам аялдар ооруканасы бул вакцинанын коронавируска тийгизген таасирин 2019-жылдын 20-декабрынан 2020-жылдын 14-апрелине чейин изилдеген.

Натыйжада, “Макролид” деп аталган гидроксихлорохин, азитромицин дарыларынын аралашмасы сайылган бейтаптардын абалы жакшырбай, 37% жүрөк, аритмия, кан тамыр ооруларынан улам өлүмгө учураганы аныкталды.

Кливленд ооруканасынын кардиологу Стивен Ниссен аталган дарыны "өтө кооптуу" деп сыпаттады. Федералдык фармакология агенттигинин адистери, бир нече окуу жайлардын окумуштуулары Трамп сунуштаган дарыны эми коронавируска каршы колдонууну таптакыр токтотууга чакырган.

Орусча сүйлөбөсө кудай жазалайбы?

“TRT World” каналынын веб-сайтына Туран Гафарлынын Өзбекстандагы орус тилинин статусуна байланыштуу блогу жарыяланды. Анда автор Орусия бул өлкөгө өз таасирин тил аркылуу жасап жатканын баяндап: “2019-жылы Өзбекстандагы жыйырмадай коомдук ишмер, өнөр адамдары Ташкентте Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугуп, “орус тили Өзбекстан үчүн өтө маанилүү” экенин айтышкан.

Ташкент көчөсү
Ташкент көчөсү

Жашы сексенден өтүп калган атактуу балерина Бернара Кариева Ташкентте туулуп- өскөнүнө, улуту өзбек экенине карабай "орус тилден башка тил үйрөнө албайм" деген.

Колониалдык түшүнүктөрдү, орус тилин жактоочуларды Кремль өз максатына колдонуп жаткандай. Борбор Азиянын бир катар өлкөлөрү, анын ичинде түрк тилдүү Кыргызстан орус тилин расмий тил катары кабыл алган. Казакстанда да орус тилдүүлөр басымдуулук кылат.

Калкынын саны эң көп Өзбекстан азырынча орус тилине бул макамды бере элек. Тескерисинче, мамлекеттик иштерде өзбекче сүйлөбөгөндөргө 44 доллардан 100 долларга чейин айып пул салынарын жарыялады.

Анткен менен Орусия башында турган Евразия экономикалык биримдигине Өзбекстан байкоочу катары киргенден тарта Орусия тил жагынан экспансиясын күчөтө баштады. Орусча өткөн иш-чараларды каржылап, орус тилиндеги окуу китептерин өлкөгө байма-бай жиберүүдө.

Өзбекстандын 2 миллионго чукул атуулу Орусияда миграцияда жүрөт. Ошентсе да эгемендиктин башкы символу эне тили экенин Өзбекстандын эли жана бийлиги эстен чыгарбаса”, - деген ойго басым жасайт автор.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG